АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КРЕДИТ ДЕГЕН ИТ ЧЫКТЫ, КАНЧЫКТАЙ ТУУГАН ПРОЦЕНТ

Төрт саптар

Төрөлүү бул,  кубанычпы,  кайгыбы
Жашоо эмне,  азап-тозок айлыбы?
Жалган дүйнө,  жалган болсо эмне үчүн
Мынчалык оор – бул дүйнөдөн айрылуу.

♦ ♦ ♦

Мен туулганда кошо туулган ажалым,
Билбейм качан,  кайсы күнү алаарын.
Суранаарым кыйнабай ал жанымды
Айтпасаң да кетчү күндүн кабарын.

♦ ♦ ♦

Чекитпиз чексиз жашоо мейкининде
Жылт этип жанып өчкөн көз ирмемде.
Ааламга көз ирмемге келсек дагы
Ааламдай түйшүк жазган кешигине.

♦ ♦ ♦

Жаш чагымда түгөнбөстөй бул кылым,
Түгөндү го түгөнгөндөй бир чылым.
Бул жашоого кайдан, неге баш бактым
Баш катырам, түшүнө албайм,  чын сырым.

♦ ♦ ♦

Акыркы жыл,  айы,  күнү өмүрдүн,
Айлар өтсө жылдар жылса жакындап:
Акырындап тузагына өлүмдүн
Ажал тажаал,  кууп барат такымдап.

♦ ♦ ♦

Оңго бассаң бейиш төрү жайнаган
Солго бассаң тозок оту кайнаган.
Оң жол кайсы,  сол жол кайсы таап көр,
Жиптин учун тапкан өңдүү саймадан.

♦ ♦ ♦

Жаз, жай, күз узап,  акырын
Жакындайт кыштын илеби.
Жан дүйнө жабыр тартканын
Жаныңда бирөө билеби?

♦ ♦ ♦

Жок болсо да бардай чачып болгонун
Өмүр сүрдүм жүрүшүндөй жоргонун.
Кызыкпадым мансап,  байлык дегенге
Балдарым деп – таалай, бакыт, коргонум.

♦ ♦ ♦

Жакшы менен жаман жагым санасам,
Жаман жакка ооп кетет таразам.
Жакшы сапат кудай берген тепселип,
Жетегинде Азезилдин баратам.

♦ ♦ ♦

Ооруйт башым,  ооруйт боорум,  жүрөгүм ,
Оңдуу кылбай көр оокатты жүдөдүм.
Оо жараткан,  оң көзүңдү сала көр
Онун кечир жүз жасаган күнөөмдүн.

♦ ♦ ♦

Шатман элем, шайыр элем жаш чакта,
Ал мүнөзүм кетип барат кайрылбай.
Карылыктын белгисиби негедир,
Көбөйүүдө болбос ишке кайгырмай.

♦ ♦ ♦

Жылуулукту жакшы көргөн жан элем,
Суук тартып,  муздап барат мамилең.
Балыр баскан көлчүк болдум көзүңө,
Бир коктунун булагындай бар  элем.

♦ ♦ ♦

Эмнегедир алыстасаң жанымдан
Падышамын түшүп калган тагымдан.
Ээнсирейм жетим калган немедей,
Жанда болсоң жаман чалмын кагынган.

♦ ♦ ♦

Тайыз, наадан,  сокур сезим,  майда адам
Такыр бүтпөйт санай берсең ар жагын.
Тажап бүтүп, күм жам кылып салбаган
Таң каламын кеңдигине Алланын.

♦ ♦ ♦

Жетелешет өлкөнү туңгуюкка
Жетекчилер акылдуу Сократтай –
Жеп-ичкендин калганын термелеп жеп.
Жетегинде эл барат сокур аттай.

♦ ♦ ♦

Кекчил адам мусор салган челектей,
Таарынычын катып кымбат белектей.
Таштай албай, таштандыдай чогултуп
Кошо чирийт калбыр болот, электей.

♦ ♦ ♦

Мезгил учса шуулдатып канатын,
Мезгил менен качан, кайда барасың?
Келер күндөн не күтөсүң адамзат,
Келечектен кандай пайда табасың?

♦ ♦ ♦

Спортко маш,  ыкчам элең ар иште,
Адатыңча эрте жеттиң финишке.
Ай, Эшике эмне себеп болду экен,
Ала жипти алтын башка илишке.

♦ ♦ ♦

Жакшы адамдар өлбөй тирүү калабы,
Өлүмгө бир жакшы менен жаманы?..
Акыр бир күн келбес күнүң келер деп
Аңдып жүрөт ар бир жандын ажалы.

♦ ♦ ♦

Түшкө кирсең куса болуп,  сагынганым сеземин,
А өңүмдө жоктугуңа, келбесиңе көнгөмүн.
Оо,  Эшике чогуу көрдүк жакшы күндүн неченин
Эми сездим жаштыгымды өзүң менен көмгөнүм.

♦ ♦ ♦

Эске салсам жаштыгымды качырган,
Эх, Эшике кетким келет артыңдан.
Жакшы күндөр өзүң менен кетиптир,
Жылдар келди көп түйшүктү артынган.

♦ ♦ ♦

Нечен ойлор гений ойлой албаган
Келип кетет карабастан алды артын.
Ал ойлорду кармап калсам качырбай,
Балким мен да гений болуп калмакмын.

♦ ♦ ♦

Чексиз дүйнө чекиттерден куралат,
Чектүү өмүрдү ажал сорот сугалак.
Кайда алпарат адамзатты «зор» мезгил
Чексиздиктен – белгисизге кубалап.

♦ ♦ ♦

Атам берген атомдордон жаралып,
Акыр бир күн айланамын ионго.
Ал иондор жоголбостур изи жок,
Айланышар розага, пионго.

♦ ♦ ♦

Саат жебеси токтобостон ашыгып
Сая түшүп кууп келет өмүрдү.
Аз өмүрдө урматташып,  сыйлашып,
Аздектейли куунак кармап көңүлдү.

♦ ♦ ♦

Чогуу жашап,  чогуу тосуп ак таңды,
Чогуу ичип,  чогуу татып тапканды,
Жүргөн менен чогуу турмуш кечирип,
Чекесине ар ким көрөт жазганды.

♦ ♦ ♦

Ойт берме тагдыр,  ойт берип тоссо далысын,
Окчундап элден басаңдап калат дабышың.
Топтошкон достор, туугандар тетир бурулса,
Токтосо дейсиң,  тынч алып жүрөк кагышын.

♦ ♦ ♦

Жаш кезекте түгөнбөстөй өмүрүң,
Жаш улгайса эрип барат жаш кардай.
Жаш кездеги шайыр мүнөз,  курчтугум,
Жылдар менен жылып качып жаткандай.

♦ ♦ ♦

Кармаганым чууруп түшүп салаамдан,
Куру калып достор берген саламдан.
Көңүл чөгүп турган кезде өкүнөм,
Бул дүйнөгө мен эмне үчүн жаралгам?

♦ ♦ ♦

Атеистик тарбия
Алиге кандан тарабай:
Ыйманыма так салат,
Айыкпас котон жарадай.

♦ ♦ ♦

Кечээкиңе кылчактаба,  жабышпа,
Кечээки күн кайра келгис алыста.
Өмүр деген агып жаткан сууга окшош,
Суу түгөнөт балким эртең алышта.

♦ ♦ ♦

Өмүрүң чаккан ширеңке,
Жылт этип жанып жок болот.
Талпылдап жүрүп тапкан мал,
Туалетке түшүп бок болот.

♦ ♦ ♦

Балга түшкөн чымындай,
Тырмалаңдап чыга албай.
Жаман ишке төнөбүз
Напсибизди тыя албай.

♦ ♦ ♦

Баланы жасаш оңой,  багыш кыйын,
Келинди абийри бар табыш кыйын.
Уул-келин ынтымакта,  ыйман күтүп,
Ата-эне көрсө деймин урмат сыйын.

♦ ♦ ♦

Жашмын деп ойлоп жүрүпмүн,
Жашырбай ачсам сырымды.
Тарыхтан түшө калгансып,
Жашапмын эки кылымды.

♦ ♦ ♦

Кредит деген ит чыкты,
Канчыктай тууган процент.
Долларың болуп чоңойот,
Жүгүрүп жүрүп алган цент.