ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: САЯСЫЙ АЧЫТКЫ

Угуту күчтүү бозо мас кылат. Муну бозо ичкен кыргыз жакшы билет. Азыркы тапта президенттик жарышка аттанган саясатчыларыбыздын да угуту менен үгүтү күч. Бир кездеги демократ атанган кежирлер дүжүргө айланып чыга келери кимдин оюна келиптир-а (кежир менен дүжүр уйкашып калганын караң)! Бир кезде авторитардык бийликке жол жок деп көчө кыйкырыгын салчу кежир демократтардын алдыңкыларынын бири Жыпар Жекшеев бүгүн аксакал курагына келгенде дүжүр болуп тынды: авторитардык режимге бараткан бийликтин тирөөчү болчудан бетер…

Карылык күч-кубатты алат дечү эле, карылык бу кишини акылдан, адеп-ахлактан алды көрүнөт… Болбосо демдүү-күчтүү жаш кезинде кдкчы Ж.Жекшеев кандай киши эле?.. Апсамат Маселиев менен Аскар Акаевдин заманында эл эркиндигин самап, демократия баалуулугун канкакшап, тузга сийчүдөй чырылдап жиберчү. Өзү менен катар үзөңгүлөш чыккан кдкчылардын көбү одүйнө кете берди, кайрандар! Маркум болгон КДК мүчөлөрүнүн көбү кара жер алдында тынч жатат бүгүн. Жарыктык, эсен-соо жүргөн бирин-экин кдкчылардын алдыңкы сабындагы Ж.Жекшеев болсо бир кездеги санаалаш, тилектеш кдкчылардын мураскору болуп калалбады! Башкасы дүжүр чалга айланса ооз ачпайт элек, ушул кишиден жосун чыгарын күттүк беле?!

Дөөтүлүү ушул курагына келгенде маркум болгон кдкчылар үчүн эркиндиктин мурасын коргой турган жерде эле го! Демократиянын жаназасын өзү окуп атыр энди. О эскайран, демократия! О, эскайран кдкчылар-ов!

Бул аксакал эми Алмазбек Шаршенович орнотор болгон тирания бийлигине биротоло шымаланып шыкакчы болуп алды. Шымаланганда да мына, бийликтин коридорунда «шывабра көтөрүп» чуркап жүргөн журналисттерге маминтип комментарий бергени бурмаланып калбас үчүн түпнускадагы – орус тилинде эсиңизге сала кетели: «Текебаев много раз участвовал в выборах. Мне кажется, что мы слишком много внимания уделяем его персоне. Он, скорее всего, не будет принимать участие в выборах. Выборы и без него пройдут нормально. Думаю, никаких эксцессов не будет». Анысынан да мунусу өтөт: «Он же находится под судом, фактически он подсудимый. Юристам виднее, может ли он участвовать в выборах или нет. Мне кажется, ему сначала надо доказать свою невиновность или ответить по закону, и только потом баллотироваться в президенты».

Бийлик кумарына мас болуп турган А.Атамбаевдин командасынын угутун ачытар, үгүтүн жүргүзөр мындай дүжүр чалдар болуп келген, боло да берер. Себеби те качанкы заманда эле сөөгү сөпөт болгон орустун орошон ойчул жазуучусу Даниил Заточник айтат эмеспи: «Эси жок адамдар отоо чөп сыяктуу: алар уругун сеппесең деле өсө берет». Биздин күндүн алдында баары өсүп чыгарын турмуш көрсөтүп атыр: дүжүрлөр дүркүрөп өсөт экен биздин шартта…

Бирок башкасы башка, эми ушу бир кездеги КДК кыймылынын мүчөлөрү токойду кыйган балтанын сабындай өз идеяларына каршы сороңдоп чыкмакпы акыры?! Ө.Текебаев да КДК кыймылынан суурулуп чыккан эмеспи…