ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: АЧ ЭЛДИН ЧОҢ КУРСАКТАРЫНДАЙ ЭЛДИН АКЧАСЫНА ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ

Ооба, бул менин окурмандарга ымандай сырым. Анан не кыл дейсиң, окурман? «РухЭш» сайты туруктуу окурмандарын тапканы менен туруктуу финансылык булак тапканы жок. Таппаса да өжөрлөндүк. Дагы да өжөрлөнө берербиз… Бирин-экин окурмандарыбыз жана авторлорубуздун колдоосу менен кыбырап келдик буга дейре.

Муратыбыз – электрондук адабият менен эле чектелбей аудио, видео түрүндө да элибизге рухий азык берер көөнөргүс мурастарды жеткирсек дедик эле; келечек муун өз эне тилинде ою жетик, тили жатык тарбия-таалим алсын үчүн балдар адабиятын кеңири жайылтсак дейбиз; дегеле жалпы илим-билим, маданият, диний башаламандыкты башыбыздан кечирип жаткан заманда рухий коом агартуу багытында иш жүргүзүү көйү бир гана мамлекеттин колунан келбей турган оор жүк экенин жамы журт түшүнөр кез. Андыктан улут сапатын өстүрүү жалпы мекендештерибиздин жапатырмак колдоосу менен ишке ашууга тийиш.

Албетте, эки жылдан берки аткарып келген ишибизди үзгүлтүккө учуратпай дагы да уланта берерибиз турган иш, тек, глобализациянын учкан куштай ылдам мейкиндигинде электрондук коммуникациянын сапатын жогорулатуу маселеси бир гана финансылык мүмкүнчүлүккө көзкаранды экендигин ар бир окурманыбыз жеткиликтүү түшүнүүгө тийиш.

Буга чейинки таш баканын жүрүшүндөй кашаңдык менен ыйлай-сыктай чыдап да келдик, кээде «тойдум байдын кызына» деп баарына кол шилтеп да баса бергибиз келди, бирок «РухЭш» сайтынын ишин таштай алчудай эмеспиз, азиз окурман!

Арийне биз, биз дегеним – сайтыбыздын чыгармачыл тобунун ар бир мүчөсү өз ыктыярлары менен рухий коом агартуу ишине кол кабыш кылып келет. Эч бири «РухЭш» сайтынан айлык-акы да күтпөйт. Ошентсе да ушул чыгармачыл топко кирген тилектештерибиз менен сайтыбыз ташбаканын жүрүшүндөй кашаңдык менен эмес, Ала-Тоонун алгыр кушундай ылдамдыкта электрондук коммуникациянын сапатын арттырып, рухий коом агартуу ишине билек түрүнсөк дейбиз.

Ансыз да ач элдин чоң курсак аткаминерлери сизиң менен бизиңдин эсебинен күн көрүп атыры. Жогоруда мен да элдин акчасына жашагым келет деген кыйгыл кебимди бекер туюнткан жерим жок, окурман! Агер «РухЭш» сайтынын келечегине көзүңүз түз болсо береги ЭЛСОМ 0558 08 08 60 же 4172210079305594 VISA эсебине анда-санда тыйын которуп турууну да унутпаңыздар. Битирегениңер бир айда 50 сомдон, бапыраганыңар 100 сомдон салып тургула, андан асманыбыз аңтарылып кетпейт…

Араңыздарда элдин акчасына жашагысы келген бу кандай кудай урган адам дечүлөр да чыгар, андай дечүлөр береги шилтемеге да баш багып коюңуздар: Олжобай ШАКИР: «РухЭш» – улуттук долбоор