ВЕРГА Жовани: Байлык (аңгеме, которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу)

Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Италиялык реалист жазуучу. Сицилиянын жашоосун чагылдырган көлөмдүү романдардын автору. “Талаа ортосундагы өмүр” (Vita dei Campi) аттуу аңгемелерден куралган жыйнагы бар.

АҢГЕМЕ

Жансыз деңиздин бир бөлүгү сыяктуу чалкыган Бивиеро ди Лентинини, Катания өрөөнүнүн күнгө күйгөн аңыз талааларын, Франкофортенин жашыл апельсин бакчаларын, Ресконенин козукарын бактарын бойлоп жол жүргөн жолоочу, уч-кыйырсыз жайыктарда ат арабанын аянычтуу кыйчылдак үнү менен качырлардын жал куйруктарынын кыймылы тажатып, уктап калбоо үчүн арабачы аргасыз күңкүлдөп ырдай баштаган маалда, ысыктан коюланып, көк асмандын астында чийиндей чиймеленген чаңдуу жолдун адамга көрсөткөн азабынан кутулуу үчүн:
— Бул кимдин жери? — деп сурашса,
— Миззаронун, — деген жооп алышат.
Чоңдугу чиркөөдөн кем калышпаган кампалар, кудуктун көлөкөсүндө салкындаган короо короо тооктор, өткөн кеткенди көрүү үчүн колдорун чекелерине калкалаган аялдары менен бир бүтүндөй айылды элестеткен чарбанын жанынан өтүп баратканда:
— Бул кимдики? – дешет.
— Миззаронуку.
Баса баса түгөнбөгөн жолдо, ысыктан көзүң илинип үргүлөп баратканда иттин үргөнүн угуп так секирип чочуп ойгонуп, үстүндөгү калың чаңдан оорлошуп, конушка же чокуну карай кеткен уч-кыйыры билинбеген кыймылсыз жол менен жүзүм бактарынын арасынан өтүп баратканда, өрөөндүн так оозунда, куралын жонуна көтөргөн сакчынын, башын көтөрүп, уйкулуу көзү менен өтүп бараткан ким экенин билүү үчүн сүзүлө караганын көрөсүз.
— Миззаронуку.
Жүзүм бактарынан кийин көк чөбү жок такыр жерде түшүмү мартка чейин жыйналып бүтпөгөн токой сыяктуу жыш зайтун бакчасы жатат. Бул Миззаронун зайтуну. Кечкисин күн коломтодогу чоктой кызарып батып, жайыктар караңгы түнгө оронгондо, Миззаронун талааларынан узун соколорун сүйрөп кайтып келе жаткан кош өгүздөргө туш болосуз. Канзирия жайлоосунан узун сызык сымал өңдөнүп котурап түшүп келаткан Миззаронун үйүр-үйүр жандыктарын көрөсүз. Чабандын ышкырыгы жаңырып, кээде угулуп кээде угулбаган шыңгыр үнүнөн обочолонуп жаралган ырдын өрөөн ичинде жоголуп баратканын угасың. Бул Миззаронун төрт түлүгү.
Баткан күнгө, кыбыраган курт-кумурскага, ойкуп-кайкып учкан куштарга, коруктагы үкүгө да адам баласынын Миззаронун менчиги дегиси келет. Миззаро жер жүзүнө узунунан жатып алып, адамдар аны курсагын тебелеп жүргөндөй сезилет.
Чынында адам баласы кичинекей жандык. Арабачы ушундай деди. Майлуу болгон бир гана курсагы бар. Ушул курсакты кантип чандайтып чыгарып алат, сыр түйүнүн чече албайсың. Анткени күнүнө эки тыйынга барабар тамак жейсиң. Бардык байлыгынды күндүн, жамгырдын астында жылаңаяк, жылаңбаш эртең менен баштаган кечке дейре нары-бери урунуп, бак тигип, эгин эккен жеринен маңдай териң менен табасың.
Азыр баш кийимин чече калып саламдашкандар, мурун баса калып сабаганын эстешет. Айылдагы аткаминерлер, төбөлдөр баш болгон аттуу-баштуунун баары ага карыздар. Ал дегенибиз Миззаро. Бирок баары мага карыз деп бой көтөргөндү деле билбейт. “Аткаминер дегениң карызын төлөй албаган байкуштар…” – деп коёт. Башында дегеле түшүрбөй кийген кара жибектен жасалган каскат. Ушуну сатып алуу үчүн бир жолу ысырапкорчулук кылган. Арзан чыгып калган, ошон үчүн алып койгону да маалым. Мал мүлкү көзү көргөн жерлерге чейин жеткен. Оңдо, солдо, алдыда, артта, тоодо кыскасы бардык жерде. Анын жери менен кара курсагын тойгузкан беш миңден ашык кара кекиртек бар.
Өзү кичинекей тоголок нан менен бир сындырым сыр жейт. Аны да ырыстуу жерде отуруп жебейт. Чиркөөдөй килейген кампанын бир бурчунда, айылдыктардын кап кап буудай ташып чаңы көккө сапырылган жерде, жаан күндөрү башына себет калкалай калып тикесинен тик туруп жейт. Ичкилик ичпейт, чылым менен иши жок. Бирок талааларында килограммы токсон беш лирага сатыла турчу кең жалбырактуу жаш баланын боюндай болгон тамеки өстүрөт. Аял, кумар дегенди билбейт. Өмүрүндө апасынан башка аял затына карап көргөн эмес. Ошол апасын көрүстөнгө алып барганда да жарыбаган акча сарптаган.
Азыркы учурда ээлик кылган талааларда жылаңаяк кара курсактын азабынан иштеп жүргөндө байлык эмне деген суроолорго көп ойлонгон. Белиң талый түшүп бир азга дем алуу үчүн түзөлө калганда, ат үстүндө көз салып жүргөн көзөмөлдөөчүнүн камчысы жон терисине шап дей түшкөн, июль айларынын мээ кайнаткан ысыгында үч бүктөлүп алып кара жанды карч уруп, күнүнө үч тыйын үчүн иштеген күндөрдү өз башынан өткөргөн. Мал, мүлк топтоону кандай кырдаал болсо дагы унутта калтырган эмес. Учурда ноябрь айында кайтып келген каргалардын тобундай болуп жердин бетин аңтарган соколору бар. Санагына көз жетпеген качырлар үрөөн ташыйт.
Октябрь айынан тартып март айына чейин баткак менен жуурулушуп зайтун жыйнаган аялдарды эсептеген жан жок. Жүзүм бактарын буташ үчүн бир айылдын жарымы жумушка тартылат, кайсыл өзөндөн созолонгон ырдын үнүн уксаңыз, Миззаронун жүзүмзарына иштөөгө келген адамдардын үнү дей бериңиз. Эгин чабык башталганда орокчулардын саны бир ордого барабар болот. Эртең мененки тамакта курабье, түштө нан менен турунч, кечинде камыр шорпо. Тамак үчүн кучак толо акча сарпталат. Шорполору бошогон чаралардын казандан эч айырмасы жок. Миззаро жумушчуларын көзөмөлдөөгө чыкканда:
— Эңкейгиле, иштегиле!.. – деп жаны тынбай кыйкыра берет.
Ар жылы чөнтөгүн кагып алып, акчасын топурактын салыгы үчүн падышанын казынасына төлөйт. Төлөм сайын Миззаро башын жерге ургулап кала берет.
Бирок ар жылы буудайларын кампаларына батыруу үчүн чатырларын ачууга туура келет. Качан гана Миззаро шарап сатса, акчасын саноо үчүн бир күндөн ашык убакыт коротот. Жалаң гана күмүштөн жазалган тыйындар менен соода жүргүзөт. Бир гана падышага же башка бирөөнө акча берерде кагаз акча колдонот. Жарманкелерде Миззаронун төрт түлүгү бүтүндөй аянтты ээлеп алып, жолдорду бууп салат. Адамдар жолдон өтүү үчүн башка жолго түшүүнү туура көрүшөт, себеби эч ким жарым күн күтүүнү каалабайт.
Бардык байлыгын өз колдору менен, өз акылы менен, түнкүсүн кирпик какпай, таң аткандан күн батканга чейин тытынып жүрүп тапты. Бул дүйнөдө бир гана байлыгы бар, ошону гана ойлойт. Эскирбеген, талкаланып бузулбаган нерсеси бар болсо ал дагы өзү. Бала-бакыра, ага-иниси жакын тууганы да жок. Бир гана байлыгы бар.
Байлык Миззаро үчүн жаратылгандай. Миззаро мурун өзү кызмат кылган Баронго окшош. Нандын күкүмүн чымчыкка ыраа көрбөйт. Барон Миззарону жылаңач тозуп жүргөндө сооп үчүн жанына кызматчы кылып алган. Ошол жүзүм бактардын, талаалардын, төрт түлүктүн ээси Барон болчу. Аркасына жан сакчыларын ээрчитип чарбасына келгенде падыша келгенден айырмасы жоктой көрүнчү. Жата турчу оорду, жей турчу тамактары ар дайым даяр турчу. Себеби качан келээрин баары билишчү.
Ошондой күндөрдүн биринде Барон дүйнөдөн өтүп кетти. Байлык Миззаронун колунда калды. Акча сурап келгендерге акчам жок деп чакчырылат. Чынында жок эле. Чөнтөгүндө эки тыйын салып жүргөнүн көргөндөр болбоптур. Үйүнө дайранын ташкынындай агып кирген акчаларга дароо жер сатып алчу. Нийети падышадай жашоо, андан да ашып түшүү. Бирок бир нерсе ичин кара курттай кемирип келет. Жашы өткөн сайын талааларды кантип бул жарыкчылыкка таштап кетем деп санаага батат… Кудайдын акыйкатсыздыгы эмеспи бу. Болбосо байлык үчүн бүт өмүрүңдү арна, тытын, жыйнадыңбы жыйнадың, дагы көбүрөк байлык топтоого аракет кылып жатканыңда бардыгын таштап кете бер!.. Кепесинин үстүндө эки бүктөлүп отуруп алып көз алдында жашарып келаткан жүзүм шактарына, деңиздей толкуган эгиндерине, туман баскандай көйкөлгөн зайтундарына карайт. Кокус алдынан жарым жылаңач жаш бала өтсө таягы менен тап берип:
— Көрөбүз ким көп жашаарын? Беш тыйыны жок мусаапыр! – деп күңгүрөнүп калат.
Ичээр суусу түгөнүп, рухун ойлой турчу маал келди дешкенде келесоо адамдай сенделип короосуна чыкты да өрдөк, үндүктөрүнө жеткен жерден таягы менен торойто чаап, калганын кубалап жүрөт:
— Байлыгым, мал мүлкүм, төрт түлүгүм жүргүлө бирге кетели! — деп кыйкырып жүрдү…