ШАКИР Олжобай: ЧҮМБӨТ ОРОНМОЙ – КЫЛГЫЛЫКТЫ КЫЛЫП КОЙГОНДОРДУН БЕТПАРДАСЫ

Дельфина де ЖИРАРДЕН
(1804-1885), француз жазуучусу  

 Көзүбүзгө да, күлкүбүзгө да ишенчилик жок. Бизди эчкачан алдабаган бир гана нерсе – баалуулуктар.

* * *

Чүмбөт оронмой – кылгылыкты кылып койгондордун бетпардасы.

* * *

Аялдар падышачылык кылган менен башкаралбайт.

* * *

Аялдан эргүү ал, бирок кеңеш сураба.

* * *

Коммерция – башкалардын акчасын пайдалана билүү.

* * *

Адам баласын жек көргөн адамдын гана дидары таза.

* * *

Эчкимге жантартпай турсаң эле бирпаста каскүмөн адамга айланасың.

 

ЖАН ПОЛЬ (Иоганн Пауль Рихтер)
(1768-1825), немис жазуучусу  

 Денсоолук, байлык, уйку кадырын качан чындап түшүнөсүң? Үчөөнөн тең жедеп айрылып, калыбыңа келгенден кийин.

* * *

Эки адамды чачташтырган оңой, элдештиргенден өткөн балээ жок.

* * *

Бирөөнүн абийири жөнүндө сөз кылган адамды жакшылап эшитсең, өз абийирин төгүп атканына ынанасың.

* * *

Адам бечаранын эң чоң кемчилиги майда-чүйдөдөн өйдө майдалана бергенинен көрүнөт.

* * *

Мактоого эмес, ашата сөккөндөргө камаарабай кулак төшөгөн адам оор салмактуу болот.

* * *

Ээрчиген эмес, алдыда чырак көтөрүп баскан адам көп чалынат.

* * *

Жакшы врач оорудан сактап калбаса да, жаман врачтын колунан сактайт.

* * *

Шамдын жарыгында жүзү жарыктын баары эле күн нурунун алдында жүзү жарык болбойт.

Которгон Олжобай ШАКИР