ШАКИР Олжобай: ТӨКМӨ ЫРЧЫЛАРДЫН ДЫМАГЫ ЖАНА СЫНАГЫ (3-МАКАЛА)

Учурда ашкере саясатташкан коомубузда сын айтуу жөрөлгөсү бир гана саясый чөйрөдөгүлөрдүн дарегине карата айтылганы болбосо, чыгармачыл жана илимий чөйрөнүн арасында дээрлик жым. Себеби сын айттың, балээге кабыласың. Ал эми советтик доордо калыптанган байтактуу жалпы маданий, адабий өсүштөрүбүздү карайлы: театр, кино, сүрөт, адабият, илим-билим тармагынын айбаттуу сынчылары менен чыныгы кесипкөйлөрү арасында полемикалык таймаштар канчалаган таланттарды өстүрдү. Анда адабий сынчылар тургай искусствовед, театровед, музыковеддердин көз кыры салынып турган үчүн кыргыз киносу кандай бийиктиктерге жетти, театр өнөрүндө кандай гана корифейлер өсүп чыкпады?.. Эмне алар сын айтылбаган үчүн чыгармачылык ийгиликтин туу чокусуна чыгышты беле? Ошол эле Ч.Айтматов канчалаган тепкиге кабылып, адилетсиз сындардын ызасына кабылбаган?! Ага дейре улуу акын Алыкул Османов ачуу сынга кабылган эмес беле? Андай мисалдарды санап отурсак, макалага сыйбайт. Азыр кеп башкада…

 

Анан эми ошол улуу залкарлардын алдында оозеки чыгармачылык өнөр өстөнүнөн кечээ эле төбөсү көрүнгөн Жеңишбек менен Аалы эмне болуп калыптыр сын укпай? Эмне аларды ыйыктын ыйыгына айлантып алышыбыз керекпи?! Аларды биз бир гана дуулдатып алакан чапкан колдоолор менен өстүрөбүз деп ойлосок, өтө жаңылышасыңар, урматтуу төкмө ырчылардын күйөрмандары.

Жеңишбек менен Аалыга болгон силердин ашкере сүрөөңөр, ашкере күйөрмандыгыңар мүмкүн аларга менин сынымдан өткөн чоң зыян болуп жүрбөсүн… Мүмкүн экөөнүн көзүн май бастырып албагыла. Ооба, сын – уудай ачуу, а мактоо – ширин бал. Баарыбыз ошол ширин балдай мактоо уккубуз келет. Өзгөчө чыгармачыл адамдар. Бирок ошол далыга таптаган мактоолордун ырахатына магдырап турмушунан жаңылган, алкаш болуп кеткен таланттар кыргыз адабиятында, сүрөт, театр-кино жаатында далай болгон. Далайы мактоону көтөрө албай жардан алыс кетишкен. Арка моюндары астыда калгандар четтен табылат.

Албетте, Жеңишбек менен Аалы дин жолунда жүргөндүктөн бул экөө андан оолак болоруна терең ишенимдемин. Бирок талантты сөзсүз эле ичкилик бузбайт, мактоодон өткөн наркотика жок экенин да унутпайлы. Ал да магдыратат адамды, ал да бузат. Учурда ал экөөнүн текеберчилиги мүмкүн күйөрмандарынын көзүнө көрүнбөстүр, ал эми ак менен караны ажыраткан адамдар арасында Аалыга карата кине койгондор да жок эмес. Андыктан Аалынын көзүнө айтаарым, өзүнө айтаарым, бир аз жерге түш, иним! Мен да сага бул ачуу кептерди чыныгы күйөрманың катары жүрөгүмдөн күйүп айткандагым. Чыгыштын улуу акыны Абу Муин Насирдин ушуга карата айтылган жакшы кеби бар: «Досуң туура кеңеш берер учурда, /Мээрими ичте, жини мурун учунда». Сага болгон ачуум ушул гана!

Арийне, мен сени менен эрегишээр көпкөлөң курактагы жан эмесмин… Мен сага баягыле ылым санаган мамилемден кайта элекмин. Кайтпайм дагы… Турмушта кагылып-согулуп жүрүп адам болобуз баарыбыз. Биздин адамдык сапардагы жолубуз кайчы кетпесин… Артыбызда бирге басып өткөн күндөрүбүз болгон сыйлашкан, сырдашкан.

Сөз учугуна кайра келсек: соцтармактагы мени төөбастыга алган төкмө ырчылардын  күйөрмандары арасында Жеңишбек, Аалынын шакирттери да «ишенимдүү ит ээсин авалап коргойт» болуп ызаланып турган кези. Баарыңар чөөгө окшоп таламайга алганыңардан менин кайратым кайышып калбайт, кайра мен ошонуңарга курсантмын. Мени улам ошентип чыйралтканыңарга рахмат дейм. Себеби мындан он беш жыл мурда төкмөлүк өнөрдүн күйөрмандары өтө саналуу мезгилде көбүңөр мүмкүн борбор калаага билим алууга келип, турмуш босогосун жаңыдан аттаган болушуңар ыктымал. А биз филармониянын залына төкмө ырчылардын айтышын бекер келип көрүп кетчү күйөрман таппай, уюштуруу ишинде чебелектеп чуркап жүрчүбүз. Азыр шүгүр, бекер тургай билет сатып алалбай калгандар айтыш өткөн залдардан сыртта калып, эшик тепкилечү күйөрмандардын саны жылдан жылга өскөн кезде, биз четке жыла бердик. Себеби биздин азыркы озуйпабыз төкмө ырчылардын чыгармачылык өсүшүнө саресеп салып, адилеттүү сын айтуу. Кичүүлөргө ага катары акыл айтуу, кеңеш берүү. Калыстар курамына кошулуп калганымдын эң башкы жагдайы да ушунда…

Кеп тизгинин шул жерден он жыл мурдагы «Айтыш» фондунун тарыйкасына бургум бар. Сахнага эки төкмө чыкса, экөө бирин-бири мазактаган, кордогон, өң-келбетин шылдыңдаган деңгээлден жогору көтөрүлсүн үчүн бир күнү «Айтыш» фондун негиздөөчү Садык Шер-Ниязга оозек чыгармачылык өнөрдүн сапатын өстүрүү максатында төкмө ырчылар мектебине лекторлорду тартуу сунушун айттым. Ал шар эле макул көрдү. Ошондо эң биринчилерден болуп кыргыз адабиятындагы сын жанрынын бараандуу өкүлү Салижан Жигитовду лекция окуп берүүгө чакырдым. Кайран көсөм Сакебиз ошондо босогону аттаганда эле пайгамбардай кеп айтты. Мурда-кийин Садык экөөнүн тааныштыгы болбосо да эски таанышын көргөндөй жадырап айтып турганы:

– Йе, каркыбар Шернияздын тукуму, азаматсың! – деди чү дегенде эле. – Берчи колду, – деди.

Экөө көпкө кол силкилдетишип, Салижан акебиз Садык досумду алкап кирди. Демейде капчыктуу кишини мактабаган Салижан акебиз жайдаңдап турганынан оозунан эмне кеп чыгат деп турсам, азил-чыны аралаш кепти мамындай баштады:

– Сен өтө көрөөгөч жигит экенсиң! Билесиңби, оозеки чыгармачылык өнөр кандай заманда өнүгөрүн? – баарыбызды суроолуу тиктеди кайран пайгамбар.

Адатта «Айтыш» фонддун босогосун аттагандар төкмөлөргө демөөрчүлүк көрсөткөн Садыктын аракетин алкоого алчу эле, буга келгенде Салижан акебиздин жайдаңдап күлүп айтаар алкоосунда да, мактоосунда да таптакыр башка маани жатыптыр…

– «Оозеки чыгармачылык өнөр кандай заманда өнүгөт» дегенимдин себеби: эл азыр китеп окубай калды. Туурабы? Коомду караңгылык каптады… А караңгылык каптаган коомду дин деген балээ оп жутат, анан төкмө акындардын базары кайнайт. Төкмө акындарды көтөрүп кетишиң эми иттен оңой! – десе болобу.

Кыраан-каткы күлкү жаңырып, күлкүдөн баарыбыз кыйрап калдык.

Мына, азыркы турмушта ошондогу Сакем айткан чындык келди. Китеп окубаган караңгы коомго айрым түркөй динчилдер акыл үйрөтүп, төкмө ырчылар биринин артынан бири чайгоолап өсүп, баягы төрт ырчынын ордун басар азыр кырктан ашуун өнөрпоз пайда болду. Болсун! Бул элдик кут, элдик өнөр, бирок алар жамакчылык деңгээлден жогору өсалбаган бойдон калууда. А мүмкүн төкмө акындарга мындан он жыл мурдагы системалуу билим берүү аракетибизди кайрадан жандандыруу зарыл болуп жүрбөсүн? Төкмө акындар мектеби мурда кандай эле? Мурда он күн сайын адабиятчы, сынчы, тарыхчы, дипломат, саясатчы болобу, айтор төкмө ырчылардын төгөрөгү төп болсун үчүн баардык аракеттерди жумшачу элек. Туура, азыр деле он күн сайын «Айтыш» фонддун төрүндө төкмөлөр айтышы улантылып келатат, бирок аларга лектор чакырып билим берүү саамалыгы калып кеткендиги өкүндүрөт.

Ал тургай бирин-экин төкмө ырчылардын вокалдан сабак алуусуна шарт түзүлүп, консерваториядан сырттан билим алуу шыбагасы төкмөлөрдөн Шекербек Адыловго буюрган эле. Анткени Шекербекте төкмө акындык камылга мыкты болгону менен жаратылыш аны музукалык шыктан кемирээк кылып койгон үчүн вокал сабагынан тарбия алуусуна камылга көргөнбүз. Шекербек сыяктуу бизде Курсант Нурматов аттуу даа бир мыкты төкмөбүз бар, аттиң, бирок шул жигиттин вокалдык жөндөмүн өстүрүп, бир аз музыкалык жактан түртмөлөгөн устат чыкса, Курсантта акындык чоң дарамет жатат.

Мени төкмөлөрдүн эч бири калп айттырбас, Курманттын өзгөчөлүгү — оозеки чыгармачылык өнөр тарыхында сейрек кездешер табышмак айтышынын үлгүсү ушул таланттын дээринде уюп жатат. Өзү курулуш тармагында эмгектенсе да, чыгармачылык мээнетти Курсанттан кудай аябаптыр: жаңыдан келгенде комуз черте алчу эмес эле, кийин комузун да үйрөнүп, төкмөлүк өнөрдүн да ар сырын өздөштүрүп чыкты, бирок али Шекербек экөө музыкалык жактан аксап келаткандыктан, бул экөөнүн чыгармачыл жылдызы балбылдап жанбай турат. Болбосо бул экөө да алдыңкы сапка суурулуп чыгар чыныгы апыздар. Эгерде төкмө ырчылардын санына эмес, сапатына көңүл бурууну күчөтсөк, бул өнөрдүн зоболосун гана арттырабыз.

Чын-чынында казактын төкмө ырчыларын карасак, аларда аваз үндүү сууруп салма айтыш өнөрпоздору толтура. Обондору да абыдан уккулуктуу. Бу жагына келгенде бизде бир гана Элмирбек Иманалиевдин төгөрөгү төп келишип турганын көрөбүз. Элмирбек комузда кол ойноткон жагынан да өзүн эркин-эмин сезген талант. Ал эми үнүнүн кубатычы! Сөздөрү көп учурда жазма акындардын поэтикалык сабынан ашып түшкөн көркөмдүүлүгү менен кескин айырмаланып турат. А көпчүлүк төкмө ырчыларыбыз ушул күнгө чейин Токтогул, Калык, Осмонкул, Ысмайыл, Коргол ж.б… залкарлардын обону менен гана чектелип келишет. Арасынан бирөө-жарымы өз алдынча уккулуктуу обон жаратып, жаки өздөрү жарата албаса дагын обончу-композиторлорго кайрылып, уккулуктуу обон жаздырып алып ырдоого неге болбойт эле? Өзүнчө бир чыгармачылык чыйыр көрсөтүү аракетин көргөн кимисин атасак жарашат?.. Баары бирдей эски бир эл шайырларынын обондоруна салып дагы качанга дейре «оокат» кылышат?

Эпаада немис же япон элдеринин жаратмандык касиетине сук артабыз, кыргыз неге чыгармачылыкка келгенде маңдайыбыздан чыпылдаган тер төгүлтө мээнет кылбайбыз?! Эгер бирди-жарым төкмө ырчыбыз куру дегенде түрк тилин үйрөнүп чыгып, түрк тилдүү элдер арасында төкмөлүк өнөрүн көрсөтө алса, улут үчүн кандай сыймык, кандай зоболо жаратмак?! Алар деле булчуңу бууранын санындай спортистмендерибиз жараткан ийгиликтерди жаратууга болбойбу?! Кыргыз тукуму болгону 3,5 миллион калк экен, ошол кенедей элге төбөбүз көрүнүп калганына эдиреңдейбиз, ал эми дүйнөдө бир жолку концерти менен миллиондогон көрүүчүлөрдүн оозун ачырган таланттуулар канча?! А 3,5 миллион калктын ичинен суурулуп чыгып таанылуу кеп бекен?

Эмесе окурман, сөз кийинки макалам менен толук жыйынтыкталарын эскертем. Аталган макаламдын максаты ошондо түшүнүктүү болот деген ишенимдемин.

Олжобай ШАКИР