ШАКИР Олжобай: ЭЛ БАШЧЫ ЖӨНҮНДӨ ПРИТЧА

Падыша бир курдай көптү көргөн аксакал кеңешчисинен сураптыр дейт:

– Төрөлөрүбүздүн ичинен өлкөбүздүн өзүнчө бөлүнүп калган аймагын кимге башкартсак? Бул милдетке дайындалган адам өз милдетин кынтыксыз аткарган чынчыл болсо дейм.

Кеңешчи ойлонуп отуруп, падышанын каарынан жалтанбаган аскер адамынын ысымын атайт.

– Бу эмне деген кеңешиң?! – дейт кабагына кар жааган падыша, – ал менин душманым экенин билесиң го?!

– Уулуу урматтуу, Сиз «ким менин душманым» деп сураганыңыз жок, «өз милдетин кынтыксыз аткарар чынчыл адам» ким экенин гана сурадыңыз, – деген экен кеңешчи.

Которгон Олжобай ШАКИР