ЗОЩЕНКО Михаил: Операция (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Бул кичинекей окуя жолдош Ящиков Петюшканын башынан өттү. Айтканга жеңил окуядай болгону менен, аз жерден операция учурунда кишини өлтүрүп ала жаздашпадыбы. Андай болот деп ким ойлоптур, эч кимдин оюна да келген эмес. Петька деле оңой эле бычакка моюнун тосуп берчү жан эмес. Чынында ал андай маңыроо кишилерден эмес. Ошентсе да бул кайгылуу окуя анын башынан өттү.

Чын-чынына келгенде өтө деле маанилүү эч нерсе болгон жок, жөн гана ал жаңылыштык кетирип алды. Андай болот деп түк ойлогон эмес. Анын үстүнө операцияга биринчи жолу барышы, тажрыйбасы да жок эле. Окуя Петюшканын көзүнө тирсек чыккандан башталды. Көзүнүн үстүнө чыккан тирсек өсүп отуруп, үч жыл ичинде сыя челектей болуп чоңойду. Акыры эмканга барууга туура келди.

Кабыл алган доктор жаш, кылыктуу айым болуп чыкты. Ал : «Кесип алып салса болот, кааласаңыз кестириңиз, каалабасаңыз жүрө бериңиз. Мындай оорудан өлүп деле калбайсыз. Кээ бир эркектерге баары бир сыяктанат, сырт келбетине карабай, эл эмне десе ошо десин дегенсип жүрө беришип, шишикке көнүп деле калышат» — дейт. Сулуулук үчүн Петюшка операцияга барууну чечти. Доктор айым операцияны эртеңки күнгө белгиледи. Эртеси Петюшка Ящиков жумуштан кийин түз эле опрецияга жөнөмөк болгон. Бирок оюна бир нерсе кылт дей түштү. “Операцияны көзүмө жасатам дечи, мындайча айтканда көз сырткы орган, ички органдар менен тиешеси жок болгон менен, медицина деген түшүнбөгөн кишиге түнт токой да, ит билеби, кокус чечин деп калсачы. Ич көйнөгүмдү жаңыртып албасам болбос”. Башкысы — доктор айымдын жаштыгында эле.

Петюшка анын алдында, сырт кийими анча деле укмуш болбосо да ич кийими таза, тазалыктуу экен деп ойлосун деген кыязда жакшы көрүнгүсү келди. Кокус чечиндирип калса ыңгайсыз абалда калгысы келбеди. Үйүнө барды. Көйнөгүн жаңыртып кийип, моюнун бензин менен сүрттү, колдорун жууп, мурутун өйдө карай бурай сылап эмканага жетип барды. Доктор айым ага түшүндүрө баштады: “Мына мобу операция столу, тиги бычак, мына сиздин тирсегиңиз. Азыр өтүгүңүздү чечиңиз да столго жатыңыз”. Петюшка абдрай түштү. «Мына эмесе, өтүктү чечем деп ойлобоптурмун да, байпагымдын кебетеси анча деле адам кызыгарлык эмес, эң жаман абалда десем да болот» -деп ойлонду.

Бутундагы кемчилигин жымсалдап, алаксытмак болуп Петюшка Ящиков баары бир кителин чечүүгө белсенди. Доктор айым:

— Кителиңизди чечпей эле коюңуз, мейманканада эмессиз да, өтүгүңүздү чечиңиз, — деди. Аргасыздан өтүгүн чечүүгө мажбур болгон Петюшка түшүндүрүп кирди:

-Кечирип коюңуз, мен өтүгүмдү чечем деп такыр оюма келбептир, балакет баскырдыкы, көзүмдү эле көрөт дебедимби, көйнөгүмдү которуп кийгем, калганын которууну ойлобоптурмун. Операция учурунда бутума көңүл бурбай эле койсоңуз экен.          Жогорку билимдүү айымга бирөөнү шылдыңдап күлүү туура эмес дечи, ага карабай доктор айым каткырып жиберди:

— Болуңуз, столго тез жатыңыз, убактым ансыз деле аз.

Көзүндөгү шишикти кескилей баштады. Кесет да, каткырат. Бут жагын карап алып эле күлкүсүн тыя албай, бүт денеси бүлкүдөгүчө күлөт. Бүлкүлдөгөн сайын колдору калчылдайт. Калчылдаган колу менен абайлабай өлтүрүп алышы мүмкүн эле да. Деги адамдын өмүрүнө ушунчалык коркунуч туудуруга болобу?

Ошентсе да операция ийгиликтүү аяктады. Петюшканын көзүндөгү шишик жок болду. Бутун таза жууп, байпакты да аярлап кие турган болду окшойт. Ошонусу менен аны куттуктайбыз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ