КАБААГАЧЛЫ Шакир: Жарыгын жоготкон куш (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

Халикарнас Балыкчысы

Осмон түрктөрүнөн чыккан атактуу жазуучу, журналист, сүрөтчү, акын жана изилдөөчү. Осмон империясынын кадыр-барктуу үй-бүлөсүндө туулган. 1926-жылдан тарта деңизке арналган аңгемелери менен таанылган. Эң негизки темалары мифология казынасынан азыктанган, тагдыры деңизке байланган балыкчылар, суучулдар жана деңиз аңчылары. Толук аты-жөнү Жеват Шакир КАБААГАЧЛЫ.

Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

АҢГЕМЕ

Ак чардактар жөнүндө айтып жатам. Алардын тынымсыз чырылдак үнүн угуп, калдактап учканын жээктерден көргөн сайын карап эле тургуң келет. Бирок биз билген ушул ак чардактардан башка андан да чоңураак, канаттары да узун ачык деңизди байырлаган канаттуулар бар. Аларды түштүк Акдеңизде “Михо” дешет. Мына ошолор жөнүндө айткым келди.

Дегеле куш деп айтууга оозуң барбайт. Канаты бар көбүктүн бир бөлүгү сыяктуу же кандай десем… Деңиздин атырылган толкундары оңкобаш атып Ниагара шаркыратмасы сыяктуу абага көтөрүлгөндө, аларга күндүн көзү көрүндү десек болот. Мына ошондо алай-дүлөйдү да, кара булуттарды да көзгө илбей төмөн жакта калтырып, адам баласынын кыялын да коркута турчу бийиктиктерге учуп чыгышат. Көк асмандын кучагында кенедей чекиттерге айланат. Ошол чекитке чыгары менен көк асманда каранын көрсөтпөй көпкөк чөлдө жапжалгыз калат. Бороон-чапкыны жок ачык абада башка дүйнөдөн келаткандай анда-санда узун үн угулат.

Адамзаты: “Көк асманга тил бүттүбү” – деп төрт тарабын каранып калат. Чындыгында бул сайрап жаткан — деңиз бүркүтү. Чагылган анын жападан жалгыз атаандашы. Деңиздин жана мейкиндиктин көзөмөлдөөчүсү, кара жердин бүркүтү же таз жорусундай жырткыч, тумшуктуу, тырмактуу эмес. Учу кыйыры жок деңиздин бул кушу эң бийик жерде учуп жүргөн ак булуттун жашоосун жашайт.

Сулайман Ажы таң куланөк салганда колуна кош ооздуу мылтыгын көтөрүп, алдына итин жетелеп жээкти кыдырып жүргөн. Жарыкчылык ойгонуп келатканда кекиликтер сайлардан, тоо боорунан “жак-жак-жак-жак-жак…” деп сайрап, жаңы чыккан күн менен бардык куштар, курт-кумурскалар, торгойлор, тоолор, таштар, атургай деңиз да амандашат. Куштар, курт-кумурскалар гана эмес Гетенин жаны үзүлүп, капкара түнгө көчүп бараткандагы эң акыркы үнү: “Жарык! Жарык! Жарык!” – деп чыкканы анык кеп.  Гүл, балык, куш, адамзат издеген жарыкчылык агарып келатат. Кекиликтер сөөлжан же чаян эмес да: караңгылыкты издегидей. Алар күнгө күнөстөшөт. Байкуштар агарып келаткан жарыкчылыкты үндөрү, ырлары менен тосушат. Күндүн жарыгы кекиликтер үчүн коопсуздук. Өзү үчүн, балапандары үчүн караңгылыктагы коркуунун аягы эле. Бадалдардын эң жыш жана көзгө көрүнбөгөн жерлерине чейин жарык тийди. Бардык эне кекиликтер уяларынын кырына конуп алып, “Саламатсыңарбы!” – деп сайрап, “Дагы бир караңгы түндү өткөрдүк”- дегенсип бирин-бири куттукташат.

Сулайман Ажы жүрүп отуруп тик асканын түбүнө барды. Дароо кекиликтин сайраганы токтой калды. Жер жайнаган кекиликтен дайын жок. Сулайман Ажы итине жини келип: “Сенин мурдуң үйдө калдыбы, иттин гана баласы ит десе” – деп өпкөдөн ары бир тепти. Ит куйругун эки чатына кыпчый, он беш кадамдай алыс качууга үлгүрдү. Бир кездерде кекиликтин көптүгүнөн, аларды тандап атаар эле. Эмичи, ошонун бири жок. Каары бетине чыгып, көздөрү кызара түштү. Колунан келсе кош оозду күнгө каратып, өлтүрүү сезимин канааттандыруу үчүн күндү атып сокур кылгысы бар.

Ошол маалда алдында кетип бараткан котур  итине жарым үрүп, жарым улугандай үн менен жан кирди. Сулайман Ажы дагы башынын үстү жагынан канаттын серпилгенин сезди.

Бийик асканын чокусунда жумурткалаган михо учууга камданып жаткан. Сулайман Ажы кош оозду жогору каратып катар-катар атып жиберди. Михо канаттарын жыйнап, аңына чыккан ылаачындай төмөн карай кулады. Абада түктөрү калкып кала берди. Куш сенделип барып өзүнө келди. Кайрадан аткан октой жогору көздөй учуп жөнөдү. Артынан таштап кеткен түктөрү кайрылып жай гана калкып жерге түшүп жатты.

Кейиштүүсү — атылган ок куштун бир көзүнөн кирип экинчи көзүнөн чыгып кеткен. Сокур болду. Куш эми коркунучтуу жана айласыз караңгылыкта учуп баратты. Токтогон жок, тынымсыз беш саат учту. Туулганда тааныган көк асманды караңгы түндө издеди, тапса канакей, тапкан жок. Бирок так даана билет: уясы көк асмандын бир бурчундагы тик асканын чокусунда. Балапандары тамаксыз кантти экен? Энесинин асманда жаңырган үнүн угуп, карап калышты го? Куш болгон күчүн канаттарына топтой баштады. Балким ушул караңгылыкты ашып өтүп кетсе көк мейкиндикке, жарыкка учуп чыкмак.

Ушунтип дагы төрт беш саат учту. Түн кирди. Михо дагы эле жарыкты издөөдө.  Канаттары талып баратат. Канаттары менен жарыкка жете албасын түшүндү.  Ошондо бейкүнөө үнү менен көк асманды жаңырта шаңшып алды. Алы калган жок, чарчоо этектен алган. Караңгы түндө үнү үзүл-кесил угулгандай болот.

Байкуш куш балапандарынын уясына төшүнөн жулган түктөрүн төшөгөн эле. Акыркы жолу караңгылыкта эки буттуу тоголок нерсеге окшогон сары ооз балапандарын чакырды. Үнү чыкпай калды. Кекиртегинен бир башкача үн чыгарып, талпына талпына деңизге кулап түштү.

Эртеси күнү учу-кыйыры билинбеген деңизде бир кичинекей түк сүзүм жүрдү.