ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: АСЫЛ ЖОКЕНИН КАДЫРЫНА КАЧАН ЖЕТЕБИЗ?!

Асыл Жокебиздин өлгөнүнө туура бир жыл болду. Көзү барында да, минтип көзү өткөндөн кийин да зээн кейиткен Жоке, бул макалам сенин илгери 50 жылдыгыңа арналып жазылган («Карды ачтыгына эмес, кадыры жоктугуна…» («Айат-пресс» (22-январь, 2009-ж.)) Макаланы окуган соң, абыдан жарпың жазылып, сүлкүлдөп күлдүң эле. Ыраазычылыгыңды билдирип, бир чөйчөктү бөлө тартып ичип ийгенбиз. Тең бөлүшө ичкен эки жүз граммдыгыбыз ичегибизди куйкалап кеткендей болгон. Ичибизди өрттөп кетти эле. Сен дагы, мен дагы үшкүрүнгөнбүз… Негедир көзүңө жаш каканактай түшкөнүңдү көрүп, мен да жашылданып барып токтогонбуз…
Бүгүн ошол сага арналган макаламды кайталап отурам. Сага арналган эскерүүмдү башка жолу да жазармын…

Эх, кайран!

Чыгыштын улуу акыны Фирдоуси өмүрүнүн башынан аягына чейин кажынып жүрүп «Шахнаамесин» жазат. Шахтардын тарыйкасын баяндаган көлөмдүү ал китебин бүткөн соң перс шахынын алдына барат шордуу. «Ушул эмгегимди шахка тартууга берсем, өмүр бою жумшаган мээнетим кайтып, мен да шах колунан эмгегиме тете дүйнө-мүлккө жетип, марып калармын» деп ойлоптур. Бирок шахка өзүнүн өлбөс-өчпөс эмгегин тартуулаганы менен шах колунан болор-болбос дилде алганына деми сууп, башын шылкыйтып аксарайдан үйүнө кайтат. Улуу акындын баркына жетпеген ал шахтын үйүнө бир күнү дөөлөттүү-сөөлөттүү бухаралык шах мейманга келет. Эки шах бир-биринин көрдүйнөсү менен мактанып отуруп, перс шахы бухаралык шахка келишимдүү аксарайын, анан калса, алтын, күмүш, бардык асыл таштарынан өйдө көрсөтүп чыкса да, мейманы кебелбейт. Хансарайдын бир бурчунда чаң басып жаткан китептерди көргөн бухаралык шахтын эки көзү бир убакта олжо көргөндөй муйтуңдап, «сиздин колуңузда олчойгон байлык мына! Мага көрсөтүп чыккан бардык байлыгыңызга ушул бир тең. Буларды мага бериңиз, а мен мынабул хансарайыңыздагы көргөзгөн байлыгыңыздан көбүрөк байлыгымды сизге тартууга берейин!»

Бухаралык шахтын элирип турганын көргөндөн кийин, тиги шах ошондо ичинен Фирдоуси жөн эле бирдеңкени тартууга берип кетпегенин түшүнөт да, «жок, бералбайм!» дейт. «Демек, бул китептердин куну мендеги бир аксарайга толгон байлыктан да артык болуп жүрбөсүн» деген перс шахы, бухаралык шахты сыпайы узатып жиберип, «кеч болсо да өз тартуумду аянбайын» деп, бир чоң кербенге алтын-күмүш жүктөп, Фирдоусиге жөнөтүп жиберет. Чубалжыган төөлөрдүн алды Фирдоуси жашаган калаанын бир капкасынан кирип бараткан кезде, калаанын экинчи капкасынан чакан кербен чыгып бараткан болот. Ал кербен тишинин кирин соруп жүрүп, ачкадан өлгөн улуу акындын сөөгүн чыгарып бараткан эле…

Мына, окурман, асылдын баркына адамзат эчкачан жеткен эмес. Баркына жетсек да, алмуздактан эле ушул, кеч жетет экенбиз. Жокем жөнүндөгү кепти Фирдоусиден баштаган себебим, бизде Фирдоусинин тагдырына окшош тагдыр кайталаган акындар бар. Алардын бири — Алым Токтомушев, бири — Жолдошбек Зарлыкбеков. Алым агабыздын колго аларлык китебин өткөн жылдын соңунда Чыныбай Турсунбеков ажаатыбызды ачып, чыгарып коюп да, биздей адабият күйөрмандарына таберик болду. Аны кыргыз адабияты үчүн чоң олжо деп турабыз. Эми Жокебиздин ыр куржуну оозу ачылбаган бойдон жатат.

Кыргыз адабиятынын казынасы үчүн проза, котормолору да бир далай «оокат» экенин бир да калемдеши сөз кылбай жүрөбүз. Бир да капчыктуу жан кыргыз үчүн Жолдошбек Зарлыкбеков деген сөз гүлүн терген акындын китебин чыгарууну ойлонбоду. Бир да патриот адабий мурас үчүн Жокенин дүйнөсүнө башпакпады. А Жокебиз ошолордун арасында. Өзү айтмакчы, бирөөнүн көзүнө тике карабаган мүнөзү бар, ал ошол үчүн эле китебин чыгаралбай жүрөт. Болбосо, ал кыргызга кызмат кылган жокпу? Кадырычы? Катардагы канчабызга караганда кыргызга кадыры сиңгидей калемдешибиз ушу киши. Эшимканов эмне тема оор болсо, журналистиканын алдыңкы сабындагы калемгерлердин мойнуна жүктөп жүрдү. Жокебиз «кың» дейби, угарман маамыт, көрөрман маамыт, жер тыңшаар маамыт боло калып, теманын жоорусун чукуп, ириңин алып, Мекенин алдына далай жолу таштап, гезит чуусун көбөйткөн эрдиги үчүн эле кыргызга эмгек сиңирген жокпу? Себеби бул эргулуң кыргыздын эмне гана көрпай-шорпайын жазбады? Кыргыздын шор турмушун, ыйлаар тагдырын булайтып көрсөтүп, далай-далай кирбеген эшиги менен тешигин калтырдыбы? Эмне теманы жазган жок? Баарын, барын жайлаган Кочкордон чыккан Жокедей кыйын кимиң бар? Гезитке керек оокат эмне болсо, редакторлордун барынын иши Жокебизге түшөт. Бирок эмнеге Жокенин иши башкаларга түшпөйт? Таңгалам…

Иштебеген гезити калдыбы, аны окурман журту да, калемдештери да барыбыз билебиз. Анан эле «жоону сайса эл сайды» болуп, аты да, эрдиги да гезит редакторлоруна калып келатканына кейийм. Кептин бары өзүндө да бар. Өтүмү жок жоош, анан «буйтаңдап» кетмейлери болгон үчүн өзүнүн көп жакшы жагын да жууп кеткенин айтып бүтө албаспыз. Кээ бир адамдар болот, өз кемчилиги өзүнө куп жарашкан. Жокебиз ошондойлордон. Дегеле мен анын зыңгыранып, немистей так болуп жүргөнүн элестете албайм. Анда эле Зарлыкбеков Зарлыкбеков болбой калчудай туюлат. Эгер Жокем бирдеңкени чып-чын айтып атса, андай кептерине таптакыр ишенбейм. А калп айтып атканын дайыма туям. Мен ошол калпты айтса, катырып айтканы үчүн аны башкалардан көбүрөк жакшы көрөм. Себеби, адамга зыяны тийбеген калптарды айтат. Башкаларыбыз кантип айтабыз? Кеч билинген, арты өкүнүчтүү калптарды өкүртөбүз. Жокебиздин калпы дароо билинип турат. Мисалга, «эртең баландай саатта Конфуцийдин китебин сөзсүз колуңа тийгизем» дедиби, бирок Жокени эртеси күнү айтылган саатта, айтылган жерден күтпө. Баш жазып жүргөн болот…

Дагы бир жакшы жери – баш жазчу жерге чакырсаң, саатынан кечикпейт. Андай жерде Жокенин кыйын акын экенин баарыбыз эле моюнга алып турабыз, ичкен жерден мактайбыз, бирок ырларын элге жеткирбей келебиз. Шоңшоюп эл ортону элүүгө келди, арабызда бетине кармаар шапалактай китеби чыкпаган акын эле ушул калды. Эми сөзсүз эле Фирдоусидей Жокенин сөөгү (түвү-түбү… ылайым эле өмүрү узун болсун!) көрдү карай баратканда чыгышы керекпи!? Асыл Жокенин кадырына качан жетебиз, билбейм…

P.S.  Жолдошбек Зарлыкбековдун чыгармаларын береги шилтемеден табасыз — АДАБИЙ МУРАС