ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: КЭЭДЕ ӨЛҮП АЛГЫМ КЕЛЕТ…

Ооба, өлүп алгым келет, замандаш! Бул ой эмне үчүн келет мага? Айлана-чөйрөмдү карайм, коомдун түрүнө карайм да – мен көрүп чыдай албаган көрүнүштөргө жийиркенем. Кускум келет. Баарына көзүмдү жумуп таштайын дейм, бирок жума албайт экемин. Тилимди кычыштырган, нервимди бүлкүлдөткөн, жүрөгүмдү канаткан коомдогу көрүнүштөр кадам сайын кезигет. Күнүгө… күнүгө! Ал эмес саат сайын… мүнөт сайын! Ооба, ар мүнөт сайын! Каягына карабайын – жүзү курусун баарынын…

Телени тиктесем да, радиону тыңшасам да, интернетке баш баксам да – нервимди чыңаган, жүрөгүмдү сыйрыган окуялар… суук кабарлар, чач үрпөйтөр тири укмуштар… Ушунун баарын көрүп-угуп басып жүргөндөн, кантип өлүп алгың келбейт.

Коомду кантип өзгөртсө болот дейм өзүмө. Эч болбосо коомдогу көзкараштарды, пикирлерди канткенде оң жакка өзгөртүүгө мүмкүн дейм. Көзүм көргөн, кулагым уккан чындыктын баарын калтырбай жазгандан эле коом өзгөрүп кетчүдөй – тил кычышкандан жазат экенсиң анан. Бирок баягысы баягы эле бойдон, жазгандан эле, айткандан эле бирдеңке өзгөрүп кетсе кана?!

*     *     *

Кең ааламда жашап жүрүп кысылып,
келди мага мамындай бир түшүнүк:
кемчонтой кеп салып турса эп экен
кеменгердин зоболосун түшүрүп!

Чым жаздантып кара жерге бергис дээр,
тентип жүрүп өтүп кеткен дервиштер…
Жүзүң куруп калсын ушул кең аалам
Руми, Хафис, Саади, Жами – келгис жер…

*     *     *

Бүгүнкү кыргыз коомунда болуп жаткан ыпластык, түркөйлүк, караңгылыкты көрүп туруп эч нерсе өзгөртө албагандан кийин, бу жашоодо басып жүргөндөн не опаа дейм да – кээде өлүп алгым келет.

Президенттер оңой албаган, депутат, министрлер оңой албаган кыргыз турмушун; жазуучу-акындар, артисттер, сүрөтчүлөр, илимдүү-билимдүүлөр, диний аалымдар, жалпы эле интеллигенция (ушул интеллигенция деген сөздү оозго алгым келбай калды), аттуу-баштуу аксакалдар (түфү-түфү ошолордун бетине) оңой албаган коомду мен оңойт белем деп шалдайып отуруп калам да, кайра өзүмдү өзүм сооротом.

… Кайра өзүмдү өзүм чыйралтам да, эч болбосо «РухЭшти» канча адам окуса, ошончо адамды кантип оңой албайын деп өзүмө дем берем. Жалгыз адамдын колунан не келмек, андыктан мага тилектеш, санаалаш үркөрдөй топ бар. Үркөрдөй топтун аты – интеллектуалдар альянсынан куралган «Чеч-Дөбө» кеңешиндеги мен терең урматтаган коомдун абийирдүү азчылыгы. Ар биринин коомдогу өз орду, өз салмагы бар ошол инсандар менен бирге коомду өзгөртүүгө ниет кылып, улуттун аң-сезимине таасир этер аракеттебиз. Бирок кашаңдык кылып атабыз… А терс көрүнүштөр ушунчалык ыкчамдык менен күндөн күнгө жарышта… биринен бири озот. Жаман кабарлар элге куштай сызып жетип, жакшы иштер ташбакадай кыбырап калгандай, элге жетпей атат. Жеткириш үчүн эмне кылуу керек?..

Элге арка-бел болор, эркеч болор интеллектуалдар бүгүнкү коомдук процесстерге ыкшоо, кайдыгер карабаса дейм. Ошолордун үнүн элдин калың катмарына жеткирүү үчүн чөнтөгүңдүн түбү тешик болбош керек экен. Калың капчыгың болуш керек экен. Капчыгым калың болгондобу: элге электрондук адабият менен бирге аудио китептерди жайылтып, видео материалдар менен өспүрүмдөргө жомок, тамсилдерден турган чыгармаларды тартуулап турсак жаман болбос эле. Мунун баары азырынча куру кыял бойдон калууда…

А капчыктууларга бул оюңду айтып жеткире албайт экенсиң. А мүмкүн аларга так ушундай башаламан замандагы караламан калктын караңгылыгы керектир. Ошол караңгы элди оңой жол менен башкаруу үчүн элдин рухий жакырчылыгы аларга майдай жагат чыгар? Себеби эртең шайлоо келет эмеспи, ошол шайлоодо элден көп добуш алуунун жападан жалгыз жолу – добуштарды сатып алуу эмеспи. А добушун кандай эл сатат, албетте, караңгы! Саясый топтогуларга калктын караңгылыгы ошон үчүн керек болуп жүрбөсүн?..

*     *     *

Бийликтегилерге да рухий жакырчылыктагы караңгы коомду башкаруу ыңгайлуу болуп турат белем: өлкөдөгү билим берүү системасынын кыйроосу, маданият-адабияттагы терең кризис бийликтегилерди анчейин тынчсыздандырган жери жок. Эч нерсе болбогондой, мурдун балта кеспеген аткаминерлер отурат беттери чатырап. Мектеп мугалимдеринин кейиштүү абалы, улуттун деградация коркунучу маанилүү болбой калды аларга. Аларга маанилүүсү – А.Атамбаев менен С.Жээнбековдун ортосундагы тиреште – кимиси кандай позицияны тандоосу гана маанилүү сыяктанат…

Кечээ тиги жээктегиси – бүгүн бул жээкте. Бүттү ушул. Өздөрүн «саясый элита» санагандардын башкы маселеси – бир гана ушунда…

*     *     *

А караламан калктын мүшкүлү – күнү күнүнкүдөй үзүлбөгөн той-торопо, көроокат, соода-сатык, уурулук, ушак, уу-дуу кептер… Улуттун учугун улаар эмне мындайда? Албетте, элдин илим-билим, маданиятын, аң-сезимин көтөрүү. Мунсуз улут келечеги өтө опурталдуу.

Уулун үйлөп, кызын узатып атканы бар. Уул үйлөгөн ата-энелер, кыз узаткан ата-энелер – өз алдынча түтүн булап, өз алдынча тирлигин кылар уул-кыздарына дасмия-дайындыкка, мурас-мураттыкка эмне аманат кыларын турмушта баарыбыз эле көрүп-билип жүрөбүз. Там-таш белек кылганы бар, машиненин түрүн белек кылганы бар. Жаш үй-бүлөлөргө күтүрөгөн мал-тегесин мурастап атканы да бар. Ооба, адамга материалдык байлык-мүлк капиталы да керек. Буюрсун. Тек, материалдык капиталдын түбөлүгү бекемби? Бирок андан да түбөлүктүү мурас, андан да түбөлүгү түз капитал – билим, тарбия мурасы эмеспи. Аны өрт чалбайт да, ууру-каракчылар албайт экен.

Арийне, уул-кыздарыбызга жакшы билим, тарбия-таалимден өткөн капиталдык мурас барбы? Жок, албетте. Опаасыз дүйнө-мүлк атадан-балага буюрган эмес эзели. Эзели артындагы балдарына ченемсиз байлык-мүлк калтырган күндө да: өнөргө, билимге, тарбияга каныкпаган бала дүйнөкорлуктан баш тарта албай каларын ойлобойт экен ата-эне кургур…

*     *     *

Былтыр ушул кезекте болсо керек. Кеч күздүн маалы болчу. Өлгүм келген. Бир сезим келди, ушундай жаным сүйгөн сезим десең: Кудай жалгап өлүп калган экемин дедим. Жаным жай ала түшкөнсүдү…

Өлүм кирди түшүмө жарык кабак,
өмүр кирди түшүмө үңүрөйгөн.
Экөөнө тең тиктеймин талып карап.

Жер менен жер гүл дөбөм.
Мүрзөм үстү жылмаланган жалпак таш.
Жашоо сыртта – дүрбөлөң.

Жайымда тынч жатыпмын
кабыр ичи – мүшкүл жок.
Тирүүлүктүн жолуна
о кайрадан түшкүм жок.

*     *     *

«РухЭш» сайтынын максат-мүдөөсү эле – коом агартуу, улуттук дөөлөт-мурас болор өрнөктүү адабияттын салттуу жолун калыптоо. Бирок бул милдетти аркалоо оңой эмес экенин эки жылдан бери жон теримден сездим. Сездим да, артка кайтаар жол жок экен дедим. Туруктуу финансылык булагым болбосо да туруктуу окурмандар чөйрөсүн калыптоо зарылчылыгын туйдум. Өкмөт казынасынан туруктуу финансылык колдоосу бар маданият министрлиги, илим-билим министрлиги менен билим берүү академиясында отургандар эле кыйратып атыптырбы дедим да, чөнтөгүмдүн түбү тешик турса да: өзүмдү өзүм сынагым келди. Рухий коом агартуу түйшүгүн колго алууда дувана болсом да «РухЭш» сайтын элдин жапатырмак колдоосу менен интеллектуалдар альянсынын аянтчасын курууга белсендим.

Албетте, бул иште мага дем берген киши аз эле болду. Саналуу экен алар. Менин куру кыялыма, куру жомогума ишенген азырынча бир гана адам бар. Ал менин колуктум – Назгүл бечара. Эмне айтпайын, ал мага чындап ишенет. Жомокторума ишенген ошол кургур. А балдарыбыз бизге караганда өтө эле рационалдуу ой жүгүртүшөт. Колуктумду алдагандай, аларды алдай албайм…

*     *     *

Мен анан эмне кылдым – туруктуу окурмандарды «РухЭшти» жапатырмак колдоого чакырып, ЭЛСОМ (0558 08 08 60) эсебин ачтым. ЭЛСОМ эсебибизге 50 сом, 100 сомдон түшкөн тыйын-тыпырды өлсөм көрүмө ала кетүү үчүн эмес, рухий коом агартуу озуйпасын аткарар чыгармачыл команда топтосом, улуттун рухий-дөөлөтүн түптөөр саамалыктарды баштаймын деп кыялдандым эле, бирок битиреген кыргыз, жолуң болгур кыргыз – оңой менен агартуу ишине жанынан тыйын чыгарайын дебейт экен. Тыйынын той-ашка коротсо коротор, бирок «РухЭштей» гуманитардык долбоорду колдоюн дебейт экен. Той-топурда сайрандап ичип-жеп, чычканга эле маш экенбиз биздин эл…

Ошентсе да карапайым эл ичинде мендей дувананы түшүнгөн бир окурманыбыз бар – Айтбүбү Орунбаева. Ушул окурманым менин биртууган карындашымдан артык болуп калды. Эки жылдан бери ар бир айдын башында ЭЛСОМ эсебибизге жалгыз ушул карындашымдан 100 сом, 200 сомдон түшүп турат. Далай мерте «тойдум байдын кызына» деп чөнтөгүмдүн тешигин чукулап калган күндөрү, баарын жыйыштырып, кол шилтеп басып кетким келди, бирок ушул Айтбүбү карындашымдын туруктуу ишеними мени өжөрлүккө үйрөттү. Сайттын түптөлүшүнө дем-күч берди кадыресе… Миң мертебе ыраазымын сага, Айтбүбү! Береги мүрүңдө отурган өмүрлүк жолдошуң, балдарыңа бак-дөөлөт буюрсун! Сен «РухЭштин» эң ак жолтой, эң ак жүрөк окурмандарынын анабашы бойдон келатасың! Сенден кийин эле мага алты айдан ашык мезгилден бери ар ай сайын 5 миң сомдон стипендия төлөп турган ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев досум болбогондо, мен өз ишимди эбак жыйыштыра турган болуп калган болчумун…

Азыр кудайга шүгүр дейм, «РухЭштин» ишмердигине тилектеш достор, агалар, инилер, эжелер, карындаштар күндөн күнгө арбып, алардын кээси өз ара эстафета жолу менен сайтыбыздын ЭЛСОМ эсебине тыйын которуу жөрөлгөсүн баштап коюшту. Күнү кечээ Жамалбек Ырсалиев аттуу иним өзүнүн Улукбек Нусубалиев аттуу мекенчил досу менен биргеликте «РухЭш» сайтынын мындан аркы арымын кеңейтүү ниетин билдирип турган чагы…

P.S.  «РухЭш» сайтын колдоо максатында эстафета уюштуруу демилгесин баштап берген ЖК депутаты Садык Шер-Нияз жана анын демилгесин улантып келген күйөрмандардын ар бирине үй-бүлөмдүн атынан терең ыраазычылык билдирем!