ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: АКБАР КУБАНЫЧБЕКОВДУН ЫРЛАРЫНДАГЫ ОРКОЙГОН КЕМЧИЛИКТЕР

Макаладагы Акбар Кубанычбековдун ырларынын тегерегиндеги сөз бир гана А.Кубанычбековдун өзүнө тийешелүү эмес, бүгүн аны менен үзөңгүлөш келаткан жалпы эле ыр ышкыбооздорунун дээрлик көпчүлүгүнө мүнөздүү мүчүлүштүк экенин окурман журтуна башынан эскерте кеткенибиз ийги. Адегенде Акбардын төмөндөгү ырлары кантип сынга кабылып калганы туурасында учкай кеп кыстара кетели. Адатта, жаш калемгерлер менен карпа-күрп кезигишкен жерден алардын ыр же аңгемелерин дароо эле «РухЭш» сайтынын дарегине жөнөтүүнү кулак кагыш кылып келем.

Арийне, өзүңөрдүн эң мыкты делген чыгармаларыңарды жөнөткүлө дейм. А.Кубанычбеков менен да бир аз күнчө мурда кезигишип, ал экөөбүз убадалашкандай: өзүнүн тандалма ырлар топтомун жөнөтүптүр. Ыракмат. Эми сөздөн ишке камыналы…

Эмесе Акбар иним, сенин дарегиңе айтылган сынды жеке эле өзүңө кабыл алба, учурдагы сүрмөтоп замандаш, калемдештериң тургай, те улуу муун, орто муундан азыркы кенже муунга чейинки өзүн акын санап чычайып жүргөндүн далайына айтыла турган кеп бул. Кезинде устатыбыз Алым Токтомушев: «…адабият коридор эмес, ары өтүп, бери өтүп булгай берер» деп калчу. Ыр эмес, көркөм публицистикалык макалаларын да метафорасыз жазбаган устатыбыздын ушул кебине карсылдап күлчүбүз.

Чын-чынында адабият астанасын аттагандын далайы коридор эмес, кыргыз адабиятынын төрүн тепсеп, төрүнөн бери булгап коюшкан эбак. Ошол булганган төрдөн сен экөөбүзгө окшогондор сабак алат окшойбуз… Сендей курагымда карасөз чебери Мурза Гапаров да кайсы бир интервьюсунда кыргыз адабиятынан үйрөнө турган өрнөк өтөле аз экенин айтканын өз маалында окуп калганым ырас болгон экен, ошондон тарта дүйнө адабиятынын ыракатынан моокумум кана элек…

Ал эми кыргыз адабиятына келсек, улуу жомогубуз «Манастан» тартып, кенже эпосторго чейинки оозеки элдик чыгармалардын көөнөргүс үлгүлөрүн көбүбүз али да өздөштүрө албадык. Көкүрөгүбүзгө терең төндүрө элекпиз көбүбүз. Бир гана жамакчылыгын өздөштүрдүк. Сыртында гана жүрөбүз. Ошол сыртындагы сөз куроону өздөштүрдүк, а ичи жатат…

Оозеки чыгармачылыктагы жамакчылык деген балээ баарыбызга жугуштуу оорудай тараганы – кыргыз адабиятынын төрүнөн босогосуна чейин көзгө урунат. Сенин ырларыңан да дал ошол жамакчылык деңгээлдеги уйкаштыктар көздү кылкандай кычыштырып, атайы чыгынып пикир айтууну эп көрдүм. Муну сен чыгармачылык алака деп түшүн… Себеби азыркы адабият айдыңында чаң салып жүргөндүн көбү ыр жазууну жалаң эле уйкаштыктан турчудай түшүнөбү, китеп болуп колго урунгандын баары айгыр тепектей окшош. Китептин аталыштары, авторлору гана ар башка дебесек, ичиндеги маани-маңызды биринен экинчиси көчүрүп алгандай.

Китеп демекчи, азыр жеке авторлор тарабынан чыгып жаткан китептер тургай; очорулган өкмөттүн казынасын ысырапка учураткан Илимдер академиясы же Улуттук тил комиссиясы тарабынан чыгарылган том-том китептер деле ылганып чыгып аткан жери жок. Саман-топону аралаш элдик оозеки чыгармалардан тартып, эски муундагы акын-жазуучулардын «тандалмалар жыйнагы» деген «маркалар» көбөйдү. Көбүн макулатурага ыргыта турган эле кагаз. Бирок ага болбой кыргыз тили жоголуп кетпесин деген түр көрсөтүшкөнүбү: Илимдер академиясы да, Улуттук тил комиссиясы да мамлекеттик казынаны аяп аткан жери жок. Өкмөттөн бюджет бөлгөндөр да жарыкка чыккан китептер менен анча иши жокпу, айтор, бүгүнкү күндө кыргыз тилинде жарыкка чыккан китептердин шырылдаган суусун сыгып чыгаруу саясатын ойлогон бирөө-жарым чыкпады! Иштин сапаты кыргызды анчейин убайымга салбайт окшобойбу.

Менин байкоомдо: куштун эки канатындай кыргыздын оозеки адабияты менен жазма адабиятына аздек мамиле кылуунун да кези келди. Анүчүн коомдо сынчыл көзкараштарды калыптандырып, караламан калкты чындык менен тарбиялап, чындык менен бетме-бет кездешүүгө үйрөнсөк кантет…

Профессионал адабиятыбыздын салттуу жолун улантуучулар арбын көрүнгөнү менен чынында дээрлик көпчүлүгү те качанкы оозеки адабиятыбыздын эле тегерегинде чарк айланып учуп жүргөнсүйт. Анын ичинде Акбар иним, сен экөөбүз даа барбыз. Агер дүйнө адабиятын айтпайлы, куру дегенде орус адабиятынын өрнөгүн өздөштүрсөң деле өзүң менен катарлаш, үзөңгүлөш ыр ышкыбооздорунан алда канча алга озуп чыкмаксың, жолуң болгур…

Сенин ырларың көркөм поэзияга эмес, жамакчылыкка көбүрөк ыктап турганын туюнткан береги ырыңды окуйлучу:

АТА ЖАЙЛОО
Жел башкарып тизгинин кыялымдын,
Жайлоом сени көп эстеп турарым чын.
Жаратылыш койнунда көзүң ачтың,
Жан дүйнөмдө ыр деген булагымдын.

Турмуш деген басууда жеме мени,
Туйлап турам кулундай желедеги.
Билем болбос барсам да баягыдай…
Бүл-бүл жанат үмүттүн өчө элеги.

Ал үмүткө сагыныч болуп камчы,
Агам бардай астыман тосуп алчу…
Азыр жоксуң аттиң ай, аргам канча,
Ата жайлоо сен менен толукталчу.

Жонун салып тоо турат жоктоп сени,
Жеңем чыкпайт жоодурап коштоп эми.
Балдарыңа кошулуп токтоно албай,
Бараткандай коктунун боздоп жели…

Түгөнбөгөн сагыныч куруп кайгым,
Түбү түшчү бүркөлгөн булуттаймын.
Өтсө дагы жылжыган жылдар арбын,
Өзүң анан, жайлоомду унутпаймын…

Ыр курулушундагы ар бир сапка токтолуп отурбайлы, тек бу жерде сенин жайлоого болгон сезимиңди туйдура турган эмне экенин сезе албадым. Себеби эч бир куплетиңде даана, так ойду кармай албадым. Жайлоодо өсүп-чоңойгон кусалыгыңды туюнткандай маанай бар, бирок ошол маанайды жеткирер саптар өтө абстрактуу, өтө чийки болгондуктан окурмандын оюн туш келди жетелейт. Же жайлоону жоктогон маанайыңбы, же агаңды жоктогонуңбу – айтор, оюң туман. Жайлоо жөнүндөгү ырыңда поэзия окубай эле, табышмактуу баш катырманы чечмелеп отургандай болдум.

Ооба, жайлоо сенин ыр булагыңдын көзүн ачыптыр, бирок ошол көкүрөгүңдөгү ыр булакты ойготкон жайлоону бир жерден минтип жоктойсуң: «Жонун салып тоо турат жоктоп сени,\ Жеңем чыкпайт жоодурап коштоп эми». Бу жерде сен жайлоону жоктогонуңбу же агаңды жоктогонуңбу – түшүнүксүз. «Жонун салып тоо турат жоктоп сени» – жайлоо кантип жок болуп кетет? Кара жердин оюгунан түшүп кеттиби жайлоо? Же агаңды жоктообу? Тоо кимисине жонун салып, кимисин жоктоп турганы – окурманды тумандай адаштырат. Агер окурманга агаң тоодой таяныч экенин туюнтуп, ошол тоодой таянычыңдан айрылган үчүн (түфү-түфү, агаңа амандык каалайм) жайлоо аркылуу жоктоп аткан болсоң, минтип баш мыкчытар суроо койбойт элем. Деги бизде жайлоо жердин түпкүрүнө кирип кеткен окуя барбы? Себеби сенин ырыңдан жайлоо жердин түпкүрүнө түшүп кеткендей жоктоо, муңкануу бар. Сени алдыдан чуркап тосуп алчу агаңды жоктогонуңбу же жайлоону жоктогонуңбу – айтор, кимисин жоктоп турганыңа акылым жетпеди. Мүмкүн бул ырыңа башка окурмандардын акылы жетер, сезими ойгонор, а меникин ойгото албады. Акылым да айраң. Ырдын аталышы да эмнеге ишарат берери туңгуюкка камайт. Себеби тема – ырдын мазмунунда таптакыр ачылган эмес.

Бирок Акбар иним, мындай ырларды чүргөй салчулардан сен эле жалгыз эмессиң бүгүн! Өзүң менен курбалдаш соңку муундагылардын арасынан жамак төшөгөн жагынан сени алдыга чыгарбай турган жазмакерлер толтура. Бирок сени туура багытка бурса, акын болор түрүң бар.

Тек биз өз казаныбызда боркулдап кайнай берип, дүйнө адабиятынан тажрыйба үйрөнүүгө мойнубуз жар бербестигин – өзүң курлуу жаштардын көбүнөн байкадым. Далайыңа сыртыңардан назар салып да келем. Арийне, араңарда котормо жанрына көңүл бургандар чанда кездешкени кейитет. Демек, өздөрүнөн башкаларды окуп, өзгөлөрдүн адабиятын өздөштүрүүнү каалабаган үчүн учурдагы сүрмөтоп адабият ышкыбооздору Фейсбуктагы мактоолорго гана маашыр. Мүмкүн алар өздөрүнө профессионал адабиятчылардын назарын бура албай атышканы да ошол болуп жүрбөсүн…

Аныгында, котормо өнөрүнүн түйшүгүнөн кыргыз адабиятында кимдер гана өсүп чыкпаган. Алыкулдан баштап С.Эралиев, С.Жусуев, Э.Турсунов, О.Султановдун адабий мектеби дал ошол дүйнө адабиятын кыргызча таржымалдоонун аркасы менен адабий казынабыздын жерпайы түптөлүп келип, соңку муун ошолордон кыртыш алгансыдык. Алар өсүмдүк тамырын бири бирине кыйыштырган багбан шекилдүү эмгектенген үчүн өздөрүнүн чыйыр жолун тапса, союз мезгили ураган доордон берки адабий муундун өкүлдөрүнүн котормо өнөрү менен иши да болгон жок. Болбосо котормо өнөрү кандай калемгерге болбосун эң сонун мектеп эле.

Табиятта баардык өсүмдүк жер кыртышынан өзүнө керектүү азык алган сымал – котормо өнөрү деле адабияттын азыгы экенин түшүнбөй келебиз. Бийиктикке канат кагууда котормонун түйшүгүн тартып, дүйнө адабиятынын көлөкө-жарыгын ажырата таанып, өзүбүзгө рухий азык алмайын, чыгармачылыкта түшүмдүү да, өндүрүмдүү бир нерсе жаратуу мүмкүн эместир. Чыгармачылыктын мүшкүлүн тартуу бир гана өзүңдүн авторлук чыгармаларыңды жаратуу менен чектелүү эмес, – ириде мөл булактай дүйнө адабиятынан моокум кана жаназык алып, ошол азыкты боюңа сиңирүү го. А боюңа сиңирүү үчүн котормочулук өнөрдү кош тизгиндей колдон чыгарба!

Кайсы бир акындын мыкты ырын окуп гана ыракат алган аздык кылар, а качан гана ошол өзүңө жаккан ырды кыргызча таржымалдоого келгенде өзүңдүн ким экениңди сына: Пушкин болсо Пушкиндин, Гёте болсо Гётенин деңгээлиндеги дымак сенде да болсун. Мына ошол дымак болгондо гана Пушкин менен Гёте сенин да, менин да көөдөнүмдө уялап баштайт. Алардын көркөм дөөлөттү жаратуудагы ыкмасын котормо түйшүгү менен алышып баштаганда аңдайсың. Көркөм ой толгоонун формасы көкүрөк ышкыңды ойготуп, метаформа, символ, аллегориялык туюнтмалар эмне экенин таасын тааныйсың. Көрсө, ыр жазуу бир гана уйкаштыктарды шурудай тизмектөө эместигин котормо мүшкүлү аркалуу түнүнүүгө мүмкүн болот. Ошондо гана өзүңдүн жылаңач ой, жылаңач саптардан турган ыр куроочу же ырды жасаганды өздөштүрүп алган эле жижиң калем экениңди тааныйсың.

А.Кубанычбековдун ырларынан да уйкаштыктан бөлөк көркөмдүк сапаттар кезикпегени мага ушуну туюнтту. Акбардын ырларынан улам аны менен ийиндеш, үзөңгүлөш келаткан жаңы адабий муундун өксүгү эмнеде экенин төмөндөгү ырлардан эле ачык баамдоо толук мүмкүн.

КӨЛ МУҢУ
Жыл айланып дагы келдим ыр көлү,
Ачылбастан каш-кабагың бүркөлүү.
Сыртың салбай, мени менен сүйлөшчү,
Сырың айтчы, муңуң айтчы жүйөлүү?

Кошо кейип тыңдап турдум көл үнүн,
Канап жүрөк, кайчыланып көңүлүм.
Батпачудай толкундары койнуна,
Буркан-шаркан чачып жээкке көбүгүн.

Азыркыдан көп үмүтүм кыркылды,
Ары карап эске салсаң миң жылды.
«- Манас кечпес көлүмдү Маңкасы да,
алкашы да ит кылды»!

«- Келбечүдөй, болбочудай күн күткөн…
Кең асманды көрбөчүдөй түндүктөн…
Башын салып, суу ичээрде жакындап,
Балыктарым кайда жылкы үркүткөн»…

Алтын нурун көлгө төккөн ай барат,
Ал да билет келээр замат жай да бат.
Ак куу толгон Ысык-Көлдүн төрүндө,
Тарп издеген карга-кузгун айланат…

Эч токтобой айтып бердиң арманың,
Эрип отко бараткандай жан жалын.
Эми сени ойлоо менен кеч кирип,
Эстөө менен тосуп алам ар таңым.

Эх Ысык-Көл, темир беле сабырың?
Келечекте баркың билээр жаңы муун…
Бапестешээр, бүт ааламга даңкташаар,
Табиятың, тамчы сууң, таш-кумуң.

Чыда көлүм калды күндөр аз гана,
Чалкып ойсуз жаткандыгың бак мага.
Ачууланып байырлаган элиңди,
Тереңиңде калган шаардай каптаба.

Асман күзгү сага болгон тунук жар,
Алаксыгын арманыңды унуткар…
Бөбөктөрдөй түркүн түстө эрте-кеч,
Нур денеңе сүрөт тартсын булуттар.

Кадырына көлдүн жетпей жалпыбыз
Кандай гана азыркы доор бактысыз…

Албетте, бул ырда айрым саптарда поэзия учкуну жылт-жулт жанып турат, маселен: «Батпачудай толкундары койнуна, \ Буркан-шаркан чачып жээкке көбүгүн» \ же болбосо мынабул сапта: «Ак куу толгон Ысык-Көлдүн төрүндө, \Тарп издеген карга-кузгун айланат… \ – деген сымал чыйрак саптарга көбүрөк ширелгенде ырдын ажары артып, акындык кудуретиңе тамшанаар элек. Жана да «Бөбөктөрдөй түркүн түстө эрте-кеч, \ Нур денеңе сүрөт тартсын булуттар» – сыяктуу поэтикалык туюмду ойготор саптар А.Кубанычбеков курдуу жаш калемгерлер арасынан чанда учурайт.

Аттиң, убакыт-саатым кенен болгондо, А.Кубанычбековдун ырларын кеңири талдап чыкканым да жөндүү болор эле. Тилекке каршы, ар күнү, ар саатта «РухЭш» сайтына иле турган материалдарды иргеп, тандоо, аларды окуп чыгуу мүшкүлү менен ара-чолодо гана учур адабиятынын алдыңкы саптагы өкүлдөрүнүн бири саналган Акбар Кубанычбековдун ырларына үстүртөн болсо да өз пикиримди билдирүү менен, азыркы таптагы адабий көчтү улап келаткан замандаштар арасында сынга болгон мамилени жандатууга болгон далалатыбыз экенин түшүнүңүздөр.

Мөртү келсе, учур адабиятынын башка өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы туурасында өз пикирибизди жарыялап турмакчыбыз. Ал эми ылдыйда жарыяланган А.Кубанычбековдун ырларына окурман журту өз баасын берер…

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ
Туталансам көз ирмебей түн ичи,
Маңдайымда өчпөс шамдай күйүүчү.
Жасалмалуу сезимдер көп, а бирок,
Жасалмасыз жалгыз эне сүйүүсү!

Уяламын, эх апаке, миң жолу,
Урушпаган адатыӊ бар тим коюу.
Караанымды тосуп, издеп, жол карап,
Канча жолу күттүң экен түн бою…

Башым сылап бир жүргөн күн бак эле,
Бүтүн дүйнө жетпейт экен ага эне…
Опол тоону оюнчуктай көтөрүп,
Ойлоп мени турсаң керек дагы эле.

Кайда болсом сен жанымда кулпуруп,
Тургансыйсың таалайыма күн сунуп.
Апакебай, жаман балаң чоңойду,
Мындан ары кайгым тартпай, күлкүм ук!

Жердин жүзүн чулгап мээрим шаңына,
Түгөл жетип, келчү күндүн таңына.
Кыргын, согуш болбойт эле эч качан,
Сеникиндей жүрөк берсе баарына.

САПАР АЛЫС…
Сапар алыс… Чу, калемим! Жол алыс…
Ат-Башынын арча баскан тоолоруна барабыз.
Кереметин көз кангыча тулку бойго сиӊирип,
Жытын жыттап, көкүрөктөн тарагыс.

Сапар алыс… Чу, калемим! Токтобо!
Тээтетиги, бир кезекте мен чоӊойгон Чеч-Дөбө.
Кыдыр даарып, кут уялап, мөмөлөгөн жер тура,
Баргым келди ал күндөрдү көз алдымдан өткөрө.

Сапар алыс… Чу, калемим! Чачкын тер!
Бизди көрүп, кучак жайып, тосуп алсын асман, жер!
Бар туугандар барпаӊдашат, бирок мени томсортот…
Боз дөбөдө жакындарым жаткан жер…

Сапар алыс… Сапар алыс, калемим,
Жол салабыз өнгөн жерге,
Өскөн жерге данегим…
Көөнөрбөгөн, түгөнбөгөн,
Өрөөн, кокту сырларын,
Өмүр бою айтчу оюм бар менин…

Сапар алыс… жолдор узак… Калемим!!!

СЕНСИЗ…
Беттеген багыты жок шамал өңдүү,
Бир жолу көрүү үчүн жамалыңды.
Чыккан күн батмайынча,
Өзүңдү тапмайынча,
Бүгүн да улап чыктым сапарымды…

Көңүлдү ыза басып, ашыптыр муң,
Сазына жалгыздыктын батыптырмын.
Дүйнөмдөн жоготсом да,
Табылгыс жомоктон да,
Жүрөккө элесиңди катыптырмын.

От болуп, жалын болуп ашыкканмын,
Жаш туруп, муңайымдан азып калдым.
Көп ишке кебелбеген,
Көз менен жеңем деген.
Азыр мен, баягы эмес, жашык жанмын.

Тарады туш тарапка күчүм толук,
Тыныгам туман жолдо үтүр коюп.
Айлана бүтүн дүлөй…
Сабактан үзүлчүдөй,
Үмүтүм күздө бышкан жүзүм болуп…

Бир жолу көрүү үчүн жамалыңды,
Бүгүн да улап чыктым сапарымды…

БАЛАЛЫКТЫН МАЙРАМЫ
Карегимде кайталанып чуркаган,
Бала кезим. Таза сезим курчаган.
Бир жыл бою кыйын күндү кечсем да,
Бир түн келчү бакыт суусун ууртаган.

Анда мезгил артпаса да бүт жүгүн,
Катка жазам кыялымдын бүркүмүн.
Анын жообун эми качан келет деп,
Аяз ата, аяз кыздан күтчүмүн…

Жер жамалы аппак карды жазданчу,
Ай аяктап жаӊы жылга аз калчу.
Ар бир күндү дегдеп, улам эсептеп,
Отуз бири мына кызык башталчу.

Ал учурга жетпейт билем жай дагы,
Адамдардын бүт баардыгы жайдары.
Жаркын тилек, жылуу сөздөр жүрөктө,
Жаӊы жылым жан дүйнөнүн майрамы.

Адамдардын майрамдашчу үйү көп,
Бөбөктөргө белек толуп үйүлөт.
Жер шарынын туулган күнүн белгилеп,
Жашап жаткан жандын көбү сүйүнөт!

Ал учурга жетпейт билем жай дагы,
Жаӊы жылым балалыктын майрамы…

 

БИР ШИЛТЕМ
Кереги жок сөзүң менен аныкташ,
Көрсөт ишиң! Күндөй болуп жарык чач!

*   *   *

Кара жанды жүргөн кезде тепкилеп,
Карек жанбай өмүрлөргө кеч кирет.

*   *   *

Өнөр эшик алтын таккан туткасы,
Өлбөс жандар өз ишинин устасы.

*   *   *

Маалы менен айланага кошуп шаң,
Мезгил – мектеп табиятты окуткан.

*   *   *

Бүл-бүл этип күйгөн өңдүү шам чырак,
Биз да өтөөрбүз үмүттөрдү камчылап…

*   *   *

Сүйүү мени урса дагы муштумдап,
Соккусу бар кебезден да жуп-жумшак.

*   *   *

Мага жашоо бир келгенин түшүнбөй,
Мен жашоону издеп жүрөм түшүмдөй.

*   *   *

Кайгы чеккен азап басса үстүмөн,
Кимге гана келбеген күн деп билем.

*   *   *

Бул жашоодо дем алганым аз келгенсип,
Эми жер алсам деп жүрөм…

*   *   *

Мен өмүрдөн көп нерсе алдым кем калбай,
Алганымды жүрөм кайрып бералбай.

*   *   *

Темир деле иштен чыгат чегинип,
Токтогондой түбөлүксүз тирүүлүк.

*   *   *

Жай албастан шашкан менен жан сыга,
Жараткандын буйруганы бар тура.

*   *   *

Башын жутуп, жашын жутуп алгандар,
Кетет… артта, калгандарга арман бар.

*   *   *

Бакыт даамын ар ирмемден татамын,
Барган сайын келет дагы жашагым.

*   *   *

Бакыт деген аары берген таза бал!
Ал болбосо шекер менен жасап ал.

*   *   *

Басып жүргөн баласынын чоң жолу,
Бата берген атасынын колдору.

*   *   *

Күйүт барын билиш үчүн ажырап,
Сүйүү барын билиш үчүн бакыт тап.

*   *   *

Дүйнө кең аалам чексиз ичибиз тар,
Дүнүйө күткөн жанда, ишибиз бар.

*   *   *

Өмүр өтөт баары кетет кайрылбайт,
Өзүм деген эли үчүн кайгырбайт.

*   *   *

ТҮН
Түпсүз түнүм! Үнсүзсүң… Өзгөрүпсүң,
Туңгуюк бир дүйнөңдө өрттөнүпсүң.
Күйүтүңдү ичиңе жуткансыйсың,
Күлсөң деле жылмайып, көздөрүң муң.

Өкүт уурдап чын күлкү, каткырыгың,
Өчүрүптүр жүрөктөн жаздын ырын.
Ай карайсың муңайып сырдаша албай,
Арманыңды угайын айтчы бүгүн…

Сүйлөбөйсүң… Тиктейсиң… Мелтирейсиң,
Сенсиз кандай кыйналгам сезчи дейсиң.
Сабыр кыла албасмын абалыңа,
Сарсанаага саласың эсти жейсиң.

Оомал-төкмөл тагдырда жаңылып чын,
Океандай күйүткө кабылыпсың.
Ачык-шайыр жан элең жаркылдаган,
Аянычтуу тагдырга багыныпсың…

Түнүм менин! Сен дагы өзгөрүпсүң,
Туңгуюкка кезигип өрттөнүпсүң.
Күйүтүңдү ичиңе катып алып,
Күлсөң дагы кейиштүү көздөрүң муң.

Мен эмес
Бул мен эмес. Күлгөн адам башка жан,
Бир ”кың” дебес, куласа да аскадан.
Өмүргө таң атаарына ишенбей,
Өкүнүчүн жаздык кылып жаздаган.

Бул жол эмес. Түпсүз, чексиз туңгуюк,
Бакыт таппай калган менмин чын сүйүп.
Көрүшчүдөй ак барактын ичинен,
Көзүң жазам, сөзүң жазам ыр кылып.

Турмушумда туйбаптырмын өрт үнүн,
Туйлаттырдың арабызды бөлчү күн.
Кыштын ызгаар бороонуна баш ийбей,
Карегиңден жаркын жазды көрчүмүн.

Көрчү элем көздөрүңдү сыр каткан,
Көрчү элем жамалыңды нур баскан.
Көрүшпөдүк канча мезгил өзгөрдү,
Көрүшпөйбүз, сезимге эми күн баткан…

Бүтпөчүдөй… кетпечүдөй бул ызам…
Атпачудай… жакпачудай ушу таң.
Дартты жеңип кетсе эгер убакыт,
Дароо сени өчүрөмүн, унутам…

Эми сени унутууга баш урам,
Эрктүү мезгил бүктөмүнө жашырам.

КАТ
Салам тууган, сен мени угуп жатсаң,
Айткым келди дүйнөмдү куруп саптан.
Азияны жердеген арстан мүнөз,
Ала-Тоонун элибиз сырын каткан.

Кары сөзүн аярлап атка бергис,
Кылымдарды карытып баскан элбиз.
Түбөлүктүү из салып өчпөй турган,
Ташты чегип тарыхты жазган элбиз.

Улут үчүн көз күйүп, колдо намыс,
Урпагыбыз Манастын жолдо калгыс.
Канжардай курч жигиттер башын сайып,
Кирип барган тайманбай отко жалгыз.

Аргымактын асылын канат кылган,
Акылмандын айтканын санат кылган.
Биз ушундай эл элек бир убакта,
Башкаларды бийиктен карап турган.

Эх, кыргызым, а азыр эмне болдук?
Эптеп турмуш кечирген пенде болдук…