ЗОЩЕНКО Михаил: Эстен кеткис окуя (аңгеме, которгон Ысмайыл КАДЫРОВ)

АҢГЕМЕ

Бир кызматкердин келинчеги майда буржуазиянын үй-бүлөсүнөн чыккан абдан эле жаш жана бардыгын билүүгө дилгир айым бир актерду сүйүп калды.

Ал драма жана комедия артисти эле.

Мына ошентип ал келин ошону сүйүп калды. Же ал анын аткарган оюнун көрүп, ал оюн аны өзүнө тартып алганбы, же тескерисинче, анын оюнун көрбөй туруп эле өзүнүн келишимдүү келбети менен жакканбы, айтор ким билсин, аны дегдеди да калды. Ал көпкө чейин эмне кыларын билбей жүрдү: күйөөсү менен ажырашып, артистке турмушка чыгып алабы же күйөөсү менен ажырашпай эле тек гана аны менен жүргөнүн уланта береби…

Бирок актердун итке минген жакыр экенин билгенден кийин, күйөөсү менен ажырашпай эле коюуну чечти. Анын үстүнө артист деле ага үйлөнүүнү анча каалаган жок, анткени ал  балдары бар жаш аялмет адам эле.

Бирок алар бирин бири абдан эле жакшы көрүп калгандыктан, тез-тез жолугуп турушту.

Ал бир күнү келинге телефон чалды, ошол кезде келин эмне кылар айласын таппай, анын роль аткарып жатканын көрүш үчүн репетиция жасаган жерине жетип барды. Мына ушундан кийин анын актерго болгон сүйүүсү ого бетер күчөп, аны көргөн сайын көргүсү келе берчү болду.

Бирок ошондой болсо да алар жолугушуучу жер жок эле, андай учурда алар Ромео менен Жульетта сыяктуу көчөдөн же кинодон жолуга башташты же болбосо бири бирине жылуу сөз айтыш үчүн кафеге барчу болушту.

Бирок мындай кыска жолугушуулар, албетте, аларды канааттандырбады, алар өздөрүнүн турмуштарынан жолдору болбой калганына дайыма күйүп-бышып жүрүштү жана өздөрүнүн акылдан адаштырган сүйүүлөрү жөнүндө бири-бирине жалбара айтып, эзилише сүйлөшүүгө  жер табышчу эмес.

Ал эми келин жигитке өзү барганга даай алчу эмес, анткени артист үй-бүлөлүү адам эле да.

Келин жигитти жубайы жумушунда болгон кезде гана чакыруучу. Ал ошого карабастан эки жолу келди, бирок келин анын келишине таптакыр каршы болду.

Нерви жайында эмес, өтө эле таланттуу, андан сырткары көркөм дүйнөгө баш оту менен кирип кеткен адам катары ал келинге келгенден абдан эле айбыкчу, анткени ал барган кезде кокусунан күйөөсү келип калып, жаңжал чыгышы, ал түгүл атышууга чейин барышы да мүмкүн эле.

Мына ушундай ойго жетеленген артист анда конокто болгон кезде коркунучтан жүрөгү түшүп, нормалдуу отура алуучу эмес.

Ушундан кийин албетте, келин аны өзүнө чакырганын токтотту, анткени анын жандүйнөсү жабыркап турганын сезчү.

Бир күнү ал ага мындай деди:

— Андай болсо мындай кылалы! Эгер мени менен көрүшкүң келсе, эмдиги дем алыш күнү менин курбумдукуна кел.

Драма артисти сүйүнүп кетти!

— Мына мунуң башка кеп! Антпегенде менин кесибим нерв менен өтө байланышкан, мен сеникинде отурганда жайбаракат отуралбайм. Өзүмдү сценадагыдай сезип, өтө эле шектене берем.

Келиндин Сонечка деген эң жакын курбусу бар болучу. Ал өтө эле ийкемдүү, балет жагынан билими бар келин болучу.

Бул келинчектин күйөөсү мындай таанышууга маакул болду, аялынын эң жакын курбусуна жамандык каалабасын айтты.

Ошентип балет артисти күйөөсүнөн абдан сурангандан кийин, курбусуна сүйүктүү адамы менен анын үйүндө жолугушууга уруксат берди.

Ошентип дем алыш күн да келди, эртең менен ал жасанып алып жолугууга жөнөдү.

Трамвайда баратып, жанаша турган киши менен уруша кетти. Кер-мур айтышып, бир аз ызы-чуу болгондон кийин, ал киши трамвай токтогондо түшө качты. Биздин артист кызуулукка алдырып, токтоно албай ал түшүп баратканда артынан түкүрүп жиберди. Ага ачууланган кошунасы кайра кирмекчи болгондо трамвай жүрүп кетип, ал жетпей калды.

Бул чатактан артисттин маанайы деле түшкөн жок. Ал өзүнүн сүйүктүүсү менен жолугушуп, алар коммуналдык батирде жашаган курбусунукуна жөнөштү, курбусунун чакан бөлмөсүнүн ачкычы алардын колунда эле.

Алар бөлмөгө кирип, диванга отуруп, өздөрүнүн андан аркы жашоосу жөнүндө жаңыдан эле сүйлөшө башташканда, капысынан эле эшик тыкылдап калды.

Келин артистке жооп бербейли деген белги берди, артист ансыз деле коркконунан катып калган эле.

Капысынан эшиктин сыртынан үн чыкты:

— Ал жакында келеби?

Үндү угаары менен келиндин өңү кубара түштү жана бул үн анын күйөөсүнүкү экенин актерго шыбырады. Күйөөсү аларды көчөдөн көрүп калып, аңдып жүргөндөй сезилди.

Драма артисти кандай балаага кабылганын ойлоп, калтырап кетти, катуу дем алгандан да коркуп, диванга кыйшайды да, сүйүктүүсүн суктана карап турду.

Сырттан дагы үн угулду:

— Мен ага кат калтырайын. Менин келгенимди айтып коюңуз.

— Келиндин күйөөсү (чынында эле ошол болучу) кат жазып, эшиктин түбүнөн сойлото салып жиберди да, короодон сыртты карай жөнөдү.

Келин абдан таң калгандыктан, катты дароо алып, окуй баштады. Окуп бүтөрү менен өксөп ыйлап, кыйкырып, диванга көмкөрөсүнөн кулап түштү.

Драма артисти келиндин үңүлдөгөн ыйынан кийин бир аз эсине келип, катты таң калуу менен окуп чыкты, анда мындайча жазылган эле:

“Кичинекей Сонечкам! Мен жумуштан эрте бошоп калып, дароо эле сага келген элем, бирок тилекке каршы, сен жок экенсиң. Саат үчтө келем. Бетиңден өөп. Николай”.

Келиндин көзүнөн  аккан жашы токтобой, ыйлаган боюнча артисттен сурады:

— Муну кандай түшүнсө болот? Сиз кандай ойлойсуз?

Анда артист мындай деди:

— Күйөөңүз сиздин курбуңуз менен жүрсө керек. Сыягы ал бул жерге өзүнүн үй-бүлөлүк жашоосунан эс алганы келгендир да. Эми сиздин деле өз абийириңиздин алдында жүзүңүз жарык – колуңузду кармап коеюн.

Ал келиндин колун кармап, өзүнүн туурулган эрини менен жаңыдан эле өбөйүн дегенде, эшик такылдай баштады. Эшиктин сыртынан келиндин курбусунун үнү угулду:

— Тезирээк ачкыла! Мен келдим. Мен жокто бирөө-жарым келген жокпу?

Ушул сөздөрдү угуп, келин ошол замат өксөп ыйлап жиберди жана эшикти ачып, ыйлаган тейден курбусуна калтырылган катты сунду.

Ал катты окуп, бир аз оңтойсуздануу менен мындай деди:

— Мында таң калаарлык эч нерсе жок. Эми силер баарын билесиңер, ошондуктан мен жашынбай эле коеюн. Дегиңкисин сиз дароо кетип калыңыз, анткени мага кимдир-бирөөлөр келмек эле.

Анда келин сурады:

— Кимдир-бирөө дегениң эмне! Сага азыр менин күйөөм келээри каттан көрүнүп турбайбы. Ушундай учурда кетип калган эле жакшы! Бирок ушул үйдүн босогосун ал шерменде кантип аттаарын көргүм келип жатпайбы.

— Ушул кыжы-кужудан тек гана маанайы чөккөн жигит кеткиси келди, бирок келин кызуулукка алдырып аны кетирбеди.

Ал минтип айтты:

— Азыр менин күйөөм келет, ошондо гана ушул чаташкан түйүндү чечебиз.

Аскердик жашоонун лексиконуна жакын болгон ушул сөздөрдү угуп, артист баш кийимин таап, кеткени шаша-буша коштошо баштады. Бирок курбулар ошол эле жерден ошол артисттин өзүнө карата бир нерсени талашып, айтыша кетишти. Сөз өзү жөнүндө болуп жаткандыктан ал кеталбай туруп калды.

Адегенде эки курбу биринин күйөөсү келгиче аны буюм далили катары кетирбей турууну каалашты. Биринчиси күйөөсүнө аларды өз бөлмөсүнө кирүүгө жол берген кандай көгүчкөн экенин көрсөткүсү келсе, экинчиси – анын аялы кандай экенин көрсөткүсү келди. Бирок ушундан кийин алардын ойлору өзгөрдү. Курбусу капысынан өзүн жаман атты кылгысы келбеди, ал эми аялы күйөөсүнүн көзүнө көрүнүүнү каалабады. Алар ушуга убадалашып, артисттин тезирээк кетип калышын айтышты.

Мына ушундан кийин гана алар коштошо баштаганда, кайрадан эшик кагылды. Күйөөсүнүн үнү угулду:

— Кымбаттуу Соням, бул мен! Ач эшикти!

Үйдөгүлөр дүрбөлөңгө түшүп, эмне кыларды билбей туруп калышты.

Драма артистинин дароо маанайы чөгүп, башын жерге салды, эмне кыларын билбей убайымга түшүп, өтө катуу оорулуудай түр көрсөтүп, диванга амалданып жата калгысы келди, бирок анын диванда чалкалап жатканы чыр-чатакты күчөтөрүн, бул жеңил ойлуулук болуп каларын түшүндү.

Мына ушундан кийин эмне кылар айласын таппай, өзүн жоготуп, калдыр-шалдыр эттире дабыш чыгарып, бөлмөдө аркы-терки баса баштады.

Үйүнө келген күйөөсү эшиктин сыртында туруп, эшикти ачпаганга жана үйдөн чыккан дабышка өтө катуу таң калды жана бөлмөдө өзгөчө бир нерселер болуп жатса керек деп ойлоп, эшикти катуу койгулай баштады.

Ошол учурда курбусу артистке мындай деди:

— Мобул эшик кошунамдын бөлмөсүнө алып барат. Мен аны азыр ачам. Азыр ошол жакка өтүп, андан ары коридор менен тепкичке чыгасың. Жакшы бар!

Ошентти да, ал шашылган боюнча эшиктин илгичин ачып, артистке тезирээк кетип кал деди, анын үстүнө келип калган күйөөсү бөлмөдөгү кобур-собурду угуп, бөлмөгө кириш үчүн каалганы жулкулдата баштаган. Артист аткан октой коңшу бөлмөгө чуркап кирип, коридорго чыгарда, капысынан эле коридорго чыгуучу эшик ошол жагынан асма кулпу менен бекитилгенин байкады.

Артист эки аялга аргасыз абалда калганын – эшик жабык экенин айтыш үчүн артка кайрылды. Бирок кеч болуп калган эле.

Эшикти ачып күйөөсүн киргизишти, ал жерде кыйкырышуу башталды. Мындай учурда ал жерде артисттин болушу ашыкчалык кылат эле.

Ошол учурда артист токтоно албаган адам катары, болуп жаткан окуялардан чүнчүп, өзүнүн өтө эле алы кетип шалдырап жана башы айланып турганын сезип, бул жерде толук коопсуз болот ко деп ойлоп, керебетке жата кетти.

Ал керебетке жатып алып, аргасы түгөнгөндөгү ар кандай сандырак ойлорду ойлой баштады. Капысынан эле каридордо кимдир бирөө кулпуну калдыратып жатканын укту. Кимдир бирөө эшиктин алдында кулпуну ачып жаткандай, азыр бөлмөгө кирип келчүдөй сезилди.

Чынында капысынан эшик ачылып, босогодо дүкөндүн пирожныйлары салынган себет кармаган адам пайда болду. Келген киши өзүнүн керебетинде жаткан кишини көрүп таң калгандан оозу ачылып калды жана болгон ишти түшүнбөстөн, каалганы тарс эттире жапты.

Артист кечирим сурап, бир нерселерди быдылдып жатты. Ошол учурда капысынан эле үйдүн кожоюну эртең менен уруша кетип, трамвайдан түшүп баратканда өзү аркасынан түкүргөн киши экенин таанып, үрөйү учуп кетти.

Чыгып кетүүнү ойлобостон эле артист жаш бала кейиптенип керебетке жатып алып, бул түшүм болуш керек, азыр баары өтүп кетет, эч кандай жаман окуясы жана ыйкы-тыйкысы жок шаан-шөкөттүү жашоо-турмуш мурдагыдай эле улана берет деп ойлоду.

Кирген кишинин таң калуусу ачууга айланып, аянычтуу үн менен мындай деди:

— Деги бул жерде эмне болуп жатат? Азыр мага таанышым келмек эле, бул жерде болсо былжыраган бирөө менин керебетиме жайгашып алганын карабайсыңбы. Эшик бек болсо, анан кантип бул үйгө кирип алган?

Артист күткөндөй ал колун кайрып, урбаган соң, үнүн бийик чыгарып мындай деди:

— Эй, келесоо! Мен азыр кетем. Мен эс алайын деп болгону бир секундага эле жата калгам… Мен бул сенин керебетиң экенин да билген эмесмин… Болгон окуялардын көптүгүнөн башым айланып кетпедиби.

Эми бөлмөнүн ээсинин кайрадан ачуусу келип кыйкыра баштады:

— Карасаң, бул оңбогур менин керебетиме буту менен чыгып алыптыр. Мен тааныштарыма да буту менен чыгууга жол берчү эмесмин. Бул эмне деген жаңылык. Кандай гана бетпактык!

Ошентип ал артистке келип, жакасынан кармап, керебеттин үстүндө жулкулдата баштады. Ошол учурда гана артисттин эртең менен уруша кеткен адам экенин тааныды.

Эмне кыларын билбей далдырап туруп калды.

Кожоюн башкага маани бербей эле мындай деди:

— Эй жылчык көз, колума түштүңбү!

Алкымдан алууга колун сунуп келатканда, бирөө эшикти акырын тыкылдатты.

Кожоюн мындай деди:

— Мен күтүп аткан айым келип калганына ырахмат де. Болбосо азыр сени жайлап таштайт элем.

Ошентти да артистти жакасынан алып, коридорго түртүп салуу үчүн каалганын жанына алып келди, артист буга толук макул, ал түгүл ыраазы эле. Бирок капысынан эле эшик ачылып, үйдүн босогосунда кыйла келишимдүү айым пайда болду. Ал үй ээсине конокко келген болучу жана чуулгандуу артистти сактоочу да болуп калмак. Бирок артист айымды көргөндө таң калганынан артка кетенчиктеп, ал түгүл теңселип да кетти, анткени келген айым анын жубайы эле.

Бул чындыгында таң каларлык деле эмес болучу.

Эки сааттан бери өтө эле жоош болуп калган артист эми кыйкырып жана бул жашырынып келгенин аялынан түшүндүрүп берүүсүн талап кылып чатак сала баштады.

Аялы ыйлап кирди жана буркурап-боздогон боюнча бул киши анын кызматташы экенин жана кээде ага пирожный менен чай ичүү үчүн кире каларын айтып жатты.

Бети чымыраган кызматташы алардын ортосунда эч кандай аласа-береселери жок болгондуктан эми элдешип алып, бир чыныдан чай ичели деди. Бул сөзгө актер тилденген сөздөр жана кыйкырык менен жооп берип, аялы туталана баштады. Ал эми анын кызматташы түкүргөнүн шылдыңдады деп сезип, кайрадан урушуп кирди.

Ошол учурда бул жерде эмне болуп жатканын көрүш үчүн бардык кошуналар чогула башташты. Келгендердин арасында күйөөсү жана курбусу менен биздин айым да бар эле. Бөлмөгө чогулган алтоо эмне болуп жатканын түшүнүп, мындан ары эмне кылыш керектигин кеңеше башташты.

Алардын ичинен бири курбусуна мындай деди:

— Эң эле жөнөкөй! Мен Николайга турмушка чыгам. Артист сага үйлөнөт, ал эми бир мекемеде иштеп кызматташ болгон бул экөө бактылуу жубайлардан болушат. Мына ушундай болсун.

Артисттин аялынын кызматташы мындай деди:

Антпегиле, байболгурлар! Анын жайнаган балдары турса, мен кантип ага үйлөнмөк элем. Көк мээни тапкан экенсиңер.

Драма артисти мындай деди:

— Менин аялымды шылдыңдабагыла. Ошентсе да мен аны алгачкы жолуккан эле кишиге берүүгө даярмын.

Артисттин аялы мындай деди:

— Менин деле бул жерге келгим келбейт. Бөлмөнүн тардыгын карабайсыңарбы! Эки баламды кошкондо, төртөөбүз ушул бөлмөгө кантип батмак элек?

Анда кызматташы мындай деди:

— Ооба, мен сени балдарың менен ушул бөлмөгө замбирек менен атса да киргизбейм. Ушундай акмак күйөөсү бар экенине карабастан, эми менин бөлмөмдү да ээлеп алгылары бар. Бирөө эчак эле менин керебетиме жатып алганын көрүп турбайсыңарбы.

Сонечка жараштырайын деген ниетте мындай деди:

— Анда достор мындай кылалы: мен Николайга күйөөгө чыгайын, артист жубайы менен эле калсын, ал эми Николайдын аялына мобул макоо кызматташын үйлөндүрөлү.

Кызматташы мындай деди:

— Байболгурлар! Маселе али чечиле элек. Мен азыр аны менен эсептешем. Чөнтөгүңөрдү байкап тургула. Мен ушул түлөгөн тайлактай болгон эмени биринчи жолу көрүп турам. Мүмкүн ал чөнтөк уурудур?!

Артист мындай деди:

— Өтүнөм, биздин аялдарды шылдыңдабагыла. Мен ушуну туура жол табуу деп эсептейм.

Анда биздин айым мындай деди:

— Билесиңерби. Мен ушул батиримден эч кайда кетким келбейт. Биздин үч бөлмөбүз жана ваннабыз да бар. Ошентип коммуналдык үйлөрдү кыдырып көчүп жүргүм келбейт.

Анда Сонечка мындай деди:

—  Мобул үч шүмшүктүн айынан бардык жубайлар ажырашканы калды – мүмкүн ушундай болгону дурустур. Мен Николайга чыгам, бул буга чыгат. Калгандары ушундай болот.

Ошентип аялдардын ортосунда катуу айтышуулар жана эсептешүүлөр башталды. Ушундан кийин гана эркектер аларды алдап-соолап эптештирип, бардыгы мурункусундай эле калууга тийиш деп чечишти. Мына ушуну менен алар тарап кетишти.

Ошондой болсо да бардыгы мурункудай эле калган жок. Сонечка өзүнүн кошунасына турмушка чыкты, кызматташы артисттин аялын алды. Мүнөзү жумшак, көңүлчөөк болгондуктан ага артист кээде мейманга келүүчү болду.

Ал эми артисттин көөпай мүнөзүнөн көңүлү калган анын аялы бир физиологду сүйүп калды. Николай болсо сүйүү романдарынан алыстап, баш-оту менен ишине алаксып калды, бирок ошондой болсо да ал кээде Сонечка менен жолугушуп турат, алар көп учурда дем алыш күндөрү шаардан сыртка чыгып кетишет.

Сүйүү майданында кээде ушундай да окуялар болот.

Орусчадан оодарган Ысмайыл КАДЫРОВ