ШАКИР Олжобай: АЖОБУЗДУН АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ АВАНТЮРАСЫ

Бул макала  (12-дек. 2014-ж. ) «Жаңы Агым» гезитинде жарык көргөн. Бүгүн аны «кайталагандан келме бузулбайт» деп, айрым окурмандардын суранычы менен коомчулук эсине салып коюуну эп көрдүк.

«Курманбек Бакиевдин кагаздан текст окуганын карап отурсаң президент кейиптенгенсийт, бирок кагаздан башын көтөрсө эле парторг».

Салижан ЖИГИТОВ

Опокшош. Ашса ашат, кем калбайт. Сүйлөгөн жагынан К.Бакиевдин деңгээлине бышкырып турчубуз. Бырс этмелери көп эле. Бу сапар Президент Алмазбек Атамбаевдин Араб өлкөлөрүнө болгон расмий иш сапарында да күлкү коштоор окуялар көп болду. Бирок күлкүбүздү араң тыйып отурдук. Тилемчи болуп барганыбыз курусун, ажобуз ооз ачкан сайын дагы эмнени «балп» эттирип салат деп кыпылдайт экенсиң. Бир сөзүндө арабдарды астафуралла дедиртээр кепти айтып алды: «Мен билем, араб биртуугандардын акчалары эң каапыр деген өлкөлөрдүн банктарында айланып атат…»

Сүйлөгөнүн Атамбаев сүйлөдү, уялганын биз уялдык, албетте айрымдарыбыз… Араб падышасы жана падышачылыгынын мураскерлеринин мураскерлери, вице-президент, премьер-министр, шаар башынан тартып дагы бир катар эмирлери, банкир-шейхтеринин алдында көтөрүлгөн маселелер канчалык маанидеги расмий иш сапар экенин журналисттер журту коомчулукка дуулдатып жаңылык кылып атканы менен ошол расмий сапардын артындагы Атамбаевдин жосундары жерде калсын деген киши жок. Себеби азыркы бийликтин тушунда журналисттер чындыктын тили менен сүйлөө укугунан ажырап калганына өз көзүм менен күбө болуп келгенден улам сөз баштап отурам. Анткени Араб өлкөлөрүнө мен дагы ашка жүк, башка жүк болуп барып келгендердин арасында болдум. Албетте, мен дагы жакшылыктын жарчысы болуп, иш сапардын жакшы жактарын жаңылык кылгым келет. Чынында алгылыктуу келишимдерге кол коюлду, сүйлөшүүлөр жүрдү, бирок өз деңгээлинде эмес. Мүмкүн кыргыз тарап мындан да жакшы даярдыктар менен барып, мыкты сунуштарды бергенде кыйла колдоо тапмак…

 

Арийне, өлкө башчыбыздын алабармандыкка алдырып ийген мүнөзү монархиялык бийликти мыкчып отурган Араб бийлигинин өкүлдөрүн чочулаттыбы, жокпу, кеп ошондо. Себеби А.Атамбаев монархиялык бийликтин мүнөзүнө туура келбеген ашыкча нерселерди оозунан чыгарып жиберди. Бир мисал: Сауд Арабия өлкөсүндөгү Эр-Рияд шаарынын Соода жана өндүрүш палатасындагы жолугушууда эки тараптуу кызматташуу туурасында сөз башталган жерден А.Атамбаев мырза Кыргызстандагы бийликти үй-бүлөсүз башкаруу жолуна салганын шардана кылды. Анысы жакшы. Бирок мындай сөздү ал демократиялык багытта өнүккөн өлкөлөргө барган жерден айтса жарашат, ал эми түшүнгөн кишиге араб бийлигинин башында отургандарга айтылган бул кеп аларды союл менен төбөгө чапкандай тиерин аңдабады көрүнөт.

Мунусу бийликти укумдан-тукумга мурастап келген араб бийлигинин өкүлдөрүн келекелөө катары кабыл алынса эмне болот? Алардын бийлиги атадан балага, урук-тууганга гана өтүп келген жолго салынганын билбейби? Тек гана ал тарап кыргыз бийлигин өздөрү расмий чакырык менен чакырарын чакырып алып, меймандостук үчүн сыпайыгерчилик көрсөткөндөй таасир калтырды. Ошол эле жолугушууда арабдарды чочулатар дагы бир алешемдиги: Кыргызстанга инвесторлорду тартуу үчүн кайсы бир конкреттүү сунуштарды алдыга жайгандын ордуна, биз менен кошуна өлкөлөрдөн тартып, алыскы жана жакынкы мамлекеттердин короосуна таш ыргытып, адатындай ыржактап отурганы болду. Жаманбы-жакшыбы, А.Атамбаевдин бийлиги орногондон берки Кыргызстан менен бир нече кызматташтыктарга кол койгон стратегиялык өнөктөш деген мамлекеттер бар.

Алар өлкө башчыбыздын арабдарга барып келгенден кийинки мамилесине таарынып калуусу президентибизди эмнеге ойлондурган жок? Саясат атамзамандан бери эки жүздүүлүк менен жашаары баарыга дайын, бирок Кыргызстан кимден болбосун жардамга карыз алыш үчүн тигил өлкөнү бул өлкөгө, бул өлкөнү тигил өлкөгө жамандоо жолу менен канчалык деңгээлде эл аралык аброй топтоп, ишенимге жетет?! Эгер А.Атамбаев ушул калыбынан жазбаса, өзү айтмакчы «каапыр» өлкөлөргө барган жеринен да арабдардын короосуна таш ыргытары турган иш. Себеби бу киши жардам алыш үчүн өз терисинин алдынан тез эле суурулуп чыга каларын ушул жолку сапарда көрдүм. Өз элинин намысын да, наркын да тебелетип коюш сокур тыйын экен ажобузга! Өз элинин тарыхынан, намысынан да арабдардын акчасы бийик экенин Атамбаевдин мына бул сөзүнөн кийин таразалай бер, окурман! «Мен Араб өлкөлөрүнө тарыхты эскертейин деп келдим, — дегенине зал дымый түштү эле, сөзүнүн ары жагында тээ канча кылым мурун кыргыз жергесин баскынчылыктан коргоп калууда арабдардын баатыры Абли Муслим Карасани кыргызды кыргындан сактап, мусулман кылганына каңырыгы түтөп, бүгүн ошо «Абли Муслим Карасанинин урпактары барбы? Бар болсо Кыргызстанды эстейби, жардамын береби?» дегени абийирге сыйар жосунбу, кыргыз?!

Анан да ушинтип жалооруп жардам сураган сөзүнүн арасында КР премьер-министр кезинде, КР учурдагы Президент болгондон бери мечитке барарынан өйдө отчет берип, намазга беш маал жыгылаарын саймедиреп бериштин зарылчылыгы бар беле?! Арабдардан акча алыш үчүн ушунчалык пастыкка кантип барды?! Көзү жалжылдап жардам сурап атат да, кайра бир туруп: «Акыркы үч жылда кыргызстандыктар коңшу өлкөлөрдөгүдөн тың жашап кетти. Бишкектин көчөлөрүнө машине батпай., бизде машине Эр-Рияддан көп. Он машине өтсө бешөө джип. Себеби Алла Таала биздин элди абдан жакшы көрөт» дегенинде логика барбы? Эгер Бишкектеги машинелердин саны Эр-Рияддан ашып кетсе, анда эмнеге арабдарга жардам сурап бардык?!

Кыскасы, Эр-Риядда болгон биринчи күнкү жолугушуусу эле ушинтип башталды да, ошол күнкү сөздүн соңу Атамбаев айткан анекдот менен аяктады. Ал анекдот -кыргыз уктап калып Алла-Таалага жер сурап барганы. Барганда да ыйлап барат (Атамбаевдин сөзү — О.Ш). Алла-Тааланын акыры боору ооруп, ошону менен өзүнүн жерин кыргызга кармата бергенин баяндаган Атамбаев ушул анекдотту айтсам эле Алладан кийинки берешендикти, ырайымдуулукту арабдар кылат десе керек!

Айтор, араб өлкөлөрүнүн кайсынысына барбасын, ажобуздун ооздон түшүргүс кеби бул болду: «Кыргызстанды жөн эле көрүп кеткиле. Унутпагыла, силердин ата-бабалар Орто Азияга барып бизди мусулман кылган».

Мунусу бабаларыңардын арбагы үчүн бизди колдошуңар керек маанисинде көп айтылды. Көп кайталанды…

Эпаада айтыла турган чындык бар, айтылбай турган чындык бар. Мен бул макалада Атамбаевдин кайсы өлкөлөрдүн короосуна таш ыргытканын тизмектегенимдин кажети жок, себеби анын кесепети Кыргызстанга тиет. Өлкөбүздүн башка мамлекеттер менен болгон дипломатиялык байланыштарына доо кетирээр андай маалыматтар ичибизде калганы ийги. Бул туурасында Президенттин пресс-катчысы Кадыр Токтогулов да журналисттерге ошол эле жерден эскертти. Бирок ошентсе да Кадыр мырза канчалаган журналисттерге «бул жаңылыкты жаз, тигини жазба» деп отурганы мен үчүн жийиркеничтүү болду. Андыктан бизде сөз эркиндигин кысымга алуу жетинчи кабаттан башталганын илгиртпей түшүнө берсек болот… Демек, президентибиз оозуна келгенди оттой берсе болот, журналисттерге жок!

Айтор, ажобуздун Араб өлкөлөрүндөгү авантюралык жүрүштөрү келечекте кандай жемишин берет, аны убакыт көрсөтөр… Азыр бираз сөз эркиндиги туурасында учкай кеп бар. Ал мамындай: «24.kg.» маалымат агенттигинин белдүү журналисти Махинур Ниязова социалдык түйүндөрдүн биринде Кыргызстандын Араб өлкөлөрүндө жүргөн расмий делегациясы Кааба ташын айланып чыкканы туурасында адилеттүү сын пикирин жаза койгон экен, буга Президенттин пресс-катчысы Кадыр Токтогулов катуу териксе керек, жер астын-үстүн аңтарылып кеткенсип жаныма келди. Ачуусу шакардай кайнаптыр.

«Кесиптешиңиздин бул эмне деп жазганы?!» дейт кызаңдап. Кебине көңүл бурсам, үнүнүн тону президенттин командасындагы кишидей эмес, көчөдөгү бандиттердин жүрүм-турумундай. Көрсө, аны М.Ниязованын улуту уйгур экени катуу тынчсыздандырса керек, «ал кызыңар Кытайдын Синьцзян автономдуу облусунда эмес, Кыргызстанда жашаарын унутпай жүрүүсүн эсине салып коёбуз…» маанисинде дубай салам узатарын күткөн эмесмин!

«Жетекчиңиз Асел Оторбаевага да мен айтканды жеткире барыңыз» дегенин уккандан кийин тунган экенбиз дедим ичимден. Бул эмне деген жорук? Бакиевдин бандит батальонунан кутулдук деп жүрсөк, эми минтип Атамбаевдин шоопуру менен пресс-катчысынын ормон опузасы орной турган заман келгенби?!

Ушундан улам учурда «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн айланасындагы талаш-тартыштар да Президент Атамбаевдин командасындагылардын ишараты менен уланууда деген коомчулук арасындагы кептерге ынана баштадым. Себеби сапарда бирге жүргөн адамдардын кимиси ким экенине сыртынан баам салууга 7-8 күндүк убакыт абдан жетиштүү экен. К.Токтогуловду мурда-кийин таанычу эмес элем, бирок ал мага биринчи жолку таанышуудан тартып эле президенттин айланасындагы бөрк ал десе баш алчу жанжөкөрлөрдүн бири экенин көрсөттү. Макаламдын башында азыркы бийликтин тушунда журналисттер чындыктын тили менен сүйлөө укугунан ажырап калчудай дегенимдин мааниси ушунда.

Сапардын күнгөй-тескейи туурасында жакында дагы сөз улантабыз…

Олжобай ШАКИР