ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: АТАМ ШАКИРДИН АРХИВДЕН ТАБЫЛГАН ЫРЛАРЫ

Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып келген атам Эгембердиев Шакирдин кол жазмалары кокусунан колума тийип калды. Атамдын чыгармалары Илимдер академиясында сакталып келгени эч оюмда жок эле. Бирок совет мезгилинде атамдын бирин-экин ырлары «Чалкан» журналына жана райондук, облустук гезиттерге чыгып жүргөнүнөн кабарым бар болчу. Айрымдарын республикалык китепканалардын архивинен таап, алардын бири – молдолорго каршы «Минтип калдык неликтен» аттуу 1973-жылы»Чалкан» журналына чыккан ырын «РухЭшке» да жарыялаган элем…

Ал эми УИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турган ырларын мындан бир аз күн мурду атбашылык айылдаш агаларымдын бири Асанбаев Каныбек Бейшеналиевич WhatsApp аркылуу: «Шакир атанын ырлары жыйнак болуп чыкты беле?» – деп жазып калды. А мен атамдын бир жыйнак боло турган деле ырлары жоктугун айтып отурсам, Каныбек байкем береги архивдик материалдарды биринин артынан бирин чубатып жөнөтүп калса болобу?

«1960-жылы 9-июндан 3-августка чейин Тянь-Шань областы, Атбашы, Нарын райондорунан жыйналган элдик оозеки чыгармалар.

Жыйноочулар: Совет адабият секторунун кызматкерлери: Төлөев, Ж., Түлөкабылов.М».

Көрсө, Асанбаев Каныбек өзүнүн терексуулук айылдашы Үркүнчиев Борончунун ырларын издеп жүрүп, УИАнын кол жазмалар фондунда сакталган эмгектердин арасынан атам Эгембердиев Шакирдикин кошо таап алыптыр. Экөөнүкү бир папкада чогуу сакталган экен.

Мындай күтүүсүз жагымдуу кабар, күтүүсүз табылга-мурас жүрөк туйлатпай коймокпу?! Мындан туура 31 жыл мурун көз жумган атам кайра тирилип келгендей болуп сезимим дүрт ойгонуп, ордумдан ыргып турдум. Атамдын ыр мурастарын кокусунан колума карматкан Асанбаев Каныбекке алкышымды жаадырып, көзүмдөн жаш кылгырды. Эң кызыгы – Совет адабият секторунун кызматкерлери Төлөев, Ж., Түлөкабылов.М… атамдын ырларын 1960-жылы топтогон болсо, демек, атам Эгембердиев Шакир туура 31 жашында жаздырылган экен. Бул да мүмкүн тагдырдын мистикалык табышмагыбы же буйругубу билбейм: айтору, мындан 31 жыл мурда көз жумган атамдын 31 жашында жазылган ырлары колумда туру…

Албетте, азыр ата-жотосун тарыхый инсан катары таанытуунун далалатын кылгандар четтен табылат. А мен атамды тарыхый инсан катары да, адабияттын өкүлү катары да таанытуудан алысмын. Тек, атамдын колума тийген мурастарын бекитип жата берет белем. Болгону, атанын уулу деген сыймык үчүн гана окурмандарга атамдын жамакчылык өнөрүн (атамды акын дегенден алысмын – О.Ш.) элибизде «аккан арыктан суу агат» накылын эске алып, төмөндөгү «Санаттар» аттуу бир ырын оңдоп-түзөөсүз жарыялоону эп көрдүм. А башка ырларын Үркүнчиев Борончунун ырлары менен бирге китеп кылып чыгарып коюу ниетибиз бар.

Асанбаев Каныбек Бейшеналиевич

Эскертүү: кол жазма эч өзгөртүүсүз берилди. О.э. кол жазмадагы айрым түшүнүксүз сөздөрдүн алды сызык менен белгиленди. Ал эми шилтеме берилген түшүндүрмөлөр Ш.Эгембердиевдин же Совет адабият секторунун кызматкерлери тарабынан белгиленген болушу ыктымал.

Санаттар

Жашында адам октолот,

Жашаган сайын токтолот.

Ырыскысы кем болсо,

Жабыгып жүрүп жок болот.

Картайып өмүр өткөн соң,

Кайран жаштык козголот.

Келсе бир күн сыймыгың,

Кекенген душман дос болот.

Кетсе качып таалайың,

Кеңешчү тууган кас болот.

Бар болбосо колунда,

Маанайы элден бас болот.

Жетеси жок адамдын

Жеринен акыл аз болот.

Өкүнүч кылып өткөргөн,

Өлүмдүн боору таш болот.

Даанышмандын сөзү бар:

«Таттуулуу кантка окшогон

Сыйлашпаган туушкан –

Сырдашпаган жатка окшош».

Абдан жеткен карылык

Айгырдан бычкан атка окшош.

Эч касиетиң болбосо,

Эки сөздүү калпка окшош.

Алганы жаман азамат,

Айыкпаган дартка окшош.

Убада ишке бек жүрсө,

Дос үчүн калган антка окшош.

Колуңда болсо жетиштүү

Белчиликтүү мартка окшош.

Бергиси келсе кудурет

Берекелүү наркка окшош.

Шооласы жок кем акыл

Сокур болгон көзгө окшош.

Атадан жаман туулса

Адашып кеткен көчкө окшош.

Жакшы болчуу азамат,

Жалындай күйгөн өрткө окшош.

Далдайып бекер жүргөндөр,

Талма оорулуу неске окшош.

Эси жоктун көөдөнү

Эски чирик мешке окшош.

Санаасы болсо ар кимде

Сарылыгы жезге окшош.

Көңүл калдык суук сөз

Көкүрөктө берчке окшош.

Ачылып сырдаш болбосоң,

Сакоо менен безге окшош.

Улуктун алды эл үчүн

Жыгач уста тезге[1] окшош.

(Усталар күткөн тезге окшош)

Карылардын айтканы

Калган журтка нук болот.

Катын – эри жакпаса,

Кайнап ичи бук болот.

Келишпесе алганы,

Кем ырыска туш болот.

Бактылуу эркек-ургаачы

Бар келип көңүл куш болот.

Аялдын тили эр үчүн

Ичтен жеген курт болот.

Эрегишип, тирешип,

Эзилип кайдан журт болот.

Көңүлдөрү калышса,

Көкүрөгү муз болот.

Атадан каргыш балага –

Ачыштырар туз болот.

Өмүргө пенде тутулбайт,

Өлүмдөн качып кутулбайт.

Ажал-азап ар кимдин

Алдынан тосуп утурлайт.

Карылыктын жаманы

Алкын бузуп куркулдайт.

Жаш адамдын жаманы

Жалганчы болуп купшуңдайт.

Өткөрө акылы тереңдин

Өлгөнчө пейли бузулбайт.

Жамандыкка баралбайт,

Жакшы адамдар зилинде.

Адал кармап оокат кыл,

Аманат жандын тирүүндө.

Калар бир күн алтын баш

Казылган көрдүн түбүндө.

Жаркырап доор сүрүп өт,

Жаштыгыңдын күнүндө.

Жер кучактап ким калбайт,

Жети күндүн биринде.

Ойлонуп көрчү өлүмдү,

Оозуңа илбе төгүндү.

Узун-кыска бөлүнүп,

Кимде-ким билет өмүрдү.

Жамагым кандай сындоого,

Жалган деп айтпас кебимди.

Жан деген чиркин аманат,

Жаманга бурба пейлиңди.

Тагдыры жетсе кокустан,

Тайдырып кетет эбиңди.

Түнөрүтүп жоготот

Тирүүчүлүк зээриңди.

Өзгөчө душман тутпагын,

Өнүп-өскөн элиңди.

Дүнүйөгө түбөлүк

Ким деген жүрөт жалганга

Бай, падыша болсоң да,

Өтөрүсүң арманда.

Карыган соң адамзат,

Кайра келбейт дарманга.

Кайгысыз адам карыбайт,

Калп айткан адам жарыбайт.

Касиети качарда

Кадырлашың тааныбайт.

Убайымсыз карыбайт,

Ууру кылган жарыбайт.

Ургандын тойсо курсагы,

Урукташын тааныбайт.

Алчыланган кунандан,

Аркасы бийик ат жакшы.

Акыл кошпос туугандан,

Айыл кошчу жат жакшы.

Сертелөөнгөн кунандан,

Сээри[2] бийик ат жакшы.

Сээрлешкен туугандан,

Сен-мен дешкен жат жакшы.

Чынар түптөн козголсо,

Чырпыгың өспөйт тал кайтып.

Чындап ажал бир келсе,

Чыкмагы кыйын жан кайтып.

Тайса дөөлөт колуңдан,

Куруу кыйын мал кайтып.

Бөөдө кайгы адамды

Муңдуу кылат шалдайтып.

Акыл-эстен айрылтат,

Эсел кылат далдайтып.

Алтымыштан ашкан жаш,

Жигит болбойт чал кайтып.

Жарык жүздүү азамат,

Жакшы каккан такадай.

Карыганда ким болсо,

Күбүргөлүү бакадай[3].

Кара көңүл дем кыял,

Тим жүргөнү канадай.

Акыл тапкан бир тууган,

Ага да болсо атадай.

Коймолжун жүргөн азамат,

Коргошун куйган сакадай.

Келиндердин жакшысы,

Кездеменин жибиндей.

Боруму түзүк муңайым,

Булгарынын ийимдей (ийиндей).

Сымырайып жүргөнү,

Сыр-сыпаты билинбей.

Кыз баланын жакшысы,

Көзү тунук айнектей.

Жаңыны кийсе жарашат,

Жашыл моюн өрдөктөй.

Тартип менен жүргөнү,

Таза жууган көйнөктөй.

Жетпей жүрөт нечени

Күкүк менен Зейнептей.

Жаркырап басып жүргөнү,

Жакут менен берметтей.

Азаматтын жакшысы,

Ат башында кашкадай.

Айткан сөзү эң жумшак,

Ак ийлеген тасмадай.

Кайда болсо белгилүү,

Кап алдында тактадай.

Жигиттигин байкасаң,

Жибек менен пахтадай.

Орундуу болсо сөздөрү,

Номур койгон акчадай.

Басырап жүргөн азамат

Майрык буттуу төөгө окшош.

Атка минип жүрсө да,

Ар боруму жөөгө окшош.

Кара борчо түгөнгүр,

Казандагы көөгө окшош.

Ал өңдөгөн азамат,

Айтсаң дагы тил албайт.

Атайы адам өңдөнүп,

Ар жайыңды биле албайт.

Темтеңдеген кургурлар,

Теңи менен жүрө албайт.

Көөдөнүндө жок болсо,

Көргөн күнү не болот.

Баркың болсо бек сүйлө,

Бактың болсо кеп сүйлө.

Жолоочудай койкоңдоп,

Токтолбойсуң ит дүйнө.

Адамзаттын колуна

Кирет экен бүт дүйнө.

Азамат болсоң ак сүйлө,

Акылман болсоң шарт сүйлө.

Даанышман болсоң так сүйлө,

Такалбай сөздү бат сүйлө.

Пайда болсо үйүңдө,

Мактангансып сүйүнбө.

Залал болсо үйүңдө,

Чабылгансып күйүнбө.

Сабыр кылып ойлонсоң,

Залалы болбойт түбүндө.

Сүйгөнгө бала – чыраксың,

Сүйлөшсөң катын – ынаксың.

Келбегисин алганда,

Кесирдүү таалай ырааксың.

Денсоолук болсо жаныңда,

Аткарылат муратың.

Бала деген артыңда,

Кала турган мурасың.

Сөөм менен сайгандай,

Сөздүн айттым ырасын.

Ата-энеге азар берем деп,

Акылыңдан жеңилбе.

Багып жүрүп пайдасын,

Эч көрбөдүм дедирбе.

Издесең акыл табылбайт,

Чекиликке берилбе.

Ургандын бири экен деп,

Ушагы болот элиңде.

Канча айтсам да кебелбейт,

Кан казына тапкандай.

Кызыл тилим мында сен,

Дөшү менен барскандай.

Токтому жок азамат,

Элин жоо чапкандай.

Тил албаса балдарың,

Тим жүргөнү шашкандай.

Адилетсиз улуктар,

Ажисинен ашкандай.

Дүнүйөкор адамдар,

Жеке дөөлөт тапкандай.

Чырмаса саат бир күнү,

Бутунан капкан чапкандай.

Азамат эрге бак консо,

Азуусу курч арстандай.

Акыл деп айткан жакшы сөз,

Ак кагазга жазгандай.

Суктанса чанда жетет ко,

Суу түбүндө кундузга.

Адамдын жетпейт эсеби,

Асмандагы жылдызга.

Айтып жүргөн макал ыр,

Ылайык келген кыргызга.

Кары, жаш дебей ыраазы

Азыркы турган турмушка.

Аргымак элем арыдым,

Азамат элем карыдым.

Ар кайсы иштин жөндөрүн,

Акылга салып тааныдым.

Күлүк элем арыдым,

Күлүстөн элем арыдым.

Көрүнгөн түрлүү иштерди.

Көңүлүм менен тааныдым.

Күч-кубат, дарман кетти деп,

Көңүлдө болуп наалыдым.

Баягы бала кезеңде,

Акун элем мен дагы.

«Баракелде сага!» деп,

Айтып жүргөн эл дагы.

Бар калат экен шол кезде,

Балалык күткөн жел жагы.

Эл чогулуп олтурса,

Ээ, айтуучу элең Амантай.

Шакир Эгембердиевдин жаш кезиндеги сүрөтү

Адамзаат уулунан,

Акуну чыгат ар кандай.

Айтканы кызык эмеспи.

Асмандан жамгыр жаагандай.

Белендеп турат акылы,

Бээ ийгизип саагандай.

Ойлонуп айткан сөздөрү,

Оозунан шекер тамгандай.

Баркын билсе мындайда,

Орундуу фонар жангандай.

Кызык түрлүү сөздөр бар,

Кымбаттуу элим кыргызда.

Ар ким айтып жүргөндөй,

Артта калсын бир нуска.

Жаттап алган азамат,

Оолуккансып күүлөнсүн.

Окуп алып жазуудан,

Ушу менен үйрөнсүн.

[1] Тез — жыгач усталардын колдоно турган аспаптары деген мааниде.

[2] Сээри – аттын өркөчү.

[3] Күбүргөлүү бакадай – араң жылып жүрө турган бака.