ШАКИР Олжобай: УЛУУ АКТЁРДУН ӨКҮТТҮҮ ТАГДЫРЫНАН УЧКАЙ КЕП

Башкалар текстти унуткан жерден кагазга үңүлүп, сценарийде эмне жазылса ошого байланып чебелектеп жүрсө, Советбек Жумадылов гана текстти унутуп калган жерден, «сценарий кайда» дебестен, сценарийдегилерди өз сөзү кылып айта берчү дешет. Анын башкалардан кескин айырмаланганы да мүмкүн ушундадыр…

Бизде өзүнө өлбөс-өчпөс эстелик тургузуп кеткендер саналуу. Ошолордун бири – театр, кино корифейибиз, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадылов. Бул залкар 1932-жылы 5-декабрда Ыссык-Көлдүн Тепке айлында туулган экен. 1953-жылы Ташкенттеги Островский атындагы көркөм-театралдык институтун аяктары менен сахнада жылдызы жанат. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркул Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Сыдыкбек Жамановдун соңунан кийинки толкунда Советбек Жумадылов, Гүлшара Дуулатова, Арсен Өмүралиев, Болот Шалтаев, Искра Раимкулова, Жамал Сейдакматова өңдүү актердук ансамбль менен театр өнөрүбүздүн өз доору башталат…

Өзгөчө 21 жаштагы Советбек Жумадылов 1955-жылы театр менен катар кино жаатына аралашар замат алыскы Маскөөнүн театр-кино адистери, сынчыларынын көзүнө түшүп, ага катардагы бизге окшогондордун гана эмес, искусство таануучулардын таңдайлары такылдайт. Ошонүчүн ал башкалардан өз баасын эрте алып, чыгармачылык горизонталынын чексиздиги көрүнгөн сайын эл сүймөнчүлүгүнө эрте айланган экен. Экранда болсун, сахнада болсун, анын оң каармандын, терс каармандын ички да, тышкы да бейнесин ачып салган магиялык кудурети шайтандын азгырыгына окшош эле.

Бир карасаң, чыныгы зөөкүр, бир карасаң айкөл көрүнгөн Жумадылов арбир көрүүчүнү өзүнө арбап турганынын сыры эмнеде болгон? Бири айтат – өзүнө энчилүү ролго жантенин берип салган. Бири айтат – чынында Жумадылов ар бир кейипкердин өзүн кадимкидей турмушта жашаган…

Турмушта жашаган дегени – режиссер пьесадагы ролдорду актерлорго бөлүп бергенден кийин баары текст жаттоо менен алектенсе, Жумадылов элден четтеп, басып кетчү адатын койбоптур. Эч качан анын текст жаттаганы башкаларга байкалчу эмес экен. Колуна сценарий тийгенде бир сыйра көз жүгүрткөндөн кийин көшөгөнүн артынан же кино тасма болчу аянттан обочолоп, өзүнчө кол жаңсап, күңкүлдөп басып жүргөнү табышмакка айланып, Жумадыловдун качан текст жаттаганын чечилбеген түйүнгө окшоштурушат. «Колунда кармаган текстти жок, эмнени жаттап атат?» – сахнадагы өнөктөрүнүн таңгалганы ушул болуптур.

Биресе муну Жумадыловдун тунук эстутумунан дешсе, биресе чоң таланттын барыбир чоң талант экени ушунда дешет. Көрүүчүнү жетелеп алма кудурети күчтүү улуу актердун дагы бир касиети – жаратып жаткан образын чыныгы турмушка айлантыш үчүн басса-турса тулку-боюн, мээсин тыным алдырбаса керек. Ага бир мисал, журналист О.Абдулхакимовдун мындай эскерүүсү бар: «…шаарга каттаган сайын абама жолукмайын кетчү эмесмин. Бир жолу келсем, жок экен. Күтүп жадаганда, балконго чыксам, келатат. Басыгы башкача.

 – Жеңе, абышкаң келатат, мас окшойт, — дедим.

 Сагын жеңем (Имакеева — ред.) артыман чыкты.

 – Мас эмес, король болуп келатат, – деди бир саамга тиктеп.

Чоң-чоң арыштап, «дуулдап» келаткан абам үйгө киргенде жеңем ага: «Мурдагыдан түзүк, бирок дагы чаласы бар экен» – деп тосуп алды…»

Демек, Жумадылов, мейли король, маскаропоз, Эзоп, Тихон, Омор Хайям, Отелло, Ричард же Маке чал, Жарасбай, Алым, Байзактын образдарын улуу актерубуз ушинтип жаратса керек. Өзгөчө ага кандай режиссер болбосун эмне үчүн татаал психологиядагы ролдорду берген? Ал эмнеге бирде жалаңдаган амалкөй, маскарапоз, бирде акылы кыттай уюган даанышман болуп көрүнчү? Анын гениялдуулугу эмнеде эле?..

«Саманчынын жолу», «Биринчи мугалим», «Уркуя», «Ысыккөлдүн кызгалдактары» ж. б… бир кыйла фильмдерде башкы ролдорду жаратып, учурунда телегейи тегиздей көрүнгөнү менен жеке тагдырындагы карама-каршылыктары бизге бүгүн да туюк… Чыгармачылык сапары жолдуу болгону менен жеке тагдырында жолсуз таланттардын бири болгону театр чөйрөсүндөгүлөрдөн сыртка көп чыкпай келет.

Мүмкүн анын да туура жагы бардыр… Улуу залкардын андай жактарына чынында биз да кылдат мамиле жасообуз керектир. Дегеле кандай чоң талант болбосун, ириде ал татаал тагдыр күтүп жашайт. Ал жөн эле тагдыр эмес… Улуу тагдырды башынан кечиргенге улуу инсандардын гана чыдамы жетер. Бирок ага артында калган биздейлер кейийт экенбиз.

Билгендер анын чыгармачылыгына асылзат аялдардын таасири да көп тийген дешет. Учурунда Чынгыз абабыз менен Бүбүсайранын ортосунда улуу махабат болгонун кээси ушак-айыңга чыгарып келген менен кийин аны Айтматов өзү төгүнгө чыгарган жок. Ошол сыяктуу эле Советбек Жумадылов менен Бакен Кыдыкееванын ортосунда болгон улуу махабатты «ушак же ушак эмес» дегенден бул эки улуу инсандын бедели түшүп калбайт. Биз кайра ушул улуу инсандардын ортосунда болгон жантуйгу мамилелерге көбүрөк маани берип, ачып бералсак кана! Андан эчкимисине кир жугуп калбайт эле го. Тескерисинче, алардын ким болгонун тааный албай келатканыбыз өкүнүчтүү…

Жолдору кыйышпас улуулардын махабатын биз даңктап, биз сыймыкка айландырсак неге болбосун? Дүйнөдө нечен улуу инсандардын дүйнөсүн аңтарган француз, орус, англис, испан ж.б. элдердин маданий тарыхы эмне үчүн бай, эмне үчүн терең? Себеби алар улуу инсандарынын махабатын уламыш кеп кылганды эрөөн көрбөйт. Бизден кийин нечендеген сүрөткер, акындар чыгат. Айтматов, Бейшеналиева, Жумадылов, Кыдыкеевадай залкарлар жөнүндө ошолор улуу чыгармаларды жараткылары бардыр. Эгерде бул адамдардын тагдырындагы оош-кыйыштар бүгүн жазылбаса, бүгүн айтылбаса, демек, алар биографиялык чыгармалар менен гана чектелип калабы?

Айтматовдун дагы бир улуулугу – Бейшеналиева менен бирге тагдыр кечиргенин армандуу эскерип кетти. Ал эмес, Бүбүсайраны опера-балет театрынын залында өпкөсү-өпкөсүнө батпай ыйлап узатканын эскергенин жашырган жок. Мындан эми Айтматовдун бедели түшүп калган жок да. Жакшы, ошонун бары көзү барында айтылып калды. Ал эми Жумадылов менен Кыдыкееванын өздөрү, көздөрү өтүп кеткендиктен алардын улуу махабаты жөнүндө эски муундагы театр артисттери эскерүү калтырып кетсе жакшы болор эле, аттиң! Атүгүл бул экөөнүн кейиштүү абалда кантип дүйнөдөн өтүп кеткенин эмне үчүн ушунчалык жашырып-жабуу керек?! Кеп чынында, Жумадылов эмне болуп өлдү да, Кыдыкеева эмне болуп өлдү!?

Экөө тең көчөдө калып өлдү! Заман алтек-телтек болгон 90-жылдардан кийин экөө тең театр жетекчилери тарабынан көңүл сыртында калып, Кыдыкееванын сөөгү моргдон табылса, Жумадылов көчөдө баратып, очорулуп жыгылган жеринен, кайра турган жок! Көргөндөр – «көчөдөгү мас» деп ойлоп, жанынан оолактап өттү. Акыры бирөө-жарымы кадимки экрандан көрүп жүргөн улуу актердун жүрөк мыкчып көчөдө жатканына жаны туйлап, тез жардам чакырткандан кийин театрга кабар жетип, театр ичи чаң-будуң түшкөн кезде, Жумадыловдун жаны учуп кетти. Эми ушуну эмнеге жашырабыз?! Алар өздөрүнүн жамандыгынан ушинтип өлгөн жок. Биздин жамандыгыбыздан өлдү! Асылдын кадырына жетпеген элдин асылдарын мындан башка кандай өлүм күтмөк эле?!

95-96-жылдардын башында Советбек Жумадылов менен азыркы чыгармачылык ооматы оозго алынып жүргөн Темир Бирназаров «Жолоочу» аттуу фильмди тартууга акча таппай 2-3 жыл ээрчишип жүргөнүнө өзүм күбөмүн. Жумадылов сценарийди көрөрү менен «…өмүрүмдө өлүк ташып жүрүп көңүлүм калган кишимин. Эгер ушул өлүк ташыган Жолоочунун ролун ойноп өлсөм, арманым жок эле» деп далай капчыктууларга кадырын салып, эшигин кагып жүрдү. Эчкимден акча чыккан жок. Дал ошол мезгилде Советбек Жумадылов экинчи аялын жерге берип (биринчи аялынын да көзү өтүп кеткен. О.Ш.), көчөдө бош жүрүп калган кези…

Ошондон көп узабай эле, атпай-журтка улуу актерду «жарык дүйнөдөн өтүп кетти» деген суук кабар тарады. Фильм болсо ошол бойдон тартылган жок, Жумадылов көксөгөн арманына жетпей калды…

Олжобай ШАКИР