ШАКИР Олжобай: МАДАНИЯТ МАСЕЛЕСИН ТУАЛЕТТЕН БАШТАЙЛЫ, КЫРГЫЗ! (1-МАЕК)

Чейрек кылымчалык мезгилден бери Чехияда жашаган калемдешибиз, белгилүү журналист Амирбек Азам уулу (Усманов) менен болгон маегибиздин мазмуну, келтирилген далилдүү мисалдары кыргыз коомчулугун ойго салып, ариет-намысыбызга келтирсе деп кеп кылдык. Дүйнө элдеринин өрнөктүү жашоо-турмуш мисалынан көзүбүз ачылса деп кеп курдук. Көңдөй көкүрөгүбүздү дүңкүлдөтүп койгулай бербей, кепке кулак түрсөк бекен?..

– Амирбек байке, Сиз менен качан болсо да илим, билим, адабият, маданият өрнөгү туурасында сөз кылуу мен үчүн абыдан кызык. Себеби Сиз ар дайым рухий азыктын артынан кууп жүргөн адам экениңизди билебиз. «Азаттыктагы» журналисттик иликтөөлөрүңүз да дайыма рухий асылдыктардын баркы-баасын аңдап-таанууга ишарат берип келет. Сиздин чейрек кылымдан берки журналисттик ишмердигиңиздеги табылгаларды башкалар кандай кабыл алат билбейм, бирок жеке мен үчүн нектар ташынган аарыдай эле – Сиз бир кыргыз журтчулугуна жалпы адамзатка энчилүү рухий казына топтоо мүшкүлү менен опол тоодой азык берип келесиз. Убагында «Кыргызстан маданияты» гезити аркылуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун көзү менен да кыргыз тилдүү зирек окурмандар жапон элинин байтактуу маданий дөөлөттөрүн таанып турган мезгил болду эле. Тилекке каршы, ал кишинин да ошол өрнөктүү материалдары кыргыз коомчулугуна кеңири таркап, өз баасын албай калганы кейиштүү. А бүгүнкү тапта Сиз да дал ошол Абдуразаков сыяктуу эле дүйнөдө болуп жаткан жана болуп келген илим-билим, адабият, маданият жаңылыктарынан артта калбай, кыргыз тилдүү окурмандарды рухий баалуулуктар менен кабардар кылып келатканыңыз үчүн сизге терең таазим кылам! Эмесе, кеп учугун өзүңүз сүйгөн темадан баштайлы: биз бүгүн эмнеден артта калып, эмнеден алдыга озгон элбиз? Улуттук өксүгүбүз эмнеде?

– Олжоке, мактоо сөздөрүң үчүн чоң ырахмат! А сурооң аябай маанилүү экен. Аны, туура көрсөң,  турмуштук жана илимий-техникалык плюс руханий деңгээлде карасак. Жана адегенде сөздү, сен айткандай “өксүгүбүздөн” баштасак. Турмуштук дегеним адегенде күнүмдүк жашообуздагы көндүм нерселерге токтолоюн дегеним. Бул жактан алганда жолдордун сапаты менен туалеттердин абалын биринчи орунга коёр элем. Жол өзү өмүр. Жол өлкөнүн чыныгы кан тамырына айланган. Бишкек менен Ошту кой, Бишкектен дубандардын борборуна, өзгөчө, Ошту көздөй кеткен кан жолду алчы. 560 км бул жол чын эле кан жолго айланганы качан. Күнү-түнү автомобилдер кишинин канындай болуп кыпын токтобой агып турат. Жол буулса, канча кишинин тиричилиги токтойт. Убактысы өлөт. Жол аң-дөңсүз айнектей тегиз болсо, машинелер ракетадай зуулдап турмак. Автомобилдер да аз бузулмак. Машинелүүлөр – рессор, дөңгөлөк жана башка тетиктерге аз чыгым болмок. Муну эсептеген бирөө барбы? Андай жетекчилер болсо, бир-эки жыл мурда курулган жолдор кыйрап, абалы доңуз челгендей болот беле! Чехияда кан жолдор, мен байкагандан, кеминде 10-12 жыл гармошка болбой тептегиз эле турат. Болбосо, Чехиянын климаты жаанчыл, кышы да Кыргызстандан узак.

Небереси Жоомарт менен.

Жол – өмүр. Муну бекер жерден айтканым жок. Жолдогу кырсыктар боюнча маалыматтарды окуган сайын эсиме өткөн кылымдын 60-жылдарынын аягы, 70-жылдарынын башындагы Вьетнам согушу эсиме келет. Ошол кезде “Правда” ,“Известия”, “Советтик Кыргызстан” гезиттеринин ар бир санында вьетнамдык аскерлер америкалыктардын баланча самолётун атып түшүрдү деген кабар чыкчу. Бизде жол кырсыгын азайтуу боюнча өкмөттүк же парламенттик деңгээлде маселе каралып, үргүлжүң бир чаралар белгиленгени эсимде жок. Жол жүрүп баратып, түрдүү кырсыктарда бейажал өлгөн жүргүнчүлөрдү кой, жолдун четинде-тротуарда турган жолоочулар да рулду башкара албаган шопурлардын машинесине тепселип өлүп жатат. Мындай кырсыкты Европада менен Түндүк Американын маалымат булактарынан бир да жолу жолуктурбадым. А бизде кадимки көрүнүш. Буга эч ким да таң калбайт.

– Өнүккөн өлкөлөрдө жол кырсыктарын азайтуунун кандай аракеттери бар? Сиз бул жаатта эмне сунуш кылат элеңиз?

– Олжоке, мен адис эмесмин. Бирок да өзүм окуган, билген, көргөндөрүмдүн негизинде өз оюмду айтайын. Биринчиден, айдоочунун лицензиясын алууну катаалдатыш керек. Жанагы биздегидей, окубастан эле “права” же айдоочунун күбөлүгүн сатып алуу деген такыр болбош керек. Окутпай күбөлүк бергени аныкталган автомектептер менен окуу борборлору, ошондой эле бүтүрүүчүлөрү көп авария кылган, жол кырсыгын жасаган окуу борборлору жабылып, экинчи бул ишке жолотулбаш керек. Буга байланыштуу бир мисал айтып берейин. Илгери, 1967 же 1968-жыл болсо керек. Баланча күнү биздин Чавай посёлогунан 10 чакты киши Кызыл-Кыя шаарына шопурдун жана мотоциклистин “правасына” экзамен тапшырганы барат экен деп эл арасы уу-дуу боло түштү. Ал күн да келди. Эртеси эле “эй, институтту бүткөн түкүнчө агай, кенде иштеген инженерлердин бири болуп, 8-9 киши экзаменден кулаптыр. Электрик Амиракул аке гана өтүптүр” деп, эл кайра уу-дуу болгон. Ал кезде Чавайда ашып барса, “Москвичи”, “Победасы”, “Волгасы” жана согуш ардагерлеринин атайын машинеси болуп,  4-5 жеке менчик машине болор эле. Анан кендин жана геологиялык чалгындоо партиясынын 30-40 машинеси. Ошого автобуска жетпей же батпай калсак,  Үч-Коргонго чейин жөө же “пияда” барчубуз. А бүгүн жолдо машиненин саны кишиден көп. Ошого айдоочунун күбөлүгүн алам дегендерге талап мурдакыдан 1000 эсе жогору болуш керек эмес беле!

Экинчиден, айдоочунун күбөлүгү жок баласына рулду же машинесин берген ата-энелерди жоопко тартыш керек. Чоң суммада айып пул төлөтүш керек. Себеби, непада уулу же кызы кырсыкка кабылса, же кимдир бирөөнүн өмүрүнө залал келтирсе, анын баасын ким ченейт өзү?

Үчүнчүдөн, маршрутка менен таксини кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар жана мурда тартип бузганы катталбаган профессионал шопурлар гана миниш керек. Азыр кандай? Машине айдай алгандын баары эле кирээге жүргүнчү ташып жүрүшпөйбү!

Төртүнчүдөн, арак ичип кармалгандарды токтоосуз жарым жылга машине айдоо укугунан ажыратып, андан тышкары олчойгон айып пулга жыгыш керек. Айталы, Чехияда бир кружка сыра ичип алган киши 10 миңден 20 миң кронго чейин төлөйт. Бул акчаны долларга которсоң 500 доллардан 1000 долларга чейин болот. 100 грамм арак ичкен адам азы 25 000, көбү 50 000 крон төлөйт. А Германияда айып пулдун суммасы мындан да чоң экенин билем. Алкогол демекчи… Он жылдай илгери Чехиядагы парламенттик партиялардын биринин төрага орун басары 100 грамм басып алып, машинесин эми от алдырганы жатса, полиция келип калбайбы! Байкуш функционер терезесин ачпай, жарым сааттай отурат. Полицай да кезерип тура берет, аны кайтарып. Кийин жанагы түтүгүн үйлөтсө, канында нормадан ашыкча алкоголь бар экен. Ал жарым жылга лицензиядан ажыратып, өз ыктыяры менен партия жетекчилигинен кеткен. Анткени, бул окуя полициянын сводкасына жазылып, гезиттердин бетине чыгып кеткен. Же дагы бир окуя: жаңы бекитилген Ички иштер министри таң азанда ээн көчөдө  жаңылбасам 150 км/саат ылдамдыкта жүргөнүн кайсы бир гезиттин журналисттери видеокамерага тартып алышып, сүрөтүн гезит бетине жарыялап жиберген. Министр жол эрежесин бузганы үчүн коомчулуктан кечирим сурап, айып пулдун ордуна деп балдар үйүнүн эсебине  10 миң крон которгон. Бирок бир ай өтпөй кайра чектелген ылдамдыкты бузганы жаамы журтка белгилүү болуп,  министрлик менен кош айтышкан. Муну бүгүн Кыргызстанда элестетүү мүмкүнбү? Менимче, буга коом өзү, айрыкча, кызмат адамдары даяр эмес.

– Туалет маселесин кеп кылуу да биздин коом үчүн абдан маанилүү, Амирбек байке… Кыргызстанга келип-кеткенде көрүп жүргөндүрсүз: канчалаган мамлекеттик коомдук жайлардын туалетине кирүү мүмкүн эмес…

– Киши дененин гигиенасын сактайт. Муну ар бир үй-бүлөдө балдарга бармактайынан тартып үйрөтөт. Молдолор айтмакчы, дененин аврат жерлеринин же уяттуу жерлеринин да өз гигиенасы бар. Кыргыздар айлана-чөйрөгө да аяр мамиле кылган. Жайлоодо бир конуштан башка конушка көчкөн кезде алачык, чатыр, кыргыз үйдүн орду шыпырып тазаланат эмеспи. Эч ким шыпырындыны үйүп калтырбайт. Ушундан улам “Мурунку журтуңду кийинки журтуңдан жакшы калтыр” деп айтылат да. Элибиздин сууга жасаган аяр мамилесичи! “Сууга сийбе”, “сууну булгаба” деп, жайлоодогу же айыл-кыштак четиндеги ар булакка кандай астейдил мамиле кылышчу ата-энелерибиз. Бул кыргыздар көчмөн кезден калган адеп болчу. Көчмөн турмушта он, он беш үй-бүлө чогуу көчүп, жайыт которуп турган. Эл кайра жер которуп келгенче конуш табигый түрдө тазаланып калган. А бүгүн көчүп конгон эл жок. Бирок табиятка болгон аяр мамиле унутулду. Муну туалеттерден даана көрөсүң.

– Сөзүңүзгө аралжы, ыраматылык Табылды Эгембердиев 90-жылдардан кийин таланттуу публицист катары таанылганы эсибизде. Ошондо жазган макалаларынын бирин ушул жерден кепке кыстара кетүүнүн ыңгайы келип туру. Анда ал киши биринчи жолу Америкага барып келгенден кийинки таасирлерин жарыялап, ошондо жазды эле, улуу сөздө уят жогун эскертип: Кудай урган кыргызың жадагалса туалетке кирсе да унитазга түз мээлебей сийген үчүн Кыргызстанда кандай туалетке кирбе, саңырсып сасып турат. Көрсө биздин аң-сезим ушунчалык артта экен, туалетке киргенди деле үйрөнө элек эл экенибизди Американы көргөндөн кийин түшүндүм деген таризде. Чын-чынында коомдук жайлардын туалеттери бүгүнкү күндө деле так ошол Табыке жазгандагы картинаны эске салып келет… Керек болсо туалетти да тыңгылыктуу куруп коё албаган кыргыз канча?!

– Эми ал киши ошондой оригиналдуу ой жүгүртчү эмес беле. Андай адамдар чындыкты кандай формада айтса да жарашып турчу. Ал деле туалет темасына кайрылган себеби, ардангандан улам жазгандагысы да. Болбосо Америкадан андан шумдуктарды деле көрүп ооз ачылчу жагдайлар канча. Бирок Табыкенин улуулугу ошондо жатпайбы, сен сөзгө кыстарган туалет маселесине атайы токтолуп… Белгилүү журналист Эрнист Кыязов да тулеттерди заман талабына ылайык кылалы деп, эчен телерепортаж жасабады беле. Бирок андан көп майнап чыкпады. Эмне үчүн дебейсиңби?

Бир ирет Кыргызстанды жакшы билген жигиттер менен сүйлөшүп атып: “Кан жолдордун жээгинде Европадагыдай таза, сасыгынан демиң кыстыккан туалет бизде жок же барбы?” — деп сурасам, бир топко ойлонуп калышып, анан эки туалетти аташты. Бири Балыкчыга кире бериште, экинчиси Суусамыр өрөөнүнөн Төө-Ашууну көздөй өрлөй берген жерде экен. Жаңылбасам, бул эки туалет тең “Газпромдун” Кыргызстандагы бучкагына таандык болуп чыкты.

Жамгыр жааса эле эптеп салынган дааратканалардын (аларды илгеркиче чычтымкана деп атасак туура болмок) саркындылары сайга — агын сууга айдаган учурларды ким да болсо ар бир айыл-кыштактан жана шаардан көрө алат. Чычтымкананын чуңкуру жерге сиңет. Ал сарыгып отуруп, айыл аралаган арыктарга же чоң сууларга кошулган учурлар жок эмес. Биз ыйман жөнүндө, адеп-ахлак жөнүндө көп сүйлөйбүз. А ыйман, адеп-ахлакка дааратканага босогосунан чуркаган же алыс жолдо машине токтогон жайда далдаа издеп, жанын жеңилдетип,  жаратылышты булгаган кирбейби? Заман өзгөрүүдө. Илимий-техникалык революциянын шарапаты менен элдин көбү автокөлүк минип, өлкө ичинде сапарга чыкса, илгеркидей автобус, поезд же самолет күтпөйт. Кан жолдордо автомобиль тынбайт. Буга жараша кан жолдордун бойлорунда, айыл-кыштактарда чычтымкана эмес, заманбап дааратканалар курулуш керек ко.

Баса, айыл жериндеги үйлөрдүн ичинде курулган дааратканалар европалык стандарттан кем калышпайт. Андай үйлөр азыр ар бир айыл-кыштакта бар болуп жаткандан кийин, эмнеге коомдук дааратканалар чычтымкана абалында калган деген суроо туулат да.

– Сиз заманбап даараткана дегениңизди сыпаттай кетсеңиз?

Эркектердин дааратканасындагы жаш балдардын памперсин алмаштырчу орун. АКШнын Мэриленд штаты.

– Олжоке, мен кайра эле мисал менен айтайын. Биринчиден, азыр Бишкекте, Чүй боорунда, Ош шаарында көпчүлүк ресторандарда дааратканасы Европа жана АКШдагыдан кем калышпайт. Андай жайларда бутумду же шымымды булгап алам, кирип чыксам бутум заара же заң жыттанып калат деп чочубайсың да. Суусу да, самыны да, күзгүсү да бар. Эмне үчүн кан жолдордун боюндагы, шаар аты бар жерлердеги дааратканаларда алдагыдай санитрдык жактан маанилүү заттар жок? Биздин эмне европалыктардан бир жерибиз кемби? Бул нерселерди эмне үчүн Түркиядан үйрөнбөйбүз? Же алыс барбай эле Ош мамлекеттик университетине барып көрүшппөйбү?

Экинчиден, заманбап дааратканалардын чуңкуру сөзсүз цементтен жасалыш керек жана ал толгондо атайын кызматтар келип тазалап туруш керек. Же алардын чуңкуру цементтен жасалып, эки камералуу болуш керек.  Ошондо даараткананын чуңкурунда табигый циркуляция болуп, кыртышка эч кандай зыян келтирилбейт. Мындай эки камералуу дааратканаларды, жаңылбасам, 2005-жылга чейин Чехияда жарандар өзү эле куруп алса болмок. 2005-жылы Евробиримдиктин талабына ылайык, атайын адистешкен фирмалар гана курчу болгон.

Бир мисал айтып берейин. Эки айдай мурда Чехиянын Ческе Будеёвице деген шаарында болдум. Илгери советтик Кыргызстанга ушул шаардан чехтердин “Луна паркы” келчү эмес беле. Ошол Чешске Будеёвиценин эски бөлүгүн кыдырып жүрүп, бир дааратканага кез келдим. Ал, казакча айтканда, “өтө адеми” экен. Жазуусу болбосо, бул жерде даараткана бар деп такыр ойлобойт болчумун. Кире бериши же дализи кадим кинотеатрдагыдай. Аны тазалап тейлеген аялдын отурган жерин айтпа! Ошол даараткананы сүрөткө тартып алдым эле. Окурмандар өздөрү карап көрүшсүн. Пайдасы тийип калар…

– Мындай деңгээлге жакын арада жетпейбиз го?

– Эмне үчүн? Олжоке, жанараак эле ресторандар, тойканалар тууралуу айтпадымбы! Алардын баарын өзүбүздүн эле кыргыздар жасашкан да. Бул иште демилгени өкмөт жана жергиликтүү бийлик өзүнө алыш керек.  Эгер Батыш өлкөлөрүнүн мисалына кайрылсак, даартканалар коомдук жана жеке менчик болуп бөлүнөт. Ошол эле Германия, Чехия, Словакия жана башка өлкөлөрдөгү коомдук дааратканалар бекер. Бирок коомдук жайлардагы, анын ичинде чоң жолдордун жээгиндеги менчик компанияларга, фирмаларга таандык дааратканаларга акы төлөп киресиң. Бул тажрыйбаны колдонууга алса болбойбу?

– Акча алчу дааратканалар толтура го…

– Биз алардын сапаты тууралуу кеп кылып жатпайбызбы? Мисалы, Ноокат базарындагы, же Кызыл-Кыя базарындагы, же Бишкектин Эркиндик бульварындагы, же Нарын шаарына кире бериштеги май куйчу жайдагы дааратканаларга бир башбаккан киши ал жерге экинчи баскысы келбейт. Же бир жыл ичинде баары өзгөрүп кеттиби? Ишенбейм.  Эмне, жергиликтүү бийлик, бийлик атынан сүйлөгөн жетекчилер бул жөнүндө билишпейби? Билет, көпчүлүк чыдайт, башка кайда бармак эле дешет да.

Маектешкен Олжобай ШАКИР