АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: ТҮШКӨ КИРГЕН ЧАЛА МОЛДОЛОР

Тоо этегинен бир аз өйдөрөк бет экен. Молдолор чогулган элди баштарын эңкейишти каратып намазга тургузуп атыптыр. Намазга тургандардын ичинде мен да бармын. Сажда кылганда кайра кантип турабыз, өйдөлөнүп калабызго деп ойлоном. Балким кыбыланы карап тургандырбыз, бирок жердин шартын да караш керек ко деп коём, жаман оюмда. Аңгыча өйдөкү катардан бирөө мен ойлонуп турган нерсени имамга айткансыды. Имам эмнегедир ал жигитке жаман, орой сөздөр менен жооп кайтарды…

Чатак чыгып, карсылдаган үндөр чыкканынан имамды эл сабап жатат ко деп карасам, тескерисинче, имам баягы каяша кылган жигитти кызыл ала кылып сабап атыптыр. Арачалап, кой деген киши жок. Ойгондумбу же түшүмдөбү, ал түшүмдү жоруп таң аткыча түйшөлүп жаттым. «Чала молдо дин бузар» демекчи, азыркы көрүнгөндүн башын айтып, шариятты өзү каалаган жакка бурган, куран китептин бир бетин ачып окубай эле ар кимден укканын жаттап алып айткан “аалымдар”, араптын көйнөгүн, кытайдын илме тапичкесин кийишкен чор согончок, тилин чайнап сүйлөгөн даабатчылар, баш көтөрүп каяша айткандарга жихад жарыялаган, сакалына периштелер ойноп, сакалы жок көсөөлөргө периштелер келбейт деп түшүнүшкөн сербейген, бапсыйган, өмүрү кайчы көрбөгөн сакалчандар ишенчээк элди так ушул менин түшүмдөгүдөй өйдөлөнүп өлчү жерге баштап баратканы турбайбы дейм.

Бак болсо эле булбул коно бермек беле, сакал болсо эле периштелер ойной бермек беле, периштелер да кудайым сүйгөн пендесинин сакалына конот да деп коём. Дин адамдын акыл-эсин тазалап, Кудайга алып баруучу улуу жол болсо, динсиз көсөм Ленин айтмакчы: чала молдолор аны баш айланткан апийимге айлантып жатпайбы. Оо Кудай ошондой чала молдолоруңду өзүң оң жолуңа сал. Элди ошол чала молдолоруңдан сакта, ошолордун кесирин элге тийгизе көрбө деп жатып ойгонуп кеттим.

Жума, 23-Январь 2015-жыл