ШАКИР Олжобай: КАЙРАН ЗАЛКАРДЫН КАҢЫРЫК ТҮТӨТКӨН МАЕГИ

Кыргыз эл акыны, кайран залкар талант Эрнис Турсунов агабыз адабияттын түрдүү жанрында өндүрүмдүү эмгектенди. Поэзия, драматургия, котормочулук өнөрү менен катар кийин карасөзгө тап койду. Эрнис ава менен болгон береги маегибиз «Айат-пресс» гезитине (18.122008-ж) «Ууру кыла албасаң, «шабашка» жасайсың да…» деген ат менен жарыяланган эле. Бул маектешүүбүз кандай кырдаалдан улам уланып калганын маек соңунда баяндайбыз…

– Учурда көкөйүңүздү өйүп турган эмне?

– Жазуучулар турмушу жана китеп, эне тил маселеси. Барыле китеп чыгарууга аракет кылып аткансыйт, бирок колго алары аз. Китеп дүкөндөрдө китеп толтура, тилекке каршы, мазмунсуз. Талап жок. Коомду караңгылык каптады. Көркөм образ менен ширелген чыгармалар азайды. Учур адабиятынан жандуу образды таппайсың. Айтор, кыргыз тилин көркөм деңгээлде калыптандыруучу профессионал жазуучуларыбыз көрүнбөй атат. Анан калса китептердин баасы кымбаттап кеткенин кантесиң.

– Мен билгенден дүйнө адабиятынын казынасына сизчелик баш оту менен кирген котормочуларыбыз аз. Азыр өзүңүз көрүп аткандай котормо жаатында эмгектенген акын-жазуучуларыбыз суюлду. Арийне, дүйнө казынасынан өрнөк албаган калемгерлерибизден эмне күтүүгө болот?

– Туптуура… Кыргыз адабияты өзү менен өзү калганы – чөйрөсү тарыйт. Бечел бойдон кала берет. Кандай калемгер болбосун, котормого келгенде кажынганга туура келет. Демек, кажынган киши чеберчиликти үйрөнөт. Чыгарманы көркөм каражатсыз жазууга болбой турганын жакшылап түшүнө баштайт. А биздикилердин жазганы жылаңач болуп атканы ошол. Себеби, көркөм чыгарманы шөкөттөгөндү билишпейт. Биз дүйнөлүк адабият, маданияттын улагасын аттамайын, өнүкпөйбүз. Чыныгы акын-жазуучу пайда болбойт. Бизде котормо жанрынын өнүкпөй аткан себеби, бааланбай атпайбы! Котормочуларга калем акы төлөгөн ким бар бүгүн? Алар Пушкин, Неруда, Ахматова ж.б… которгондон көрө өздөрүнүн жазгандарын жарыялаганга кызыкдар.

– Ошондон улам сизге окшогон профессионал адабият өкүлдөрү эгемендиктин учурунда Куран, Библияны которуп, «Балбай», «Боронбай» сыяктуу романдарды заказдын негизинде жазган үчүн колуңуздар байланып калды да…

– Муну ачык эле айтайын, көроокат үчүн… Мындай өткөөл мезгил поэзия бечараны кор кылды. Жалаң ыр жазуу менен күн өткөрүүгө болбой калса, заказ менен иштебегенде эмне кылат элем. Алган пенсиям 6000 сом эмнеге жетет? Ошондуктан «шабашка» жасагандан башка аргам жок.

– Библияны которгон акыңызга жакшы төлөнгөн дешет?

– Бул — Германиянын заказы. Бирок жаман болгон жок, бир үй, эки дача, бир «Жигули» сатып беришти. Мен эми ууру кылалбасам, башка эмне кылат элем? Же өкмөтүң, же жазуучулар союзу карабаса. Ал убакта (1994-жылы) Кыргызстандын абалы өтө эле кыйын болуп турбадыбы, 500 сом менен пенсияга чыктым. А үйбүлөмдү мен бакпасам, ким багат? Таштап кетемби? Кыскасы, турмуш бизди эмнеге гана мажбурлаган жок! Өзүм ал диндин өкүлү болбосом да, аргасыз көндүм. Болбосо өзүм башынан атеистмин. Бирок мунун баарына эмнеге баш ийдим? Адабиятка материал болуп берчү жактарын тааныш үчүн. Жакшы жери, динге болгон көзкарашымды, түшүнүгүмдү кеңейттим. Себеби, илимий жагын өздөштүрүүгө да туура келди. Дегеле котормонун өзү кандай котормочу болбосун кругозор үчүн жакшы.

– Атеисттик көз караштагы адаммын деп атпайсызбы, бирок ишенимсиз кыйын эле болгондур?

– Ичине кирип алсаң, кете бересиң. Ал өзүнчө чоң сөз… Менин айтайын дегеним, котормочулукта эмнени уттурдум? Үч нерсени, болуп-толуп турган жаш курагымды, экинчиси, моралдык жактан утуласың. Себеби, аты сага калбайт, Пушкин же Некрасовго калат. А сенин фамилияң аягына жазылат. О.э. бизде котормону баалабагандыктан, калем акыны башынан эле жеке чыгармасын жазгандарга караганда котормочулар аз алат. Жалгыз бир чоң нерсени уттум, кругозор кеңейип, көзүм ачылды. Менин тилим жакшы сайрап калганы да ошондон. Көкүрөгүм туюк эмес.

– Акыркы убактарда «Агым» гезитине жарыяланып жүргөн эротикалык ырларыңызды окуп, «аний» дегендер көбөйдү. Байбичеңизден тил уккан жоксузбу?

– Уктум. «Өлүгүңдү көрөйүн, ушинтип да ыр жазасыңбы» деп бир жолу айтты, эми ал кемпир болуп калгандан кийин мени кызганат дейсиңби. Ал деле азыр менин эч жакка барбасымды жакшы билет. Ал кездер калды да… «Баягы айтып жүргөн эле сөздөрүң турбайбы» дегенден башка эмне демек эле, унчукпай калды. Бир күнү тээ илгертен берки архивдеримди аңтарсам, бир тобу жүрүптүр. Андагы жеңелеримди карасам, көбү одүйнөгө кетиптир. Алардын эмнесинен коркот элем, көздөрү өткөндөн кийин жарыялай берейин деп, «Агымга» алып барып берип салдым. Бирок эротикалык ырлардан абайлаш керек экен. Кээси өтө орой формада жазылып калганын жарыяланып кеткенден кийин байкадым. Көрсө, «тигинин» атын атабаш керек экен. Андай ырларды Ысмайылчасынан «эң керектүү жерди алды, белгилүү жерден белди алды» деген сыяктуу каймана мааниде айтса болгудай. Биз эми эл окуй турган теманы табыш үчүн жазып атабыз да. Баягы замандагыдай эмгекти даңазалап, колхоз, совхоз, партияны ырдай турган мезгил эмес экен, башка эмнени жазабыз? Азыр өтө турган теманы жазышыбыз гана калды.

– Сиз эми өмүрүңүздүн күүгүм мезгилинде турасыз. Сизди азыр эмне ой көбүрөк санааркатат?

– Эң эле жаман жери, теңтуштардын азайганы экен. Тамаша кылыша тургандардын баары тынчыды. Негедир көбү эрте кетти. 60-70ке чыкпай калгандары канча… Баары түшүмө кирет, азаптыкы… Ал эми тирүү жүргөндөрүнүн көбү азыр үйлөрүн алмаштырып, жаңы үйлөргө көчүп кетишти. Бул да баарынан жаман экен. Же үйлөрүнө издеп барып таппайсың, же телефондору өзгөрүп кеткен болот. Азыр жазуучулардын тирүүлөрү кайда, билбейм!!!

Олжобай ШАКИР
«Айат-пресс» гезитине (18.12.2008-ж)

Ушул маегибиздин алдында «Азым» гезитине (21.11.08) Э.Турсунов менен С.Эралиевдин котормочулук жаатындагы өнөрүнө сөз тийгизген макалам жарыяланып кеткен. Болгондо да «Эл Баатыр, Эл акындары – адабияттагы эрке талтаңдык эмес» деген аталыш менен. Адатта кээси мындай сын макаладан кийин жүз карашпай калары белгилүү. А бирок Эрнис ава экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болбогондой, алдыбызда койкойгон шише турду. Ал киши ичет, мен улам куюп берем, закүскөсүн оозуна такайм…

Жогорудагы маегибиз Эрнис аванын кызымтал абалга жеткендеги ымандай сыры болчу. Ал эми ага чейин жарыяланган сын макаламды бу жерден окуп алсаңыздар болот…

Эл Баатыр, Эл акындары – адабияттагы эрке талтаңдык эмес

Кепти дүйнө адабиятынын тажрыйбасынан баштайын, ансыз кыргызга бирдеңкени далилдешиң кыйын. Андыктан XIX кылымдагы орус адабиятынын дөө-шаа акындары М.Лермонтов менен Ф.Тютчев мисалын алалы. Бул экөө немистин улуу акыны Г.Гейнени кантип орусчалаган? Өздөрү каалагандай. Каалагандай дегеним, ансыз байтак маданияты чалкыган орустун кулк-мүнөзүнө Гейне туура келет беле, жокпу? Ай, кайдан.

XIX кылымда орус окурмандарына Европа акындарынын ичинен Гётеден кийин эле Гейненин ырлары кеңири тараган экен. Мындайча айтканда, бул экөөнү орус фольклоруна жакындатып салышкан. Мисалга, Г.Гейнени Лермонтов, Блок, Тютчев, Фет, Михайлов, Добролюбов баш болгон улуу акындар которгон. Алардын ичинен Тютчев Гейнени түз эле орус талаасына, турпагына сүйрөп жөнөйт. Болгондо да так өзүнүн философиялык лирикасына ыктатыштырып. Гейне бир ырында: «Звучали лютни, в бубни били» (ырдын сөзмө сөз берилген түп нускасы. О.Ш.) десе, Тютчев аны: «Дети пели, в бубны били» дейт. Экөөнүн айырмасы барбы? Бар. Лютна — кыл аспап, бубна — урма аспап. Бирок орус мүнөзүнө кыл аспапка караганда урма аспап жакын болгон үчүн Тютчев «өзүм билемдикке» салган.

Бирок эң башкысы, мындан ырдын мааниси кемип калган жок да. О.э. Лермонтов да Гейнени өз билемдигине салып которгон. Бир мисал: Гейне бир жерде пальма десе, Лермонтов аны карагай дейт. А оруска пальма жакынбы, карагайбы? Албетте, карагай. Демек, айлана-чөйрөбүздү эмне көбүрөк курчап турса, ошол нерсе поэзиянын тили менен жуурулушат да калат. Дагы бир кеп: Лермонтовдун каармандары жараткан жасатынан кекирейген, төрөпейил, менменсинген мүнөздөгүлөр. А Гейненин поэзиясындагы мүнөздөр — кичипейил, илбериңки, жабыгер. Бирок ушуга келгенде да кайран Лермонтовуң Гейненин каармандарынын мүнөздөрүн өзүнүкүнө жакындаткан.

Арийне, так ушул жерден немис акыны башка өңүттөн ачылып, Гейне Гейне болбой калган эмес. Тескерисинче, кудум биздин А.Осмонов Ш.Руставелини кыргыз кыртышына жакын жуурулуштургандай эле, Гейне немистин эмес, орустун элдик акындарынын бири сыяктуу окулат.

Ушул мисалдан улам, биздин Илимдер Академиясы чыгарган (ошол кезде А.Акматалиев жетектеген) «Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы» (2004-ж., «Шам» басмаканасы) аттуу салмагы сайдын ташындай китеп туурасында менин жеке пикирим бар. Китепте Сүйүнбай Эралиев менен Эрнис Турсуновдун котормосундагы дүйнөнүн жалаң дөө-шаа акындары. Эгерде сергек окурмандын алдында Пушкин, Шекспир, Гёте, Гюго, Лермонтов, Уитмен, Тагор ж.б…дын орусча варианты турса: көз алдыга айжаркын образдар элестеп, ар бир сабы жалындап турат. А кыргызчасына келгенде ошол жалын жок.

Жогорудагы акындардын улуулугу да эсиңен чыгып кетет. Мисалга, Э.Турсунов которгон «Евгений Онегинди» окуган адам Пушкиндин генийлигинен бир аз шек алышы мүмкүн. Турсунов Пушкиндин черновиктерин да котормонун ичине киргизип жибергени кыргыздын бетин жер каратат. Албетте, китепке кирген ырлардын баарысы эмес, бирок айрымдары мыкты. Ал жагынан С.Эралиев менен Э.Турсуновдун айла жок чебердиги көрүнүп турат. Аларда айып жок, айып Илимдер академиясында. Себеби, адабияттын арибин тааныган киши антология дегенди өрнөктүү чыгармалардын топтому деп түшүнөт. Ал эми Илимдер академиясында отургандар антология дегенди дүйнөлүк акындардын ысымдары деп түшүнөт окшойт. Болбосо, эмнеге башка котормочулардын эмгегине көңүл бурбады? Мисалы, С.Жусуев, С.Жигитов, С.Акматбекова, С.Тургунбаев, А.Рыскулов, А.Токтогулов, А.Токтомушев, К.Урманбетов, Ж.Зарлыкбеков сыяктуу кан менен тердин ортосунда сөзгө жан киргизип, сөздүн гүлүн терген акындардын калемине таандык ошол эле антологияга кирген айрым шедевр чыгармалар кыргыз тилинде шаңгырап турат.

Эч болбосо мейли, шапалактай китеп болсо да ошол ар кайсы калемгердин өрнөктүү котормолорунан турган дүйнөлүк поэзиянын антологиясын чыгарып коюшса, кандай эрдик, кандай чоң эмгек болмок! Кыргызга мындан өткөн таберик болор беле! Албетте, «Манастын» ар бир томдугунан кем эмес «Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы» аттуу килейген бир китептин жарыкка чыккан сүрүн көргөндө, кубанасың. Ичин ача келгенде, саман-топону аралаш котормолор урунат.

Анан калса, барактап баштаганда эле жонунан бит чуркап бараткан адамды көргөндөй болосуң. Башканы кой, грамматикалык каталары көзгө уруна баштайт. Мына анан оюң ошолорго алаксып, сирке тере бер (Биз калемгерлер корректорлорду ушинтип тамашалайт эмеспизби). Чочуганыңан: э, ботом, китепти кайсы бир адабий клуб же адабий ийрим чыгарганбы деп, алдын-артын карасаң, жок, А.Акматалиев баш болгон редколлегия. Дагы бир кокую: редколлегияда деле С.Эралиев менен Э.Турсунов жүрөт. Мына сага авторитет, кыргыз! Мындай жосун биздин улуттан башканын колунан келбейт. Болбосо, кайсы котормочу өз калемине таандык китепке редколлегия болгонун көргөн жан бар.

Эгер адабиятка жогорудагыдай академиктер менен Эл акыны, Эл баатырлары ушундай мамиле жасап атса, а мага окшогон кулпенделер эмнени гана кылбайт! Адамзаттын рухий мурасына мындай мамиле кылгандарды маданияты өнүккөн элдер «интеллектуалдуу кылмышкер» дейт. А биздечи? Кайда жанагы академик, профессор адабий сынчылар?

Жогорудагы Тютчев, Лермонтовдун чыгармачылыгындай дагы бир мисал: дүйнөнүн улуу акындарынын бири Г.Лорканы немис окурмандары XX кылымдын этегине чейин катуу жерип келиптир. Бир гана себеби, учурунда кодура талант калемгерлердин бири немис тилине которо салган экен. Канткен менен немис эли дүйнөдө эң китепкөй улуттардын бири эмеспи, Лорканы кабыл алмак турсун, «Дүйнө бүгүн сокурбу? Болбосо Г.Лорканы кантип улуу акындардын катарына коюп алды?!» дешип, бечара Лорканы жеберине чейин жеткире сөккөнү бар. А кийин испандардын маданият, адабият, тарыхына кызыккан бир немис Г.Лорканы түп нускасынан окуп алып, тамшанып калат. Эң кызыгы, ал бирок акын эмес экен. Ошентсе да, сүйүү деген сүйүү да. Сүйүүсүн Лорканын ырларын которгонго арнайт. Тобокелге салып которгон ал ырлары четинен жарык көрө баштаганда, немис окурмандары Лорканы тез эле жабылып окуганга өтөт. Ошондон кийин гана Лорканын китептери немистердин талоонуна айланганы айтылат.

Лорканы мисалдаганымдын себеби: С.Эралиевдин Р.Тагор менен У.Уитменди кыргызчалаганы. Экөө тең акылынан шоола тамган дүйнө акындарынын алпы. А бирок кыргызчаланганы тегирмендин ташынан чыккан чала улпак, чала бадырактын аралашмасы дейбизби; же жоргонун бузулган жүрүшүндөй дейбизби; айтор начар ойногон оркестрдин фальшь музыкасы жанбүдөгө салгандай, окурманды кадимкидей кыйнайт.

Өзгөчө, Уитмен канында бөтөн цивилизация, бөтөнчө туюм туйлап турган өтө эле жаңычыл акын болгондуктан, ойкуп-кайкыган эркин куштай поэзиясы кыргызчалангандан кийин капаска түшкөн кушка окшоп калыптыр. Колго көнбөгөн канаттуудай, капастын ичинде бырпырайт.

Арийне, котормо аркылуу окурмандын жаңы табити козголуп, ал эми бизге окшоп ыр чүргөгөндөрдүн бүйрү кызып, жаңылык, тажырыйба үйрөнгүсү келет. А жеке менин көңүлүм Уитмендин кыргызчаланган ырларынан кадыресе кайт болду. Албетте, Эралиев сөзсүз эле Уитменди кыргыз рухуна жууруштуруш керек болчу дегенден алысмын, бирок Уитмен аркылуу же америкалыктардын духун көрсөтүшү керек эле да. Же тигинисинен жок, же мунусунан жок арабөк котормолору антология аталган китепке кирип калышы адабиятка жасалган адилетсиздик болуп атпайбы.

Эми акыркы мисал: илгери биздин Мидике (Алыбаев) орусчаны анча өздөштүрө элек кезинде Гёте, Гейненин орусча ырларына тишкаталбай коюп, кыргызча котормодогуларын окуса керек. Кийин өз чөйрөсүндөгүлөргө: «Мен деле силер укмуш деген Гётеңер менен Гейнени окуп чыктым. Болбойт. Аларың деле Кубаныч Акаевден ашып кеткен талант эмес экен» деген тура. Анын сыңарындай, Уитмендин С.Эралиев которгон ырлары менен таанышкан окурман деле Уитменди К.Акаевге теңей турган. Же болбосо, немис эли Лорканы жеберине жеткиргендей, кыргыз да Уитменди ашата сөгөр акын деп карагыдай.

Көңүл бурар дагы бир жагдай: «Евгений Онегинди» окуп аткан адам огеле көп түшүндүрмө берген Э.Турсуновдун «көптү билемдигинен» чарчайт. Ооба, жылдызча коюлган түшүндүрмөлөр керек. Бирок орду менен. Калыбы, мектеп окуучусу түшүнө турган жерлерди котормочу улам чайнап бергенинен шүйкүмүң кайтат. Биз канчалык окурманга түшүнүктүү болсун үчүн комментарий берген сайын, көркөм чыгарманын кунары качат. Э.Турсунов анчалык мээ чарчатып, түшүндүрмөсүз түшүнө турган тексттерге шилтеме жасай берген.

Ал киши канчалык түшүндүрмө бербесин баарыбир бечел абалдагы окурман бечелдигинен арылып калбайт. Караңыз: мадам, бал, лицей, казино, ода, гарем, трактир, космополит, вульгар сөз, венера, Гомер, Кант, Шиллер, Гёте, Байрон, Эпикур, Цицерон, Клеопатрага түшүндүрмө бериштин канчалык зарылчылыгы бар? Ушуларга Пушкин түшүндүрмө жазды дейсиңби? Жок. Жадагалса: туз — карта, ром — ичимдик, бас — эркектин үнү, кагын — кургак учук, камин — орус меши, бант -дирижёрлор жакага байланган галстуктун түрү дегенден өйдө түшүндүрмөлөрүнө аргасыздан күлөсүң. Булардын маанисине ким түшүнбөйт? Буларды түшүнбөгөн жан дегеле Пушкинди окуйбу? Өзү да ушунча көп түшүндүрмө бергенден адашып калса керек, кайталанма түшүндүрмөлөр да андан көп.

Кыскасы, колго аларлык китеп болгон экен деп, жетиналбай кубанганым курусун. Китепти окуп чыккандан кийин шаабайым сууп, отуруп калдым…

Олжобай ШАКИР 
«Азым» (21.11.08)