ШАКИР Олжобай: ЭҢ ООР ЖАКЫРЧЫЛЫК – БИЛИМСИЗДИК

Пьер АБЕЛЯР
(1079-1142), француз философу

Жамандык эмне экенин билбегендер жакшылыктын баркына жетпейт, себеби кээ бир жамандыктын өзү жакшылыкка да окшош. Арийне, экөө тең бири-бирин тарткан жатындаштай.

* * *

Жашыралбас заардын заары – сүйүү, кээде ал бир ооз сөздөн же көздүн кыйыгынан, атүгүл үндөбөй турганыңдан деле билинип калат.

* * *

Алоологон сүйүү менен шек санаган кара ниеттик өмүрү элдеше албайт.

* * *

Жаш кезде кылган күнөөбүздү жууш үчүн карыганда убара чегебиз.

♦ ♦ ♦

Али-Иби АБИ-ТАЛИБ
(600-661), араб акыны 

Эң оор жакырчылык – билимсиздик.

* * *

Эң зор байлык – билим.

* * *

Эң мыкты мурас – тарбия-таалим.

♦ ♦ ♦

Лудовико АРИОСТО
(1474-1533), Италия акыны жана жазуучу

Пенде баласы жыл өткөн сайын жаштык, сулуулук, денсоолук, ой-максаттарынан ажырай берет, бир гана макоолугунан ажырабайт.

♦ ♦ ♦

Гектор БЕРЛИОЗ
(1805-1869), француз композитору

Убакыт улуу устат болгону менен бардык шакиртин өлтүрбөй койбойт.

♦ ♦ ♦

БХАСА
(III-IX), Индия драматургу

Ишенимсиз чоро жыйнап аттанганың казатка,
Ишенимсиз колуктуңдай башты салат азапка.

* * *

Адегенде ким айрылса акылдан,
Аны кырсык күтүп турат жакындан.

* * *

Чакмак ташты кайраштырсаң от жанат,
Жерди кассаң кудук суусу башбагат.
Жоктон барды өжөр жандар жаратып,
Башты сайган мээнет дайым акталат.

* * *

Бөлүшпөсөң кубанычты сени сүйүнткөн,
Бар дейсиңби айырмасы ачуу күйүттөн?
Байлыктын кууп аркасынан – канча үйбөгүн,
Опаасы не досуңа  да бербес дүйнөңүн!

♦ ♦ ♦

Жорж Луи Леклерк де БЮФФОН
(1707-1788), француз илимпозу

Адамдын эң оор жоготуусу – убакыт.

* * *

Алыскы токойдон да, алыскы чөлдө калуу жүз эсе кооптуу. Токойдон эч болбосо адамга суу табылат.

♦ ♦ ♦

Василий ВЕЛИКИЙ
(330-379), теолог-философ

Макоолор өңүндө эмес, түшүндө байыйт.

♦ ♦ ♦

Кристоф Мартин ВИЛАНД
(1733-1813), немис жазуучусу

Улуу адамдар эчнерсени чала бүтүрбөйт.

♦ ♦ ♦

Галилео ГАЛИЛЕЙ
(1564-1642), Италия илимпозу

Догма көз жумганда гана илим көз жарат.

* * *

Түркөйлүк – жамандыктын, ичи тарлыктын, ачкөздүктүн, пастыктын, ал эмес одоно кемчиликтер менен баардык күнөөлөрдүн энеси.

* * *

Чындыктын күчү эмнеде? Сен аны төгүндөөгө тырышкан сайын – айыптоолоруңдун баары суу кечпей, чындыктын баркы кайра ошончо бийиктегенинде.

Которгон Олжобай ШАКИР