ШАКИР Олжобай: ЖЕКЕ АРХИВДЕН: ТӨГӨРӨГҮ ТӨП ТАЛАНТТЫН БЕЙНЕСИ

Элмирбек Иманалиев чырымтал түгү түшөлек кезинен эле оозго алына баштаган бала болчу. Бирөөлөр айтчу: «Эне сүтү оозунан кетелек бала дейин десең, акыл айтса абышкадан ашып түшкөн неме экен» деп. Бирөөлөр айтчу: «Бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт тололек бул бала эмитен алчы таасын жеп, өз курагынан эрте жашап салгансып эс-акылдуу дервиш көрүнөт» деп. Айтор, өнөр адамдары жашачу шаарыбыздын күн чыгыш тарабындагы сай боюндагы жатаканадан бир бөлмө алып жашап жүргөн тестиер бала жөнүндө имиш-имиштер көп айтылар эле. Бир билгеним: ошол эл оозуна алынып жүргөн бала белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиев Кетментөбөдөн жетелеп келип тарбиялап жүргөн кадимки Эшмамбет акындын небере жээни.

Аны менен бөлмөдө бирге жашагандар бул бала өзү менен өзү сөзгө табынган, башына китеп жазданып, койнуна комуз кучактап жаткан неме дечү. «Манастын» томдорун башынан аягына бир аңтарып, аягынан башын карай бир аңтарып окуй бергенин көргөндөр анын өзүн кошо жомок катары жобурай беришер эле. Айтор, ушул баланын ошондо эле алысты көздөгөнүн билгендер көз тийип кетчү сөздөрдү көп айтып калышчу.

Андан бери далай суулар агып, далай муздар тоңгондур, бирок бул балага көз тиелек, тү-фү…тү-фү.

Элмирбектин болсо улам чыгармачылык көрөңгөсү артып, улам чыгармачылыктагы горизонтунун чети көрүнбөгөн төкмө акын, манасчы, дастанчы, обончулугу менен катар профессионал театр сахнасында чебер ойной билген актерлук дараметин ачып бералды.

Ошондой эле манасчылык өнөрүн уккан, көргөндөр кадимки Саякбайдын өзүндөй оргуп-баргып кеткен төкмө манасчылыгына таасирленсе, көптөрү төкмө ырчылык жагынан да казак менен кыргыз төкмө ырчыларынын арасынан жаагын жанып таңшыган актаңдай акындыгына күбө. Ал эми өз чөйрөсүндө куйкум сөзгө кумар болгондордун кулагын кандырган оозеки аңгемечи, уламалуу кептин устасы. Кучунаштыгын карматкан куру чечендерге чоңколугуна салып, кыйытма сөздү кынына катып жүргөн тапан.

Азыркы кыргыз, казак төкмө ырчыларынын сүрмө топ жарышындагы мен дегендердин эч кимисине намысын кордотпогон, керт башын кемсинтпеген кара жаак акын десек да жарашат, таңшыган булбул десек да жарашат. Төкмөлөрдүн атсалышында омуроолуу жылкыдай көзгө көрүнүп, топтон бөлүнүп турган Элмирбектин төкмө ырчылыгына токтолор болсок, эл сынына толор жактары көп. Оозеки акынчылык өнөрдүн салттуу ыкмаларын толук колдонууну өздөштүргөн артыкчылыгы арышын таштарда эле байкалат. Мейли, табышмактуу айтышта болсун, мейли, алымсабак айтышта болсун, мейли санат терме айтышында болсун, азырынча Элмирбекти адаштырып ырдаар казак акыны да, кыргыз акыны да жок. Колунда мейли комуз болсун, мейли домбра болсун, анысында да, мунусунда да жүрүшүнөн жазбай, эркин сабалап ырдаганы үчүн эки эл бирдей аздектээр чоң талант. Оозеки акынчылык өнөрдүн тарыхында Арстанбак, Жеңижок, Эсенаман, Токтогул, Барпы жана башкалар жети муун, сегиз муун өлчөмүнөн чыкпаган ыргакты он бир, он эки муунга салууда да өзүн сынап көргөн акындардын бири ушул Элмирбек.

Биздеги соңку муундагы төкмөлүк өнөрдү өздөштүргөндөрдүн көбү оозеки айтыштын музыкалык көркөмдүүлүгүнө анча көңүл бөлбөй келаткандарын көрүп жүрөбүз. Ал эми бул жагынан Элмирбектин дагы бир артыкчылыгы – комузда колун ойнотуп жйберген чеберчилиги менен кошо төкмө акындык өнөрдүн уккулуктуулугун арттырып, обондуулугуна да көбүрөк көңүл бургандыгы өз күйөрмандарынын черин жазып келет. Азыркы төкмөлөрдүн арасындагы жамакчылыктан качып, акындык маданияты жетилгендердин бири катары сөзгө алынып калган Элмирбектин төкмө манасчылыгы жөнүндө алдыга озунуп, келечектеги мыкты манасчылык жактарын азыртан айта бергенибиз деле ашыктык кылбас…

Өз мезгилинде Саякбай сындуу төкмө манасчы Элмирбек болуп калышы деле ажеп эмес, ал азыр баралына келип, камында жүргөн, табында жүргөн чагы. «Манас» эпосундагы драмалык мүнөздөгү эпизоддорго келгенде жаалданып күчөнгөн ички туюму, сезими күчтүү Элмирбектин «Манастан» айткан элестүү үзүндүлөрүн мөртү келсе жалпы журтубуз угуп, жакындан көрүү болор, ага чейин «сабырдын түбү сары алтын» дей туралы…

Элмирбектин дагы бир өнөрү — дастан айтуудан көрүнөр замат айрымдар ойлогондой: обончулугу көлөкөдө калгансып туюлса, тескерисинче, элибизге кеңири белгилүү обондору: «Жалгыздыкта коштошуу», «Булбулумдан» башка дагы мыкты обондору анын оозу ачылалек ыр куржунунда…

Болгону, чыгарма жаралары менен эле дароо жарыкка алып чыгып, эл таразасына коё берүү далалатын көргөн аракет анын табиятына мүнөздүү эмес экен: ал улам жаңы обонун эл сынына коюуга шашылбаганы үчүн узакка чейин
чыгармачылык өмүр сүрөр жогорудагы эки ыры эл арасында кеңири ырдалып жүрбөгөндүр. Тескерисинче, Элмирбектин куйкасын куюштурган нерсе — ашкере популярдуулук, анын болгон жанкумары — чыгармачылык түйшүктүн артынан кайра түйшүк болгон үчүн ага кине коюп жүргөн күйөрмандары четтен табылат.

Убагында Ырысбай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев өңдүү залкар обончулардын көкүрөгүндө кыргыз музыка тарыхында бурулуш жасоо дымагы кандай болсо, Элмирбектин көкүрөгүндө да ошол дымак, ошол даярдыктар бар сыяктуу…

Жалаң чыгармачылык камылга менен жүргөнү үчүн анын сырттан караган күйөрмандары Элмирбектин чыгармачылык дасмиясын көрөр убак алдыда турат. А чын-чынына келгенде азыркы биздеги музыкалык агымга протест жасагансыган ырчы-чоорчулардын гезиттерден, теле-радиолордон айткан, дегендери канчалык ачуу болсо да, ат тезегин кургатпаган үстөкө-босток уюшулган концерттик программаларын, шоу элементтердин үлгүсүн көрсөтөбүз деген аракеттерин көп ирет көрдүк, бирок ошол концерттик программасын актаган кирешелүү пул тапкандан башка алардын деле чыгармачылыктын бийик туу чокусуна жеткендерин көрө алдыкпы?..

Баягы эле репертуар, баягы эле бири-бириникине окшош көчүрмөлөр. Кыскасы, жаңылык деп айтарлык нерсе: түрлөнтүп кийип чыккан эле көйнөктөр?! Ал эми бул жагына келгенде Элмирбек бир да жолу элди жадатар концертин уюштуруу далалатын көрсөткөн жок. 16-17 жашында жараткан «Жалгыздыкта коштошуу», «Булбулум» өңдүү популярдуу обондордун автору, эл ичинде табитке «дары» дагы популярдуу болор обондорун алып чыгар мезгилди эмнеге сары майдай сактап келатканы туурасында «Айтыш» коомдук фондунун чыгармачыл жамааты менен бирге көрсөтөр кезек алдыда сыяктанат…

Олжобай ШАКИР
«Агым» гезити, 01.02.2005-жыл