ШАКИР Олжобай: ТААЛАЙБЕК АБДИЕВ: СҮЗГӨНДҮ БИЛБЕГЕН КИШИНИ СУУГА ЫРГЫТПА (3-МАЕК)

– Салижан Жигитов менен курган маектеримдин биринде ал киши: «Назым Хикмет сүрөттү кисти эмес, шыбабыра менен дубал бетине балпайтып тарткандай тартып, бирок деталдарын жакшы иштеген эмес. Алыстан жакшы кабыл алынат, а которуп келсең, өксүгөн жерлери көзгө даана урунат. Мен ошол жерлерин кыргызчада жакшыртып койдум» дегени бар. Муну кепке кыстарып отурганымдын себеби, өзүңүздүн «Котормотаанууга киришүү» аттуу эмгегиңизде Хикметтин «Мажүрүм талын» котормо жанрындагы көзгө басар айырмачылык катары кыстара кеткен экенсиз. Жалпы окурман үчүн Салижан акенин ошол эмгегиндеги айырмачылыкка да токтоло кетпейсизби.

— Эми муну айрымдар “Жаман да болсо өз козумдан кочкор салам” деп абасынын котормосун үлгү катары берген экен деп ойлошу мүмкүн. Бирок ал кишинин котормолору чындыгында эле өзүнчө сөз кылууга, жаш котормочуларга өрнөк катары көрсөтүүгө арзыйт.

Эми “Мажүрүм талга” келе турган болсок, бул ыр кирген китеп 1969-жылы ушул ат менен чыккан экен. Өзүнүн айтымына караганда, түп нускадан которуптур. Ал мезгилде чет өлкөлүк авторлордун чыгармалары көбүнчө орус тили аркылуу которулчу эмес беле. Анан калса түбү бирге түрктөр менен биригип кетпесин деген саясат да болгонбу билбейм, бирок кечээ эле 80-жылдардын аягында Фрунзени мындай кой, илим борбору деген Ленинградда да түркчө сөздүк табыш кыйын эле. Окуу китебин эми айтпай эле коёюн. Анан ал киши түркчөнү кайдан, кантип үйрөнүп алганын билбейм. Ошо Союз кулап, Түркия менен байланыш түзүлө баштаган учурда да түркчө билген саналуу кишилердин бири Салижан Жигитов болчу деп айтып жүрүшөт.

Эми курулай мактай бербей, котормону түп нуска менен сапма-сап салыштырып көрөлү:

Salkımsöğüt

Akıyordu su
gösterip aynasında söğüt ağaçlarını.
Salkımsöğütler yıkıyordu suda saçlarını!
Yanan yalın kılıçları çarparak söğütlere
koşuyordu kızıl atlılar güneşin battığı yere!

Мажүрүм тал
Айнегинде чагылат аккан суунун
мажүрүм тал шактары чуудаланып.
Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу
чайкайт күмүш саамайын сууга малып.
Кылыч менен талдарды чаап шакка
кетти кызыл атчандар батыш жакка
батыш жакка күн батып бара жаткан.

Эгер жогорудагы саптарды сөзмө-сөз которсок, мындай болор эле:

“Агып жатты суу,

көрсөтүп күзгүсүндө талдарды.

Мажүрүм талдар жууп жатты сууда чачтарын!

Жанган жалын кылычтарын чаап талдарга,

Баратты кызыл атчандар күн баткан жерге”

дегендей эле болуп калмак. Эми ушуну жогорудагы котормосу менен салыштырып көрсөк, айырмасы дароо көрүнөт. Мындан тышкары, түп нускада “чуудаланып, күмүш саамай, наз менен ашкан сулуу” деген сөздөр дегеле жок. Ушундан улам түп нуска беш сап болсо, котормо жети сап болуп турат. Демек, ал киши жогорудагы сен айткан сөздөрүн бекеринен айткан эмес.

Эми уйкаштыгын карап көрөлү:

Birden
bire kuş gibi
vurulmuş gibi
kanadından
yaralı bir atlı yuvarlandı atından!
Bağırmadı,
gidenleri geri çağırmadı,
baktı yalnız dolu gözlerle
uzaklaşan atlıların parıldayan nallarına!

Ок жаңылды капыстан!
Бир жаш атчан
кушка окшоп канатка аткан
кулады аттан!
Бакырбады,
кеткендерди жалбарып чакырбады,
башын жерден көтөрүп бир азга араң
арман толгон көз менен карап турду
аттардын туяктарын кылактаган.

Мен адабиятчы эмесмин, бирок котормо менен алектенип жүргөн, жогорудагы эки тилди билген киши катары саптардын уйкаштыгы, көркөмдүгү жагынан котормо түп нускадан өтүп кеткен деп айта алам. Анткени саптардын аягындагы “капыстан, бир жаш атчан, канаткан аткан, кулады аттан” дегендер эмне деген уйкаштык! Колу-бутуӊдан тушап, чектеп турган котормо эмес, өзүӊ эргип ыр жазсаӊ да, буга жетиш кыйын. Ал сөздөрдү ушунчалык чебер колдонгондуктан, тексттин котормо экени сезилбей да кетет – котормонун мыктылыгы мына ушунда:

Ah ne yazık!
Ne yazık ki ona
dörtnal giden atların köpüklü boynuna bir daha yatmayacak,
beyaz orduların ardında kılıç oynatmayacak!

Nal sesleri sönüyor perde perde,
atlılar kayboluyor güneşin battığı yerde!

Atlılar atlılar kızıl atlılar,
atları rüzgâr kanatlılar!
Atları rüzgâr kanat…
Atları rüzgâr…
Atları…
At…

Арман күн ай,
атаганат,
каргып туруп ал эми кайра аттанып
өбөктөбөйт ак көбүк ат жалына,
ак аскерди кубалап айгай салып
ойното албайт кылычын баштарына!

Кулагында алсырап жаткан жандын
өчүп барат дүбүртү чапкандардын.
Кылк-кылк этип кызарып күн баткан жер
жутуп алды караанын атчандардын.
Атчандар, атчандар, кызыл атчандар,
аттары шамал-куюн канатчандар,
аттары шамал канат…
аттары шамал…
аттары…
ат…

Көрүнүп тургандай, котормочу түп нусканын формасын да толугу менен сактап берген. Мынча болду эми акыркы бөлүгүн да берип коёлу, анткени өткөн кылымда чыккан жанагы китептин өзүн да азыр табыш кыйын:

Rüzgâr kanatlı atlılar gibi geçti hayat!
Akar suyun sesi dindi.
Gölgeler gölgelendi
renkler silindi.
Siyah örtüler indi
mavi gözlerine,
sarktı salkımsöğütler
sarı saçlarının
üzerine!

Ağlama salkımsöğüt
ağlama,
Kara suyun aynasında el bağlama!
el bağlama!
ağlama!

Өмүр өттү атчандай шамал канат!
Аккан суунун үнү өчтү ир алдыда,
дүйнө бүтүн боёлду караңгыга,
жабылды кара парда
мөлтүр тунук көгөргөн көзүнө анын,
төгүлдү мажүрүм тал
сары чачы төгүлгөн бетине анын!

Баратат коюу тартып түн карасы.
Ыйлаба мажүрүм тал, ыйлабачы!
Ыйлаба,
ыйлабачы!
Ыйлабачы…

Мына ушул бир ырдан эле С.Жигитовдун котормого, дегеле текстке кандай маани бергенин байкаса болот. Ал кишиге башканы кой, өзүнүн жазганы да жакчу эмес, качан көрсөӊ, чийип, кайра оӊдоп отурчу. Көрсө, мыкты текст ошентип жаралат турбайбы.

– «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» дейт. Андыктан өзүңүз менен котормо жанрындагы токтолчу айырмачылыктар туурасында сөз кылгым бар: дүйнө адабиятынын тажрыйбасында оголе укмуштар кездешет. Маселен, XIX кылымдагы орус адабиятынын Лермонтов, Блок, Тютчев, Фет, Михайлов, Добролюбов баш болгон дөө-шаа акындары Гёте менен Гейнени түз эле орус талаасына, турпагына сүйрөп жөнөшүптүр. Ал тургай немис тилдүү ушул эки улуу акындын ырларын орус фольклоруна чейин жакындатып салышканын адабият билермандары абыдан көкөлөтүп келишкен. Ал эми кыргыз адабиятында мындай мисалдар өтө саналуу. Бир айтсак, Алыкул Осмоновдун котормосундагы Ш.Руставели же Аман Токтогуловдун котормосундагы Р.Гамзатовду атасак болот. Дегеле кемелине келише жеткирилген котормо кыргыз адабиятында абыдан аз кездешет, Мунун башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз? Көркөм котормочулук мектебибиз калыптанбаганданбы же баягыле кыргызга мүнөздүү ишке кол учунан мамиле кылган жоопкерчиликсиздигибизденби?

– Жанрдык классификация боюнча, котормолор көркөм котормо жана маалыматтык котормо болуп экиге бөлүнөт. Маалыматтык котормодогу негизги максат – аты айтып тургандай, түп нуска тексттеги маалыматты котормо тилинде толугу менен, чыпчыргасын коротпой берүү. Бул көпчүлүк котормочулардын колунан келет. Ал эми көркөм котормо кыйыныраак. Мындагы максат – баарынан мурун көркөм чыгарманын эстетикалык таасирин котормо тилинде берүү. Башкача айтканда, түп нускасын окуганда ыйлаган киши котормосун окуганда да ыйлаш керек. Бул үчүн эки тилди билүү жетишсиздик кылат. Көркөм чыгарманы которуш үчүн котормочунун өзүнүн да жазуучулук, акындык таланты болуш керек.

Жогоруда сен айткан мыкты котормолор тегин кишилердин калеминен чыккан эмес. Алар түп нускасын окуп, түшүнүп, таасирленип, анан ошону кыргызча кылып беришкен. Болбосо Алыкул грузин тилин билген эмес, бирок орусча котормосун окуп, анан талантынын күчү менен эркин которуп бергендиктен, кыргыздар балдарынын аттарын Автандил, Тариел, Тинатин деп коё башташты да. Менимче, көркөм чыгарманын котормосу баарынан мурун котормочунун талантына, чыгармачылык дараметине жараша болот. Бул – биринчиси. Экинчиси – биздин котормочулар котормо таануу илимин окушпайт, анткени мындай сабак айрым факультеттердин гана программасында бар. Бул боюнча окуу китептери да жокко эсе. Өзү изденип эле окубаса, көпчүлүгүнүн мындан кабары да жок. Сүзгөндү билбеген кишини сууга ыргытып ийгендей эле ар кимиси чамасына жараша, алынын жетишинче тырбалаӊдап, сокур туюмуна салып которо берет. Кыргыз тилиндеги котормолорду түпнускасы менен салыштырып көрсө, эмне деген гана кызыктар чыгар эле. Илгери Камбаралы Ботояров «Жестокий век» (кийин «Каар заман» деген ат менен жарык көргөн) деген чыгарманын жүз беттейин которуп, Ашым Жакыпбековго карап бересизби деп берсе, тытып ийип, кайра котор деген имиш. Кийин кайра дагы которуп чыгып, алып барса, бир карап эле: «Эми болот, которо бер»,- деген экен деп айтып жүрүшөт. Менимче, котормого ушундай катуу талап коюлуш керек.

– Бир курдай Россиянын «Культура» каналында көркөм котормолордун сапаты туурасында сөз болуп, ошондо Совет доорунда бизде эң окумдуу делген авторлордун бири Жек Лондондун «Мартин Иден» чыгармасы котормочу тарабынан кыйла мүчүлүштүктөргө кабылганы сөз болуп, аны кайра которуу зарылчылыгын белгилешти. Муну айтып отурган себебим, учурунда бул чыгарманы ыраматылык Жоробек Султаналиев эң мыкты которгон деп тамшанып окуп келебиз. Арийне, ал киши деле «Мартин Иденди» орус тилинен которду да, андыктан кыргыз тилдүү окурмандарынын убалы эмне болот бул жагынан?

– Эми чыгарма орус тилинен которулган соӊ, орусча котормосундагы кемчиликтер кыргызчасында да кеткени шексиз. «Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт» дегендей кеп да. Ошондуктан колдон келсе, чыгарманы түпнускасынан которуу керек. Бир мисал келтирейин. Жек Жондондун «Ак азуусун» которуп жатканда, ‘snowshoe’ деген сөз кездешти. Сөзмө-сөз которсок, «кар чокой» болот. Орусча котормосунда «лыжа» деп берилген. Бирок бул лыжа эмес, орустар снегоступ деп коюшат экен мындайды . Мааниси боюнча, кыргыз тилиндеги «жапкак» же «чаӊгы» деген сөздөргө туура келет. Калыӊ карга батып кетпес үчүн жыгач алкакка каршы-терши кайыш байланган же чырпыктан токулган бутка байлануучу нерсе. Азыр бизде сейрек колдонулат. Баарынан кызыгы, муну европалыктар америкалык индеецтерден үйрөнүшкөн. Эгер орусчасынан которулганда, котормочу муну шыр эле «лыжа» деп кете бермек. Мындай нерселер көп. Убагында көп нерсе орус тили аркылуу которулуп, ошонун аркасы менен элибиз башка адабияттар, маданияттар менен таанышып келди. Мында орус тилине ыраазы гана болушубуз керек. Бирок азыр ошол бечелдиктен кутулуп, түпнускадан которо турган мезгил келди деп ойлойм.

Маектешкен Олжобай ШАКИР