ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: УЛАН – ЧЫНДЫКТЫН, АБИЙИРДИН СИМВОЛУ

Ие, кайран баатыр, баарыбыз сага карап түзөнөр болдук мындан кийин! Тилин тишине катып жүргөндөр көп бүгүн. Сенин өлүмүң ошолордун абийирин козгоор өлүм болду. Сени өлдү деген суук кабар элди аралап, жүрөгүн ойготту. Баатырдын өлүмү гана элди ушинтип термелтмек. Манастын чыныгы урпагы белемсиң, Улан! Сенин өлүмүң канчалардын уятын козгоп туру бүгүн!

Заман өз баатырын ушинтип жаратып келген, жарата берет. Жараткандын кудурети элибизди эсиңе кел деп, сенин өлүмүң аркылуу эскертүү бергениби бул?! Мамлекеттик машинеге сенчелик каршы чыгып, сенчелик тобокелчиликке баш байлаган эр-азаматтар табылгыс бүгүн. Элиңди мүнкүрөтүп, эчкиртип ыйлатып кеткениң ошол.

Чагылгандай өмүрүң жалп өчөрдөн бир аз күн мурун эле коррупция боюнча көрсөтүүлөрүңдү колуктум экөөбүз тиктеп отуруп, жеңеңдин оозуна сала бергендей болуп жакасын уучтаган: «Ушул жигитти өлтүрүп кетишпесе экен» деп. Көрсө сенин өмүрүңдөн менин келинчегим эле эмес, далай кесиптешиң кооптонуп келген экен. Ал эмес «Азаттыктын» жетекчилиги да сенин журналисттик ишмердигиңден чочулап жүрүшкөнүн коомчулукка өздөрү айтты. Керек болсо эң айбаттуу маалымат булагы саналган «Азаттыктагы» кесиптештериң деле «арыдан бериге» көнбөгөн журналисттик ишмердигиңден чочулашчу турбайбы… Демек, сен чыныгы кесипкөйлүктүн да чегинен ашып, журналисттик рамкага сыйбай калган баатыр экениң! Сендей баатырдын жүрөгү батыл болгон үчүн башкаларыбыз сенин өмүрүңдөн кооптончу турбайбызбы көрсө…

Ооба, коррупционерлерге азыр кимибиз гана тиш кайрап отурганыбыз жок. Элдешкис кас душманыбызды жек көргөндөй коррупционерлерге болгон жек көрүү сезимибизди сенчелик ачыкка чыгара албай отурабыз бүгүн. Агер тилиңди тишиңе катсаң, сен деле мүмкүн баарыбыздын катарыбызда аман жүрмөктүрсүң бүгүн… Бирок сен тобокелдүү өмүр жолун тандапсың, жубарымбек! Тилин тишине катпаган сендей баатырлар саналуу бүгүн. Сендей баатырлар, сендей жубарымбектер, сендей жашабагырлар жалгыз-жалкыдан туулат экен өмүрдө! Алгыр куштун тукуму аз туулат экен жарыкка…

Кайран шумкар, кайран баатыр! Жашабагыр Улан иним, кош бол! Жаның көккө учуп кеткени менен сен да Манас баатырдай өлбөс, өчпөс ысымга айланасың! Кара жерге сенин денең көмүлгөнү менен жүрөгүң элге өтүп кетти. Сенин жүрөгүң – абийирдин, чындыктын символу болуп калды кыргызда! Элдин намыс-ары болсо, мындан кийин сенин арбагың үчүн коррупция менен жапатырмак күрөшөр болсо кана! Эл баатыры болуп жүргөн аксакалдар да сендей жашабагырдын өмүрүнөн өрнөк алаар болсо кана! Болгону 28 жашыңда жайраганың менен, бирок сен 82 жаш өмүр сүргөн карыядан да таасирдүү өрнөк калтырып кеттиң элиңе! Башкалар жөн эле жүрүп өлсө, сен жөн өлгөнүң жок! Жүрөгү сенек болуп катып калган көптөрдүн жүрөгүн ойготуш үчүн өлгөндөйсүң…

Сенин күрөшчүл өмүрүң улууга да, кичүүгө да сабак…

Канчалаган жемкорлор көрдүйнөгө көмүлүп өлүп кетти?! Канчалар намыс-арга көмүлүп өлүп кетти?! А сен касиеттүү көлгө көмүлүп өлдүң. Суудан таза, суудан ыйык не бар-ов. Сен кара жердин алдына кыпындай да ыпыластыкты алып кеткениң жок. Тунук суудай таза кеттиң. Артыңда суудай өлбөс ысымың калды, а сен баатыр, чым жаздандың. Манас атабыз элин жоодон коргоп өлсө, а сен коррупциядан коргойм деп жүрүп өлдүң, жашабагыр!