ШАКИР Олжобай: ТӨКМӨ ЫРЧЫЛАРДЫН ДЫМАГЫ ЖАНА СЫНАГЫ (2-МАКАЛА)

Кеп эми калыстардын кантип «качып» кеткенине келди, окурман. Жеңишбек, Аалы айткандай эмнеге «качып» кеттик? Залда жык жыйма күйөрмандар отурду, бизге дайындалган орун так ошол зал толтура элдин ортосунан берилиптир. Калыстар аттап-буттап секирип чыгып кетер огород эмес эле ал жер. Ошол жык-жыйма элдин арасынан аттуу-баштуу делген эл жазуучу Кадыркул Даутов, эл акыны Анатай Өмүрканов, эл артиси Элмирбек Иманалиев, манасчы Рысбай Исаков, акындар Зайырбек Ажыматов менен оңбогон Олжобай Шакирдин дыргаяктап качып баратканын элестети аласызбы?

Биздин сапта уюштуруу тобунун катчысы Жаныбек Эсеналиев да отурду. Ал жигит ар бир өнөктүн айтышы бүтөрү менен калыстардын кимге канча балл коюп атканын улам жазып алып, сахнадагы алып баруучу Мирлан Саамыйкожонун колуна жеткирип, ал болсо кимдин канча балл топтогонун жарыялап отурду. Тандоо турду жыйыктыктаарга келгенде алып баруучу калыстарга сөз берүүнү сунуштады эле, төрагабыз К.Даутов «айта турган кебим жок» деди.

 

Андан кийинки аксакалыбыз А.Өмүрканов да айта турган сөзү жок экенин билдирип, сыртты карай жөнөдү. Элдин алды сыртка чыгып калган кезде сахнага Аалы чыкты. Айтчусун айтты. Сыртка башбагып калган эл уу-дуу боло кайра токтоп калды. Калыстарды эл алдында жарга такап берген Аалы болсо көшөгө артына жылт койду. Тукурукту баштап коюп… Калыстар курамындагы башкаларыбыз Р.Исаков, Э.Иманалиев, З.Ажыматов анан мен – ойдолоктоп калдык. Биз эмне дешибиз керек эле? Аксакалдарыбыз К.Даутов менен А.Өмүркановдун айта турган сөзү болбогондон кийин биздин айтканыбыздан не өзгөрмөк? Төрагабыз чыгып кетсе…

Арийне төрага эмне үчүн шайланат? Иш-чаранын жоопкерчилигин мойнуна алыш үчүн. Чечимге чекит койчу аксакалыбыз чыгып кетсе, анан биз ошол жоопкер аксакалдын башын аттап жооп кайтарышыбыз керек беле?!

Адам табиятын, кулк-мүнөз, жүрүм-турумун аныктоочу психология илими бар. Агер Аалы, Жеңишбектин логикасы боюнча «калыстар качып» кеткенине келсек, ошол психологиялык чынжырдын илгичи мамында жатат: демек, Аалы бизди талпага талпак кылып салып бергиси келген. Себеби ал залда отурган өз күйөрмандарынын андай жосунга баруусуна да ишеними бекем болушу ыктымал. Канткен менен аш-тойдон калбай ырдап жүргөн Жеңишбек экөөндөй төкмөлөрдүн базары жүрүп турган заманда караламан көпчүлүкө биздей «белгисиз» ысымдардын башын жарып салуу сокур тыйынга турабы?! Алар үчүн көөдөнү көңдөй Аалыдай, Жеңишбектей «автоматтар» балбылдаган жылдыз! Культ личность! Ал ошол дуңку дымагына ишенип, кызуу кандуу күйөрмандарын таянар тоо кылгысы келди беле?..

Дүйнөдө футбол күйөрмандарын билебиз: кызыл кандуулук менен не деген имараттарды талкалап, өрттөп, керек болсо адам канына забын болгон жосундарга чейин барышат. Өз кумирлери үчүн жырткычтыктан да кайра тартышпайт. Аалынын сахнага чыккандагысы дал ошондой өрткө май куйгандан кайтпай турган бейбаштык болчу. Улуттук академиялык драма театрдын куттуу сахнасын ал колхоздун клубундай түшүнгөн деңгээлин көрсөттү. Элге төбөсү көрүнгөн өнөр адамдарынын ушундай чаргөпкөн жиндилигин көргөн элде анан кайдагы маданият өсөт?! Беш маал намазга жыгылып, элди ынтымак-ырашкерчиликке үндөгөн Жеңишбек экөөндөй «такыбаларды» сабырдуулукка тарбиялаган дин ушулбу эми?! Бул эки төкмөнүн адеп-ахлак ориентири – калыстарды сабатуу беле?! Болбосо эмнеге «калыстар качып» кеткенине кыбалары канбай кийин да маалымат каражаттары аркылуу калыстарды суу жүрөк көрсөтүүгө далалаттанышты? Дегеле эмне мүдөөнү көздөп айтылган кеп бул? Мындай кептин артында эмне жатат? Кыбасы канбай калган өкүнүүбү?.. Күйөрмандарын курал кылаар башка амал таппаганыбы?..

Мунусуна жол болсун дейли. Эми калыстар арасында пикир келишпестик болгонун гезиттерге кеп кылган Анатай Өмүрканов туурасында учкай кеп. Ал киши буга чейин кандан, бектен кайра тартпаган мүнөзү менен акыйкаттыкты какшанган ырларын жазып, А.Акаев, К.Бакиевге айбатын көрсөткөн акын катары урматыбызга татып келди. Анан ошол киши төкмөлөрдү тандоодон кийин гезиттерге айтчусун эмнеге калыстар тобунун көзүнө айтпады? Эгер тандоо жүрүп аткан учурда андай калпыстык кетирип атканыбызды байкап отурса, эмнеге ошол жерден «ай балдар, калыстыктан тайып атасыңар» деп эскертпеди? Аксакал катары ал бизге ошол жерден сөөмөй кесеп зекип отурса да жарашмак. Анан качан айылдаш инисинин (А.Өмүрканов, А.Туткучев, А.Нуралиев үчөө тең бир айылдан – авт.) айтканы коомчулук арасында чырга айлангандан кийин гезиттердин бирине калыстар арасында калпыстык болгонун айтканы суроо жаратат: демек, Анатай байкебизге акыйкаттыкка караганда жердешчилик сезим жогору турабы?!

Окуянын калганын кийинки макалада жиликтейбиз…

Олжобай ШАКИР