ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ТУУЛГАН ЖЕР ЖӨНҮНДӨ ЫРДЫН КЛАССИКАЛЫК ҮЛГҮСҮ

Кыргыз акындары эң кеңири кайрылган темалардын бири бул – туулган жер, мекен, атажурт же эне темасы. Негедир бул теманы кыйгап өткөн акындарыбыз өтө чанда кездешет. Арийне, баарыныкы эле окурмандар журту тамшанып окуй турган деңгээлдеги таберик болуп калган жок. Куру дидактыка, пафос менен коштолгон туулган жер, Мекен же Эне темасындагы ырларды шагыратып жазган графоман, профандар четтен табылат. Ошондон улам акындарга карата – атажурт, мекен, туулган жер же эне темасында ыр жазуу ушунчалык оңойбу же жеңилби деген суроо жаралат?

Эмнеге калеми такшалганы деле, чыгармачылыкка ышкысы жаңы ойгонгону деле жогоруда аталган темага сөзсүз качырат? Албетте, колуна калем алган киши каалаган темасына арнап ыр жаза берсин, бирок көпчүлүк калемгерлер бул теманы бут сүргөн тряпкага айлантып алган жокпу? Агер алар атажурт же эне темасына кайрылбай койсо эле адабият астанасын аттай албай калышабы?..

Албетте, Атажурт, Мекен, Эне – ар бирибиздин жан-турпатыбыздагы эң ыйык сезим. Бирок ошол ыйык сезимди туюндурууну сөзсүз эле өзүңө тагылган милдет катары санап ыр жазуу зарылбы? Атамекенди же Энени даңктоо үчүн сөзсүз эле ушул темада ыр жазуу менен машакаттануу кыргыз адабиятына эмнени берди? Менимче, кыргыз адабиятындагы жалаң халтура чыгармалардын басымдуу көпчүлүгү Атамекен жана Эне темасындагы ырлардан турса керек… Андай көпшөк чыгармалардан турган том-том китептерди жыйып келсек да баары биригип Атамекенибизге чеп болуп да жарытпас.

Бир сөз менен айтканда, бул теманы оңду-солду тытмалаган калемгерге суроо койгум бар? Эмне силерге Атамекен же Эне темасы пластилинден жасай турган оюнчукпу? Эмнеге Мекен жана Эне темасы баарыңардын дүжүр темаңарга айланды?

Бул тема мынча сөз болуп калгандан кийин биз бүгүн Жоомарт Бөкөнбаевдин «Туулган жерге кайрылуу» аттуу ырынын айланасында сөз улантууну эп көрдүк. Ал эми Эне темасын кийинкиге калтыра туралы.

Акындын биз сөз кылар ырын кеп кылуудан мурда анын өмүр баянындагы бир штрихке токтолбой кетүүгө болбос. Жоомарт беш жашка чыкканда атасы Бөкөнбай Борбу аттуу көпөстүн колунан таяк жеп өмүрү кыйылат. Ал эми энесин зордук менен токолдукка алат. Демек, атасынын жанын кыйып, апасын токолдукка алган Борбудай зөөкүр адам Жоомартка кандай өгөй ата болушу мүмкүн эле? Ошол жыргалсыз турмушу туурасында кийин Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүрүп келгенде жазган акындын береги «Туулган жерди көргөндө» аттуу ырына эми сүңгүп көрөлү, окурман.

Жоомарт Бөкөнбаев

Ушул аска бешиги эле өмүрдүн,
Ушул дайра дабасы эле көңүлдүн.
Берки кайың, берки бутак, карагай
Эстен кетпес белгиси эле кегимдин.

Ойноп-күлбөй балалыкты кечирген,
Ойноп-күлбөй зар-кайгыда жетилген.
Балаң келди, аманбы жер, баш көтөр!
Балаң келди – кечээ күнкү жетимчең.

Амансыңбы, эркелетер сар аскам,
Муң айтышып, мен жетимге жарашкан.
Балаң келди, ырда катуу, үнгө сал,
Кулак салып жер дүнүйө карашсын.

Сен эмнеге томсоросуң, капчыгай?
Эске салып, бир терең сыр айтчудай.
Бир кезекте кучагыңда ыйладым,
Көздөн жашым тоголонду тамчыдай.

Эми мына ыйлабайын, күлөйүн,
Эркин турмуш, эркин өмүр сүрөйүн.
Эске салып муңайбачы, капчыгай,
Эстен чыккан шум замандын үрөйүн.
1938-ж.

Ырда көрүнүп тургандай, «чү» деген жерден эле Жоомарт акындын киндик каны тамып, кири чайкалып өскөн туулган жер туурасында чыгармасынан бир дагы дидактыка, пафос менен коштолгон сапты таппайсың. Баары жөнөкөй. Ар бир куплетинен акындын балалык тагдыры башбактап көрүнүп турат. Поэтикалык кайгы-касирети – кудум биздин бала кезде ойночу жашынмак оюну сымак: тигинден, мындан суурулуп чыга келет. Поэтикасында колдонулган туюнтмалары жашынып жатпайт, «Мен мындамын» деп турат. Биринин артынан бири чубуруп, алдыңан тосо чуркайт. Сай-сөөгүңдү сыздатып, өзөгүңдү өрттөйт. О качанкы «Ойноп-күлбөй балалыкты кечирген, \Ойноп-күлбөй зар-кайгыда жетилген» жетимдин муң кайрыгындай туулган жер, Атажурт туурасында окурмандын жүрөгүн сыйрып өтөр мындай ырлар чын-чынында кыргыз акындарынын поэзиясында өтө сейрек. Кеп бу жерде жылаңач ыр жөнүндө бараткан жок, а сөздүн кеңири маанисиндеги көркөм поэзиянын мерчеминен алганда учур адабиятында Атажурт темасын дүжүр темага айланткан калемгерлерге бул ырды үлгү катары атайы сөз кылууга арзыйт деген ойдомун…

Арийне, өзүнүн туулган жери же Атажуртуна арналган ырында көп акындарыбыз Ала-Тоо койнундагы баарыбыз эле көрүп, билип, суктанып жүргөн пейзаждык сулуулук менен гана чектелип, кургак риторикалык саптарында көк-жашыл арча карагай, саймадай кооздукка гана учкай көз чаптырып өтүшсө, Жоомарт акын бул жерде аска тоонун арасындагы күйүттүү балалык тагдырын кайрып, ага жаңыча мамиле, ностальгияда термелет. Окурманды ырдын ичине кошо жетелеп кирип кетет. Акын менен окурмандын кайгысы жуурулушуп, кандай окурмандын болбосун туулган жерге карата боорун толгойт.

Акын өзүнүн туулган жерине кайтып келүүдө аска тоолордун арасынан эмнени көрөт? Адегенден эле аска тоолорду ал бешигим дейт. Кыргыз тукуму үчүн Ала-Тоонун касиети бешик эмей не. Ошо аска тоонун арасында термелген жетимчилик тагдырында дайра суусу ага көңүлүнүн дабасы экен. Дайра демекчи, дайранын шоораты адам көңүлүн сооротор касиет ко. Ыйлап жашыңды жууйсуң ага, көңүл кириңди да чайкап аласың. Сырдашасың. Ал ошон үчүн акындын көңүлүнүн дабасы болуп ырдалып атат. Жаратылыш койнунда өскөн жетимдин тагдыры ушинетип биринчи куплеттен эле окурманга керектүү маалыматты поэтикалык тил менен туюндурат. Бирок ошол эле убакта «Берки кайың, берки бутак, карагай \ Эстен кетпес белгиси эле кегимдин»! – дейт акын. Мына, ыр сабында кылтыйып катылган тагдыр. Жетимдин жүрөгүндө эстен кеткис кек болуп сакталган эмне деген кек болушу ыктымал?..

Ж.Бөкөмбаевдин өмүр баянын окуган болсок, ал бала күнүнөн ар кимдин колунда малай жүргөн, мал кайтарганы белгилүү. Ошол малайлык күндөрүндө ал тоо-таш арасынан далай мерте үшүп-тоңуп отун жыйган чыгар. Тырбалаңдап кайың түбүндө кайыгып-кайышкандыр далай, бутак түбүндө бук болуп ыйлагандыр далай, карагай түбүндө каңырыгы түтөгөндүр жетимдин. Кийин ошонун баары тагдырына болгон эстен кеткис кек болуп сакталбай коймокпу. Акындын бул ырынын белгиленген датасына көңүл бурсак, 1938-жылы жазылган экен. А өзү 1910-жылы жарык дүйнөгө келген эмеспи. Демек, 28 жашында Маскөөдөн билим алып, туулган жерине кайтып келет да, аска тоо менен маңдай-тескей беттешип отуруп, бала кезинде баскан-турган жерин эстейт: «Берки кайың, берки бутак, карагай \ Эстен кетпес белгиси эле кегимдин»!

Караңызчы, кандай жандуу да, кандай элестүү поэзия! Баары көз алдыга тартылып турган картина! Туулган жерине кайтып келген акын мекени жөнүндө башкалардай болуп өпкөсүн сабап экиленбейт, ойду ойкутуп-кайкытпайт. Бир кездеги муңдашкан, сырдашкан, эстен кеткис кеги калган күндөрүнө кусалык сезимин билдирүү менен окурмандын өнө боюна Атажурттун касиети эмнеде экенин сиңирип таштайт. Жүрөгүңдү аралап, тулку боюңда жашап калар түбөлүктүү ыр кайрыгын жаратат. Уйкаштыктары да Ала-Тоонун желиндей, аскалардын деминдей эч бир күчкө салынбаган жеңил, табигый, жөнөкөйлүгү менен туулган жер жөнүндөгү улуу сезим, улуу кусалык, улуу арманыңды козгойт. Ошол эле учурда акындын балалык өмүрүн поэзия тили менен баяндап берер ыр.

Жетим жүрүп жетилген акын анан 2-3-куплеттерде туулган жерине жаңыча маанайда үн катат:

Ойноп-күлбөй балалыкты кечирген,
Ойноп-күлбөй зар-кайгыда жетилген.
Балаң келди, аманбы жер, баш көтөр!
Балаң келди – кечээ күнкү жетимчең.

Амансыңбы, эркелетер сар аскам,
Муң айтышып, мен жетимге жарашкан.
Балаң келди, ырда катуу, үнгө сал,
Кулак салып жер дүнүйө карашсын.

Бу жерде көңүл бурар эки сапты караңыз: Амансыңбы, эркелетер сар аскам, \ Муң айтышып, мен жетимге жарашкан. Жандуу жаратылыш менен бир кезде муң айтышып жана сары аскага эркелегени эмнени туюнтат? Өгөй атасы Борбуга эркелейт беле, көрсө аны сары аска эркелетчү окшобойбу, жетимдин сар аскага муң айтканы жарашып калчу тура. Жоомарттын таянар атасы да, медер тутары да аска тоонун арасы болуптур. Туулган жердеги саргарып күткөн аска тоосуна кайтып келген акын сезими кийинки куплетинде мурунку кайрыкты дагы күчөтөт:

Сен эмнеге томсоросуң, капчыгай?
Эске салып, бир терең сыр айтчудай.
Бир кезекте кучагыңда ыйладым,
Көздөн жашым тоголонду тамчыдай.

Кезинде Жоомарт Бөкөнбаевдин акындык горизонталынын чексиздигин баамдаган улуу акын Алыкул Осмонов да бекеринен Жоомартка арнап береги саптарын жаратпагандыр:

«Акын ыры таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле.

Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле».

Минтип өз замандашы, чыгармачылыктагы үзөңгүлөш курбусу Алыкул да Ж.Бөкөнбаевди жөн жеринен өз мезгилинин эталону Шырдакбектин жоргосуна теңебейт. Себеби, профессионал жазма адабиятыбыздын алгачкы карлыгачтарынын арасынан Жоомарттын акындык кудурети өзү теңдүүлөрдөн алда канча бийик болгонун береги куплетиндеги уйкаштыктан да баамдоого тийишпиз.

Амансыңбы, эркелетер сар аскам,
Муң айтышып, мен жетимге жарашкан.
Балаң келди, ырда катуу, үнгө сал,
Кулак салып жер дүнүйө карашсын.

Дал ушул куплеттеги жарашкан жана карашсын деген эки сөз сыртынан караганда толук уйкашпагандай туюлушу ыктымал. Себеби ырдын экинчи сабындагы акыркы бир муун жарашкан деп аяктаса, төртүнчү саптагы карашсын деген уйкаштык албетте, азыркы ыр чүргөп жүргөндөр үчүн анчалык маанилүү жаңылык туюлбастыр. А бирок жазма адабиятыбыздын калыптануу доорундагы мындай уйкаштыкты кыргыз адабиятынын кыртышына алып келген эң алгачкылардын бири – новатор акын Жоомарт Бөкөнбаев деп тайманбай айта алабыз.

А бирок негедир кыргыз акындарынын арасынан биз мисал келтирген жогорудагыдай уйкаштыкты кыргыз адабиятына эң биринчилерден болуп Сүйүнбай Эралиев киргизген деген түшүнүктөр бекем. А көрсө, Маскөөдөн журналисттик кесипти жаңыдан үйрөнүп келген Жоомарт орус адабиятынын байтактуу тажрыйбасын кошо өздөштүрүп келүүгө жетишкен экен. Болгондо да кырчындай жашында.

Албетте, бу жерде Ж.Бөкөнбаев менен С.Эралиевдин чыгармачылык тажрыйбаларын биринен экинчисиникин өйдө же ылдый коюудан алысмын, тек адабият изилдөөчүлөрүбүз жана адабий сынчыларыбыз да бул маселеге калыстык менен караганы ийги дээр элем. Арийне, акындардын ыр куроо чеберчилиги сөз болгон учурда өзүм деле дайыма С.Эралиевдин алдына чыга тургандар чанда экенин далай ирет оозанып келген учурларым болгон. Себеби мен деле улуу муундагы акындар менен болгон баарлашуулардан улам акындык чеберчиликтин, уйкаштыктын устасы С.Эралиев деген түшүнүктү ташынып келген элем. А көрсө, кеп өзүмдө экен. Ооба, мен даа Ж.Бөкөнбаевге буга чейин көп акындын бири катары гана мамиле кылып келген экемин… Соңку кезде гана Ж.Бөкөнбаевдин чыгармалары менен жакындан таанышкан сайын, анын акындык чеберчилиги мага чоң мектеп катары ачыла баштады. Албетте, бул байкоого Жоомарттын ырларындагы бир эле ырдан улам келгеним жок, анын дадилдүү мисалга алаар ырлары дагы толтура…

Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша, кези келсе, Жоомарттын поэзия дүйнөсүнүн каалгасын дагы кагарбыз, окурман!