ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ЖҮЗҮҢҮЗДҮ АЧЫҢЫЗ, ТАКСЫР!

Адегенде сиздин таламыңызды талашып менин дарегиме аарынын уюгундай ызылдап жабышкан шакирттериңизге ыраазычылык билдирер жердемин, таксыр. Айланаңызда ушунчалык жүрөгү таза, жандүйнөлөрүндө кири жок баёо диний коомчулук бар экенине менин жүрөгүм жылыды. Адамдагы эң жакшы сапат ушул эмеспи: тазалык, ишеним. Бул эми күзгүнүн бир тарабы. Эми экинчи тарабына келели.

Арийне, адамзат тарыхында нечендеген ыйыктын ыйыгы саналган диний көсөмдөр, император, королдор, падышалар өткөн. Алардын артында да миңдеген, миллиондогон жүрөгү таза, өтө баёо караламан калк турган. Алар ыйыктын ыйыгы саналган диний көсөмдөрдүн, падышалардын артындагы жеткен жүзүкаралык, эң ыпылас иштерди учурунда көргөн эмес. Ыйыктын ыйыктарына чаң жугузбай коргоп келишкен. Кийин гана так ошол ыйыктардын ыйыгынын бетпардасы сыйрылган кезде жүрөгү таза делген караламан көпчүлүк «ыйыктардын» жүзүнө түкүрүп, ташталканын чыгарып, каргышын жаадырышкан эмеспи… Алыс барбайлы, Акаев, Бакиевдин айланасында чарк айланып жүргөн кошоматчылар да кийин ыйыктын ыйыгына айланып бараткан Акаев менен Бакиевдин түбүн көөлөшкөн. Буга эл күбө.

Учурда сиздин да зоболоңуз зоокадай бийиктеп турган кезең. Кут кылсын ылайым. Сиз азыр Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы жана Кыргызстандын Ислам Университетинин ректору болуп турган кербезиңиз. Таасири күч таксырсыз. Андыктан сизге чаң жугузбас акалакчыларыңыз арбын экенин жакшы түшүнөм. Сизди аздек туткан алардын арасында кошоматчылар да жок эместир. Себеби диний коомчулукта кимдин таасири күч болсо ошонун жылуу колтугуна ыктаган эки жүздүү диний жамааттар толтура. Алардын мураты – качан болбосун ажылык сапарга аттанууда сиздей таасирдүү таксырдын көзүнө илинип калыштын амалы кыларынан да шегибиз жок… Арийне, ажылыкка жолдомо алуунун жолу түрдүүчө экени буга чейин коомчулукта далай ызы-чууларды жаратып келгени да бекеринен эместир…

Пенделик менен кээси сиздин назарыңызга кантип илинип калсам экен деген далалат менен диний коомчулуктагы кадырыңызды коргомуш болуп аткан жокпу? Сиз үчүн шакирттериңиз да жооп берип атыры. А өзүңүз үндөй элексиз. Таламыңызды талашкан, көкүрөгүн арамдык уялабаган ал тарапташтарыңыз менин башыман ылдый жугунду куйса да, менин дарегиме айтпаганды айтса да, мен аларга таарына турган жөнүм жок. Мен алардын бирине да жооп кайтарып коргонгум келбейт. Себеби уйдун богун дубалдын бооруна кургатыш үчүн жабыштырууга канча далалат кылганың менен жампа деген жампа: кургаган соң талп этип жерге кайра түшүп калат. Жепжеңил, кургап кагыраган жампа анан эмнеге жарайт? Күйгөнгө. Ошо күйгөндөн жазылган комментарийлерге чоктой ысык аргументтеримди келтиргенде не, келтирбегенде не?..

Сиз үчүн алар жооп бергенине жол болсун. Келтирген аргументтери бул таризде: «Биздин аалымды Аллабыз сүйгөн үчүн байлык-мүлктү ченебей четинен берүүдө». Демек, диний коомдун логикасы менен карасак: Абдышүкүр ажы тургай ач элдин чоң курсак жемкорлоруна ырыскыны Алла-таала асмандан төгүп турабы? Анда биз мамлекеттик мүлктүн каалгасын каалагандай тээп кирип байыган жемкорлорду, күркөдө соода кылып жүрүп күркүлгө айланган депутат, министрликке жеткен шылуундун баарын Алланын сүйгөн пенделери катары карап, маңдай тери менен тирлигин улаган карапайым жакырларды, Россия, Казакстан, Африкага чейин жумуш издеп кеткен мекендештерибизди Кудайдын каргышына калган пенделер деп карашыбыз керекпи?! «Абдышүкүр ажыга Алланын бергениби, арабдардын бергениби?» аттуу макалабыздын мазмунуна жакшылап үңүлсөңүз, ал жерде өзүңүздүн оозуңуздан тактоо үчүн далилдүү суроолор менен фактылар гана келтирилген. Сизге байлык-мүлктү ченемсиз берген Алла-таала ооз менен кулакты эмне үчүн берди эле?.. Демек, биз жазган фактыларга башкалардын эмес, өз оозуңуз менен жооп берип коёр жерде элеңиз го.

Сиз качанкыга чейин шакирттериңиз менен таламыңызды талашкандардын артына коргонот элеңиз? Арийне, өз эне тилинде оюн дурустап чүргөй албаган шакирттериңиз сиз үчүн жооп берип атканына да көңүл бурсак, жолуң болгур динчилдер араб тилин деле жеткиликтүү деңгээлде билгенинен шегибиз бар. Өз эне тилинде сабаттуу сүйлөм чүргөй албаган чала молдолордун армиясы эми кыргызга ыйман жолун киргизгени калдыңарбы?! Агер ыйманыңыз болсо: «РухЭш» сайты жазып чыккан фактыларды өз оозуңуз менен же төгүнгө чыгарыңыз, же моюнга алыңыз анда. Азырынча, сөзүбүз ушул, жообуңузду күтөбүз…

Агер жообуңуз болбосо, биздин да айта турган кебибиз алдыда, таксыр. Тек, жүзүңүздү ачып, аттан түшүңүз.