ШАКИР Олжобай: ЭСИ ЖОКТУ ОКУТУП-ЧОКУТУУ – ЖЫРТЫК ЧАНАЧКА СУУ КУЙГАНДАЙ КЕП

Сальвадор ДАЛИ, (1904-1989), испан сүрөтчүсү

Алты жашымда Колумб, жети жашымда Наполеон болгум келчү, кийин алардан да бийикке умтулдум.

* * *

— Сүрөт тартыш кыйынбы?

— Опоңой же мүмкүн эмес.

* * *

Сүрөт тартып атканда мен өзүмдү кызылдай жинди сезем, бирок жиндилерден айырмам – акылы тунук жиндимин.

* * *

Жиндиден менин бир эле айырмам бар: жинди акылым ордунда деп ойлойт, а мен акыл чегинен чыгып бараткан учурларымды билем.

* * *

Сюрреализм – бул менмин!

Даниил ЗАТОЧНИК, (XII-XIII к.к.), орус жазуучусу

Эси жокту окутуп-чокутуу – жыртык чаначка суу куйгандай кеп.

* * *

Эси жоктор отоо чөптөй: сеппесең деле өсө берет.

* * *

Ит менен чочкого алтын, күмүштүн кажаты жоктой эле келесоого нускалуу сөздүн кереги не…

* * *

Өлгөн адамды күлдүрө албагандай, келесоону окутуп-чокута албайсың.

* * *

Эгер таш суу үстүнө көтөрүлсө же чымчык бүркүттү тээп, чочко тыйынчычканга үрүп калса, келесоолордон деле акылман чыкмак дейм.

* * *

Келесоолордун насаатын укканча, акылдуулардын акыйнегин эшиткен оң.

* * *

Башкалардын башына күн түшкөндө баары акыл үйрөтөт, өздөрүнө келгенделе келесоо.

* * *

Колунда бар көпөстү кайда болбосун таанышат, алыста дос-тамырлары да көп, а колунда жокту коңшулары да көздөрүнө илбейт.

Которгон Олжобай ШАКИР