ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: УНУТТА КАЛГАН ӨРӨӨНДҮН МУҢУ (2-БАЯН)

Жол очерки

Ак-Шыйракта жалпы мектеп боюнча болгону элүүдөй бала окуйт экен. Мектептен алыс жашаган чабандардын балдары үчүн атайы жатак мектеп 1988-жылы курулуптур. Бир класста 4-5тен гана окуучу билим алып, алар 9-класска чейин гана өз окууларын уланта алышат. Андан да кейиштүүсү – буга чейин майдасы-чоңуна карабай, жалпы мектеп окуучулары башталгыч класстын окуучулары менен бирге отуруп билим алып келген да учурлар болуптур! Биз муну мугалимдердин өздөрүнүн оозунан уккан факт! 21-кылымда мындай шумдук Кыргызстанда гана болушу мүмкүн, болбосо башка кайсы өлкөдө келечек муунга билим берүүдөгү мамиле ушундай экенин уккан-көргөнүңөр бар?!.

Ач элдин чоң курсак аткаминерлери дүйнөнүн далай жерлерин ат тезегин кургатпай кыдырып жүрөт, ошолордун кимисинин чолосу тийип: Ак-Шыйрактын тургундарынын жашоосунан кабардар болду экен? Кабардар болсо унутта калган өрөөндүн келечек муунунан тынчсызданар беле?! Ак-Шыйрактагыдай «билим берүү тажрыйбасы» дүйнөнүн башка элдеринде бар экенине күбө болушту бекен?! Кайсы өлкөдө майдасы-чоңу аралашып бир партада чогу отуруп билим алган мектеп окуучуларын көргөндөр бар?! 7 жаштагы бала менен 14-15 жаштагы баланын билим алуудагы акыл-туюм жөндөмүн бир рамкага сыйдырууга мүмкүнбү деги?! Тек, бу жерде балдар мектепке барып билим алат деген гана аты болбосо, ошондой шартта билим алып келген жаштардын келечегинен эмнени күтүүгө болот?!

Эпаада аткаминерлер арасында ушунча болуп Ак-Шыйракта жашаган мекендештерибиздин жашоо-турмушун көрүп келип коңгуроо какканын угалекпиз, көрелекпиз?! Болбосо мындай абалга мамлекет тарабынан жол берилбеши керек ко.

♦ ♦ ♦

Даа бир кейиштүүсү: Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн жалгыз китепканасы менен маданият үйүнүн абалы. Китепканасында канча китеп болсо, алардын баары атамзамандан берки эски адабияттар. А жаңы китептер чанда бир гана колго урунбаса, негизинен совет доорунан калган эбак эскилиги жетип жыртылып бүткөн адабияттар экен. Колуңа кармасаң, кагаздары үбөлөнүп турат. Ал китептерди эрмеги жок зеригип бүткөн китепкөй кээси кыштын узун түндөрүндө аргасыздан 3-4 сыйрадан окуп бүтүп койгонун айтышат. Жылдагысы жылда, баягы китептерди окуй бермей… А бүгүн кайсы доор, кайсы заман, бурадар?! Башкалар виртуалдуу Интернет доорунда жашап жатса, ак-шыйрактыктардын жашоосу качанкы көч артында калганын Кыргыз бийлиги көңүлгө алаар деген ниетте сапар кайрыгыбызды атайы каңырык түтөтүп жазып отургандагыбыз…

Ал эми маданият үйү деген имараттын аты эле болбосо, негизинен айыл элинин жыйыны болордо гана каалгасы ачылат экен. Ак-шыйрактыктардын айтымында: илгери совет мезгилинде гана артисттер анда-санда концерт коюп кеткени болбосо, өлкөбүз өз эгемендиги жарыяланган күндөн бери айылдык клубдун сахнасында эл көңүлүн ырга бөлөп бир да артист келип-кетпептир. Төкмө акындар: Элмирбек Иманалиев, Асылбек Маратов, Мундузбек Усупбек уулун ээрчитип биз барган түнү айыл өкмөтүнүн башчысы Асаналиев Эрландын үйүндө супатаң атканга дейре өнөр тартуулап берип, эртеси да шашке маалында маданият үйүнө жык-жыйма чогулган эл көңүлүн ырга бөлөдүк. Залдагы элдин алакан кызый кол чаап, алкыш жаадырганы ай…

Сайтыбыздын башкы менеджери Урматбек Жакшымбетов Бишкектен ала барган айыл өкмөтүнө керектүү, эң зарыл делген белек-бечкектерин тапшырып, өздөрүн мекендин чегара сакчысы санаган ак-шыйрактыктардын көңүл кушун көкөлөтүп турууну мындан ары да уланта берүүнү убада кылып келдик. Мамлекет өз элин камкордукка алуу саясатын жүргүзөр болсо, бийликтегилерге кулак кагыш кыларыбыз ушул – Кыргыз-Кытай чегарасындагы унутта калган өрөөндүн тургундарынын абалын өз көзүңөр менен көрүп келгиле! Алар бизге бөлөк-бөтөн журт эмес! Алар Ата-Журтубуздун сактыгы үчүн жаралган чегарачыларыбыз!

Акүйдүн акалакчы аксымдары андай жерге кийик уулап чер жазууга гана барбаса, аныгында: ак мөңгүлүү тоо койнундагы катаал шартка байлап койсо турмак эместир! Арийне, ак-шыйрактыктар да биз сыяктуу замандан артта калбоого тийиш. Алар да адам сыягындагы жашоого татыктуу.

♦ ♦ ♦

Бул өрөөндүн жаратылышы өтө катаал экенин ушундан түшүнүңүз: ал жакта бак-дарак тигип да өстүрүүгө мүмкүн эмес дешет. Атургай чөптөрү да бойсунуп бийик өспөйт. Ошентсе да мал үчүн кышкы тоют камдоодо баары жапатырмак чалгы көтөрүнүп, кең саздардын жана талаа-түзөңдөрдүн жапырайган чөптөрүн устара менен кыргандай жыйнап алышат.

Далай жылдар бою картөшкө отургузуп көргөндөр болуптур, бирок анысы жаңгактын данегиндей урук түйүп калган кезде июнь же июль айларында тизеден келген кар түшүп калган учурлар көп болорун айтышат жергиликтүү калк. Ошол себептен алар эттен бөлөк азык-түлүктүн баарын 270 км алыстыктагы жакадан ташынып келүүгө аргасыз. Ал эми кыштын күндөрү жакага түшүп барып-келүү мүмкүн эмес экен, себеби жолдорду кар бөгөп калат. Ошондон улам кеч күздөн баштап кышка жетээр күнүмдүк азык-түлүктөрүн 270 км жерден ташынып келип алабыз дешет. Ошол бойдон алар жазга дейре чээнден чыкпас жаныбардай тирлик өткөрүшөт.

Короодогу малына чөп салып, сугарып тургандан башка эрмеги жок ак-шыйрактыктар кышты кыштай эмне менен алектенерине кызыгып суроо узатсак, үйгө кирип-чыгып эле жамбаштап жатмай дешет. «Адамдын акыл булчуңун чыңап турар шахматтык мелдешти айыл арасында жайылтсаңар кандай болор эле?» деген соболубузга, анчейин көңүлдөрү болбосо да бирок «андай эрмек болсо кана, жакшы болбойт беле» деп тим болушту; кыргызча жүрүм-турумунан жазбаган жарыктыктар…

Буюруп, жараткан Теңир жол берсе, келаткан жылы ак-шыйрактыктарга «РухЭш» сайтынын эсебинен шахматтык шаймандар менен толтура китептерди жүктөнүп баруу ниетибиз бар.

♦ ♦ ♦

Айтпай кетүүгө мүмкүн эмес дагы бир кейиштүү көрүнүш – мончо проблемасы. Акыркы он жылдан бери Жети-Өгүз районунун курулуш компанияларынын бири 490 миң сомдук тендерди утуп алып, Үч-Кошкон айыл тургундарына мончо куруп, анысы эки жылга чейин иштептир. Азыр болсо керексиз абалда аңырайып жатат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ал мончону курууга жаңы мектепти куруудан арткан материалдар жана отунга деп берилген жыгач-таштар колдонулган экен. Мончонун жарым-жартысы мектептен арткан пеноблок жана кирпичтери менен жабдылганы аз келгенсип, меши жука темирден ширетилсе керек, анысы тешилип бүтүп, бүгүнкү күндө аталган мончо керектен чыккан абалда турат! А Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн курулган мончонун кейпи да жан кейитерлик. Аны да ошол эле Жети-Өгүз районунун курулуш компаниясы 490 миң сомдук тендерди утуп алып курган экен, буу бөлүмүндөгү меш чоргосу жок жасалыптыр. Ал мончого жуунгандар дагырага толтурулган сууну чөмүчтөп куюнуп жуунушат экен!

Акыры тендерди утуп алган курулуш компаниянын ишине нааразы Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн тургундары райондук прокуратурага арыз менен кайрылат. А бирок райондук прокуратурадан: тендерди утуп алган курулуш компаниясы жаңы мончо сметада кандай көрсөтүлсө, ошол норма толук сакталган деген чечим чыгарып берген экен, карапайым эл болсо ушу күнгө чейин райпрокуратурага да, курулуш компаниясына да нааразы бойдон жашап келет…

♦ ♦ ♦

Ал жактагы тургундардын эң негизги көйгөйү – айыл өкмөтү бар туруп, ошол айылда курулган үйлөргө тиешелүү документтер берилбегендиги. Мындайча айтканда, жердин өзү жергиликтүү элге тиешелүү эмес. Анын себебин жол очеркибиздин мурдагы бөлүгүндө жеткиликтүү айтканбыз. А жерге тиешелүү укук жогунан улам ал жактагы жаштар үй-бүлө куруп, өз алдынча түтүн булатуу үчүн үй курууга уруксат жок экен.

Биз ушуну менен эле ак-шыйрактыктардын жашоо көйгөйүн унутта калтырбастан, бул көйгөйдү атайы журналисттик көзөмөлгө алып, бийликтегилерге дамамат кулак кагыш кылып турмакчыбыз…

Бийликтегилер унутта калтырган өрөөндү унутта калтырууга болбос, бурадар!

P.S. Урматтуу окурмандар, эгерде Ак-Шыйрак айыл өкмөтүндө жашаган бир-туугандарыбыздын турмушуна кайдыгер карабайлы десеңиздер, бул маселе боюнча коомдук активисттер биригип, өз ара аракеттерибизди көрүү демилгесин уюштурсак, ким кандай карайт, – «РухЭш» сайты менен байланышсаңыздар болот. Эгерде жамы журтта унутта калган өрөөндүн тургундарынын жашоосунан кабар алууну каалагандар болсо, келаткан жылдын жаз айларынын биринде ат арытып барып-келүү ниетибиз бар…