ШАКИР Олжобай: БЕЛГИЛҮҮ ПУБЛИЦИСТ, АКЫН АЛЫМ ТОКТОМУШЕВДИ ЭСКЕРҮҮ

Маркумдун жаңы китебинин бетачары өтөт

2016-жылдын 3-ноябрында саат 15.00дө

Улуттук Консерваториянын Чоң залында белгилүү публицист, журналист жана акын Алым Токтомушевди эскерүү кечеси болот. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат.

Кечени КР Эл акыныШайлообек Дүйшеев алып барат. А.Токтомушевди анын калемдештери, замандаштары жана шакирттери – Эсенбай Нурушев, Айылчы Сарыбаев, Жаныш Кулмамбетов, Аскер Сакыбаева, Олжобай Шакир ж.б. эскеришет.

 

Акындын сөзүнө жазылган ырларды белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Исрадин Аманбаев ж.б.аткарышат.

Иш чара учурунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан жаңы эле жарыкка чыккан А.Токтомушевдин «Балдарга базарлык» китебинин бет ачары болот.

Алым Токтомушев 1947-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган.Узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип,  “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта” “Алас” гезиттеринде, “Жетимен” журналында иштеген. Алым Токтомушев айрыкча кыргыз журналистикасынын аналитикалык жанрына өзгөчө салым кошкон.Анын “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары, “Салижан Жигитовдун сабактары”  жана  «Ачылбаган дүйнө» аттуу китептери жарык көргөн.  Ошондой эле ал дүйнө адабиятынын алптары А.Пушкин, Саади, М.Лермонтов, Б.Пастернак, М.Рильке, Ж.Тардье жана башкалардын ырларын кыргыз тилине которгон.

Кеченин башталышы саат 15.00. Каалоочуларга эшик ачык