ЗОЩЕНКО Михаил: Балдар үчүн жазган аңгемелер (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

Акылдуу жаныбарлар

*   *   *

Пилдер менен маймылдар аябай акылдуу болот дешет. Бирок башка жаныбарлар деле келесоо эмес.

Мына, карагылачы, мен кандай акылдуу жаныбарларды көргөнүмдү айтып берейин.

 

Акылдуу каз

Бир каз короодо сейилде жүрүп бир сындырым каткан нан таап алды. Ал нанды тумшугу менен чокулап, майдалап жегенге аракеттенди. Бирок нан ушунчалык кургап калган экен, каз аны майдалай албай катуу убара чекти. Бүкүлү жутуп жибергенге батынган жок, балким андай кылса каз ден-соолугуна зыян кылмак. Казга жардам кылып, нанды майдалап берүүнү чечтим. Бирок каз  мага тийгизбей коруп кирди, сыягы нанды өзү жеп алат деп ойлоп жатса керек.

 

Мен алысыраак чыга берип, кантээр экен деп кызыгып байкап турдум. Бир кезде ал нанды тиштеп барып, жакын жердеги көлчүккө алпарып таштап койду. Бирткеден кийин сууга тийип жибип калган нанды каз ыракаттанып жеп алып басып кетсе болобу. Ал акылдуу каз экен. Бирок менден кызганып нанга жолотпой койгону анын ашынган деле акылдуу эместигин билдирип койду. Таптакыр деле келесоо эмес дечи, баары бир акыл-эси толук жайында эмес.

 

Акылдуу тоок

Тоок балапандары менен короодо жүргөн. Анын майда тогуз балапаны бар эле. Аңгыча кайдан-жайдан саксайган ит пайда болду. Ал аңдып келди да, бир балапанды тиштеп кетти.Чочуп кеткен балапандар туш тарапка чачырай качышты. Тоок да адегенде коркуп кетип качмак болгон. Бирок эсин жыйнап караса көзүң жамандыкты көрбөсүн, анын бир кичинекейин тиштеп алыптыр. Жаман оюнда аны тирүүлөй жутуп койсом десе керек.

Тоок коркууну унутту да итке жүгүрүп жетип, бир аз артка чегинди да, катуу секирип барып иттин көзүн чокуп алды.

Тооктон мындай эрдикти күтпөгөн иттин оозу ачыла түштү, бошой түшкөн балапан секирип түшүп энесин көздөй жүгүрдү. Ит көзүн чокуган тоокко жинденип, аны кубалай баштаганда кудай жалгап  иттин ээси көрүп калды да, аны каргыдан алып, жетелеп барып байлап салды.

Тоок болсо балапандарын чогултуп, эсептеп-толуктап алып эч нерсе болбогондой короодо сейилдеп жүрдү.

Ал аябагандай акылдуу тоок болчу.

 

Акылсыз ууру жана акылдуу торопой

Менин кожоюнумдун дачасында торопою бар эле. Кожоюн аны уурдатып жибергенден коркуп, короого камап бекитип койчуу. Бир ууру баары бир ал торопойду уурдап алууну чечти. Түн киргенде ал кулпуну талкалап, короого кирди. Торопойлорду кармасаң катуу чаңырмай адаттары бар эмеспи. Аны билген ууру чоң таар камдап алган эле. Ууру торопойду чаңырганга үлгүртпөй, кармаар замат таарга орой койду да, акырын жыла басып сыртка чыкты.

Торопой таардын ичинде туйлап, чаңырып баратты. Таар бир топ  калың болгондуктан анын үнү кожоюнга жеткен жок. Ууру торопой чыңырган сайын оролгон таарды кучагына ого бетер бекем кысып бараткан. Бир кезде эле ууру торопойдун кыймылдабай калганын сезди, эмнегедир чаңырбай да калды. Бир да кыймыл байкалбайт. “Кудай ур! Бекем кысып, тумчуктуруп өлтүрүп алдымбы. Байкуш торопойдун убалына калдым окшойт”, — деп ойлоду ууру.

Ууру карбаластап таарды ача баштаганда, торопой ачуу үнү менен чаңырган боюнча колдон суурулуп качып жөнөдү.

Торопойдун үнүн уккан кожоюндар чыга калышып, ууруну кармап алышты.

— Ой, торопоюңар өлө куу турбайбы. Мени алдап калп өлүмүш болуп калыптыр да. Же коркконунан эси ооп калганбы. Токтоп карай коём деп качырып жибербедимби,— дейт ууру.

— Жок,ал эси оогон жок, ал таарды ачсын деп атайлап эле өлүмүш болгон. Ал аябай акылдуу торопой, ошондуктан сага окшогон акылсыз ууру колго түшпөдүбү.— дейт анда кожоюн.

 

Акылдуу жылкы

Мен каз, тоок, торопойдон башка дагы акылдуу көп жаныбарларды көргөм. Алар жөнүндө кийинчерээк айтып берем. Азырынча акылдуу  жылкы тууралу бир аз баяндап берейин. Иттер бышкан эт жешет. Мышыктар сүт ичишет жана балапандарды жейт. Уйлар чөп жешет. Букалар да чөп жеп, адамдарды сүзүшөт. Арстандар, булар орой жаныбарлар, чийки эт менен тамактанышат. Маймылдар жаңгак менен алма жешет. Тооктор майда-барат күкүмдөрдү чокушуп, ар кандай таштандылар менен тамактанышат.

Айткылачы жылкы эмне жейт?

Жылкы пайдасы көп, балдар жеген тамакты жейт.

Жылкылар сулуу жешет. Ал эми сулуудан болсо сулуу боткону жана геркулести жасашат.

Сулуу ботко жана геркулес жеген балдар күчтүү, ден-соолуктары чың жана эр жүрөк болушат. Жок, жылкылар келесоо эмес, андыктан алар сулуу жешет.

Жылкылар аябай акылдуу жаныбарлар, ошондуктан ден-соолукка пайдалуу балдардын тамагын жеп жатышпайбы. Анан да жылкылар кантты жакшы көрүшөт, бул дагы алардын келесоо эместигин көрсөтөт.

 

Акылдуу чымчык

Бир бала токойдо ойноп жүрүп, чымчыктын уясын таап алды.

Уяда болсо жылаңач кызыл эт балапандар бар экен. Алар жан-алы калбай чыйпылдап жатышты. Качан энеси келип, курт-кумурсканы ооздоруна салып тамактандырат  деп күтүп жатышса керек.

Бала ушундай татынакай балапандарды таап алганына аябай сүйүндү, бирөөсүн алып, үйүнө алып кетүүнү ойлоду. Ал жаңы эле уяга колун сунганда, дарактан күтүүсүздөн бутунун астына бир чымчык топ этип кулап түштү. Кулап түштү да чөптүн үстүндө кыймылсыз жатып калды. Бала чымчыкты кармайын дегенде ал канатын сүйрөп, секирген боюнча алдыга бир аз жылган болду. “Бул чымчык канатын сындырып алса керек, — деп ойлоду бала, – ошондуктан уча албай калган тура”.

Бала чымчыкты кубалап жөнөдү.

Бала чымчыкка эми жеткенде ал текиреңдеп дагы бир аз жерге барып, кайра токтоп калат.

Бала тумагын чечип алып, аны менен чымчыкты баса калмак болгондо “пырр” этип асманга көтөрүлдү да учуп кетти. Бала чымчыкка катуу жинденди. Ал кайра артка кайтып жок дегенде бир балапан ала кетүүнү чечти. Бирок ал чымчыктын уясы кайда калганын таппай калды. Бала ошондо гана чымчыктын дарактан атайын эле кулап түшкөнүн, калп жаралуу болуп алдап, уясынан алыс ээрчитип кеткенин түшүндү.

Ошентип бала балапандан куру калды.

Ал бир аз кулпунай терип жеди да, үйүнө кайтты.

 

Акылдуу ит

Менин чоң итим бар эле. Анын аты Джим болучу. Ал кымбат ит болучу. Мен аны 300 сомго алгам. Жайында дача жашап жүргөндө аны ууруларга алдырып жибердим. Ага эт берип алдап ээрчитип кетишиптир. Мен итимди издеп-издеп эч жерден таппай калдым. Анан бир күнү шаардагы үйүмө келдим. Үйдөгүлөргө укмуштай сонун итимди уурдатып жибергенимди айтып отургам. Аңгыча эле эшиктин коңгуроосу кагылып калды. Барып эшикти ачтым. Элестетсеңер, эшиктин алдындагы аянтчада менин жоголгон итим отурат. Өйдөңкү кошуналардын бири айтат:

— Капырай, итиңиз кандай акылдуу, ал коңгуроону өзү какпадыбы. Мурду менен коңгуроонун баскычын түртүп, сиздин эшикти ачышыңызды күтүп турду.

Эх, иттердин сүйлөбөгөнү кандай өкүнүчтүү. Болбосо ал кимдер уурдаганын, шаарга кантип келип калганын айтып бербейт беле. Уурулар аны поюзга салып сатыш үчүн Ленинградга алып келишкен шекилдүү. Ал алардан качып чыгып, көчө кыдырып, кышында жашап кеткен тааныш үйүн издеп көпкө жүрсө керек. Анан үйдү таап, төртүнчү кабатка көтөрүлүп, эшиктин алдына келип жаткан окшойт. Эшикти эч ким ачпаган соң, коңгуроону кагыптыр.

Ой кудайым ай, итимдин табылганына сүйүнгөнүмдү айтпа, аны кучактап өптүм да чоң кесим эт сатып бердим.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ