АБЫЛКАСЫМОВ Айтмырза: АЙТМЫРЗА АБЫЛКАСЫМОВ: ҮЧӨӨ

АҢГЕМЕ

«Балам – балам дейт».
Эл сөзү

Дегеле жайкы ысык тууралуу сөз кылганда, түштүктүн ысыгы алдыңкы орунга чыгары белгилүү эмеспи. Ошонун ичинде Аксы чөлкөмүндө Кызыл-Жардан кийинки эле ушул Кош-Дөбөнүн ысыгы болсо керек. Кимдир бирөө тамашалап калп кылып айткандай, быйылкы жылы жылдагыдан да өзгөчө ысык болуп, а тургай «таш бакалар да иттердей тилин салаңдатып жүргөнүн көрдүм» дегендей эле ысык өз өкүмүн жүргүзүп турду. Анан ошого да көнөт тура адам баласы.

Ошондон улам айтылса керек да «адамдын жаны иттин жанынан да бышык» деп. Муну айтканыма себеп, ушунчалык күндүн күйгөнүнө, тактап айтканда, күйгүзгөнүнө да кайыл болуп, адамдар короосундагы, талаадагы эгин-тегинин кетмендеп чаап, чөбүн отоп жатышты. Анан да өздөрүн алаксытышып, сооротушуп: «Эй, тиги Африкада деле күндүн кырк-кырк беш градусунда иштешет имиш го. Ага караганда биздеги 37–39° ысык Бозбу-Атанын жайлоосундагыдай эле кеп эмеспи!..» дешип, «анан ысык деп жатып алсам, мага бирөө жасап бермек беле? Эл мине болсо, шо да! Эртең эле кыш келет. Же ишенген айлыгым, топтогон байлыгым болбосо…» дешип, «Эч болбосо сууну токтотпой буруп беришсе болот эле жанга аким, айыл өкмөт болуп жүргөн чоң сөрөйлөр» дешип, бардык ачуусун да, үмүтүн да, нааразычылыгын да кетменден чыгарышып, жер тырмап, тырбалаңдап жатышты.

Ошолордун бири – Ашир. Күндөгүдөй эле бүгүн да атасы тигип, акыркы жылдары түшүм бербей картайып калган алмаларын суурутуп салып, ордуна айдалган картошкасын отоп, чаап жаткан.

Күн бүгүн да чычаласын колуна кармай чыкты. Чекесинен аккан тер ысык кесекке тып-тып тамат. Үстүнө кийген ак жектеси тер менен чаң аралашып, саргайгандан күрөң тартып топографиялык картага окшоп калган. Эртең суунун нөөмөтү келмек. Ошондуктан, Ашир күндүн так төбөдөн ачуу тийип турганына да, жанынын кыйналганына да кайыл. Баш көтөрбөй иштеп жатты.

Аширдин атасы Бөлөкбай бая эле баласына:

– Болду, уулум, күн күйүп турат. Ысык өтүп кетпесин, ишти бас кыл эми, – деп үйүнө кирип кеткен эле.

– Азыр, ата, майли, – деген Ашир.

Андан кийин кыйла убакыт өттү. Ашир дагы деле чабыгын улантып жатты.

– Эй, болбодубу эми, – деди атасы дагы үйдөн чыгып, – бүтпөгөн иш барбы? Токтот, балам, кичине эс алып, анан күндүн табы кайтканда деле бүтүрөсүң.

– Мына азыр, ата…

Ал дагы деле ишин уланта берди. Кетменин чаба берди. Бир кезде талыган белин түздөгөнү башын жогору көтөрүп, үй жагын карады. Карады да, бир эсе таң калып, бир эсе кыжыры келип, кандайча кыйкырып жибергенин өзү да сезбей калды:

– Ой, ата… сообу?.. Мине кылып жатырысыз, жарыктык?! Кантет?..

Атасы болсо тогуз айлык небересин (Аширдин баласын) эшиктин алдына жайылган как таардын үстүнө отургузуп, анысы аз келгенсип, үстүндөгү кийимдерин дырдай чечиндирип, кайнаган күндүн астына коюп жатпайбы, тообаң кетейин!!! Анан ошол кыжырды келтирбөөчү жорукпу, кокуй? Жаш бөбөк тарбалаңдап таардын үстүндө жылаңач отурса… «Чын эле атам акылынан ажырап калганбы?» деген ой Аширдин мээсин чагылгандай көзөп өттү. Кантип кетменин ыргытканын, кантип баласына жетип көтөрүп ала койгонун өзү да билбей калды Ашир.

– Бул минеңиз, ата? Балага күн өтүп кетпейби? Көрүп турбайсызбы акыры күндүн аптабын?! – деп кызыраңдады ал.

– Ии де, күн ысып турабы? Ии де, күндүн аптабы өтүп кетеби балаңа?.. Ошол күндүн аптабы менин балама, сага да өтүп кетет. Бир айтсам болбойсуң , эки айтсам токтотпойсуң ишиңи…

– Эми бул бөбөк да али, ата. Мага салыштырып болобу?!

– Биринчиден, сен дале мага бөбөксүң, уулум. Экинчиден, күндүн аптабы менен ата-эненин мээрими кичинеге да, чоңго да, баарына бирдей тиет. Ушуну дайыма эсиңе түйүп жүргүн.

Ашир сөз таппай туруп калды. Анткени аны бир туруп атанын алдындагы уялуу менен ызаттоо сезиминин толкуну каптаса, бир туруп атага болгон ысык мээримдин толкуну каптап жаткансыды. Балким, ошол бууракандаган сезимдер дапдурустан аралаш келип, Аширге сөз таптырбай, ачыгыраагы сөз айттырбай, тамагын бууп, көзүнө жаш тегеретип жаткандыр, ким билет…

Аширдин колундагы наристе чоң атасына бажырая күлүп, ага барууга талпынып жатты…