ШАКИР Олжобай: КОЛЕТТ: АЯЛ ДЕЛЕ ЭРКЕК КЫЛГАНДЫН БААРЫН КЫЛАТ, БИР ГАНА ЖЕРИ – ДУБАЛГА ЖАБА СИЙЕ АЛБАЙТ

Сибония Габриэль Колетт, (1873-1954), француз жазуучусу

 Кээде кызганчаак эркекти аял кечирет, бирок кызганбаган эркекти өмүрү кечирбейт.

* * *

Кызыгы, эркектер аялдардын баары бирдей дешет да, анан эмне аялдан аялды тандашат?

* * *

Аялды арбаш керек болгондо эркектер укмуштай калптарды айтат, а ташташ керек болгондо ыгы жок калптарды тантырайт.

* * *

Аялды элеттин жашоосунчалык эч нерсе карытпайт.

* * *

Жедеп өлөрүбүзгө көзүбүз жетмейин эле карылык келип калганын байкабайбыз.

* * *

Кемпир болорум менен мен жөнүндө ушактар тыйылды.

* * *

Жүрөккө бырыш түшпөйт, так түшөт.

* * *

Бир чечимге келүүгө зериккениң жардам берет.

* * *

Аял деле эркек кылгандын баарын кылат, бир гана жери – дубалга жаба сийе албайт.

Орусчадан оодарган Олжобай ШАКИР