ШАКИР Олжобай: ЖЕКЕ АРХИВДЕН: АШЫКЕ КАНДАЙ КИШИ ЭЛЕ?

Залкардын 90 жылдыгына карата

Агынан жарылган жан эле. Ал аксакалды ошонүчүн жакшы көрчүмүн. Гезит үчүн маек курсаң да, өзүң үчүн аркы-беркини кобурашсаң да, шар ооз эле. Насыбайын түкүргөндөй эле, болгонун болгондой айтып салчу. Насыбайдан ачуу чындыкты айтчу. Өз заманындагы эл шайырлары жөнүндө эскерип берүүсүн сурансаң, алардын кимиси жинди, кимиси куу-шумдуктуу ит экенин, а кимиси чыныгы адам сыягында жашап өткөнүн кобурап отурчу. Көпчүлүк сыяктуу эле (биз — эркектер) аялзатына келгенде напсисин тизгиндей албагандардын бири экенин да жашырчу эмес. Анысын маашырланып айтчу.
Кимди кантип сабаганын, кайсы чоңду кантип ызырылтып сөккөнүн туурап берсе, укмуш эле. Так ошол кишинин маңдайында тургансып, «…мынаминткемин» деп, сенин маңдайыңа туруп элестүү баян курчу. «Жаштык — мастык» дейт, ал кезде эмнелер гана болбойт. Ашыкебиз ошол башынан өткөргөн жаштыктын мазасын чыгарган «чоң жинди» экенин айтса, бир эсе бул келген оомал-төкмөл өмүрдү так ошол кишидей жашап өткүң келет.
Кээде ал киши так ошо жинди болгон үчүн казак-кыргызды жинди кылар чыгармаларды жаратса керек деп да ойлоп кетесиң. Турмуштагы өйдө-ылдыйды Ашыкедей адамдар гана өз жонтериси менен сезет, а көпчүлүк кайдан. Көпчүлүк дегениң кыздын баласындай болуп зымырайып турат эмеспи. Ашыкени ошон үчүн көптүн бириндей карабайсың.
Учурунда мурду кызарганча ичкиликти өкүртө ичкенин айткан ушу кишини гана көрдүм. Өзгөчө чыгармачыл чөйрөдө Ашыкеден да ашыра ичкендер толтура, алардын ичкенин сурасаң, таптаза эле молдо. Анан турмушта өз кемчилиги өзүнө жарашып турган кишилер болот, муну да Ашыкеден көрдүм. Бирөөгө жагабы, жакпайбы, чорт кыялы менен бир тийчү. Бирок ошол чорт кыялы башкаларды түзөчү. Анын кыялын билгендер «иттигин» карматкандан чочулап, жазганып каларын көп байкадым. Ушуга чейин эле жаш кезиндей боксер экенин кээ бирөөнүн эсине салып койчу.
Ашыкебиздин кыялы чорт болгондуктан, жамак деңгээлинде ырдаган шакиртинин колунан комузду шарт жулуп алмай адаты бар болчу. «Андай эмес, мындай» деп, ырдын көркөмдүк жагын улап келип, кышылдаганынан дем алалбай, комузду кайра берчү. Ошондон кийин тигил шакирти «Айтыш» фонддун эшигин кайра аттачу эмес же эртеси күнү ырын жөндөгөнгө аракет кылганы көрүнө баштачу. Айтор, Тукабыз (Тууганбай Абдиев) нуска кеби менен, Ашыкебиз чорт кыялы менен шакирттерин бышык аркандай чыйралтып тарбиялаган үчүн бүгүн оозеки чыгармачылыктын асманы кеңейди. «Силер эшик ырчыга айланбагыла» дегенди экөө тең байма-бай кайталап келди. Чын-чынында ушул эки залкардын оозунан гана «кагылайын партия» дегенди укканыбыз жок окшойт…
Азыр бул кишилердин шакирттери да көшөкөрлүк, кошоматчылыкты билбейт, түз ырдашат. Мына, кыргызга ким эмнени калтырганы. Бул эки улуу залкардын бүтүндөй чыгармачылык сапары бир тең да, артындагы жаштарга калтырган насааты бир тең болгон үчүн уучубуз куру эмес элбиз. Бүгүн Ашыкенин көзү өткөн менен анын жорук-жосундары менен кошо артында биз айта жүрөр, эскере жүрөр кебибиз бар…
Олжобай ШАКИР
«Агым» гезити» 17-октябрь, 2008-ж.
Дагы бир залкардан айрылдык!
Быйыл кыргыз топуракты көп салды, өңчөй залкар инсандарына. Кара жер дале тоер эместей… Алардын жамандык зыйнатына чогулгандардын кимиси болбосун «деги ушул жыл эртерек өтүп кеткей эле…» деп ордунан тегеренип, үшкүрүнгөнүн угасың. Атпай-журттун жанар тоодой асылдары: Ч.Айтматов, А.Жумакматов, Д.Садырбаев, А.Сарлыкбеков, А.Айталиевдин соңунан минтип Тукабызды да жерге бердик. Жасат-уркунан жалаң өнөрү бийик бул ысымдар кыргыздын не деген доору, не деген тарыхы?! Деги кыргыздын башына быйылкыдай аза күтөр оор жыл келди беле? Бишкектеги авиакатастрофа, Алай зилзаласынан канча улутташыбыз топурак жастанганы аз келгенсип, улуттун сыймыгы деген асылдардын жаны учуп кетти. Эсил кайран залкарлардын топурагы торко болсун! Башка не…
Ашыкебизди (Айталиев) жерге берип аткандагы узатар кебин айтып, наристедей мукактанган Тукабыздын жаак эттери шалбырап, өңү кебездей кубарып турганын көргөнделе ичим сыйрыла түшкөн. Өмүр бою үзөңгүлөш келген Ашыкесинен айрылган кургур үйүнөн акыркы дем-күчүн жыйнап, топурак салганы келгендегиси — аны жетимсиретип тургансыган. Тукабыз ошонделе Ашыкенин сөөгү жатар кабырдын ичин тиктеп, бир мелтиреп алган. Бир ууч топурак салып, чекеге басып, этегин кагып аткан устатыбызды «Айтыш» фонддун балдары курчап, көздөрүндө жаш каканактап турган эле. Ошол каканактаган ыйыбызды кечээ төгүп, бозоруп кала бердик.


Ашыке менен Туканын мектеби болгон «Айтыш» фонддун төрүнө эми ким отурса жарашат? Алардын ордун ким басар? Уламалуу оозеки чыгармачылык өнөрдүн өмүрүн ушул эки апыз кайра тайтайлап тургузуп, уютку уланып калган кез эле. Экөө тең тектүү карыды. Ооздорунан нускалуу кеп куюлуп төрүбүздө отурганда, босогобузду аттаган ышкыбоздорду сүр басып турганын экөө тең илгиртпей баамдачу. «Бизден сүрдүксөң, элдин алдында кантип ырдайсың?» дешип, түз эле салттуу айтыштын тарыхынан кеп баштап, «баланча деле эки ооз сөздү араң кураштырып жүрүп, актаңдай болуп кеткен» деп шыктандырган үчүн канча төкмө ырчынын төбөсүн элге таанытышты.
Экөө тең тектүү карыды дегеним: азыркы чыккан төкмө ырчынын баары «Тууганбай ата», «Ашыраалы ата» дегенинен жазбады. Бирөөнүн оозунан «Тууганбай аке» же «Ашыраалы байке» дегенин укпайсың. Эмнеге? Себеби, артынан келаткан жаштарга экөө тең аталык камкордук көргөн нарк-нускалуу карыялар эле.
Ушуга бир эле мисал, 93-94-жылдары журналисттик тапшырма менен Т.Абдиевге кезигишүүгө туура келди. «Журналисттерге айта турган дартым бар, — деп баштады кебин. — Филармониядагы ишимден бошоп калдым. Атаңдын оозун урайындыкы, өзүмдүн тагдырым менен бирөөгө кайрылган жан эмес элем. Менин күйгөнүм: Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Шекербек Адылов деген жаш балдарды Амангелди Керимбаев деген гендеректирибиз филармониядан айдап чыгып салды. Чоңдор менен ошонүчүн согушуп атам. Э кокуй, төкмө акын дегениң сырттандын тукумундай болуп, чыкса аз чыгат экен. Ошолорду филармонияга жумушка албаган филармониянын эмнеси филармония? Эми ал балдар кайда барып иштейт? Мейли, жанагы жыртайган Амантай дегенибиз ичсе ичип коет экен. Талант дегениң өйдө-ылдый кемчиликсиз болобу?» деп кейип алды.
Ошондон кийин чын эле Тукабыз шакирттери менен бирге филармония босогосунан киралбай калган. Заман алтек-телтек болуп, Саргашка биртопко чейин дайынсыз кетти. А Элмирбек менен Шекербек иши да, жатагы да жок көчөдө калганына кайышкан Тукабыз эки шакиртин бирдей төрүнө киргизип алганы дайын. Аларды жөн эле төрүнө киргизип албай, кийинтип да, ичинтип да жүрдү. Элмирбекти өз колу менен үйлөнтүп, өкүл атасы болуп калганы ошондон.
Жогоруда азыркы төкмө ырчыларга Ашыке экөөнүн кантип «ата» болуп калганынын дагы бир себеби, «Айтыш» фонду негизделет деген кабарды уккан Ашыке менен Тука үйлөрүндө уктабай калган. Күндө келип Садык Шер-Ниязга бата берип, алкап жүрүп, төкмө акындар мектебинин коломтосун жандырып кеткени үчүн экөө бирдей ардактуу «атага» айланышты. Демек, ким артындагы жаштарга тоодой таяныч болуп турса, ата болор инсанат ошол тура.
Бул эки залкардын нарк-нускалуу карылыгы — азыркы чоң үйүр болуп чыккан төкмөлөрдү таптап, баптап, элдин сынагына койду. Мына, үзүлгөндү улаган кудурет-күч ушул эки асылдын боюна уюса керек. Кыргызда азыр куштун кош канатындай жазма адабият менен катар оозеки адабияттын кайрадан ооматы келип, кайрадан жаңы өмүрүн сүрүп калышына ушул эки залкардын тоодой эмгеги сиңди.
Бул экөө өмүр бою чыгармачылык сапарда үзөңгү кагыш келип, о дүйнөгө да үзөңгү кагыш удаа-удаа кете берди. Экөөнө тең «Аларча» көрүстөнүнүн бир чарчы жеринен жанаша кабыр казылып, жанаша коюлду. Эгер куранда айтылган одүйнө бейиши бар экени чын болсо, анделе бул эки залкар ал жакта жөн жатпайт. Колдоруна комуз алат да, саламдашуу, алым-сабак, табышмак айтыштарын баштайт. Баштаганда да экөө бирдей жаагын жанган төкмө эмеспи, «Аларча» көрүстөнүндө жаткандын баарын күлдүрүп жатып, бейишке чыгарат. Анан өздөрүнө кантип төрдөн орун тийбесин. Тийгенде да азыркы бизде тартыш болуп жаткан кадимки электр жарыгы бар бейиштин төрүндө саламдашуу айтышын бүтүп-бүталбай атышса керек…
Олжобай ШАКИР
«Агым» гезити, 5-декабрь, 2008-ж.