АБЫЛКАСЫМОВ Айтмырза: АЙТМЫРЗА АБЫЛКАСЫМОВ: МАЙРАМДА ОКУЛГАН ЫР

«Мугалим тегирмен сыяктуу. Тегирменге тынымсыз жаңы суу агып келип, парасын тегеретип турбаса, ал иштегенин токтотот. Демек,чанагынан чубурган данды негизги азык-ун кылып чыгара албайт. Андыктан, тегирмендин суусу жок токтоп туруусу, анын бузулуп, талкалануусуна алып келет».
Автор.

Анын бул жамаатта мугалим болуп иштегенине бир айдын эми жүзү оогондо, мугалимдер күнү келип, баарысы жумуштан кийин өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилеп коюш үчүн мектептин ашканасында сайран курушуп, жеп-ичип, бирин бири куттукташып дегендей аския айтышып, тамашалашып, көңүлдүү отурушту. Сөз кезеги акыры ага да келип жетип, кесиптештерин куттуктаган соң, алардын аны-муну, көртиричиликти сүйлөшкөн сөздөрүнөн бир аз болсо да алаксытып, жандүйнөсүнө таасир этер деген максатта, (балким, башкалардан өзгөчөлөнгүсү келиппи же…) баарысына угуза:

– Урматтуу кесиптештер, азыр мен сиздерге бир ырды көркөм окуп берем. Эгер кимде-ким ушул ырдын авторун жана атын тапса, майрамдык белек тартуулайм. Ал – 50 сом! – деп жар салды да, өтө берилүү менен окуп кирди.

«Айнегинен чагылат аккан суунун
мажүрүм тал шактары чуудаланып.
Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу,
тарайт күмүш саамайын сууга малып…»

Шаңдуу окуп жатты ал.

«…Кылыч менен талдарды чаап шакка
кетти кызыл атчандар батыш жакка,
батыш жакка күн батып бара жаткан».

Бир кезде чочуткандай селт эттире үнүн көтөрүп:

«Кушка окшоп канатка аткан
бир жаш атчан
кулады аттан…» – 
деп окуусун улантты. Анын көзүнө күндүн кылкылдап батып баратканы элестеп турду. Кулагына аттардын дүбүрттөрү угулгансып жатты. Бара-бара үнүнөн кайгы, муңайымдуулук угулуп, анан барып:

«Ыйлаба, мажүрүм тал, ыйлабачы,
ыйлаба,
ыйлабачы…» – 
деп бүтүрдү.

Баары тымтырс болуп калышты. Баягы саясатты «сайроочулар» да, «мен башкаларга караганда билимдүүмүн» деп үн чыгарып айтпаса да, дымагынан билинип туруучулар да, «мугалим дегендин кругозору кенен болууга тийиш. Өзүң окуткан предметиңдин окуу китебинен башка да нерселерди билбесең, анан кайсы мугалимсиң» дечүлөр да, алибетте, мектепке мойнунан байлагансып келип-кетип жүргөндөр да, атургай мектептин директору, анын орун басарлары да үн чыгарбай калышты. Өлүү тынчтык алда канчага созулду. Мунун себеби: окулган ырдын көркөм касиетиби же берилген тапшырманын татаалдыгыбы? Бул, ал үчүн табышмак эле. Акыры чыдабады окшойт бир математик мугалим:

– Ой, бул Аалы Токомбаевдин ыры да… – дей салды. Анын бул айтканына караганда акын атпайлардан А.Токомбаевдин гана атын биле тургандыгы сезилип турду. «Туура эмес» дегенчелик кылып, ал башын чайкады.

Дагы тымтырс болуп калышты. Убакыт өтүп жатты. Ал ичинен өзүнө өзү кейип койду: «Кайдагы балээни баштадым эле?!. Мугалимдердин мынчалык экенин («өтө билимсиз экенин» дегиси келип, бирок өзү да мугалим экенин ойлоп, анте албады) кайдан билдим кокуй?! Ушу алтымыш ашык мугалимден кантип эле бири билбесин?»

Аңгыча мектептин директору ишенимдүү өкүм үнү менен:

– Эй, жолдоштор, токтогула,– деди эле баары ага карап калышты. «Кудайга шүгүр, – деп ойлонду ал, – бар экен го бир адам!..»

Үмүттөнө карады ал директорду.

– Менимче,– деди директор сөзүн чоё айтып, – бул жигиттин өзү да ыр жазып жүрөт деп укканмын. Абдан берилип, жүда кайдасын келтирип, айтканына караганда, бул ырды өзү жазган, ырдын атын алибетте өзү айтат да, – деп салса болобу кызыталак, ылайым кысталышта өзүңдүн да үмүтүң акталбагыр!

– Ие, туура, туура, – деген үндөр жапырт аны коштоп кетти.

Ал чийки май чайнагандан да жаман болуп туруп калды.

Ошол кезде бир кызык болду. Столдун о ылдыйында кенже техникалык кызматкерлер деп аталуучу топто отурган (алар: пол жуугучтар, мектептин караулу, электриги, от жагуучулар) бирөө:

– Биз айтсак да болобу? – деп үн салды.

– Болот, – деди айласын таппай турган неме.

– Эми биз силердей билимдүү эмеспиз, – деди ал какшык аралаштыргансып сүйлөп: – Катасы болсо кечиресиңер, агайлар, эжекелер. Менимче, бул ыр түрк акыны Назым Хикметтин «Мажүрүм тал» деген ыры.

– Ой, туура! – деди ал шашып, – туптуура! Сый белек сеники! – деди да, 50 сомдун ордуна колуна кире калган 100 сомдук бир кагазын берип жиберди.

Дагы тымтырстык өкүм сүрдү.

Өзү бир кечиримсиз иш кылып койгондой, бардык мугалим атпайды директорун кошуп эл алдына алып чыгып маскара кылып таштагандай болуп, ал өтө жаман кыжалат абалда барып ордуна отурду. Ошол оор, ыңгайсыз тынчтыкты бузуп:

– Ии, кандай экен? – деди о бир оокумда, ошол мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалим, куду бир чоң жеңишке жетишкен сыяктуу көздөрүн жүлжүйтө кытмыр, табалагансып кыт-кыт күлүп, баарысын айландыра карап: – Тил менен адабият сабагын огеле оңой ойлогон пенделер, кандай экен? (Ким антип ойлогонун же айтканын так айткан да жок) Оозуңарга талкан сугунуп алгансып, бириң да ооз ача албай калдыңар го! Хе, дагы окутуп койгон экенбиз, мына, биздин окуучу жооп берди… Азаматсың сен, ким элең, фамилияң да эске келбей турат, чорттуку?.. «Ой, өзүң кайда элең, неге өзүң жооп бербедиң?» деген да эч ким болбоду. Жанагы ырдын автору менен атын тапкан неме: «Мен бул мектептен окуган эмесмин!»– деп да айтпады.

Мындан кийин отуруш көп деле узабады. Баары үйлөрүнө тарап кетишти. Анткени эртең сабактары бар эмеспи, окуучуларга билим беришет эмеспи!..