ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: КЫРГЫЗДЫН КАЙРА ЖАРАЛУУ ДООРУНДАГЫ КӨКБӨРҮ МААНИСИ

«Эртегисин эстесе,
Шаа колдосун деп турар.
Бөрү энесин эстесе,
Жал колдосун деп турар.
Ата-тегин эстесе,
Бай колдосун деп турар.
Ынтымагын эстесе,
Жар колдосун деп турар…»

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ

Кайсы элдин тарыхына карабаң: мифтен, уламыштан кайгып өткөн калк жок. Мифтердин, уламыштардын негизинде улуттук философиясынын жерпайын аныкташат. Мифтерге, уламыштарга таянган тарыхый-философиянын гана тамыры тереңдеп кете берер. Башканы коюп, «Манас» эпосунда бурут деп айтылат. А түпкү маанисинде «бөрү ит» эмеспи. Ымыркай төрөлүп, денесинин бир жеринен көгөргөн так көрүнсө, көңкө кыргыздын төл сөзү бар айныксыз: «Бул – Умай Эне колу» же «бөрүнүн жалы».

Кыргыз жөнүндө уламыштардын биринде ашын уругу кас душмандын капилет канабайран согушунда тукум курут калчудай тукулжурайт. Уугу кыйраган улуттун, түндүгү түшөр буруттун (Алдыда бурут атанаар улут – О.Ш.) тукуму калбачудай кырылат. Кан күсөгөн кас душман кыргыз тукумун калтырбашка ант берет. Ант бергени ушу – эмчектеги жалгыз калган баланын да колу-бутун кыя чабышып, кыргыздын эң акыркы тукуму кыйналып өлсүн үчүн ошол жалгыз баланы ай-талаага таштап кетишет.

Ыңаалаган ымыркай үнү сооп таппай турганда – Бөрү-Эне жортуп келет. Баланын жаратын жалап, жалгызды аяп, калтырып кеталбайт. Боортоктоп ак сүтүн эмизет. Бу кабар кас душманга жетет. Түгөткүрлөр баланы издеп калганы. Өлтүрмөккө. Бирок Бөрү-Эне баланы бөктөрүнө качат. Ошол бөлтүрүктүн сүтүн эмип чоңойгон бала тууралу уламышты карасөздүн балбаны, жорго сөздүн албаны кайран Ашым Жакыпбеков да баяндайт эмеспи маминтип: «Кош аяк күчүк, сүт эмип бүтүп, бөрүнүн боорун аймалайт сүзүп. …Улуду Бөрү, уңшуган жөнү: Кайыптын уулу ит болбойт экен. Теңирдин кулу – түк болбойт экен. Эмчегин эмет, ээкке тебет. Күчүкчө кыңшып, кишиче күлөт. Жогдорун апчып, жонуна минет. Эсине келсе, неткени турат. Атасын көрсө – кеткени турат. Шондо Бөрү туюнду: бир карап Түндүк Уюлду, бир карап Түштүк уюлду, моюн сунуп тагдырга, көзүнөн жашы куюлду… (Уламыштан кыскартылып алынды – О.Ш.)

Биз, уламыштын ток этер гана жерин кертип алдык. Кыскасы – бала аман-эсен бойсунуп, кийин кыргыз тукумун өстүрөт. Кырылган элдин өчкөн отун ошол Бөрү-Эненин ак сүтүн эмип өскөн бала улайт.

Уламышты балдар үчүн 1975-жылы жазган А.Жакыпбековдун бул чыгармасында: Теңир уулу Шаа-атабыз Бөрү-Энебизге барганы, баланы кантип алганы, ошол бала «Бөрү-ит» болуп калганы; тарых жолу өзгөрүп – «бурут» болуп андагы, ошол бала өткөн кезин унутуп, бөлтүрүктү улутуп, бөктөрүп бирин курутуп, «көкбөрү» деген оюндун тарыйкасы жаралат. А.Жакыпбековдун көркөм баянында: кийин-кийин «кыргыс-жойгус» деген сөздөн «кыргыз» чыкканы айтылат.

Кепти минтип байыркы уламыштан баштаганыбыздын себеби, бүгүнкү тарыхый доорубузга көкбөрү түшүнүгү кантип жуурулушуп калганы туурасында кеп куруунун жүйөсү келип туру.

Кыргызстан өз алдынча табынсыз өлкөгө айланды дедик. Аны эгемендик деп шардана салдык. Улуттук кайра жаралуу сезимибизди дүрт жандырган баалуулуктар биринин артынан бири чыга келди. Кыргыз атыбызды дүйнөгө даңазалоо жараяны өзүнөн өзү жаралды. Мамлекет тарабынан Манастын 1000 жылдык тою кыргызды дүйнөгө таанытат деген ураандар жаңырып, бирок даңазалуу ал той чоңдордун ичип-чычкан майрамы болуп жыйынтыкталды.

Арийне, Кыргызстанды дүйнөлүк аренага таанытуунун андан да реалдуу жаңы идеясы жаралды. Көрсө ал улуттук баалуулуктун маңызын көтөрүүдө экен. Ал эмне маңыз эле? Көчмөн элдин көкбөрү өнөрүндө жатыптыр кеп! Дүйнө жүзүнө жапондорду сумо, каратэ; кытайларды кун-фу; испандарды коррида (тореадор менен буканын опурталдуу оюну) тааныткандай эле байыркы жоокерчилик заманында ат жалында ойногон ата-бабалардын ат оюну көкбөрүнү дүйнөлүк спорт катары таанытуу идеясын көтөргөн бир эр чыкты – Болот Шер.

Көкбөрү идеясын жайылткан Болот Шер

Көкбөрү өнөрүнүн даңазасы узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына тез эле тарады. Өзүбүздүн түрк тилдүү элдерди кой, Улуу Британиянын Королдук Коомунун ICON FILMS киностудиясы менен Япониянын белгилүү «Фуджи» телекомпаниялары көчмөн элдин көкбөрү тууралу оюнун толук метраждуу документалдуу фильм кылып тартканына улуттук сыймыгыбыз жаралды. Төгөрөктүн төрт бурчуна көкбөрү деген спорт жайылып баштаганына мына быйыл туура 20 жыл болду. Тилекке каршы, бирок соңку жылдары көкбөрүнүн ооматы мурдагыдай эмес. Ал тууралу өзүнчө чоң сөзүбүз алдыда…

Баягы улак тартыш деген көкбөрүнүн дагы бир аталышы эл арасында анчалык чоң мааниге ээ болбой калды. Улак эмне болуп калыптыр: эр жигиттин каруусуна илинген улактын салмагы да кеппи. Улактын салмагы канча дейсиң? Аның жембаштыктан ашабы? Көңкө кыргыз көйрөң эл бекен шончо мактангыдай? Улакты кимдер тарткан?.. Борбуюна күч толо элек бозуландар тарткан. Эрезе курагын эңсеген тестиерлер ошенткен-ов! А эңгезердей эрлер улак тартмакпы, көкбөрү тарткан аларың. Торпок тарткан…

Көкбөрү деген эзелки аталышы ошентип кайра энчиленди. Жөн эле энчиленбей: көкбөрүнүн аты менен затына улуттук философия, символдук маани төндүрүлдү. Ал кандай философия, кандай символдук түшүнүк эле? Бөрү – бул эркиндиктин, чечкиндүүлүктүн, көктүктүн, ар-намыстын символу. Анын мойнуна алтындан каргы таксаң да ит болуп бербейт корооңдо. Курсагын тойгузганың үчүн куйругун шыйпаңдатпайт. «Бөрү баласы ит болбойт» деп кыргыз шон үчүн ызырынган эмеспи көкжалдын тукумуна.

Айбанаттардын падышасы делген арстан тукумун цирктеги оюнга үйрөтсө болот экен, ал эми карышкыр тукуму цирк манежинен өнөр көрсөткөнүн көргөн, билген пенде барбы?..

Бөрү баласынын жонунан терисин тирүүлөй сыйрысаң да кыңшылабаган жаныбар экенине адам баласынын акылы айраң болуп келет.

Андыктан көкбөрү деген аталыштын өзү да улуттун кулк-мүнөзүн калыптоого мааниси зор эле. Ооба, абыдан зор эле: азыркы шыйпаң мүнөз болуп бараткан кыргыз үчүн… Түлкү мүнөз, коён жүрөк жигиттерибиздин арын козгоор улуттук идеологиянын бир салаасы көкбөрүдө болучу. Аттиң, азыр кыргыз жигиттеринин эрк-кайраты, кулк-мүнөзү көкжал карышкырдыкындай болсо кана! Улуттун ариет, намысын көкөлөтөр жигиттер качан тарбияланаар?.. Орустар «трус не играет в хоккей» дегениндей, кыргызда суу жүрөк жигиттер гана көкбөрү ойнобойт түшүнүгү жаралса-ов! Көкбөрү оюнундагыдай тобокелчилик эч бир оюнда кезикпес. Азыр кыргыз армиясынын катарындагы жигиттерди кайраттуулукка, эрктүүлүккө тарбиялаган эмне сыноолар бар? Жок! Кыргыз жигиттеринин азыр жүүнү бош, кайраты мокок. Андыктан кыргыз тукумун тарбиялоодо көкбөрү өнөрүнүн мааниси зор экенин баамдабай жүргөн жокпузбу?!

Улуттук оюн көкбөрүнүн желеги желбиреп, гимни жаңырып турганда кыргыз тукумунун өнө бою чымырап, каны дүркүрөп, ата-бабасына сыймыгы артып тургандан өтөр идеология барбы?! Көкбөрү оюнунун желегинде кандай маани камтылды эле? Желектин ортосундагы бөрүнүн башы тартылган көк түс үч бурчтуу шынаа кейиптенип, дүйнөнү жарып бараткандай, жиреп баратса, бериде көкбөрүнүн гимни жаңырат эмеспи:

Алтай Тоодон, Ала-Тоодон, адырдан,
Ак калпакчан кыргыз үнү жаңырган.
Шуулдаган буруттардын урпагы
Шумкар болуп көктөн жерге сайылган.

Ат минсе арстан кыргыз,
Ааламга баткан кыргыз.
Көк асты, Жер үстүндө
Көкбөрү тарткан кыргыз.

Шаа атанын арбагы бар кан-жанда,
Шаабыз жетет намыс барда, ар барда.
Көкбөрүгө дүңгүрөтүп жер шарын
Көкөлөтө көтөрөбүз ааламга.

Көкжалдан калган кыргыз,
Көөдөнү арман кыргыз.
Көмүлүп жок болордо
Көктөгөн кайран кыргыз.

Көкжал кыргыз Теңирдеги, көктөгү,
Көкүрөктөн кан акканда өздөрү:
Таштабастан ташка жазып тарыхын
Талаа-түздө тартып келген көкбөрү!

Асмандан балбылдайбыз,
Асылса калбырлайбыз.
Ажалга айрылсак да,
Аттан биз айрылбайбыз!

Кан Манастын урпактары турасың,
Калкта калган бабалардын мурасын,
Кыргыз барда көкбөрүнү буруттар
Кылымдардан кылымдарга уласын.

Жолборстор тарткан көкбөрү,
Жоготпой келген эр кыргыз.
Жоо келсе Атамекенге
Жолотпой келген эр кыргыз!

(Сөзү КР Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдики)