ЗОЩЕНКО Михаил: Күйөө (аңгеме)

АҢГЕМЕ

Жакында Егорка Басов үйлөндү. Ал салмагы токсон килодон ашкан, зор денелүү мурду балтайган аялды алды. Негизи ал жолдуу адам экен.

Ага чейин Егорка Басов 3 жыл жесил болуп жалгыз жүрдү – эч ким ага тийгиси келбеди. А Егорка болсо көрүнгөнгө эле сөз айта берчү. Керек болсо жакын аралыкта жашаган солдаттын жесирине да барды. Бирок анын үмүтү акталган жок. Дал ушул окуяны Егорка Басов баяндап бергенди жакшы көрчү. Берилип алып калпты кудайды карабай ышкыртчу, баянына улам жаңы кызыктарды кошуп коёт.

Угуп жаткандар бул окуяны ийне жибине чейин эчак эле билип бүтүшкөн. Бирок ар дайым ыгы келе калганда эле адегенде боору эзилип күлүп алып кайра башынан айтып берүүнү суранышчу. Бири-бирине көздөрүн кысып:

— Егорка кантип кудалашып калдың эле? – деп калышчу.

— Ошентип эле, – дечү Егорка. – Көздү май басып калды да.

— Эмне шашып кеттиңби?

— Шашып кеттим. – Егорка мойнуна алчу. – Иш кычаган мезгил эмес беле. Чөп чабык, аны ташуу эгинди да жыйнаш керек. Ошо кезде туугандар, катыным кайтыш болуп калбадыбы. Бүгүн маселен жатып калды, а эртеси ахбалы аябай оорлоду. Ооналактайт, жөөлүйт, мештен да кулап кетет.

— Аай. – дедим аялыма, — рахмат, Катерина Васильевна, — мени бычагы жок мууздадыңыз го. Ушундай учурда да өлчү беле. Кичине чыдаңыз. – дедим, — күзгө чейин а күз келгенде өлө бериңиз.

Ал болсо колун шилтейт.

Мен албетте, дарыгерди чакырдым. Бир пуд сулу бердим. Дарыгер сулуну өз мүшөгүнө салып  алды.

— Медицина, — дейт – алсыз болуп жатпайбы. Сиздин катыныңыз жарык дүйнө менен коштошчудай болуп калды.

— Кайсы оорудан экенин айта аласызбы? – дедим. – Мындай түз сураганым үчүн кечирип коюңуз.

— Бул оору дейт, — ал кебелбей – медицинада азырынча белгисиз.

— Дарыгер үбөлөнгөн дарыларын берди да кетип калды. Ал дарыны биз кудайдын сүрөтүнүн артына коюп берип көрдүк, – ылаажы болбоду. Катыным жөөлүйт, ооналактайт, улам мештен кулап кетет.

Түн киргенде кайтыш болду.

Мен албетте, боздоп калдым. Өнөктүк мезгилинде кайтып кеткени азап болду. – Чөптү убагында чаап, ташыш керек. А катыны жок кандай иш жүрөт? Эмне кылам? – жооп таба албайм. Эгерде үйлөнө турган болсом, кимге үйлөнөм? Кээ бирөө албетте, макул болмок, бирок шашпай туруп алсачы? А мага шашылыш керек болчу.

Атымды күрөөгө койдум да, жаңы шым алып кийип, бутумду жууп алып жөнөп кеттим.

Көздөгөн жериме жеттим. Тааныштарымды кыдыра баштадым.

— Убакыт тар, — дедим аларга. – Жумуш кычаган учур, көп сөздүн кереги жок, — силерде бир эптеген эле катын табылабы? Мага демектен сокур болсун. Үй-бүлө курууга абдан кызыкдармын.

— Бар, албетте. Бирок азыр өзүң айткандай иш кычаган учур. Үй-бүлө курууга эч ким кызыкдар эмес, солдаттын жесири Анисьяга барып көрүңүз, балким көндүрүп аласыз.

Ошентип мен жөнөп калдым.

Келдим. Катын бутун тырмап сандыктын үстүндө отурган экен.

— Саламатсызбы, бутуңузду тырмабаңызчы, – дедим. – Сизде абдан олуттуу жумушум бар.

— Аа, — деди ал, – тырманганымдын тоскоолдугу жок.

— Анда, – дедим, — Азыр өнөктүк учур экенин билесиз. Көпкө талашып тартышкандын кереги жок. Сиз жалгыз, мен да жалгызмын. Үйлөнөлү. Эртең эле чөп чабыкка чогуу чыгабыз.

— Жарайт, — деди. – сиз мага чындап эле кызыгып жатасызбы?

Мен аны жакшылап карадым. Чындап эле мага керектүү аял, чың денелүү, мыкты иштээри көрүнүп турат.

— Ооба, — дедим, — сөзсүз кызыгам да, мага дал сиздей аял керек. Канча жашка келдиңиз?

— Жашымбы? — деди. — Өтө деле карый элекмин. Жашымды санагандай эмесмин. Ал эми туулган жылым болсо, калп айтпасам бир миң сегиз жүз сексен алтынчы жыл.

— Мейли, — дедим, — убакыт тар, аны эсептеп отурабызбы. Калп айтпасаңыз эле болду.

— Жок, — деди, — алдаган жокмун, алдасам кудай жазалайт да. Эмне жыйналайынбы?

— Ооба, — дедим, — жыйналыңыз. Буюм-тайымыңыз көппү?

— Буюм-тайым, — деди, — анча көп эмес жыртык чөнтөктө шамал аркырайт. Сандык менен кенедей жер төшөк бар.

Биз сандык менен жер төшөгүн арабага салдык. Мен дагы бир жерде жаткан табагын, жарылган эки отунду да арабага салып алдым да, жөнөп кеттик.

Атты болушунча айдап келатам, шашылыш керек эле. А менин жаңы зайыбым сандыгына отуруп алып термелип, кандай жашоо болот, эмне тамак жасайм, мончого барсам да жакшы болмок, — үч жылдан бери бара элекмин – деп күбүрөнүп кете берди.

Акыры жеттик.

— Түшүңүз, — дедим.

Зайып арабадан түштү. Карасам, бир башкача болуп түшүп келатат – капталы менен кыймылдайт экен анан эки буту тең аксак сыяктанды. Эх, деп ойлодум. Эми эмне болот?

— Сиз эмне, — дедим, — бутуңуз аксак өңдүү го?

— Жоок, — дейт – мен жөн эле эркелеп жатам.

— Койсоңуз, кантип ошондой болсун? Эгерде чындап аксасаңыз бул өтө олуттуу маселе. Мага — чарбачылыгыма аксагандардын кереги жок.

— Жоок, — дейт, — Менин анча-мынча эле сол бутум сылтыйт. Жарым карыш гана кыскараак.

— Жарымбы, — дедим, — же толук карышпы. – Кеп анда эмес, иш кычаган өнөктүк учуру дебедимби. Бутту өлчөгөнгө чама жок. Бирок маселе татаал экен. Жада калса суу көтөрүп келатсаңыз да – чайпалып төгүлүп калат да. Кечирип коюңуз, – дедим, — кашайып байкабай калыпмын.

— Жоок, — деди. – маселе чечилген.

— Жоок, — дедим, — болбойт, баары бир жарабайт, мурдуңуз балтайган, өңүңүз да жакпайт, жашыңыз дагы – бир миң сегиз жүз сексен алты, жок болбойт. Кечирип коюңуз, бутуңузду байкабай калыптырмын.

Мына ушу жерден зайып кыйкырып, жинденип кирди, албетте, ансыз болбойт эмеспи, мени жулмалай баштады. А мен болсо убакытты коротпой акырын буюм-тайымын короого чыгара баштадым.

Ал адегенде канча экенин билбей да калдым, бирби, эки жолубу, мени тумшуктан ары берип калды да:

— Ии кана, — деди, — байкабай гана калыптырсың да ээ? Жөнө, кайра жеткир мени.

Арабага түштүк да жөнөп калдык.

Бирок жети чакырымдай калган кезде мен өзүмдөн өзүм жиним келе баштады.

“Талаада иш кычап атса” — деп ойлодум, — “Сүйлөшкөнгө да чама жок болсо, а мен муну үйүнө жеткирип жүрөм”.

Анын буюм-тайымдарын арабадан алып ыргыттым да, эмне болор экен деп карап турдум. Зайып да күтүп турбастан алардын артынан арабадан секирип түштү. А мен болсо аттын башын бурдум да, токойду көздөй зуу койдум.

Ошентип маселе өзүнөн өзү чечилди.

Сандыгы жана жер төшөгү менен үйүнө кантип жеткенин билбейм. Бирок жетиптир. Бир жылдан кийин күйөөгө тийиптир. Азыр болсо наристе күтүп жаткан экен.

Орусчадан которгон Олжобай ТОКТОСУНОВ