ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: АБДЫШҮКҮРДҮН БАЙЛЫК-МҮЛКҮН ЖАРЫЯЛАГАНЫМДЫН СЕБЕБИ

Кеп башынан болсун. Кепти башынан баштоо үчүн «кайталагандан келме бузулбайт» дейт, таксырлар! Бу жолу мурда жазганымдан кыстырма келтирейин, себеби аны окуганы бар, окубаганы бар. Андыктан Абдышүкүр Нарматовдун таламын талашчуңар ошого көңүл буруңуздар…

2014-жылы президент А.Атамбаев баш болгон делегация мени да Араб өлкөлөрүн кыдырып келүүгө «ашка жүк, башка жүк» кылып ала барышкан эле. Сауд Арабиянын элчилиги Кыргызстандан барган меймандарга Кааба ташка зыярат кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип калды. Болгондо да бекер. Бекер дегенди укканда кыргызың кылчактайбы артына. Баары чуру-чуу, күрү-гүү түшүп дарбып калышты. Мен деле барат элем, бирок ошол жерден шарт эле кежирлигим кармады. «Өй, токто! – дедим өзүмө өзүм. – Кааба ташка сыйынууну атайы ниет кылып келдиң беле бу жерге? Же араптар Кааба ташты бекер көрүп, бекер сыйынып кетүүнү уюштуруп бергенине эле оолугуп отурсуңбу?» деген ой ордуман тап жылдырбады…

Бала күнүмдөн чоң атам Эгемберди, анын атасы Ажыбай, таятам Курман чоң молдолор болгонун угуп өскөн элем. Алар Ат-Башыдан Меккеге эшек менен жетип зыярат кылышса, а мен самолёт менен зуулдап келсем, ал аз келгенсип Кааба ташка сыйынуу ит бекер экенине эмнеге кудуңдашым керек эле?.. Атайы ниет кылып эңсеп жүрүп барсам, жарашмактыр: чекемден шор тер агызып. Мен анда зыяратчы эмей эле турист катары баргандан жандүйнөм өзгөрмөкпү?… Шондуктан Кааба ташка жакындоону оюнчук кылбайын дедим да, барган топко кошулбадым.

Зыяратка барып келгендер самолётко жайгашаары менен Абдышүкүр Нарматов бак-бак сүйлөп калбаспы: «Урматтуу, ушул жерде отурган момун мусулмандар! Мына бүгүн так ушул жерде отурган баарыңардын 25-30 жылдык күнөөңөрдү Алла-Таалабыз кечти. Себеби ыйык Меккебизге сыйынып кайттык» дебеспи! «О кокуй, Алла-Тааланын айкөлдүгү ушундайбы?!» дедим ичимден. Жарылып кетейин дедим. Бирок шар ооз жаным туйлагандан, мен да жарылдым: «Йе, ажыке, Алла-Тааланын авансыбы бул? Демек, кылгылыктын баарын кылып коюп, кайра Кааба ташка келип-кетип сыйына берсек болот экен да! Муну кыргызга бекер угуздуң…»

Бул айтылган кепке күбө болгон ошондогу делегация мүчөлөрү Орозбек Молдалиев менен Жанар Акаев ж.б… муну жокко чыгарбас.

Мына ушул окуядан кийин Абдышүкүр ажыңардын моралдык соолугу мени көп ойлондуруп келет. Болбосо моралдык соолугу соо адам ушуну айтабы, эй. Диний көсөмүңөр минтип атса, демек, ар бир карапайым кулпендеге кандай ой келет? Пенде баласы канча күнөөгө батса да, Кааба ташка сыйынып келе калып эле 25-30 жылдык күнөөсүнөн арылып кетерин эшиткен кулпенделер бул ишенимге жетеленбей коёбу?! Аларга майдай жакпайбы бу кеп! Себеби жер үстүндө күнөөлүү пенде канча, мен баш болуп?..

Мейли, мага окшогон шар ооз бирөө айткан болсо, ал башка маселе. А диний көсөмдүн айткандарын оозун ачып уккандар канча бүгүн?! Демек, бизде ажылык сапарга барып келүү эмне мынча ызы-чуу жаратып келгенинде бир мандем болуп жүрбөсүн? Ажынын айтканы ажиотажга айланып, ыйык Меккеге жыл сайын барып келүүнү эңсегендер боло берсин ылайым, бирок Абдышүкүр Нарматов мындай кепти жоопкерчиликсиздик менен айтканы өтө орчундуу маселе. Болгондо да биз менен барган делегация арасындагы ач элдин чоң курсак айрым саясатчыларын соорото турган кеп эмес бекен бул? Ансыз да эл ырыскысын жеп-ичип көнгөн чоңдордун арасында ушу кепти Абдышүкүр айта турган жерде беле?! Дегеле кайсы шариятта же Курандын кайсы барагында ушундай «насыят» айтылганын динчилдердин кимиси таап бере аласыңар?!

А.Нарматовдун мына ушул жоопкерчиликсиз «накылынан» кийин мен анын диний ишмердүүлүгүнө, жашоо-турмушуна кызыгуум артып келди. Моралдык ориентациясы шек жаратты. Ал кишинин диний ишмердүүлүгүнөн башка да керектүү маалыматтарды ошол себептен топтоп келдим. «РухЭш» сайтында анын мүлкү туурасында жарыяланган макалам чуу жараткандан баштап, Нарматовдун таламын талашкандар: «Ал кишинин чарбасы, бизнеси, сооп иштери толтура, узтазыбызды Алла сүйгөн үчүн берип атат» деген тариздеги аргументтерди жаадырышат. Жаадыргыла, бирок андай тайыз «аргументтер» менен Абдышүкүрдү коргой албайсыңар, таксырлар!

Нарматовдун бай-мүлкү, кансарайында пейил күткөн мүнөзү тууралуу маалыматты жарыялаганымды динчилдердин кээси мен бир ич күйдүлүктөн, көралбастыктан же кайсы бир кишинин атайы заказынан улам шантаж кылуу максатында жазгандай кабыл алыптыр. Кадырыңар жам болсун, таксырлар! Силер мени өзүңөрдүн адеп-аклак объектиңерге салып карабагыла. Менин кулк-мүнөзүмдү да өзүңөрдүкүнө окшоштурбагыла. Менин бир ит кыялым бар: акча каяктан болсо силерге окшоп ким-бирөөнүн этегине намаз окуп же жетегине көнбөгөн кежир мүнөз туулуп калыптырмын. Мен ээсин капкан итке да окшошмун кээде. Бирөөгө жакшы көрүнгөндү деле анча сүйбөйм, а чындыкты айтып жаман көрүнсөм мейли. Кыргыз мени жаман же жакшы көргөнү – мага маанилүү эмес. Андан дүйнө өзгөрүп кетпейт. Асман-Жер да аңтарылбайт. Мага үйдөгү катын-балдарымдын сүймөнчүгү болгонум жетет. А мүмкүн айрымдар мага Алжыбай деген ат койгону да оңдуудай көрүнөт. Себеби Арапкул атка конгончо Алжыбай болуп алгандан да арданбайм, таксырлар.

Мени арданткан маселе башкада: кылымдар бою өзүнүн улуттук дөөлөтүн сактап келген көөнө кыргызды бүгүн көңдөй көкүрөгүн күрсүлдөтүп койгулагандар башкарып келатканы! Мейли, бийликтегилери болсун, мейли, илим-билим, чыгармачыл чөйрөсүндөгү итирейген интеллигенциясы же диний коомчулукту башкарган чала молдолор болсун, шоруң каткыр кыргыздын каада-салтына, нарк-насилине, тарыхына түкүрүп коюшкандай! Кай жакты караба, манчырканган, кекирейген таш эстеликтер, айкелдер орнотулганын көрүп, уялгандан башыңды шылкыйтасың!

Скульпторлорубуз жараткан образдарга таңгаласың. Ошко барсаң, Алымбек даткабыз кекирейет, сылаң корооздой төшүн дагдайтып. Чүйгө келсең, Жайыл баатыр менен Шабдан баатырдын манчырканган айкелдери керсейип турат. Жер-жерлердеги бай-манап, баатырлардын эстеликтериндеги образдын баарысы окшош. Баарысы бирдей. Бирөөсүнүн да жер тиктеп, ойлонгон образдагысын көрбөйсүң! Баарыле чакчырылат! Бишкектин чок ортосунда ааламды дүңгүрөткөн Айтматовдун айкеличи: анысы рухий көсөм эмес, мансаптуу парторгдун эле образы.

Муну эмнеге айтып аткан себебим: чоңдордун да, караламан калктын да акыл аңына ошолордун образдары уюп калган. Негедир мансап-дөөлөттүү бай-манаптык образдарды чагылдыргыбыз келет! Чоңдорубуздун жүрүм-турумдары да так ошол таш эстеликтеги эл жакшыларынын эле жандуу образы! Бүгүнкү күндө да арабызда текер мүнөз образдардын жашап калганы – улутубуздун «подсознательный» айыккыс кесели болуп калган сыяктуу.

Бүгүнкү күндө дин жолунда «көсөм» саналган Абдышүкүрүңөрдүн кансарайдагы пейил күткөн мүнөзүн кеп кылганымдын жөнү ошондо, таксырлар! Тил учунда турган сөзүбүз али арбын. Азырынча ушул жазганым эле чуу салып турганыңарга жетет…