ШАКИР Олжобай: БИЗДИН САЯСАТЧЫЛАР ЧОЧКО СЫЯКТУУ ӨЗДӨРҮНҮН ЧЫЛАСЫНА ӨЗДӨРҮ ООНАГАНДАР

Ыраматылык Алым Токтомушев 2010-жылдан кийинки Убактылуу өкмөт (УӨ) мүчөлөрүнүн бири, генпрокурор болуп турган Азимбек Бекназаровдун кылык-жоругун келиштире жазганы бар. Ал учурда журналисттер журту Бекназаров генпрокурорлукка келген күндөн бери коррупциянын тамыры отоо чөптөй тамыр жайышына Азикең өзү баш болуп жол ачып бергенин жамырап жазып чыгышкан. Бирок өлгөндүн үстүнө көмгөн иш кала берген.

Ошондо бир А.Токтомушевдин эсте каларлык макаласы жарыяланган эле. Бекназаров жөнүндө ал киши өз макаласында укмуштай бир кыстырма иле кеткени бар. Аны сөзмө сөз эстей албасам да, мааниси мамындай эле: «Бирөө торпогун жоготот. Табылбайт. Издеп суй жыгылышат. Акыры торпок бирөөнүн короосунан табылат. Чаң тополоң болушат. Милийсалар жетип келип, териштирүү башталат. Ошондо үйүнөн торпок табылып калган киши минтет дейт: «Мен талаада жаткан арканды таап алып, үйгө көтөрүп келе бердим эле, бирок аркандын бир учунда торпок бар экенин билген эмесмин…» Ошол сыңары экс-генпрокурор да «кылгылыктын баарын кылып, кыл жип менен бууп» таштады деген апаздагы Алыкебиздин кыйгыл кеби эстен чыгып кетерде, аны Азыке кечээ өзү коомчулуктун эсине кайрадан салды…

Чын-чынында Бекназаровдун 2010-жылдагы жүрүм-туруму ошондой болуп калган. Анын кулк мүнөзү аркандын учундагы торпок аркылуу ачылып турса да УӨ буга көңүл бурбады эле. Бирок азыр деле аркандын учундагы торпокту табуу кеч эмес. Ошондо жоголгон «торпоктун» образы аркылуу 2010-жылдагы башаламандыктан пайдаланып, УӨ мүчөлөрүнүн кимиси кайсы мамлекеттик мүлккө ээлик кылууга үлгүргөнүн коомчулук өзү териштирип алаар кезең келди… Дегеле азыр коомчулук эсине келип, бир силкинип алууга тийиш! Кантип? Анын жолу өз колуңда, бурадар!

Күздөгү президенттик шайлоодо кимиси марага чыкса да «карга карганын көзүн чукубай» турган принцип барыбир сакталчудай түрү бар. Азыркы бийлик бул түрү менен эзели акыйкаттуу шайлоо өткөрөрүнө ишенип болбойт. Бирок ошондой болсо да элибиз бул мерте да күрөшчүл кайратына кайрадан келүүгө тийиш.

«Бүкүрдүн белин бир гана көр түзөйт» демекчи, бийлик тизгинин мыкчыган топтордон элибиз кол үзөр бир гана мүмкүнчүлүк – көздөгү шайлоо! Ал мүмкүнчүлүк ар кимибиздин эркибизден көзкаранды. Андыктан чочко сыяктуу өздөрүнүн чыласына өздөрү оонап келаткан эски саясатчылардан жүзүбүздү үйрүп, добушубузду жаңы жүздөргө салуу менен гана саясый элитаны алмаштыра алабыз…

Саясый этитанын канын алмаштырар күч – бир гана эл! Мурдагы бузук кандуу саясатчыларга жем болуудан көңүлүбүз калдыбы? Ойлонолу!

Олжобай ШАКИР