АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: ЖЕР ЭНЕБИЗДИН КОЮНУНА КОЛ САЛБАЙЛЫ!

Адам менен жаратылышты кудайым бири бирине  байланыштырып,  бир бүтүн нерсе катары жараткандай. Байкасаңыз,  адамзаттын ар бир жасаган иш аракеттери табигатка  сөзсүз таасирин тийгизип,  ал эми жаратылыш адамзаттын аракеттерине жараша мамиле жасап, анын жашоосун улам бир нукка салып тургансыйт. Кайсы жерде элдин пейили бузулуп, акчага сыйынып, алтын издеп жер эненин коюнун аңтарып, бийлик талашып,  чуру-чуу болуп көчөгө чыгып,  жалган айтып,  бир тууган бир тууганды карабай,  ар кими өз көмөчүнө күл тартып,  ынтымак ыдыраганы байкалса, көп өтпөй эле ошол жерден ырыскы качып, кырсык басып, кээде  сели каптаса,  кээде кургакчылыгы болуп, жер силкинип,  айтор, жараткан өз пенделерине ачуусу келип жазалайт.

Тескерисинче, кайсы жерде элдин пейили кенен,  ынтымактуу болсо,  айлана-чөйрөсүнө аяр мамиле кылышса,  ошол жерде бейпил турмуш өкүм сүрөт. Бекеринен кылымдын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов жерди энеге салыштырбаса керек.  Чынында жер эне тирүү организм, адамзат энесинин эмчегинен чыккандан тартып эле жер эненин жемиштери менен азыктанып, жер эненин мөмөлөрү менен күн көрөт эмеспи. Анан эле  энесине кол көтөрүп, токоюн кыркып, кен байлыгын издеп коюн кончуна чейин кол салып жатса ким жакшы көрсүн: чыдап,  чыдап туруп бир күнү айласыздан силкинип,  тентектерин жазалайт окшобойбу.

Жакында колума тийген эки нерсе мени ушул ойлорго түртүп,  ушул саптарды жазуума себеп болду.  Биринчиси,  Чоң-Кеминдин Кайыңды айылында жашаган классташым Абдиев Малай тээ алыскы, 1979-жылдары чоң атасы Тердикбай уулу Жусуптан магнитофонго жаздырып алган Ысак Шайбековдун  1911-жылы Чоң-Кемин зилзаласында каза болгон Туралы Ногоевго кошкон кошогу. (Жусуп чоң атабыз көптү көргөн,  көптү билген,  нарктуу сүйлөп, нарктуу жүргөн адам болгон. Ысак Шайбековдун Зилзаласын, Шабдан баатырга кошкон кошогун  жана башка элдик дастандарды жатка айткан. 1987-жылы 107 жашында каза болгон). Экинчиси,  учурда активтүү укук коргоочу, бизнесмен,  Кемин райондук администрациясынын байкоочу кеңешинин төрагасы,  кыргызым өнүп-өссө деп күйүп-бышкан жигиттерибиздин бири Мыктыбек Келдибеков тээ 1990-жылдары Ленинград шаарында окуп жүргөндө Мамлекеттик архивге кирип алып чыккан,  Токмок участкасы боюнча 1911-жылкы жер титирөөдөн жабыр тарткан адамдар тууралуу падыша армиясынын штаб капитаны Кутуковдун өкмөткө берген тизмеси.

Чоң-Кемин зилзаласы 20 кылымдагы эң чоң жер титирөөлөрдүн бири болуп эсептелинет экен.  Ал 1911-жылы 4-январында жергиликтүү убакыт боюнча 4 саат 26 минутта болуп, күчү Рихтер шкаласы боюнча 10-11 баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү ушунчалык күчтүү болгондуктан Ташкент,  Екатеринбург,  Баку,  Иркутск,  Кабанск,  Пятигорск,  Пулков,  Калькутта,  Бомбей, Омск,  Томск,  Көкчө-Тоо шаарларындагы сейсмикалык станцияларында катталган.  Эпицентрден 1000 км аралыкта илинип турган буюмдар кадимкидей кыймылдаган. 6 секун ичинде Ой-Талдан Жел-Арыкка чейинки тоо кыркаларында узундугу 200 км,  айрым жерлерде тереңдиги 8 метрге жеткен жарака пайда болгон.

Жер титирөөнүн күчү ушунчалык күчтүү болгонуна карабай,  жабыркагандардын саны салыштырмалуу аз болгон. Геолог К. Богдановичтин айтымында, жер титирөөдөн 452 адам каза болуп, 740 адам жаракат алган, 1094 турак жай,  4545 боз үй талкаланып, 13000 миңге жакын мал өлгөн экен.  Штаб капитаны Кутуковдун тизмесине ылайык Токмок участкасында каза болгондордун саны 251адамга жеткен.  Мына ошол каргаша болордун астында ыйык жерибизге орустар келип, Новороссийка деп кыштак салып, бабаларыбыз буурусун тишин тийгизбей сактап келген жерлерибизге соко салып,  дың бузуп,  токойлорду талкалап,  жайыттарыбызга чочколорун жайнатып бага башташкан.

Эл ичи да тынч болбой,  дин качып,  пейил тарып,  дал бүгүнкү күндөгү абалдай болуп турганы Ысак-Атанын Туралыга кошкон кошогунда байкалат. Ал зилзала ошол кездеги адамдардын жашоого,  айлана-чөйрөгө болгон мамилесинин жыйынтыгыдыр.

Басма сөз маалымат каражаттары 100 жылдан кийин жер титирөө кайталануу коркунучу бар экенин жар салып келе жатышпайбы. Ошондуктан эл-журтума кайрылар элем,  келгиле, пейилибизди оңдойлу, бири бирибизге күйүмдүү бололу,  жерибизди алтын издеп аңтарган сугалак ач-көздөрдөн сактайлы,  болбогон себептер менен митингдерге чыкпайлы. Атка минерлерибиз элди бөлүп-жарбай ынтымакка келишип,  элди жакшы турмушка жетектешсе деп тилейли…