БУЛГАКОВ Михаил: Накыл сөздөрүнөн (которгон Назгүл ОСМОНОВА)

Эч качан жана эчтемке сурабагыла! Эч качан жана эч нерсе, айрыкча, сизден күчтүүлөрдөн сурабаңыз. Өздөрү сунуш кылып, өздөрү баарын беришет!
* * *
Ким сүйсө, сүйгөн адамынын жазмышын кошо бөлүшөт.
* * *
Бакыт ден соолук сыяктуу: анын барын бар экенинде байкабайсың.
* * *
Кайрадан жаңылануу – эмне деген былжырактык! Жаңылык, аруулук бирөө гана болот – ал биринчи жана акыркы. А эгерде балыктын эти кайрадан жаңыланса, бул анын бузулуп кеткенин билдирет!
* * *
Эч жакка шашпаган адам гана баарына үлгүрөт.
* * *
Чындыкка азап тартуу менен гана келесиң… Бул анык, сабырыңыз жам болсун! Бирок чындыкты билгениңиз үчүн төлөшпөйт, бир тыйын да беришпейт.
* * *
Жарыкта эки гана күч бар: долларбайлар жана адабият.
* * *
Жашоодо каардуу адамдар жок, болгону бактысыз адамдар бар.
* * *
Саясаттын өзү маданиятка оппозиция болуп турганда, жазуучу саясатка дайым оппозицияда болот.
* * *
Ооба, адам ажалдуу, бирок бул кырсыктын жарымы гана болмок. Анын кээде капысынан ажалдуулугу жаман, фокус мына ушунда!
* * *
Кол жазмалар өрттөлбөйт.
* * *
Сиз күрмөсүнө карап баа бересизби? Эч качан андай кылбаңыз. Сиз жаңылып калышыңыз, оңбогондой жаңылышып калышыңыз ыктымал.
* * *
Сен экөөбүз дайымкыдай эле эки башка тилде сүйлөшүп жатабыз. Бирок мындан улам биз сүйлөшкөн нерселер өзгөрүп кетпейт.
* * *
Ким бул дүйнөдө туруктуу, түбөлүк сүйүү жок деди? Ким болсо да тилин кесип салгыла!
* * *
Өзүңөр билесиңер, документи жок адамга жашаганга тыюу салынат.
* * *
Биздин денелерибиз жана иштерибиздин көлөкөсү да калбаган маалда жылдыздар кала беришет.
* * *
Кимге карата болбосун, эч качан кылмышка барбагыла. Карылыкка таза колдор менен жеткиле.
* * *
Факты – дүйнөдөгү эң өжөр нерсе.
* * *
Революциялык жүрүш бул – бир саат жүрүп, эки саат тике туруш.
* * *
Туура түшүнгүлө, тил чындыкты жашырып коё алат, а көздөр эч качан жашыра алышпайт!
Которгон Назгүл ОСМОНОВА