КАБААГАЧЛЫ Шакир: Ыкым[1] (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

Осмон түрктөрүнөн чыккан атактуу жазуучу, журналист, сүрөтчү, акын жана изилдөөчү. 1890-жылы 17-апрелде Крит шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мехмед Шакир Паша Крит жана Атина шаарларында элчи, аким кызматтарын аркалаган. 1926-жылдан тарта деңизке арналган аңгемелери менен таанылган. Эң негизки темалары мифология казынасынан азыктанган, тагдыры деңизке байланган балыкчылар, суучулдар жана деңиз аңчылары. Бодрум шаарынын антикалык доордогу Халикарнас атын өзүнө псевдоним катары ыйгарып алган Жеват Шакир Бодрумда балыкчылыктан башка көптөгөн иштерде иштеген. Жашоосун жазуучулук жана туризм тармагындагы гид кызматын аркалап, гид кызматы тууралуу сабактарды өтүү менен камсыздаган. 1973-жылы Измир шаарында сөөк рак оорусунан улам көз жумган.

АҢГЕМЕ

Он, он бештей балыкчы ээн жаткан деңиз бетинде түнү менен торлорун жайышты. Таң агара баштаганда обондору асман жаңыртып, болгон күчүн калактарга жумшоо менен жайган торлорун жыйноого киришишти.

Бирок ар күнү көк асманда созолоно жаңырган жагымдуу ырлары негедир ал күнү ооз жели менен чыга турган түрү жок. Аба ырайы мандемдүү сыяктанып, жүрөктөрүн да бир нерсе өйкөп тургандай.

Картаң бирөө:

— Бүгүн ак чардактар кайыктардын үстүнөн учпай калыптыр. Карасаңар! Уяларына кайтып баратат. Бул жаман жышаан, — деди.

Айлана ээндиктен мемиреп үнсүз. Ар кимиси ар тарапты аңдып калышкан. Тынч жаткан деңиз бороон-чапкынды күткөндөй.

Балыкчылар:

— Кайсыл тараптан жарылат? – кыраакы көздөрү менен чар тарапка көз жүгүртүп алышты.

Ошол күнү ставрида, корал жана мелонас балыктарын мол кармашкан эле.

Кайыктардын белине чейин толгон амбарлардын ичи жандуу күмүш сымал кыймылдан кайнап жатты. Ак чардактардын капитаны Явашоглу:

— Тезирээк болгула, достор, — шашыла бакырды. Кабагына кар жаап калгандай. Түштүк-чыгыш тараптан барабанды кол менен ургулагандай күңгүрөнмө үндөй угула баштады. Балыкчылар кармаган балыгына гана эмес, жандарына коркунуч келгендей сезип, торлорун тездик менен жыйнай баштаган. Дене бойду титиреткен үн угулду.

Кайыктын бүтүндөй жиптери жан кейите кыйчылдады. Кайыктан кайыкка.

— Торлорду кескиле, — деген буйрук кайталанды.

Бычактар жарк этти. Деңизчилер өзүлөрүнүн кан тамырын кескенсип торлорду кесип жиберди. Көптөгөн букара балыкчылардын жер жүзүндөгү бүтүндөй байлыгынын бир бөлүгүн далилдеген торлор, кызыл, көк, жашыл, балык жүктөрү менен көбүрүп-жабырып келаткан деңизке чөгүп кетти. Парус мамылары кыйчылдады. Көтөрүлгөн кичинекей кызыл толкун парустары шамал тийген жалбырактай дирилдеди. Кызыл толкун парусу көтөрүлдү дегиче – боору таш деңиз бетинде өлүм-талым согушуна кабыласың дей бер.

Алгачкы ак жаан деңизке туман түшүрүп чаңызгытты. Аз жерден балыкчылардын парусун, кийим-кечесин ал гана эмес башындагы чачтарын жулуп кете жаздады. Шамалдан узун этектери башына тескери кийилип калган аялдарды элестеткен кайыктар, мамыларынан аша чапкан шамал менен боз туман ичинде кармаш башталды.

Түштүк императору Кожа Провезза бороонунун алдында калаасаң өл, кааласаң кал, кайсынысы болсо да ошону көздөй барууга мажбурсуң.

Дал ошол ар бир кайыктын түйшүгү өзүнө жетиштүү болуп турганда, кайык кайыктан, адам адамдан бөлүнүп кетпөөгө аракеттер башталды. Матростор колго урунган буюм менен кайыкка толгон сууну деңизди көздөй төгүүгө шашты. Себеби бир серпилүүдөн келген суулар кайыктын амбарын толтуруп жаткан. Балык жүктөрүнөн улам деңиз бетине боортоктоп сүзгөн кайыктарга серпилген суулар эмес, бүтүндөй бир толкун агылып кирүүдө.

— Балыктарды деңизге! – деген буйрук чыкты. Балыктар менен тартылып алынган торлор кошо деңизге ыргытылды. Деңизден соргон суусун кайрадан өзүнө төгүп жаткан ак жаан – миң экспресс поездинин күркүрөгү менен өтүп жаткан.

Явашоглунун Акчардагы каражолтой эсептелчү. Жасалгандан бери төрт жолу кырсыкка учурап, тогуз кишини чөктүрдү. Жасалышында катачылык же кемчилик бардай. Кемчилиги кайда экени табылбаса да каражолтой экени белгилүү болчу. Явашоглу кылдай ката кетирди дегиче кайыктагылар чөктү дей бер. Мына эми дагы кайыкты каргаша басып, абада калкый баштады. Явашоглу тишин кычырата чайнап, бир гана кайык менен эмес добул менен да күрөшүүгө өттү.

Явашоглунун он төрт жаштагы уулу Мехмет мамынын түбүндө чөгөлөп отурат. Дароо коё берүү үчүн же дароо тартуу үчүн парустун жибин уучтап алган. Эки көзү жашаш үчүн күрөшүп жаткан атасында. Атасы “коё бер” деди. Мехмет коё берди. Атасынын башы төмөн караганда, аркасынан келген кийинки толкундун күчү кайыкты асманга ыргытты. Балага атасы асманда учуп бараткандай сезилди. Бирок “күр” деген толкун кайыктын астынан өтүп кеткен эле.

Бул жолу бала атасын кайыктын ичинде сууга чөмүлүп жатканда көрдү. “Ата!” деп бакырууга жетишти, бирок Явашоглу кайрадан баш айланткан жогору жакка учуп чыккандай болду. Акчардактын деңиз бетинде кармашы улана берди.

Анда-санда күчөгөн добул үнүнөн өзгөчөлөнгөн адамдардын үнү угулуп жатты. Демек, чөгүп жаткандар бар. Көбүк менен суу бир гана деңизден эмес асмандан да төгүп турган. Эми кайыктар капкара тозоктун ортосуна түшүп калгандай. Үстүнөн булут эмес бомба жарылып, баштарына түшкөн жаандан от чагылышты. Тынымсыз тийген ак жаандан кайыктар так секирүүгө өттү. Акчардактын карды деңизде эмес абада сүзүп жөнөдү.

Сууга тумчуга түшкөн Явашоглу айланасына каранды. Кайыкта эки киши жармашып барат. Бирөө каякта? Явашоглу жалгыз уулунун жоголуп, жоголбогонуна санааркап турган. Бирок алгач уулун сураганга капитандык намысы жар бербеди. Матростордун атын атай, “барсыңарбы?” деп бакырды. Кошумча катары “Барсыңбы, уулум Мехмет” деди.

— Бул жактамын, ата! – деген жооп келди. Явашоглу кайыкта жармашып тургандарга “бекем кармангыла” деди кайрадан.

Аба ырайынын мындай катаал шартында бир гана чөгүп өлүү бар, бирок кандай болгон күндө да матростор колдору, бармактары, тырмактары керек болсо тиштери менен карманышты. Бир секунд жашоо үчүн бир секунд ашыкча күрөшкөн эп. Үмүттү өчүргөн коркуу жана кыйноо ичинде алкымын курч мычактын мизи шылып өткөндө ачуу өкүргөн жаныбар сымал “Жардамга! Жардамга!” деп кыйкыра башташты. Көп убакытка тиштерин чайнады, деңиз тузунан күйгөн көздөрү эч нерсе көрбөй баратты. Бир убакта көк жарылды, бир кайык өздөрүнө карай келатканын көрүштү. “Бизди куткаргыла!” деп жалбара башташты.

Келаткан кайык Үмүт эле. Башында Хабиб капитан. Жыйырма метрдей жакын жерден өтүп кетти. Узап баратканда ичиндегилер кылчайып калышты. Деңиз бетиндеги аянычтуу тагдырларына бетме-бет таштап бараткан адамдарга карап жатышкан эле. Эриндеринин кыймылы гана көрүнөт. Деңиздегилерди куткарууга аракет кылуу – аларды куткаруудан мурда өздөрүн чөктүрүү аракети болмок. Мунусу деңиз бетиндеги аянычту тагдырына таштап бараткан жолдошторунан кечирип сураганы болчу. Ангыча эле алыстан адам үнү угулду. Дагы асман жарылды. Деңизкушу келатат. Башчысы Атешоглу экен. Даана отуз жылдай Явашоглу менен аңчылыкка бирге чыккан, жакшы күндү да, жаман күндү да бирге өткөрүшкөн. Башкалар батына албаган ишке көзүнө жаш толгон Атешоглу тобокел кылган. “Орса[2]” деп кыйкырганы менен буйрук бергени тең жарыша кетти. Бурулган Деңизкушу келаткан чоң толкунду тосуп алды. Мындай учурда толкунга карама-каршы бурулуу келесоонун иши дечи. Бирок Атешоглу башкарып баратканы үчүн маселе жок. Асманга калкый учту. Айланасына карады. Асман жарылды. Алыстан Акчардакты тааныды. Бардык тездиги менен аны көздөй жөнөдү. Бирок ага жакындан жанашуу кайыктын ташталканын чыгарууга барабар. Мегафон менен:

— Чыдагыла достор, кайра келебиз! – деп кыйкырды.

Дагы шамалга каршы бурулду. Кайык укмуштуудай ыкым менен чыгырыктай чимирилди. Добулдун бетине чабыла түшүп, кайрадан оңолуп кетти. Бул учурда Акчардак көрүнбөй калган эле. Көк асман кайрадан жарк дегенде кайыктагы бирөө:

— Тигил жакта, — деп колу менен ишарат кылды.

Атешоглу:

— Эки экиден тургула. Көзүңөр кашайбасын! Анткени жанагы ыкка салганды кайталай албайбыз. Бирөөң негизки жипти карма. Парусту түшүр дегенде дароо түшүргүлө, — деди.

Деңизкушу Акчардакты көздөй октой учту. Катуу келип урунган шамалдан кайыктын жиптери кыйноо менен өлтүрүлгөн адамдын сөөктөрүндөй кычырады. Акчардакка беш метр калганда “парусту түшүргүлө” деген буйрук жаңырды. Акчардак чоң толкундун үстүндө эле. Толкундун кийинки катмары эми түшөрүндө Атешоглу:

— Жардамдашкыла, — деди.

Кайыктар, парустар кайрадан асманга серпилди. Деңизкушу камчы жеген аттай абага атырылды. Акчардактын толкунга дал келген капталына жанашты. Атешоглу:

— Тезирээк кайыкка алгыла! — деди.

Деңизкушунун матростору кайыктан жарым белдерине чейин эңиле калып, деңизге жаңыдан ооп-кулаган жолдошторунун чач, ээк, колунан болобу – кайсы мүчө колго илинсе, ошол жерден шап иле коюп, торго түшкөн балыктан бетер тартып алышты. Деңизкушу төрт кишини ажалдын алкымынан ошентип сууруп кетти.

Атешоглу:

— Канча киши, — деп суроо узатты.

Акчардактын капитаны:

— Толукпуз, — деди.

Көңүл айтуу учуру эмес эле, эмнеси болсо да кудай колдоду. Деңизкушу зындан түбүндөй караңгылыкта кызыл парусун жайган бойдон көзгө көрүнбөй сүзүп кетти.

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Ыкым – манёвр.

[2] Орса – парусту шамал соккон тарапка карама-каршы буруучу жип.