АБЫКАЕВ Абийирбек: АЗЫРКЫЛАРДЫН АЯЛЫН ЭМЕС, ЭШЕГИН СУРАП АЛА АЛБАЙСЫҢ

Пейил оңолмоюн ишибиз оңолбойт. Сөзүм пейил жөнүндө кеткенден кийин илгерки мен угуп көргөн эле аксакалдардын жасаган иштерин, алардын пейилин көргөзгөн эки-үч окуяны кыстара  кетейин.

Биринчи окуя: Султан деген жигит Кеминдин Боролдоюнда мугалим болуп иштеп калат.  Ал кезде автобус жүрө элек кези экен, Чоң-Кеминден Кашка-Жолду ашып барып-келип жүрүп, Жолбулак деген айылда булактан суу алып жүрчү жаш келин менен таанышып калат.  Турмушка чыкканына бир жыл айлана элек келин менен мамилеси келишип, бир күнү атына учкаштырып айылына ала качып алыптыр.  Келиндин кайын журту артынан кууп келип чыр чыгарышат. Ортого калыс салышып, калыстардын чечими боюнча келин Султан менен калат. Султанга кырк байтал айып салынат. Султандын туугандары кырк байталды чогултуп берип,  аны айыптан куткарып алышкан экен.  Эми азыркы учурда ушул окуя кайталанды деп элестетиңиз.  Туугандарың кырк байтал чогултуп береби же шылдың кылып ошону көрмөк деп тетири басып кетеби?

Экинчи окуя: 96 жашында короосуна түшкөн карышкырды чаап алган 104 жашка чыгып каза болгон Орозобай деген атабыз боло турган. Орозобай бир жылдары кемпири өлүп,  бой жүргөн кезинде кошуна айыл Кайыңдыга  конокко барып, ошол жерде кызмат кылып жүргөн келиндерди тескеп жүргөн ак жуумал аялды көрүп жактырып,  сураштырса төрөбөгөн аял экен: “Ой, мобул келин мага ылайыктуу экен, ушуну мага алып бергиле!” –дейт.  Ал жердеги аксакалдар ал Усубалынын аялы  экенин айтышса: “Усубалыга айткыла,  ал менден жаш, башкасын таап алсын”, — дейт.

Кадырлуу аксакалдын айтканын эки кыла алышпай аксакалдар Усубалыны макул кылып, үч талагын алып,  баягы Батмаканды эртеси эле ат жетелеп барган Орозобайдын аталаш иниси Саитке кошуп беришет.  Бул окуя 1957-жылы болот. Ошондо Орозобай 89, ал эми Батмакан 64 жашта экен.   Ошентип ал кемпири менен өлөр өлгөнчө чогуу жашады.

Пай-пай! Мына,  караңызчы, эски кишилердин өзүнөн  улуулардын сөзүн эки кылбай,  кандай ызааттап мамиле кылганын. Азыркылардын аялын эмес, эшегин сурап ала албайсың. Кереги жок жаткан кетменин сурасаң да жок деп коюшат.  Кыраакы киши Усубалы бул аял менен жүрө берсе тукумсуз өтөрүн да баамдаса керек.

Усубалы кийинки алган аялынан бала-чака күтүп,  бир небереси алгачкы кыргыз эстрадасын түптөгөн Чоро Кожомжаровдун тобунун мандолинада ойногон мүчөсү Окен Усубалиев эле. Батмакан апа да 100дөн ашык өмүр сүрдү.

Үчүнчү окуя: Муңайтпас аттуу олбурлуу, балбан, аппак сакал атабыз бар эле.  Ал жашы токсондон өтүп калган кезде төшөккө жатып калат. Балдары камданып, бир жылкыны байлап турушкан.  Бир күнү баш көтөрүп балдарын чакырып:

— Байлаган жылкыңар семирдиби?- дейт

— Жакшы эле болуп калды окшойт, ата.

— Анда эмесе мындай балдарым, мен мына кудай берген жашты жашап, эми кетер кезим жакындап калды. Ушунча жылда бирөөгө сөзүм тийди, бирөөгө көзүм тийди.  Кээ бири менен болбогон иштер үчүн жаман-жакшы айтышкан күндөр болду.  Кээ бирине берем деп бере албай калган тамагым, чакырам деп чакыра албай калган жакшы санаалаш адамдар болду. Кыскасы, эртең тиги бээни сойгула да айыл-ападагы бирин-серин калган тели-теңтуштарымды, жек-жаат,  катыштарды чакыргыла. Көзүмдүн тирүүсүндө элден кечирим сурап, коштоюн, — деп бээни сойдуруп салган экен.

Байкасаңар, ал аксакалдын кылганы, бүгүнкү устукан талашкан аксакал сөрөйлөргө салыштырмалуу чоң эрдик эмеспи.

Мен бул кечээ эле совет доорунда болуп өткөн накта кыргыздын пейилин сыпаттаган үч окуяны эстегеним, азыркы учурда ММКларда жүрүп жаткан той-аштардагы ысырапчылыкка, мал союуну кыскартууга үндөп жаткан кезектеги жемишсиз, жеңишсиз чакыруулар болду окшойт. Жемишсиз, жеңишсиз дегеним, той-аштарды жакшылап изилдеп, анализ жасабай эле дүңүнөн ысырапкерчиликти токтотолу, мал сойбойлу,  тойлорду кыскарталы деген чакырыктар мага батыштын бизнесмен-ишкерлери идеяңды эч ким менен бөлүшпө, бирөөлөргө оюңду, тажырыйбаңды үйрөтпө деген өзүмчүлдүккө үндөгөн саясатынын уландысындай,  кыргыздын кең пейилин жоготууну көздөгөн чакырыктардай сезилет.

Ал эми бири-бирибизге кол-бут болуп,  жамандык-жакшылыктарыбызды жакындарыбыз менен тең бөлүшмөй; каныбыздагы,  акыл-эсибиздин түпкүрүндөгү сиңип,  бекип калган нерсе.  А дегенде ысырапкерчилик деген эмне? Ошого жооп издеп көрөлүчү.   Менин түшүнүгүмдө ысырап деген түшүнүк эсепсиз жасалып,  керектөөдөн ашып калган бөлүгү жараксыз чирип жок болгондо айтылат. Мисалы, тамак-ашты ченебей көп жасап алып, жей албай бузулуп таштандыга төксөң, ал – ысырап. Бир нерсени жөндөн-жөн ысырап кылсаң кесири тиет.

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдары  айылда болсун, шаарда болсун, эл үйдөн нан жасабай дүкөндүн ит бекер даяр нанын жеп калышкан.  Нандын көптүгүнөнбү, өз колу менен жууруп,  маңдай тер төгүп  бышырбагандыгынанбы,  айтор, кайда барсаң ыргытылган, таштандыга салынган,  тебеленген нан эле. Жада калса нан менен оозун тазалап, салфетка ордуна колдонгондор да четтен чыкчу. Ошол учурда таякемдин айтканы алигиче эсимде: “Биздин балачагыбыз согуш жылдарына туура келип,  ачарчылык эмне экенин көрүп-билип калдык.  Нан эмес бир чымчым талканга зар күндөр болгон. Эми кудайга шүгүр, тамактын түрлөрүн жей албай жатабыз.  Бирок нанды аябай кор тутушчу болду, бул жакты кой, тиги түрмөдө катып калган нанды мүшөктөп төгүп жатышат таштандыга. Бул жакшылыкка алып барбайт,  кесири тийбей койбойт”, — деп башын чайкап капа болгон эле.  Анан ал айткан кесирди көп узабай эле токсонунчу жылдары көрбөдүкпү.

Эми биздин азыркы берип жаткан аш-тойлордо элге-жерге,  мамлекетке кесири тийчү ысырапчылык барбы? Дегеле, ысырапчылык менен ашыкча чыгымдын айырмасы барбы? Бул эки түшүнүк бири-бирине байланыштуу нерсе дечи, бирок бир эле сөздүн синонимдери эмес. Ар бир адам аш береби,  той береби же жакындарын акыркы сапарга узатып жатабы, өз катыштарын жакшы билет.  Ошого жараша малын соёт, камылгасын көрөт.  Айылдагы Ташмат шаардагы белгилүү ишмер Эшмат берген тойду бере албайт.   Ташмат  өзү угуп, билип жүргөн олигарх Эшматтын же атактуу коммерсант Алыбектин өткөзкөн тойлорундай Бишкектин “крутой” кафе-ресторанына барып той берем деп болгон малын сатып, банктан кредит алып чачылса, бул ашыкча чыгым, ал эми ошол эле тойго келе турган элди эсептебей эки-үч малын союп ийип,  дасторконун жайнатып жиберип, желбей калып ыргытылса, бул ысырапчылыкка жатат.  Бирок кыргыздар акылман эл,  “казга теңелип карганын буту сынарын” жакшы билип,  “алына жараша бышкырып,  жылкысына карата ышкырат”эмеспи.

Ошондуктан,  ысырапчылыкка эмес, ашыкча чыгымдарды кыскартып,  сарамжалдуу тойлорду өткөрүүнүн жолдорун издегенибиз туура болуп жүрбөсүн?

Келгиле, андан ары казып көрөлүчү,  той-аштан ким пайда таап, ким зыянга учурап банкрот болуп жатканын.

Той берген адам: “Салынуу кашык” деп коюшат ко, эгер той берген адам өзү мурда барган жерлерине кенен кесир берип жүрсө, катыштарынын оокаттары тың болсо, негизги той-ашты көтөрчү кудалары көп болсо, тойго кеткен чыгымдарын жаап, пайда көрүп, дагы бир жылга “оборотко” жеткидей жоолук, калпак, чепкен чогултуп алат.

Азыр той берген адам ким канча акча менен келерин чакырып жатканда эле билет, кимге канча берсе ошол кайтып келет.  Анда-мында сараң байлар эле алганын азайтып бербесе.  Анан антип сараң болбосо байымак беле.  Пайда көрбөсө кыргыз той деле бермек эмес.

Тойдогу ысырап-кыргыздарга кийин келген столдун бетин бербей жайнаган түрдүү салаттар менен кытайдын тооктору.  Кемпирдин ашын берчүдөй болуп, ушул салаттарды жасаганга эле бир күн кетет.  Жашылчанын  баасы айрыкча жаз маалында көкөлөп, бер жагы бир торпок келчүдөй акча жөн эле жумшалат.  Анан ошол  салаттар көбү ооз тийилбей төгүлөт, аны анда-мында бир ач көз аялдар эле албаса, баштыкка да салып кетишпейт.  Тойго баргандан кийин ичи өтүп,  ууланып ооруканага жаткандарынын себеби да ушул салаттар менен тоок, балыктар болуп жатпайбы.

Ашыкча чыгым барган сайын кызмат акысын көтөрүп жатышкан тамадаларга,  байлыгын көрсөткүсү келип чакырып алган артистерге кеткен чыгымдар.  Байкуш артистер чыгып алышып: «Кол чабуулар болсун!”- дешип суранып жатышып бир аз киши кол чабымыш болгону болбосо, аларга көңүл коюп уккан деле киши жок.  Ар кимдин өз ордунда болгону жакшы эмеспи,  артистин орду сахнада да.  Атактуу деп сыйлап жүргөн артист тойдо ырдап жүрсө катардагы эле “кызыл кекиртектин” айынан шабашкага чыккан адамдай көрүнүп, сыйы кете түшөт  экен.

Дагы бир ашыкча чыгым кийитет. Негизи кийит кийгизүү ата-бабадан бери келе жаткан каныбызга сиңип калган каада-салтыбыздын бири.  Ал да болсо сый көргөзүүнүн бир түрү.  Берген кийитиң арналган кишиңе чак,  жарашыктуу болуп, ал тыкыйтып кийип алса – бергени да, алганы кубанат.  Чын ниети менен тандалган кийит да чак болот.  Сыйлаган адамыңа кийгизген кийит анын наркына эмес, жарашыктуулугуна жараша бааланат.

Ал эми куттуу үйдөн кур чыкмак белең деген  обонду созуп,  ак көйнөккө көк көйнөк, көк көйнөккө ак көйнөк  алмаштыруу бул сый деле эмес. Кийилбеген чепкен, кытайдын калпагы азыркы тойлордо “ходовой” товар болбодубу,  менимче, ушунун баары кеңешип туруп эле алынып салса, ашыкча чыгым бир аз болсо да азаймак.  Бул маселени чечүүчү күч аялдар. Себеби, кимге кандай кийит берип жатат, кимден эмне алып жатат деген нерсе эркектерге баары бир болуш керек, айрым аялдай болгон эркек сөрөйлөрдү эске албаганда.

Жаңы кудалар бир кафеде жолугуп кеңеш кылып жүрүшпөйбү акыркы кездерде.  Ал кеңеште бардык маселелер каралып, анын ичинде кийитке келгенде “Ушул нерсени жөн эле коёлу, бул ашыкча эле убаракерчилик экен”, — дешип эки куда макулдашып тарайт.  Анан эртеси эле аялы машинени айдатып «Дордойго» жөнөйт. Пакет-пакет кийит келет.  Кийит жок дебедик беле деген күйөөсү аялынан тил угуп тим болот.  Келини далдоо жерге чыгып мамасына телефон чалат да, кимге кандай кийит алганын, канча сомго алганын төкпөй чачпай айтып берет.  Эртеси эле кыздын энеси «Дордойго» жөнөп, кудалардын алган баасынан кемитпей, ашырбай кийит камдайт.  Бул кийитти калтырыш үчүн башка улуттан аял алып, улутту жаңыртыш керекпи же балким кийинки муундагы аялдар башкача ойлонуп калышар бекен? Эми таптакыр жоё албагандан кийин жок дегенде кытайдын калпагы менен көйнөгүн кийиттердин тизмесинен чыгарбайлыбы туугандар!

Тойго барган адам: Чакыргандан калба, өзүң басып барба дейт эмеспи.   Анан тойго кур алакан барбайт да.  Чакыруу келгенде “бал китепти” ачып чакырып жаткан, кудаңбы  же досуңбу, – сенин тоюңда  канча апкелгенин тактайсың.  Кошумчаңдан тышкары жолкиреге,  байкатпай ар жак, бер жагыңдан тартып алып сүрөт ал деп чап кенедей жабышкан сүрөтчүлөргө,  той ээси менен өтө ысык болсоң, торт сатып алмай сыяктуу акча сааган тамадалардын оюндарына деген каражатыңды камдайсың.

Андан тышкары планыңа так кирбеген, бирок мээңдин түпкүрүндө катылып жүргөн дагы бир  “кокустан” болчу чыгымдар бар. Тойлор дегеле убагында башталбайт, жок дегенде 1 саат, болбосо 2-3 саат кечигип баштап жүрүшпөйбү.  Антип-минтип той башталгыча чогулгандар жөн турушмак беле, бир топтон бери жолукпаган кудалар, теңтуштар, жакшы санаалаштар биздин Темир деген агабыз айткандай бирин-бири көргөндө эле Павловдун итиндей рефлекстери иштеп, шилекейлери ага баштайт да,  кафенин колтугундагы дүкөнгө кирип-чыгып жатып кызып алышат.   Кызыган кийин баягы “кокустукка” деп сакталган кампанын оозу ачылат. Мына бул чыгымдар көзгө көрүнгөн тике чыгымдар.

Баарынан жаманы – биринчи караганда көзгө урунбай, жыйынтыгын жыл аягында берчү баягы менин кудам айткан кыйыр чыгымдар. Тойлордон улам айдалбай калган,  себилбей калган, түшүм албай калган бир нече гектар жерден тапкан зыян, ошол жазында кошкон кошумчаңдан бери дегенде 4-5 эсе ашат.  Материалдык чыгымдардан тышкары кеткен убакытты да эске алыш керек.

Бишкекке  алыскы айылдардан келген коноктор кайра айылына көпчүлүк учурларда эки-үч күндөн кийин жетишет. Тойдон кийин баарын унутуп, жумалап “запойго” түшүп кеткендери да арбын.  Анткени, баягы СССР учурундагы катуу көзөмөл астында чыгып, ичкенде ырдагыңды келтирген тунук арак жок азыр.  Азыркы арак ичкен кишини кыжынтып урушкусун келтирип, баарынан жаманы – эртеси кайра ичпесе кан тамырын тарытып,  пахмел суратып,  ичпесе өлүп да калып жатпайбы.  Ал эми айыл чарба жумуштарында кечиккен жаздын бир күнү, күздүн бир айына татырын дыйкандар жакшы билишет.

Ал эми жай чилдесинде тамак-аш, айрыкча айылдан даярдалып,  санитардык нормалар сакталбай ташылып барган тез бузулчу азык-заттар ден-соолукка коркунуч туудуруп, уулануулар болуп жатпайбы.  Ал тургай столго той башталарда коюлган салаттардын кээси той аяктагыча кычкыл тартып, ачый баштаганын көрө калып жүрөбүз.

Кафе ресторандардын ээлери: Бир жылда 365 күн болсо, ошол күндөрдүн ар бир күнүндө  эки-үчтөн той болсо экен деп кудайдан миң мертебе суранышкан ушул кафе-ресторандардын ээлери.  Кырсык болуп, тамак-аштан коноктор ууланып эле калбаса, булар эч зыян көрүшпөйт.  Жада калса сынып калган ыстакан табактарынан өйдө төлөтүп алышат.

Өкмөт:  Өкмөт да тойлордон бир топ пайда көрөт:

  • Кафе-ресторондардан түшкөн салыктар.
  • Тамак-аш, ичкилик саткан дүкөн, базардагы ишкерлерден түшкөн салыктар.

Мындан тышкары кафе-ресторандарда тейлөө кызматында иштеген кызматкерлерге түзүлгөн жумушчу орундар да жумушсуздукту кыскартууга салымын кошот.

Өкмөт көргөн зыянга келсек, жана айткандай жаз-жай айыл чарба жумуштары убагында өткөн тойлордун тийгизкен терс жактары.   Балким бир үй-бүлөнүн деңгээлинде анча чоң эмес зыяндыр, ал эми 90% айыл чарбасын түзгөн биздин өлкөнүн деңгээлинде бул зыян суммага айлансак бир нече миллион сомду түзөрү бышык. Демек, өкмөттүн экономикасы жалпысынан көп жоготууларга учурайт десем жаңылышпайм.

Абийрбек АБЫКАЕВ