КЕМАЛ Орхан: Эки жарым лира (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Түрк адабиятынын роман жанрындагы атактуу өкүлдөрүнүн бири Орхан Кемал (өзүнүн чыныгы аты-жөнү Мехмет Рашит Өгүтчү болгон) 1914-жылы, 15-сентябрда Аданада жарык дүйнөгө келген. Романдан сырткары ыр, аңгеме, драма жазуу менен алектенген. 1938-жылы аскердик кызматын өтөө маалында Максим Горький менен Назым Хикметтин китептерин окуган үчүн чет элдин көз карашын түрк элине таңуулап жатат деген күнөө менен беш жылга эркинен ажыратылган. Абакта отурган маалында алгачкы “Дуварлар” (Дубалдар) аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1945-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоодо окурмандар тарабынан эң мыкты аңгемечи наамын жеңип алган. 1949-жылы алгачкы романы “Баба еви” («Атамдын үйү») китеп болуп жарыяланган. Жашоосунун акыркы күндөрүнө чейин 27 роман жана 19 аңгеме китебин жарыкка чыгарган. 1970-жылы 2-июнда мээсине кан куюлуп кетип, ооруканада көз жумган.

АҢГЕМЕ

Мына, сиркеси суу көтөрбөгөн абалга дагы туш болду! Бир жолу эмес миң жолу өзүнө өзү: Мындан кийин маршруттук унаага отурганда эмес, түшүп баратканда жол киресин берем, — деген.
Болбой турчу нерсе болбойт экен, кудай жазасын бергир! Мындан мурун бир эмес, беш эмес, балким он, он беш, жыйырма жолу ушул кырдаалга тушуккан. Кээде шоопур менен кыжылдаша кетет. Эң жакшысы — бара турчу жерине келгенде түшпөй туруп жол кирени төлөй калуу. Бир саамдай ошентип жүрдү. Бирок бул сапар, бул акыркы жолу…
Аялдамада эл жык-жыйма. Бир канча киши жарыша чуркап келип, эпчилдик менен маршрутка кирип кетишти. Сол жагында эки киши. Өзү оң жагында. Чөнтөгүндөгү майда акчалардын эң кичинеси эки жарым лира. Жанындагы жүргүнчүлөр жол киресин сунуп жатканын көрүп, элдин шарданы менен эки жарым лирасын бере калды. Шоопур беркилердин эки жарым, беш лирасына кошуп анын да акчасын алды… Ошол маалда оң жактагы жүргүнчү түшүп, жаңы жүргүнчү отурбаганда балким шоопур акчасынын ашыкчасын кайтарып бермек. Анткени, кыймыл аракети ошондой болчу. Бирок жүргүнчүнүн бирөөсү “Жагалоглу!” дегенде, шоопур жаңы жүргүнчү менен алаксып кетип, эки жарым лиранын ашыкчасын берүүнү унутту.
Эми эмне кылышы керек! “Шоопур мырза, эки жарым лиранын ашыкчасын бергенди унуттуңуз” десе, “Кайдан билесиң унутканымды” деп агынан жарылып кетиши да мүмкүн. Айтпаган күндө дагы маршруттун ичиндеги калган жүргүнчүлөр ичинен: “Акча дегенде өлүп кетет ко!” демек. Башка адамдар мен жөнүндө жаман ойлошпосун деген максатта тим болду. Жан-жагына карангандарга оюн окуп койгондой кыжыры кайнайт.
Оң жактагысына карады: барбайган мурундуу, мойнуна тумар тагып алган. Мырзадай эмес, мартабасы андан да жогору. Мындайлар майдачыл келет. Бар жокко кийлигишет. Талашып-тартышууга келгенде жанын ортого коё калат. Чын эле: “Шоопур мырза, эки жарым лирамдын артканын бериңиз…” десе, бул барбайган мурундуу, тумарчан адам ошол замат көңүл бура калмак. “Эмне карайсың?” деп тетириленсе, “Кароодон калдыңбы?” деген жообун бир эмес төрт жолу кайталамак.
Ага кайрадан карады, “Көз менен караганга тыюу салынды беле?” дегендей туюп, жини кайнап чыкты ичинен:
— Салынган! – деди.
— Жок, жаным? – деген жооп алгандай кыжыры келе түштү. Кайра ичинен:
— Жаның жок болсо кантип жашап жүрөсүң?
— Ээ, оорунсуз сөздөр, тамашасы аралаш. Балам тамашаны акыл-эси жайында барлар айтат. Сен болсо…
— Иии, мен болсо?
— Акылсыздын бирөөсү болосуң!
Так ошол маалда сол жактагы жүргүнчү да түшүү үчүн шоопурга үн катты. Маршрут токтоду, түшүп кетти. Өзү бошой калган жерге акырын жылды. Барбыйган мурундуу адам ортого өттү. Оң жакта жаңы бир жүргүнчү. Ал дагы Жагалоглуга баратат. Жолкиресин сунду. Шоопур элүү тыйынды ийининен ашыра оң жактагы жүргүнчүгө кайтарып берди. Шоопур анын эки жарым лирасынын ашканын унутуп калган. Бир маалда:
— Шоопур мырза, менин эки жарым лирамдан ашканын унуттуңуз, — деп баратып кайра баш тартты.
— Кайдагы эки жарым.
Чынында шоопур ушул жоопту бергендей, денесиндеги кан мээсине атырылып чыкты. Ичинен: “Маршрутка отуруп жатканда бергем!”, “Эстей албай жатам…”
— Кандайча эстей албайсыз, калп айтып атамбы?
— Мен калп айтып атамбы?
— Биз бул кесиптин арты менен сендейлердин далайын көрдүк…
Анда эле кармана албай калмак, акылдан адашмак:
— Сен мени ушунтип тономокчусуңбу?
Балким, шоопур артына кылчайып:
— Кимсин? Апасынын баласы. Тоноочулардын эч бири күнөөсүн мойнуна албайт. Уялбастан кайра бетине атырылат!
— Анан?
— Анан ошол келесоо!
Ооба, шоопур менен ушундай ызылдашууну акыры эмне болмок? Камалып кетеби?
Кокусунан көзү маңдайдагы күзгүгө кадалды. Шоопур акылдуудай көрүнөт. Анысы астынан-үстүнөн кыскартылган мурутунан деле көрүнүп турат. Уруша кетсе, маршрутту токтото калып, жакадан алып бир сүзүп, бир муштап жибермек…
Ичинен ойлонуп көрдү. Жакшылыкка алып барчуудай эмес. Бети-колу канжалап, үстү-башы чаңга оролуп, шоопурдун үстүнөн милицияга даттанып баруу… Анысы аз келгенсип, жүргүнчүлөр сөзсүз шоопур тарапта болмок. Анда шоопур: “Мени басынтып, маскаралады” демек, басынтуунун себебин айтмак, эгерде жүргүнчүлөр күбө катары аны да колдосо, эки жарым лираны унутуп кой, жалаа жапканың үчүн очойтуп айып пул төлөп жата бер. Ошон үчүн азыр ушул ойдон дароо баш тартуу керек. Ал гана эмес эки жарым лираны оозанбастан, кайрадан жол киреге элүү тыйын берүү керек. Белгилүү болуп турбайбы, алган эки жарым лираны унутуп калды…
Шымынын чөнтөгүнөн эки жыйырма бештик тыйынды таап чыгып колуна кармады. Бираздан кийин Жагалоглуга жетет, түшүп баратканда акчаны берет. Берет дечи, бирок эмнеге? Элүү тыйындык жолго эмнеге үч жүз тыйын төлөшү керек? Келесоо беле? Акчаны кайрадан чөнтөгүнө салып баратканда көз алдына мушташ, милиция, маршрут, жүргүнчүлөрдүн күбө болуп жатканы тартылды. Чөнтөгүнө салуудан баш тартты. Токмок жесе дагы, жебесе дагы милициянын колуна түшкөндө күнөөлүү болуп чыгышы толук мүмкүн, шоопурду маскаралоо эсепке кирип калса, үч лира эмес ким билет канчалаган лирага чыгым болосуң.
Көзү кайрадан маңдайкы күзгүдөн көрүнүп турган шоопурдун “ит” жүзүнө кадалды:
— Кудай жазаңды берсин! – деп жиберди. – Айбандын баласы айбан болот. Жүзүңдөн көрүнүп турат ким экениң. Алганың арам тамак болуп калсын, жута албай какап кал. Ошол акчага сүйүктүү балаңа дары сатып ал.
Жагалоглуга жетип калышкан:
— Мени ыңгайлуу бир жерден түшүрүп жиберчи.
— Макул байке.
Шоопур ыңгайлуу жерге жанаштырып келип машинасын токтотту. Колундагы элүү тыйынды мына берейин дегенде, шоопур эки жарым лиранын ашканын суна калды:
— Байке, эки лираңызды алыңыз!
Алды, кадамын тездете алыстап кетти. Өзүнөн-өзү уялганынан бети тим эле от менен жалындын ортосунда күйүп баратты.