ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: МЕН БИЛГЕН ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВ

1992-жыл. Мен анда опера-балет театрынын студиясында студент элем. Театр деректири — Чолпонбек Базарбаев. Бир күнү сабактан бош кезде курсташ балдар кыздарды өбүштүн айласын издеп, лифтиде кубалашып ойноп жүрөбүз. Жүгүрүп. Акактап… Оюн шарты – кайсы кыз колго түшсө, чопулдатып өпмөй. Балдар колго түшсө, кыздар төпөштөп же төө бастыга алмай. Бирок балдарды балдар куткармай жок. А кыздар бирин-бири куткарса болот…

Биринчи кабаттан бешинчи кабатка чейин кубалашып, театрдын ичин чаңызгытып атканбыз. Бир убакта лифт үчүнчү кабатка токтоду. Кайсы кыз колума тийсе да бетинен чопулдатмай болуп күтүп калдым. Даяр турдум өпкөнгө. Анан да колума автомат кармаган «позада» лифт ачылаары менен немистин солдатындай «та-та-та-та» десем эле, ичинде – театр деректири Чолпонбек Базарбаев! Жылан көргөн бакадай тостоюп турам. Базарбаев күлүп ийди. «Эх, студенттер… Силердики кандай бактылуу күндөр өтүп атат… Киресиңби… Кайсы кабатка чыгасың?» дегенин угуп, мен жымырыла түштүм. А мага кайсы кабатка болсо деле баары бир, колума кыз эле тийсе болду да…

* * *

Экинчи жолу да легендарлуу бийчи менен лифтиден карпа-күрп кезигишип калдым. Рыспай Абдыкадыровдун кайсы бир ырын жайдары маанайда кыңылдап ырдап биринчи кабатка түшүп бараткан экен. Лифтинин оозунда оңтойсузданып турганымды көрүп «кире кой, тартынба» дегенин угуп, лифтиге кадам шилтөөгө аргасыз болдум. Дароо башыман сылап: «Абдыкадыров, Казаков, Тагаевдин обондору кандай керемет ээ, сага жагабы?» — деген күтүүсүз суроосуна мукактанып жооп бергенимче биз биринчи кабатка келип калыптырбыз.

* * *

Өзү бир жакка шашылыш жөнөп атса керек, зуу койду. Легендарлуу кишинин эл сүйгөн обончуларды кеп кылганына, анан мага жасаган мамилесине ичим жылый түштү.

Ичим жылыган себеби: бизге мугалимдер классикалык гана музыкаларды угууга уруксат берип, айылдан созолонтчу секетпай ырларды укканыңарды койгула деген нускоону көп айтышар эле. Ошондон улам мен да опера-балет театрынын ичиндегинин баары классикадан башка музыканы укпайт деп ойлочумун. Анан калса Базарбаевдей улуу бийчи эл сүйгөн обончулардын ашыктык ырларына тамшанганы мен үчүн таптакыр күтүүсүз эле. Себеби балет бийчилеринин да, опера ырчыларынын да арасынан кыргызча ырдагандарды кой, кыргызча сүйлөгөндөрү чанда кезикчү.

* * *

Ошондон көп өтпөй Чолпонбек агай Маданият министри болуп калды. Ал кезде мен өнөр өстөнү жөнүндө бирин-экин макала жазып, гезит-журналдарда ырларым жарыяланып, дымактуу кезим. «Кербез» аттуу музыкалык басылма жарыкка чыгып, калем кармасам эле бирөөнү «шылып» түшкөндү негизги озуйпамдай көрүп, Маданият министринин ишмердүүлүгү туурасында кылдан кыйкым издегенге көнүп алгамын. Өзгөчө ошол кезде маданият тармагы чоң кризиске кабылганына кабыргасы кайышкандар көп болуп кеткен. Ошол нааразы болгондордун оозу менен Базарбаев жөнүндө сындарды «Кербезге» көп жарыялачумун. Биринин артынан бирин…

Бир күнү министрдин катышуусу менен маданият өкүлдөрүнүн чоң жыйыны болорун угуп, жөнөп калдым. Жыйын Кыргыз драма театрынын чоң залында башталды. Залда өңчөй дөө-шаалар. Ыраматылык Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Арсен Өмүралиев, айтору СССР жана Кыргыз Эл артисттери жыкжыйма. Баары Маданият министринин ишмердигине нааразы экенин айтып, Базарбаевди айда талоонго алганга өтүштү. Бир убакта залдагы эл күтпөгөн шумдук болду: баятан элдин нааразычылыгын угуп, башын шылкыйтып отурган Маданият министри трибунага чыкты. Шарт-шарт кадам шилтеп, жаркылдап… Баятан элдин жемесин угуп, бирок эч күнөөсү жоктой жүзүк жарык эле…

* * *

Колуна калың доклад кармаган Чолпонбек агай трибунага чыгары менен: «Айланайын, бир туугандарым! Кесиптештерим! Мен сыйлаган улуу залкарлар отурасыңар. Албетте, силердин алдыңарда тоодой күнөөмдү сезип атам. Мен бүгүн, мына бул докладды атайы түнү бою даярдап келдим эле. Бирок баятан сезип отурам, ушул докладдын эч кереги жок экенин. Ага эч кимиңер кызыкпайсыңар дагы. Эми мен силерге кесиптеш катары, бир тууган катары айтайын. Мен маданиятка чоочун адам эмесмин…» — деп келип, ичинен жарылып алды.

Көкүрөгүндө болгон бугун минтип төктү: «Азыр дүйнө эмне болуп атат? Маданият тармагындагы кризисти айтпайлы, килейген өндүрүштөр, завод-фабрикалар кыйрап атат. Бир кездеги империя деген СССР кыйрады, ошол килейген системанын тагдыры кыйрагандан кийин, искусство эмне болуп калыптыр?! Бир эле Кыргызстандын Маданият министри ушундай акыбалга келген жок бүгүн! Менин ордума сыйкырчы бирөө келсе да маданият тармагын көтөралбайт. Мен колуман келген бардык аракетимди кылып атам, эмне кыл дейсиңер!? Маданиятты көтөрүү жалгыз менин колумда эмес, ушул залда отурган баарыбыздын колубузда. Бул жерде менден кадырлуу, бийликтегилерге сөзү меникинен өтүмдүү улуу таланттар отурасыңар. Бирок урматтуу аксакалдар, кимиң мага ушуга чейин: «Кел, Чолпонбек! Маданиятты көтөрүү баарыбыздын милдетибиз, бизден кандай жардам керек?» деп айттыңыздар? Мага келгениңер эле сыйлык, наам сурап келет экенсиңер. Эгер маданиятка чындап күйсөңөр, силер да мага жардам бергиле. Президентке кирели, премьер-министрге кирели. Аларга менин сөзүм өтпөсө, силердики өтөр…» — деген кыска, так сөзү менен залдагыларга бир сыйра таарынычын айтты эле, отургандар өздөрүн күнөөлүү сезип тып эле басылды.

Ошондо Чолпонбек агайдын чын жүрөгүнөн айтылган акыйкат кеби маданият ишмерлеринин биринин да башына келбегени залга «жарк» эткен чагылгандай таасир этип, ага чейин министрге жаалданып, нааразы болгондорду заматта жибитип жиберди. Министрдин ишмердигине нааразынын баары Чолпонбек агайдын 1-2 мүнөттүк жогорудагы сөзүнөн кийин капиталисттик заман деген эмне экенин ошондо гана түшүнгөнүн көрдүм…

29-апрель, 2012-ж.