ЗОЩЕНКО Михаил: Каракчы (аңгеме, которгон Ысмайыл КАДЫРОВ)

АҢГЕМЕ

Бир күнү биз немецтик коргонуу чегин жарып өтүп, бир нече адамды туткунга алдык. Аларга сурак жүргүзө баштадык.

Карасак, биздин алдыбызда Гитлерге куюп койгондой окшош немец обер-ефрейтору турду. Аныкындай кичинекей муруту да бар экен. Чачы дагы. Өңү союп каптагандай окшош.

– Кокустукпу? Же бул окшоштукка жасалма жол менен жетишкенсизби? – деп сурадык.

 

Обер-ефрейтор мындай деди:

– Силер көрүп турган өң эки жылдык эмгектин натыйжасы. Мен Гитлер мырзанын ар бир кыймылын үйрөнүп чыктым. “Гитлер Компьен токоюнда” тасмасын 8 жолу көрдүм. Офицер мырзалар мени көргөндө селт этип кетишкендерине жетиштим.

– Бул оюн сизге эмне үчүн керек болду? – деп сурадык.

Обер-ефрейтор мындай деди:

– Бул оюн эмес. Мында мамлекеттик чоң маани жатат. Ар бир аскер бөлүгүндө Гитлерге окшош адам болуш керек. Аскерлер бул кебетени өз алдыларынан көрүп туруп, ар дайым коркуп турушат жана команда эмнени талап кылса, аны аткарууга толук даяр болушат.

– Башка полктордо да ушундай каракчылар барбы? – деп сурадык.

Обер-ефрейтор мындай деди:

– Кайдан. Жакында гана мен полктун командирине баяндоо кат бердим. Ал мындай деди: “Дивизиянын начальнигине билдирем. Биздин идеяда акылдуу бир ишке негиз салынды – полкто ырксыздык болбойт”.

 

Биз күлүп, мындай дедик:

– Командирдин үмүтү акталбады. Силердин полк кыйрады. Сиз да туткундасыз.

Анда обер-ефрейтор мындай дейт:

– Менин туткунга түшкөнүм, полк үчүн чоң бактысыздык.

Биз ага мындайча жооп бердик:

– Азыр жок полк үчүн сиз туткундасызбы же асмандасызбы – баары бир да.

Которгон Ысмайыл КАДЫРОВ