КИТАНО Такеши: Кикудзиро менен Саки (повесть, которгон Фарида ИСАНОВА)

Дүйнөгө белгилүү жапон кинорежиссеру, актер, сүрөтчү Такеши Китано – бир нече повесттери менен өзүн чебер жазуучу катары да көрсөтө алды. Такеши Китано – 1947-жылы 18-январда Токиодо жарыкка келген. Кино ышкыбоздору анын “Сонатина”, “Фейерверк”, “Кикудзиро”, “Затойчи”, “Банзай, режиссер!”, “Ахиллес жана ташбака” сыяктуу тасмаларына жогору бааларын берип келишет. Кинематографияга зор салым кошкон Такеши Китанонун “Кикудзиро менен Саки” повести окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдо «РухЭш» сайтына жарыялоону туура көрдүк.

ПОВЕСТЬ

Которгон Фарида ИСАНОВА

САКИ

“Сени апам кераяк! – деп тилдеп жатат”.

Эжем телефон чалды. Ал Каруидзавада жатак үйдүн кожойкеси. Ушу тапта Каруидзава бейтапканасында жаткан апам, барып ал-абалын сурабаганыма ачууланып жаткан чагы. Анын дарты – «остеопороз».

Дарыгер:

– Убакыттын өтүшү менен кальций жетишсиздиги жаралып сөөктөрү морт болуп кеткен! – деп бүтүм чыгарганда, шарт эле: “Албетте, апам өмүр бою өп-чап тамактанып келсе, анан кальций жетишпейт да!» – деген ой мээме шак дей түшүп, эмнегедир зээним кейип чыккан.

Анан жок дегенде мени көрүп көңүл кушу көтөрүлүп калсын деп чечтим да, акыры жаз алды менен Каруидзавага баруу үчүн өзүмдүн тыгыз иш тартибимен бир күндү садага чаптым. Алда кандай болуп кетеби деп, не бар не жок, а дегенде күн алды бейтапканага телефон чалып:

– Сизди, Китано Сакинин уулу Такеши алагды кылып жатат. Менин апамдын абалы кандай? – деп сурадым.

– Кичи пейилдикке, күтө туруңуз!

Азыр телефонго дарыгер келип, эмне айтып жиберет болду экен деп тынчсыздана күтүп жаттым, бирок, андан апамдын үнү жаңырды:

– Таптакыр келбей койсоң деле болот!

Турган жерден эле: “Таптакыр келбей койсоң деле болот”– дегени эмнеси деп түшүнүп-түшүнбөй туруп калдым:

– Апа! Сенин дарманың жакшы элеби?

– Ийи, минтип телефондон сүйлөп жатсам, демек, баары жайындадыр! Андан көрө айтчы, сен чын эле келесиңби? Эми качан келесиң?

“Кудая тобоо! Канткен менен күдөрү үзүлбөй туру”.

– Эртең мененки ондо Уэнодон чыккан поезд менен барып калам!

– Эгер келе турган болсоң, менин бир өтүнүчүм бар. Тактап жазып ал. Бул жерде жыйырма мээрман айым…

– Эмнени айтып жатасың?

– Сөздү бөлбөй ук! Бейтапканада булар жыйырма чактыдай… Мээрман айымдардын баары соода-сатыкка Такасакидеги “Такасимая” дүкөнүнө барышат го, сыягы. Ошону үчүн “Такасимаядан” он йендик жыйырма белек сертификатын алып кел, түшүндүңбү? Алардан бөлөк дарылаган доктурлар үчөө. Аларга мээрман айымдардыкындай жарабайт, андыктан жүз йендик сертификаттан үчтү ал. Менин майда-барат чыгымдарым үчүн үч жүз миң, эжеңе эки жүз миң…

– Токто! Эмнеге?

— Сен эмне ушундай арзыбаган өтүнүчтү аткара албайсыңбы!? Жарыбаган жубарымбек! – деп кыйкырды да, телефон туткасын коюп салды.

“Ооруканада жатса да, баягы эле мүнөзүнөн жазбайт” – деп кыжаалат боло түштүм.

* * *

Арийне, каяктагы бир ”Такасимаянын” белек сертификаттарын алууга убактым болгон жок. “Поезд жөнөгөнү жатат!” – деп тула бойду ичиркенткен ачуу үндүн коштоосунда “Асама” вагонунун 9-номуруна араң секирип түшүүгө үлгүрдүм.

Апта башы болгондуктан экспресстин 1-классы жалаң пиджак кийген кызматкерлерге жык толгон. Ыңгайлашып орун алган соң, соо абалда ооруканага бара албасымды аңдадым. Майда-барат сунуштап жүргөн соодагер аялдан бир шише сыраны көпкө ойлонбостон дароо сатып алдым. Менден бөлөк таң атпай ичип баштаган жан адам болгон жок!

Уэнодон чыккан поезд Угуисудани жана Одзи райондорунун ызы-чуу, кууш көчөлөрүн аралай чаап, дарактар менен карагайларды сүзө качыра атырылып жөнөдү. Токиодо дагы эле ушундай жерлер бар. Булар мага Адати районундагы Умэдзиманы эске салат.Терезеге тигилип келатып, тээ алыскы башталгыч класска барган жылдары поюзда сейрек каттаганыбыз аргасыз эске түштү…

Ал окуя дал туулган күнүмдө, мен 6-класска барган жылы болгон.

Апам ошол күнү:

— Такеши, тез кийине сал. Мен сага бир нерсе сатып берем! – деди күтүүсүздөн.

Ушуга чейин башка шаарга барганыбызда, анан мектеп менен экскурсияга чыкканда гана поездге түшкөм, эми болсо атайы мага арнап белек сатып бергени жатышат! Толкундангандан эреркей түштүм. Жолду катар бейсбол колкабын алсамбы, а балким, электр паровозу болсочу деп кыялдарга батып келе жатып, “Канда” бекетине кантип жеткенибизди да билбей калдым.

Апам болсо мени чоң китеп дүкөнүнө ээрчитип келгенде:

— Болгону китеппи? – деп, шаабайым сууп шыбырарым менен дароо көк желкеге бир жедим.

Муштум болбосоң коё кал!

Баарынан да белек дүйнөлүк адабият шедеври же ошого тете болсо не!? Жоктон тапкансып “Таанып билүү эркиндиги” деп аталган, математикадан баштап илимдин баарын ичине камтыган 10 томдон турган балдар энциклопедиясын сатып бергенде башым айланып кетти. Бул эмне деген таанып билүү эркиндиги?! Ошол кезде менин эркиндигим түгүл “таанып билүү” жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес эле. Бүгүн да “Ат белгисиндеги энциклопедия” ырын укканымда маанайым чөгө түшөт.

Үйгө келгенден кийин кечке маал апам энциклопедияны окуумду талап кылды. Бир азга алагды болсом эле шилиге бир чабат же шыпыргы менен нукуп калат. Ал мени ошентип илим-билимге кызыктыргысы келди бейм?!

Ошол жылдары бардык ата-энелерди бул ой кандайдыр бир деңгээлде чеңгээлдеп турган. Алардын катарында менин апам да болгон үмүтүн балдарына артып, картайып алдан тайганда балдары аны алпештеп багып, сарптаган күч-аракетинин акыбети эки эселеп кайтарына бөркүндөй ишенген. Апам өзүн нарктуу аял катары санап, кайсы бир ак сөөктүн үй-бүлөсү менен жакындыгы болгонун ар качан кайталагандан тажабай шыбакчы жана аракеч атам менен турмуш кечиргенине өзөгү өрттөнө турган. Бул жер анын орду эмес экенин ойлоп бушайман болгондой. А балким, “Балдарымды туура тарбиялап, аларды бутуна тургузсам дегенде ак эткенден так этип, ошону чоң олжо” деп санап, ошого топук кылгандыр. Анын бул максаты аздыр-көптүр жүзөгө ашып, акыры эненин тилеги четинен орундалып келет. Өзгөчө улуу агаларымдын тартибинин натыйжасы ага далил. . .

Менин балалык чагым Жапония дүркүрөп өнүгө баштаган мезгилге туш келди. Ошол мезгилде жаш жигиттин келечеги үчүн машина куруу, политехникалык же кандай гана болбосун техникалык жогорку окуу жайына тапшырып эң башкысы техникага шыгың болуп, белгилүү фирмага ишке орношуу маанилүү болгондуктан, апамдын тилин угуп, эки агамдан үлгү алып, мурунку көчтүн артынан түшүшүм керек эле. Ал кезде улуу агам менен эжем иштеп калгандыктан, үй-бүлө капчыгында анча-мынча каражат топтоло баштаган. Балдардын ичинен мен гана үй-бүлөнүн жакырчылык дооруна тушукпоо бактысына ээ болдум. “Үй-бүлө канчалык жакыр болсо, балдары ошончолук тартиптүү болот!” – деп көп айтышат. Мен “тартиптүү балдардын” кичүүсү катары үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн эмгектенүүнү же атактуу болууну ойлоп да койбодум. Ошондо да, азыр деле жашоодон жөн гана ырахат алуу бактысына туна албай келем.

Окуучулук жылдарымда апам экөөбүздүн ортобузда айыгышкан күрөш жүрдү. Ал мени окутуу үчүн канчалык күч үрөсө, мен ошончолук сабактан качып, бейсбол гана ойногум келип туруп алдым. Биздин коңшу аял бул оюнга болгон ышкымды байкап, мага боору ооруп, жан тартып жүрдү. Себеби, менин жадагалса бейсбол колкабым да жок эле! Кайсы бир туулган күнүмдө ал мага тымызын белекке колкап сатып берди. Апам мага бейсбол ойноого уруксат бермек түгүл, бул “сандырак“ буюмдун чет жакасын билип калса, анда эле токмок жерим турган иш.

Биздин төөнүн көзүндөй үйдө – бир бөлмөсү төрт жарым, экинчиси алты дзё[1] жана ашканага колкапты ката албайт элем. ”Энгава”[2] жанында бирин-серин өсүмдүк сербейип, аны бакча деп айтууга ооз да барбайт, ал жерде гингконун[3] кичинекей дарагы өсүп турган. Айла жок, колкапты полиэтилен баштыгына ороп бактын түбүнө көөмп туруп, билмексен боло компоюп жүрдүм. Бейсбол машыгуулары болгон күнү акырын казып алып, оюндан келгенде кайра ордуна бекитип коём. Бир күнү кара басып, колкап ордунда жок болуп чыкпаспы. Анын ордуна баштыкта энциклопедия оролуп туруптур!

Апам бейсбол ойноого оголе күч сарптаганыма карап, убактысын кайда жумшарын билбей жатса керек деп ойлодубу, айтор англис тили жана каллиграфия курсуна жаздырып койду. Биздин Адати районубузда англис тили тууралуу тирүү жан укпагандыктан, Китасэндзюга чейин үч аялдама электричкада шалкылдап барууга туура келди. Велосипедди алып “Мен кеттим!” – деп коюп, досторум менен ойноп же кынуу тапкан жерим – сейил бакта дейдиленип убакыт өткөрөм. Бир күнү үйгө келгенде апам мени:

– “Hello! Howare you?” [4] – деген сөздөр менен тосуп алды. Кандай жооп айтарымды билбей, аңкайып туруп бердим.

— Сен эч кайда барган жоксуң, туурабы? “I am fine” [5] – деп жооп беришиң керек эле, жарыбаган жубарымбек!

Мен оозумду ачып дендароо болуп турдум… “Апам англисче кайдан билет? Кокустан, ал англис аскерлери менен ойноштукка барып жүргөн жокпу? А балким, менин англис тили боюнча окуу курсума деген акчаны дал ошол америкалыктардан алып жүрбөсүн?” Чыны менен тынчсыздана түштүм, себеби, мен үчүн апам мындай кадамга баруудан кайра тартпайт эле.

Англис тили курсу аз келгенсип каллиграфияга барууга мажбурлады. Ал жакка да тийди-качты катышып, эс-дартымдын баары бейсбол ойноо. Кээде уятыма чыдабай сыя челекти алып чыгып, сейилбактагы отургучка кагазды жая салып, өз атымды бадырайтып, чоң кылып жаза турганмын. Бир күнү апам:

— Каллиграфиядан жазганыңды көрсөтчү! – деп калды.

Мен сейилбактагы жазган иероглифтерди алып чыкканымда, ал:

— Билесиңби, каллиграфия мугалими каталарды кызыл сыя менен оңдойт.Сен сабакка барып жатам деп мени алдабай эле кой! – деп, мени дагы аёосуз жазалады.

Аны уккандан кийин өзүмдүн калган-каткан тыйын-тыпырымды чогултуп, канцелярдык дүкөнгө бардым да кызыл түстөгү сыя сатып алдым. Иероглифтерди кайра жазып, ”сэнсэй” оңдогондой чиймелеп: “Жазганыңды көрсөт!” – дегенге белендеп койдум.

Акыры апам:

— Такеши, жазууңду алып келчи! – деп буйруду.

“Кезек келди!” – деп кымыңдап, баягы камдап койгонумду алып чыктым. Иероглифтер кызыл сыя менен олдоксон оңдолуп, чындыкка коошпой тургандыктан, мен дагы тутулдум. Апам мени менен алпурушуп жатып чарчадыбы же ошол күнү көңүлү куунак беле, ким билет, айтор бул сапар урушкан жок. Ал гана эмес:

– Эгер сага каллиграфия жакпаса, ал жакка барбай деле койсоң болот! – деп мээр кандырган.

Азыр өткөндү эстеп: “Эмнеге ошенттим экен?” – деп ойго батам да, анан мага натыйжасы кандай гана болбосун: “Апам менен салгылашуу жаккан турбайбы?!” – деген бүтүмгө келем.

Башталгыч класста окуткан класс жетекчим Фудзисаки-сан, Тотториде төрөлүп, кыска мөөнөттүү педагогикалык курстарды аяктаган соң дароо биздин мектепке келсе керек эле. Апам: ”Балама ушунун шарапаты тийсе, жаным садага!” – деп, анын үйүнө эки күндүн биринде барып, кийим-кечесин жууп-тазалап, тамагын даярдаганды адаттагы көрүнүш катары кабыл алды. Эсимде, бир күнү атам ачууланып кыйкыра баштады:

– Мен үчүн сенин колуңдун учу да кыймылдабайт, ал эми Такеши үчүн анын маалиминин үйүнө чейин барып, кир-когун жуугандан да кайра тартпайсың. Муну кантип түшүнсө болот, ыя шерменде!

Апам да тилин агытып:

– Акмак, сен тарбия туурасында эмнени түшүнүп коюпсуң! – деп атырылды. Сөздөн сөз чыгып отуруп, иш чоң чатакка айланып кетти. Атам кандай гана киши болбосун, менимче ага оңой болбосо керек. Үйдө күч күйөө катары, алыскы бир бечара туугандын укугундагы жашоосу, кудайдын куттуу күнү ичимдик ичишине түрткү болду го деп ойлойм.

Айтмакчы, апам экөөбүздүн согушубуз иероглифтер эпизоду менен эле аяктабайт. Баардыгы ошол маанайда орто жана жогорку класста, кийин университетте улана берди. Ойлоп көрсөм менин өмүрүм апам менен салгылашуулардан турат экен.

* * *

Акыр аягы Мэйдзи университетинин политехникалык факультетине тапшырышым, дагы да болсо апамдын жеңиши болду. Бирок анын аягы кайгылуу аяктады – окуумду таштап салышым, эне-баланын билим берүү талаасындагы кармашына чекит койду. Мезгил-мезгили менен өзүмдү күнөөлүү сезе баштадым, себеби менин бул кылыгым согуш күч алып турган чакта, кычаштык кылып качып кеткенге тете эле. Ал эми апам үчүн күрөш окуу тармагында эле жүргөн жок. Ал алдына улуу максаттарды койгону айкын. Кыскасы, экөөбүздүн кагылышыбыздын түпкү максаты “мени жок дегенде улуу агаларымдай абийирдүү кылып тарбиялоо” болду. Ошол себептен студент болгон баласынын жеке турмушуна кийлигишүүсү улана берди. Тескерисинче, мен университетке өз күчүм менен өткөнүмө корстон болуп, апама ыраазычылык билдирүү капарыма да келбеди. Кулакка орой угулар, менде ыраазычылык сезими жок эле. А түгүл, жакындарымдын ичинен менин тагдырымды дал ушул апам талкалап жаткандай сезилчү.

Иштеп акча таап күнүмдүк чыгымдарымды жапканга, “өз алдымча жашап кете алам” деген ишеним пайда болуп, акыры чыгынып үйдөн кетүүнү чечтим. Бул экинчи курста окуп жүргөндө, жайында болду. Апамдын үйдө жоктугунан пайдаланып (ал коңшулардыкында иштеп жаткан) кийим-кечемди алып кетүү үчүн эмерек дүкөнүндө иштеген досумдун унаасын айдап келдим. Дал ошол маалда бурчтан апам чыга калбаспы!

– Такеши, бул эмне деген жосун?

– Үйдөн кетип жатам! – дедим да терс бурулуп кеттим.

— Кетүүнү чечтиңби?! Анда жогол! Төрт тарабың кыбыла! Сен эми жаш бала эмессиң. Мен сени алымдын келишинче институтка чейин сүйрөп келдим. “Кайтып келем”– деп ойлобо. Бүгүндөн баштап мени “Апа” – деп айтпа, сендей балам жок! Башың баш, багалчагың кара таш!

Анын жаалы кайнап чыкты. Ошентсе да үйгө кирип кетпеcтен, Аракава районуна бет алган жүк ташуучу машина көздөн кайым болгуча карап тура берди. Менин жүрөгүм ооруп, көңүлүм кайт болуп, жоругумдун осолдугуна бетим чымырап турса да, чечкиндүү аракет жасабасам, өз алдымча кете албайт элем.

Ошентип Оцука-сан деген чалдын үйүнө көчүп келдим. Ошол кезде ал ардактуу эс алууга чыгып, өзүнүн азганакай үлүш жерине бир нече батир салып, анын ижарасынан түшкөн каражатка жан сактап жаткан чагы экен. Аны мага досум тааныштырган. Алты дзё бөлмө төрт жарым миң йен туруп, мындай батирлер жети миңди чапчып турган чакта, мен үчүн чоң табылга болду.

“Жаңы жашоо деп – ушуну айт!” – деп шыктанып, биринчи күндөрү таңкы саат алтыда туруп радио коштоосунда машыгып, толкунданып жаттым. Көп узабай эле мурдагы таз кейпимди кийип, аңгырап калдым.

Окуу кызыксыз да, керексиз да сезилип, ишке барсам барып, барбасам барбай, эт менен челдин ортосунда “алма быш оозума түш” – деп жүрө бердим. Эсиме келгенимде ижара үчүн бересем жарым жыл үчүн чогулуп калыптыр. Оцука-сан менен кездешкенден качып, сак-сактап карап, терезеден уурданып кирип-чыгып жүрдүм.

Күз келди. Жылаңач дарактын бутактары шамалга термелип, терезе айнегине урунуп жатты. Ошондой күндөрдүн биринде жуурканга оронуп, жылуу төшөктөн тургум келбей түш оогончо ооналактап жата бердим…

Бир оокумда Оцука-сан кирип келсе болобу!?

– Сөз бар! – деди ал мага.

Менин уйкум умачтай ачылып ордуман атып туруп, ”Кечирип коюңуз ” – дегенден башка сөз таппай, таштай катып калдым. Мүшкүл күнгө калсам да: “Жарым жыл эмне болмок эле” – деп моюн толгосом, бир чети, мөртү келсе : “Тезирээк көчүп кетиш керек” – деп суканым качып турду… ошол саамда Оцука-сан сиркеси суу көтөрбөй, опурулуп киргени:

– Каерде турсаң ошол жерге отур!

“Оцукага жин тийдиби?” – деп, кабагыма кар жаап, күнөөлүү кишидей отура кеттим.

— Мындай акмакты кайдан тапмаксың, ыя?

— Эмнени айтып жатасыз?

– Жарым жыл акы төлөбөсөм деле боло берет деген турасыңбы? Же сага боло береби?

– Жок, антип ойлобоңуз. Сиз мени эчак эле кууп чыксаңыз деле болмок! – деп желкемди кашый жер карадым.

– Сен эмнеге дагы эле бул жерде экениңди билесиңби?

– Анткени, Оцука-сан абдан мээримдүү.

– Аа, ошондойбу?! Сен келесоо эле эмес, балалыгың башыңдан да чоң турбайбы!

Оцука-сан үшкүрүнүп унчукпай калды.

— Эсиңде болсо, Китано, сен жарым жыл мурун көчүп келгенсиң, туурабы? Ошондо сенин аркаңан апаң да келген! Такси кармап сенин артыңан акмалап келиптир.

”Мына сага!” – деп кулагыма чейин кызарып кеттим.

“Бул эрке талтаң, ижара акысын узартып алышы мүмкүн. Карызы эки айга чогулганда мага эсебин жөнөтүп туруңуз” – деген. Ошентип бүгүнкүгө чейин ал мага акча жөнөтүп турганы үчүн сен бул жерде жашап жаттың. Мен го ижара акысын алып турганым менен сен бир тыйын төлөгөн жоксуң да!? Жок дегенде, байкуш энеңди бир ойлоп койсоң боло!

Оцука-сан кеткенден кийин төшөнчүмдө жатып алып көпкө чейин терең ойго баттым. Бир чети ыраазы болсом, экинчи жагынан “Апамдын камкордугунан эч качан кутулбайт турбаймынбы” – деген ой мээмди жей берди…

Мына апам менен болгон экинчи согушта да утулдум. Балким чындап эле апамдын сөзүнө бекем ишенип, акыры эсиме келип институттагы сабагыма барып чыныгы окумуштуу же изилдөөчү болсом, баары жайына келер?! Бул шыбакчынын баласы катары аны менен кара жумуш жасап, көрүнгөндүн там-ташын актап-шыбаганча төөчөлүк жогору эмеспи. Башыма келген алгачкы ой:

“Мейли, бул ааламды апам алдын ала жарым-жартылай ойлонуштурсун дейли, анын эмнеси жаман?!” Ары да, бери да ойлонуп жүйөөлүү далилге карама-каршы келе турган алгылыктуу жооп таба алган жокмун.

Менин бала чактагы досторумду алып карасам: алардын бири кара жумушта каржалса, экинчиси такси айдайт, акылы жоктору якудзаларда[6] “кол бала” катары “чаап кел, байлап кел” деген буйруктарын аткарышып желип-жортуп жүрүшөт. Алардын менден эмнеси кем? Эч кандай айырма көргөн жокмун. Жок, бир артыкчылыгым бар экен. Көрсө, алардын меникиндей апасы жок тура!!!

Экинчи бир үн:

— Такеши, укчу! Сенден бөлөк эч ким аткара албаган ишти жасагың келет. Сен кайталангыс болгуң келет, чынбы? – деп шыбырап жатты.

Ал эмне “иш” болду экен? Кудай акы, түшүнбөдүм.

Эгер шыпка түкүрүп түшкө чейин жата берсем, бала чакта кыялданган профессионал бейсболчу да, атактуу актёр да боло албасымды түшүндүм. Менин гана колуман келген ошол табышмактуу “купуя сырдын” жандырмагын чече албай көпкө ойго баттым. Канчалык баш катырбайын жарытылуу эч нерсе ойлоп таба албадым. Эмнегедир ошол “табышмакка” чакырык таштагым келди.

Ушуга чейин апам менен болгон салгылашта жеңилүү ызасын гана тартып, утулуп эле келатам. Бирок жаңы жашоомду утулуп калганым үчүн баштагым келбеди. Мен жок дегенде апамды бир упайга уткум келди. Бул ойго кептелген соң мен чечим кабыл алдым.

* * *

Апам азыр токсон экиде. Ал жакында эле кайтыш болгон Сугимура Харукодон[7] төрт жаш улуу. Башкача айтканда Мэйдзи[8] доорунда төрөлгөн.

Баарынан да мени кырк жашында төрөгөнү болду. Андыктан башынан эле бул кармашта менин жеңишке жетишим күмөн болгонун моюнга алам. Бала чакта апамды оңтойсуз абалга кептейм деген ой менен:

— Апаке, сен эмнеге мени жашың ортолоп калганда төрөдүң? – деп кысымга алганымда, ал соккуга жеңил гана туруштук берип:

— Бойдон алдырганга акчам болгон жок! – деген жооп кайтарып эсимди эки кылган.

Ал дайыма: ”Мен Такаяма барондун үйүндө улуу кызматчы катары анын балдарын тарбияладым. Окумал билимдүүмүн, силердин атаңар менин теңим эмес” – дегенден тажабайт эле.

Бул абдан шектүү угулат: апакем мугалимдерди даярдаган мектепти аяктап, ошончолук “окумуштуу айым” болсо, анан аны барондун үйүнө бала тарбиялоого чакырышканы кандай?

Таятам да тектүү үй-бүлөдөн экенин айта берип кулагыбыздын кужурун ала турган. Эмнеге ушинтип ойлоорун сураганыбызда, үй-бүлөлүк мурас катары сактап жүргөн кылычын күрөөгө коюуга алып барганда кылыч улуттук баалуулук болуп чыгат. Ошентип таятам үй-бүлөлүк мурас куралын күрөөгө коюш үчүн барып, кылычты уурдап алдың деп шектелип, “кедейдин кекиргени кээ болуп” аз жерден соттолуп кете жаздайт. Кыскасы, “олчойгон” иш козголгонун байма-бай айта бергенине бышы кулак болуп бүткөнбүз. Кийин билгендей таятамдын атасын ымыркайында Сакура кыштагындагы башкарманын үйүнө таштап кетишиптир. Бул окуя болжол менен 19-кылымдын 60-жылдары бакумацу[9] доорунда болот. Ал көз жоосун алган кимоно кийип, жанында кобан алтын тыйыны жана кылыч жатыптыр. Бул кылыч улуттук баалуулук болсо, анда эле таятамдын кан тамырында өкмөттүк армиядан качып кеткен сёгун вассалынын каны айланып турат деп божомолдосок болчудай.

Ишенүүгө күмөн туудурган ар кандай окуялар туурасында да сөз боло турган. Апакебиз алгач барондун үй-бүлөсү тааныштырган лейтенант наамындагы аскер матросуна баш кошот да, Китано деген фамилияны алат. Лейтенант курман болгондо, апама Китано боюнча калууга нускоо берилет.

Ал эми атабыз үй-бүлөгө күч күйөө болуп кирет. Илгери менин абышкам башка фамилияда болсо керек эле. Апам да кысынып тартынбастан, “сүйбөгөнгө суюк атала берет” болуп элдин баарына ал экинчи күйөөсү экенин баса көрсөтүп айта бергени, атамдын ичкиликке берилишинин дагы бир себеби болду окшойт.

* * *

Вагондун ыргагында термелип келатып көптөн бери жалгыз саякатка чыкпаганымды ойлодум. Каруидзавада түнөйүн деген ниетим жок. Жанымда отурган кызматчылар мемиреп түш көрүп, таттуу уйкунун кучагында көшүлүшөт. Таң атпай ичкен сыра акырындап дене-боюмду кызытып баратты. Ал гана эмес анын кайсы жеримде жүгүрүп баратканын туюп жаттым. Мотоцикл айдап баратып кырсыкка учурагандан кийин көпкө чейин ичимдик ичпей калгандыктан, эми бир тамчыга эле кызый түшчү болгом.

Көктөм келип ачуу тийген күн көздү уялтат. Терезе артындагы пейзаж чайпалып, капталга жылмышып, көрүнүп-көрүнбөй келет. Көзүмдү жуумп, зымыраган поезд ыргагында талыкшый ныксырап отурганымда, качанкы өткөн күндөр көз алдыма тасмадай зыпылдап тартыла берди.

… Кургатылган кальмар сыра менен абдан даамдуу сезилди.

Тамак-аш менен үйдө ар качан күтүлбөстүктөр болуп турган. Апам дайыма обу жок каадаларды ойлоп таап: “Барондун үйүндө тамакты тандап жешет” – деп балдарын да ак сөөк кылып тарбиялоо аракетинде болду. Арзан таттууларды жегенге тыюу салып, барондун үйүндө пайдалуу деп эсептелген тамак-аштарды сатып алат. Кургатылган кальмар жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес эле. Кандай болгон күндө да тамак туурасында наалыганга эч кимдин укугу жок болчу. Мага ишенип коюңуз, түшкү тамак учурундагы чыңалуудан түзүлгөн кырдаалга чыдоого мүмкүн эмес эле. Оокат кекиртектен өтпөйт. Үйдөгүлөрдүн баары алдына келген тамактан көздөрүн албай, табактарына карап отурушат. Кээде :

– Бүгүн дагы крокетпи? – деп оозуң жыйгычаң, ал сага:

– Жебейсиңби? Өзүң бил! – дейт да, ошол замат тамак үстөлдөн жок болот. ”Кичи пейилдикке, жесең, бул ден соолукка пайдалуу” – деп эч качан айтчу эмес. Крокеттерди артка кайруу үчүн:

– Мейличи, мен жөн эле сурайын дегем… – деп кыңырылсаң, жообуна:

— Баары бир жебейсиң. Каалабасаң өзүң бил! Маа десең ачкадан өл! – дегенде, башка чапкандай болосуң. Ушуну менен сөз соңуна чыгат. Андан да жаманы эртеси күнгө чейин үстөлгө тамак коюлбайт. Ошондуктан келеркиде алдыңа келген тамакты үндөбөстөн жейсиң. Агаларым да, талкан сугунуп алышкансып, унчугушпайт. Качандыр бир кезде мезгил алмашып кургатылган кальмар жейм деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Энциклопедия сатып берүүгө акчасы жеткен апамдын тамак-ашка келгенде эле битиреп “битин сыгып, канын жалап” калганын кантейин? Бул анын өзгөчө ыкмасы. Андан да энциклопедия сатып алуу үчүн кандай гана оор иш болбосун аткарууга кайыл болгонучу?

Маңдайыбыздагы үйдө жашаган жыгач устанын аялы дайыма кошумча иш таап акча жасаганга чебер эле. Анын күйөөсү усталар башчысы болбогондон кийин, биздей эле аларда да акча тартыштыгы жаралып, аялдары да бири-бири менен ымалашып кээде жасалма гүлдөрдү даярдоого буйрутма алып келсе, айрым учурда апам экөө “Ниции Дайфу” дүкөнү үчүн гүл сыяктуу камыр жайып берише турган. Дегеле апакем “акча табууга болот” деген сөздү укканда, тыйын шыңгырына чуркагандай ордунан атып жөнөчү. Ал эмнелерди гана жасабады.

Албетте, ал атама шыбап-сырдоо ишинде да жардамдашты. Эң тозогу дубалды шакар менен жууш эле. Бул Будда тоопканасы сыяктуу ыйык жерлерди көөдөн арылтууда колдонулат. Алгач аны каустикалык сода, артынан шакар, анан гана ным чүпүрөк менен сүртүп чыгуу керек. Химикаттардын өлчөмүнөн кылдай ката кетирсең дубалга ак упа сүйкөп салгансып калат. Бул көрүнүш ”соода гүлдөрү ачылды” деп аталып, аны жууп -тазалоо оңойго турбаган. Ал эми биздин үй-бүлө үчүн бул көнүмүш көрүнүш эле. Балким, күйөөсү үйгө акча таап келбегендиктен, апам тыйын чычкандай чимирилип иштеп, анысы аз келгенсип атакемдин көзү ачылбай ичип туруп алганы, экөөнүн ортосунда балдарды тарбиялоо жана башка толгон-токой маселелер боюнча пикир келишпестикти жараткандыр!?

Атам жакшы эле киши болгону менен эрки бош деп айтсак жарашчудай. Үй-бүлөдө же ишинде эмне гана болбосун ал бөтөлкө менен дос эле. Коңшулардын биринде да сыналгы түшүнө кире электе улуу агаларымдын бири тааныш-билиштикке салып бул сыйкырдуу техниканы сатып келмей болду. Дал ошол бизге телевизор сатып келе турган күнү атам таң эрте иче баштады. Акыры аны алып келишкенде атам бутунан туралбай ылжып мас болуп калган эле. Ойлоп-ойлоп акылым жетпейт, ага телевизор алып келе жатканы үчүн ичип алганын кантип түшүнсө болот?!

Апам болсо, атамды ар качан кеңкелес көрсөтүүгө куштар болду. Атамды аңкоо көрсөткөнү менен ага чуурутуп төрөп бергенине караганда, ”кемигинде да бар, керкисинде да бар” демекчи, кантсе да экөөнүн ортосунда арзуу болсо керек. Атам өз балдарын кол өнөрчү болушун каалады. Маляр же шыбакчы. А балдары болсо биринен сала бири институтка окууга кете беришти. Ошондо ал апама акаарат айтып калар эле:

– Кайсы шайтан азгырып, кол өнөрчүнүн балдарын окууга мажбурлап жатасың? Алардын маянасы канча болмок эле?

Апам болсо албууттанып:

— Азыркы тапта институтту аяктабасаң, өзүңдү да, үй-бүлөңдү да бага албайсың. А силер кара жумушчулар накта макоосуңар!

— Өзүң накта маң башсың! Силер дал ошол макоо устанын аркасында күн көрүп келесиңер!

Алар ушинтип ар качан кер-мур айтыша турган.

Баарына белгилүү болгондой, биз үч ага-ини – Сигэкадзу, Масару, Такеши жана эжебиз Ясуко бир тууганбыз.

Чынында биздин дагы бир агабыз болгон экен (бирок менин эсимде жок), ал абдан акылдуу болуптур. Ал Кикудзиронун эмес, апамдан “ажал ажыраткан” аскер-деңиз флоту лейтенантынын уулу болгону чындыкка жакын. Ал кандай гана таланттуу болгонун канча жолу укпадым! Анын сүрөтү Будда менен катар ыйык жерде туруп ага апам ар качан шам жагып жатып: ”Такеши, сенин апаң кандай акылдуу бала төрөгөнүн карачы! Бул силердин эң улуу агаңар. Мына баш деп ошонукун айтыш керек болчу!” Бул сөздөрдүн артында: ”А силер Кикудзиронун балдары накта кемпайсыңар!” – деген жарлык тургансыйт. “Билими жок байкуштар түккө турбайт!” – бул балдарды тарбиялоодо апамдын карманган негизги урааны. Балким мындай ойго ал башка кишиден акылдуу бала төрөгөнүнөн улам кептелсе керек.

Менден айырмаланып агаларым анын үмүтүн эки эселеп акташты. Өзгөчө улуу агам мактоого татырлык. Окууга акчасы тартыштыгынан улам ал кечки институтта окуп, Аоямадагы кыска мөөнөттүү англис тили курсуна чуркап, ага да арзыбай Хидзирибаси районундагы мектепте жогорку класстын окуучуларына сабак берип жүрдү. Бул да эч нерсе эмес. Кийин ал Тиба университетинин политехникалык факультетин жана Токио политехникалык институтун аяктайт. Анын ойлоп табуучулук жаатында оголе көп патенттери болгонун билем. Апамдын маңдай терин эске албаганда дал ушул улуу агам үй-бүлө жана ата-энебиз үчүн каржалып иштеди, бизге алдыда өбөк, аркада жөлөк болду, анын шарданы менен кичүү инилери жогорку окуу жайлардын каалгасын кагып отурабыз.

* * *

Поезд Такасакиге тез эле жете келди. Орто кызматтагы жүргүнчүлөр вагондон шашыла түшүп кетишкенде, алардын ордун орто жаштагы эжелер шатыра-шатман кирип келип ээлеп алышты. Бүгүн үй кызматындагы аялдардын баары бош белем?! Кандай керемет! Күйөөлөрү кара жанын карч уруп иштеп жүрүшсө, булар болсо турист катары курортко баратышат. Мунун менин үй-бүлөмөн айрымасы асман менен жердей эле!

Кичинекейимде апам эс албастан жанын оозуна тиштеп иштеди, мени кулап кетпесин деп жонуна таңып алар эле. Дагы эсимде калганы, апам аркасында жармашып жүргөн мага ийнинен артыла карап:

– Сен кимдин баласысың? – деп сурай берет. А мен болсо :

— Америкалыктын баласымын! – деп жооп кайтарам. Бул “америкалык бала” кайдан чыкты, эмнеге антип айтканымды түк түшүнбөйм. Кийин агаларымдан сурасам, алар да дал ошентип айтканымды далилдешти. Ошондуктан кошуна аялдар мени “Америка-сан” деп чакырышканын айтып калышат. Менин өзүмө да бул табышмак. Ата-энем орто жашка келгенде төрөлгөндүктөн, көкүрөк күчүгү катары алардын сүймөнчүк уулу болгонумду жашырбайм. Башталгыч класста окуп жүргөндө мени чоң апам карады. Илгери ал “гидаюда”[10] ойногондуктан, кийин мектептен кайтып келатып аялдарга сэмисэнди[11] үйрөтүп жатканын канча ирет эшитпедим дейсиң!?

Үйүбүз эки бөлмө жана ашканадан турат. Атам ашканада полдо, апам, агаларым, эжем жана мен бир бөлмөдө полго эки төшөк салып уктайбыз. Кышында мени баарынан биринчи уктаганга жиберишет, себеби мен тирүү жылыткычтын ролун аткарам, андан соң алар кезеги менен “өх, кандай жыргал” дешип жылуу төшөнчү ичине кирип келишет.

Чоң апам ашкана жанындагы бөлмөдө жалгыз уктайт. Имиштерге караганда жаш чагында ал кайсы бир чоңдун көңүлдөшү болгон экен, кийин экөө айрылышканда тез эле картайып кетиптир, ошондо апам боору ооруп биздин колго алып келет. Ушундан улам алардын ортосунда “кайнене – келин” деген келишпес мамиле болбосо керек. Тескерисинче, чоң апам атам менен тил табыша албай, ар дайым апамды колдой турган. Чоң апам ар качан:

– Тигил келесоо келгенче жатып уктап калгыла! – деп бизди калкалаганда, биз да анын айтканын эки кылбай жатып калар элек. Атам келгенде сүйлөшөргө жан жок, күңкүлдөп, жалгыз ашканага күп кулайт.

Азыр мага:

“Силер атаңарды кайра акташыңар керек”, “Атаңар башкалардын көз алдында улуу адам катары турушу керек” – деп көп айтышат. Бирок мен артыма кылчайып, атам башкарган бактылуу үй-бүлөнү көрө албайм. Үй-бүлөдө күчтүү мүнөзгө ээ аялдардын орду зор. Чоң апам да, апам да өктөм сүйлөшкөн. Азыр да өткөндү эстеп менде алардын каны айланарын, алар менен жакындыгымды сезип келем. Бирок анда мен эмнегедир атама жакынмын деп ойлоп, апам адатынча аны каарып киргенде : ”Байкуш атам дагы тил укту, бечара!” – деп ага жан тартып, аяп кетчүмүн.

Менин досторум да апамдын заар тилине далай эле уугушту. Бир жолу досторумдун бири мени апамдын көзүнчө чакырып калды:

– Эй, Китано! Жүрү ойнойбуз!

Апам аны атайын токтотуп:

– Эгер менин кеңкелесим менен жүрсөң сен да маңбаш болуп каласың. Бул жерден тезинен кетип кал! – деди мени күч менен үйгө кайтарып жатып, анан жөн турбай:

– Бул жакка келем деп ойлобо. Маңыроолук оорудай жугуштуу! – деп сүйлөгөнгө үлгүрдү да, кийин болсо мага кайрылып:

– Укчу, сен! Бул жиндиге экинчи кошулба! Анын башында бир мандем бар! – деген бүтүм чыгарды.

* * *

Аңкоолугум башкага ооп кеттиби же жиним кагылдыбы, айтор мектепти аяктаган соң, көпкө чейин каңгырап көчө таптап бош жүрбөстөн, институтка тапшырдым. Башта айтып өткөндөй эки жыл окуп, анан таштап салдым. Себеби, ушуга чейин мен апам менен салгылашта утулуп келгем, эми жеңишти колдон чыгарбашым керек деп чечтим. Чечимди кабыл алганы го алдым, бирок жүрөкзаада болгонум канча!? Институтту таштоо апам менен таптакыр мамилени ыдыратуу дегенди билдирмек. Өткөн жашоом менен коштошуп, каалаймбы-каалабаймбы мен үчүн жаңы, белгисиз жана башаламан ааламга баш бакмакмын.

Башым айланып жанымды коёрго жай таппай жүрдүм. Ошол кезде өзүмдү толгоо тарткан аялдай эле сездим, аны эркектер билбей эле койгону оң.

Синдзоку районундагы “Виллендж-гейт” джаз кафесинде официант болуп иштеп жаткам. Мен эле дейин десем ал жерде иштеген көптөгөн жигиттердин маанайлары чөгүп, кабактары салыңкы жүрдү. Бир кезде ал жерде маньяк-киши өлтүргүч Нагаяма Норио да иштегенин айтып калышты (чынын айтайын аны менен кездешкен жокмун). Эгер менин турмушумда кандайдыр бир оош-кыйыш болсо, мен деле кылмыштуу иштерге кириптер болмокмун. Мезгил ошондой эле, мен тунгуюкка кептелгендей болдум.

Балким бир чети аргасыздыктан окуудан чыгуу үчүн арызымды жаздым окшойт. Ошол замат мени курчап турган айлана-чөйрө көз алдымда өзгөрүп, чар тарабым таңкы нурга бөлөнүп кетти. Чай үчүн сууну “Картье Ратан” деп аташкан, экзистенциализм жана Сатр туурасында аңгеме сабак курушкан студенттерден айрымаланганымды туйдум. Эр жеткенимди сезгенде огобетер шердене түштүм.

Көпкө ойлонуп отурбастан артист болууну чечип, Асакусага жөнөп кеттим. Ал жерде убакыт токтоп калгандай сезилди, дал ошол жерде жайгашкан каалоо-тилегиң орундалышы үчүн салт боюнча Фуками дарбазасынын каалгасын каккылоо керек эле. Таң калганым окууну таштагандан кийин менде айтып болгус чечкиндүүлүк пайда болду. Асакусада “Фурансу дза” труппасында ойноп, тентип жүрсөм да эч кайгырган жокмун, себеби, институттан чыгып кетүүгө даап барган кайратыма маашырланып жүрдүм. Бул жагдай ошол кезде жогорку билим канчалык маанилүү экенинен кабар берет.

Кандай болгон күндө да апамдын каргышына калбадым. Институттан кеткенден кийин аны менен болгон салгылаш аяктайт го десем, жок ошондо акыркы кармаштын башталганынан кабар берген белги келди.

* * *

Ёкогава станциясынан “камамэси” карапасындагы “бэнто”[12] сатып алдым.

…Бит Киёси менен биргеликте “Эки Бит” деп аталган топто иштеген учурда гастролдоп бул тарапты көп кыдырдык. Гонорарыбыз өтө аз болгондуктан эртең мененки тамакка да акчабыз жетпей, бэнто саткан карыя терезени такылдатканда, (ал кезде поезд терезелери ачыла турган) ашказаныбыз курулдап, ачка болгонубузду аңдайбыз. Канчалык тентибейин апамдын алдына ыйлактап баруу оюма да келген жок. Окуумду таштап, жатаканадан кетип ар кайсы досторумдукунда түнөп жүрдүм. Үйгө бир да барып койбодум. Агаларыма да жолукпадым. Балким, менде жаш кезинде “гидаю” театрында аткаруучу болгон чоң апамдын каны ойноп кеттиби ким билет, кыскасы мен артист болууну чечтим да, Асакусадагы труппага кошулуу үчүн жөнөп кеттим. Ошол саам жакындарымдын жардамына муктаждыгым жоктугун сездим.Кийин мага айтышкандай апам институттан кетип, “Франсу дза” труппасында ойноп жатканымды билерин, баарынан да таң калганым Асакуса театрынан убактылуу качып кетип, Сайтамадагы эмерек дүкөнүндө иштегенимден бери кабардар экенин укканда огобетер таң калдым. Бирок, бул сапар ал менин ишиме кийлигишпеди.

“Франсу дзадан” биротоло кетип, Киёси экөөбүз “Эки Бит” деген куудулдар дуетин түздүк. Сётику театрында ырдоо мүмкүнчүлүгү ойдогудай болгону менен тажрыйбабыз жокко эсе эле. Бир күндүк гонорарыбыз бир миң беш жүз йенди түзүп, аны экиге бөлө келгенде жети жүз элүү йен алам. Он күн катары менен сахнага чыгабыз. “Франсу дзага” салыштырмалуу оор мезгил келди. Бир күнү театр сахнасында турганымда залдан кимдир бирөөнүн өңү жылуу учурагансыйт. Көрсө, мурдагы коңшулардын бири кокустан оюн көргөнү кире калган экен. Оюн бүткөндөн кийин ал көшөгө артына келип:

– Такеши-сан! Сени сахнадан көрүп аябай таң калдым!

Сөздөн сөз чыгып:

— Апаң менен жолугуп турасыңбы? – деп сурап калды.

— Жок! Көрүшө элекмин! – дедим.

— Уксаң, үйүңө бар! Ал сенин куудул болуп кеткениңди билет! Анын үстүнө ар кандай ушактар жүрүп жатат.

Ошол сөздөн кийин гана үйгө бардым. Ата конушума беш жыл тентигенден кийин келдим. Терең дем алдым да, эшикти ачып астанадан катуу кыйкырдым:

– Мен келдим!

Апам мени көргөндө, дароо эле босогодон:

– Тез арада алдагы ишиңди ташта! Мунун артист болуп кеткенин көр! Чоң апаңдыкы жетишет! – деп буркан-шаркан түшүп, ач айкырыкты салып кирди.

– Биздин үйдө артисттик кан кайдан пайда боло калды. Болгондо да сенде акканын көр! Бул ишти ташта! Эгер кайра окууга барсаң, акча берем! Кайт артка!

– Эч качан окубайм!

Мен да көшөрүп туруп алдым.

– Сен эмнеге мынча тежиксиң, ыя?

Апам экөөбүздүн кездешүүбүзгө ичи жылыбады. Ачуусу келип кыйкырып, көзү менен көзөп жатты. Өз үйүмдөгү убакыт ушинтип өттү. Апам менен беттешип, көнгөн адатыбызча “эне-бала” мамилесине кайтып келдик. “Болду, эми ачууланбасаң” дегенден бөлөк сөз таппадым. Не деп айтам? Анын мээнетин талаага чачтым – окууга өткөрдү, ижара акысын төлөдү, мага акыл-насаатын айтып жатканда өз кемчилигимди эстеп олтурдум. Бир жагынан биринчи жолу мен анын алдында өз күнөөмдү сезип, апама тең ата келгендей болдум. Апамдын камкордугунан толук кутулганда тең укуктуулук эмне экенин сездим. Тизе бүгүп кечирим суроону намыс көрдүм. Тескерисинче, менин колуман да иш келерин далилдегим келди. Ал үчүн атактуу гана болушум керек. Ошол саамда “Менин көкүрөгүм көк тиреп, асман чапчыган кыял-тилектерим ишке ашпай калса эмне кылам?” – деген ой башыма келген эмес…

Албетте, азыр мен бул туурасында ачык айтып жатам. Эгер максатым жүзөгө ашпай калса бүгүн “камамэси” жемек эмесмин. Сыра да, поезддин биринчи классы да болмок эмес. Ооруканадагы апамды көрүүгө барарымды да кудай билет эле!? Эски бир театрда иштеп, бир туугандар менен деле карым-катышыма күмөнүм бар. Балким, ошондо атактуу болуп келечекке кадам таштаганым үчүн үйгө кайтып бардым окшойт. Стрип барда чогуу катышып, танаписте анекдот айтышкан өзүмдүн көптөгөн тели-теңтуштарымдын баары эле атактуу болуп кетишпеди. Дагы эле үй-жайынын жүзүн көрбөй тентип, өлбөстүн күнүн көрүп сай-сайда талаалап жүрүшөт.

Качан мени телекөрсөтүүгө чакырышып, айлык акым миллион йенди чапчып калганда жүрөгүм “зырп” этти. Ошентип, үйгө дагы барууну чечтим. Телефонду колго алып сүйлөшкөнгө чечим чыгарганым менен көөнүм опкоолжуй баштады. Телефонго апам келди да:

— Теледен чыгып жатасың! Анан жакшы эле таап жатасыңбы? – деди.

Анын сөзүнөн кандайдыр бир камкордукту туюп:

– Эч нерсе эмес! Жашаганга болот! – дедим.

Ал дароо эле:

– Менин алыш-бериштерим үчүн каражат жагынан каралашчы!? – дей баштады.

Кыскасы, дароо эле кайырчы боло баштабаспы!? Өз энең эмес эле, башыңа келген бир балээ!? Мен аны таң калтырайын деп 300 миң йен камдап, суши реторанына алып барып: “Апа! Бул сага менден!” – деп өзгөчө белек берейин деген оюмду таш капты.

Апам конвертти колумдан жулуп алды да:

— Ичинде канча? – деп так кесе сурады.

Мен кеңкейе:

— 300 миң! – дедим.

Ал мага адаттагысындай ачуулана:

– Болгону ушубу? “Жүгүң уйда болсо да, дымагың төөдө” ушул 300 миң үчүн көөдөнүңдү көккө керип жатасыңбы?

Эмне кыл демекчисиздер? Албетте, мен апамдан таптакыр кол үздүм. Эми үйдүн босогосун желкемдин чуңкуру көрсүн деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Бирок, кашайып апама телефон номурумду калтырып кетипмин. Ошондон кийин айына эки-үч ирет батиримде телефон шыңгырайт. Алар да болгону акча талап кылмай: ”Балээ болду акча жок… Тыйын жагынан кандайсың?” Мага буларды угуу кейиштүү болгону менен апама менден акча эле керекпи дегенге ишене албадым. Бирок, кайра “Канткен менен ал мени төрөдү, тарбиялады, мен ага карызымды берип жатам” – деп өзүмдү сооротом. Акыры: “Жокчулуктун кээрин тарткан адам акчаны өмүрдөй баалайт окшойт” – деген тыянакка келдим. Буларга ыраазычылык үчүн полицияга түшүп калганда: “Ага өлүм жазасын чыгарышсын!”, жол кырсыгына кабылганда: “Арка моюнуң астыңда калсын!” – дегени болду. Башка бирөөдөн болсо да мейли эле, өз энеңден мындай заар сөз угуу оңойго турбайт экен. Мен катуу таарынып, ага телефон чалганымда апам:

— Эгер сени урушпасам, сенин жиниң келбей, эл алдында жасалма көрүнүп каласың! – деди. Андан сөз качып кутулбайт эле, ар качан жооптор даяр турчу. Ал мени сүйгөнүнөн айтып жатабы, же Кикудзиронун баласы келесоо эле болот деп эсептейби, эч түшүнө албадым. Бирок, сыртыман ал дайыма мага кам көрөт. “Ота продакшн” продюсердик компаниясы менен иштей баштаганымда апам аларга ыраазычылык көрсөтүүгө барганы, мени таптакыр чаташтырып салды. Кийин алардан кетип өз алдымча иштей баштаганда апам алардын алдынан өтүп:

– Ага ачууланбагыла! Билесиздер да, турмушта ар кандай боло берет! – деп айтканын эшиттим. Апам менин бардык аткарууларымды телекөрсөтүүлөрдөн көргөн соң мага телефон чалып, чоң сынчыдай:

– Эмне болгон сандыракты айтып жатасың? “Чоң энеңди өлтүр!” дегениң эмне? Коңшулардын баары: “Эмне, оозуна келгенин оттой береби?” – деп акаарат айтып жатышат. “Атың чыкпаса, жата калып ат үркүт” болбосоңчу? – дей турган.

“Эмне десең ошо де!? Ушул жашка келгенче апамды ойлоп, сезимдеримди ооздуктайм. Деги биздин согуш аяктай элекпи” – деген ойго чөмүлөм. Акыр аягында жиним келип ачуулана баштадым. Менин өмүрүм жипке байланган куурчак сымал калчанып, ал эми жиптерди апам ары-бери жулкулдаткандай…

– Эх-х! Дагы ичимдик болсо?! – дедим өзүмө. Качан жаңы сыраны ачканымда көбүгү жабырып, бетиме чачырап кетти. Апам каарданып, шилекейин чачыратып жаткандай сезилди.

* * *

Бетимди аарчыганча поезд “Усуи тогэ” тоннелинен өтүп, бет алдымдан ачылган жаратылыш күмүш кардан упа жамынгандай жаркырай түштү. Аба ырайы суук, теребел чыкыроон тартып турат. Бүгүн бекер муздак сыра ичипмин. Мен жаш эмесмин да!? Эгер көп ичип алсам, кайра-кайра дааратканага чуркай бермейим бар.

Апам токсон экиге чыгып калды. Жөн эле “картайды” деп айталбайсың: кулагы катуулап, эми болсо остеопороз илдети жабышты.

Телефондон:

— Эмне? Түшүнбөдүм? Кайра айтчы! – дегенин эле угасың?

Укпаганына ого бетер ачуулана:

— Эч нерсе түшүнгөн жокмун! Акмак! – деп кыйкырат.

Чынында ал өзүнө жаны кашаят. Эжем айткандай, ал өзүнүн кулакка таккан угуучу аппаратын, “Бул, кудай аткыр жолтоо болуп жатат” – деп, алтургай, балдагын да ыргытып жиберет имиш. Себеби, “сандырак”. Анан темселеп, онтоп аны алууга жөнөйт экен. Мен бул сахнаны элестетип алып көпкө чейин токтоно албай каткырып алдым. Көз айнекти да сүйбөйт көрүнөт. Аны да “кудай аткыр” деп кыйкырып ыргытып жиберет экен.

Картаят деген эмне? Акыркы күндөрү мени да көп нерселер кыжырымды келтирчү болду. Китеп окуп жатып ариптер көрүнбөй баратканда көз айнек тагына коём. Көз айнекчен окуп жатканымды түшүнгөндө “мага эмне болуп жатат?” деген ой кылт этет.

Айтмакчы, апам кары-картаңдарды жактыра бербейт. Алар жөнүндө ар качан ар түрдүү жаман сөздөрдү агытат да турат:

– Тигини көргүң да келбейт!

– Ал өлөйүн деп араң жөрмөлөйт!

– Бул алыс барбайт!

Эрксизден башыңа: “А, өзүңчү, сен деле жүз жыл жашабайсың да” – деген ой келет. Балким, апам өзүн чыйралтайын деп айтат чыгар?!..

* * *

Акыры мен жете келген Каруидзава бекетин оңдоп-түзөп жатышкандыктан туш-тарап ызы-чуу. Тегерек-четтин баары кир желим жип менен тосулган. Көз жоосун алган курорт, анын чиркөөсүнүн биринде үйлөнүү-үлпөт өткөрүү туурасындагы оюм тумандай тарады. Анысы аз келгенсип мени күтүп алчу унаадан дайын жок. Айтмакчы, мен кайсы каада-салт туурасында кеп козгоп жатам? Тыңгылыктуу үйлөнүү-үлпөт той эмес, биздин мэрияга барганыбыз да эсимде жок. Аялым бир күнү жөн гана менин мөөрүм менен башкармалыкка барып, кагазга кол койдуртуп келди. Ошентип биз расмий түрдө эрди-катын болуп калганбыз.

“Майрамдык” иш-чара катары аялымдын апама барган сапары болду. Ал кайтып келгенде анын башына мөндүрдөй жааган акыл-насааттан өзүн ыңгайсыз сезди бейм:

“Сен өзүңдү татыктуу алып жүр! Акчаңарды кантип жатасыңар? Байка, ал артист! Бирде болбосо бирде сөзсүз ишсиз калышы мүмкүн. Ошондуктан акчаны чача бербей чогулт! Түшүндүңбү! Менден сурайм деп ойлобо! Баары бир сокур тыйын жок…” жана башка ушул сыяктуулар. Аягында:

– Ай сайын мага он миң йен салып турасың, түшүндүңбү! – деп корутундулайт апам.

Албетте, апамдыкындай күйөө менен жашасаң мындай талап табигый эле көрүнүш. Апамда бир гана ой болгон: “Үй-бүлөнү сакташ үчүн аял күйөөсүн чарк айлантышы керек”. Ошондуктан жубайыма мени кантип башкарууну үйрөткөнүнө таң калбайм деле. Апам дайыма аялыма телефон чалып, мени кыз-келиндер көп шынаарлап жүрөрүн жана көйгөйлөрүм арбын экенин кулак кагыш кылып турган:

— Сен мени кечирип кой! Бирок, бул кемпай ар качан бирдин ичинен эле чыгып басып жүрөт. Сен андан жөн эле кетип калам деп ойлобо! Колуң жеткен нерсенин баарын сөзсүз ал.

Албетте, эгер аялда мындай “устат” болсо, байкуш күйөө жеңишке кантип жетсин?Гезиттерде менин ажырашарым жөнүндө ушак-айыңдар айтыла баштаганда апам мага телефон чалып:

— Сен кеңкелес, эмне аялыңды ыйлатып жатасың? Бул үчүн жооп бересиң! Аны кыйнабай дароо үйүңө жөнөгүн. Билесиңби, бир жолу ажырашсаң өнөкөт болуп кетет. Билгизбей ойной бер, түшүндүңбү!? – деди.

Башка күнү аялыма телефон чалып “маанилүү нерселерди аны менен талкууладым” деп анын көңүлүн жубаткан жайы бар. Кээде үйдө казан-аяк кагыша кеткен учурда аялым апама качып кетүүнү адатка айлантып алган. Ошондо экөөлөп мени ортого салышканда аягы кандай аяктаганын билип болбойт эле.

Агам үйдү кайра курганда: “Апамды кире бериштеги бөлмөгө жайгаштырбайлы, ыңгайсыз болор” – дедим. Ал апама камкордук көрсөтүп, ага экинчи кабаттын күн чыгыш тарабындагы тынч бөлмөнү ылайык көрдү.

Анан, бул мастан кемпир эмне деди дебейсиңерби?!

— Мени кемсинтип четки бөлмөгө бөлүп салдыңар! – деп тынбай наалый бергенинен акыры, биринчи кабаттын кире беришиндеги бөлмөгө котордук. Үйгө бирөө жарым келгенде апам жайдарылана:

“Куш келиңиздер!” – деп конокко көк чайын көтөрүп чыга келет.

Баары жайгарылгандай болгон.

Бирок, көп өтпөй ал мага телефон чалып:

— Такеши, өзүң ойлосоң? Бул бекерчи, Масару, мени бөлмөгө эмес босогого чыгарып салды. Ким келбесин мен тосуп алып, чай берип аларды зериктирбей алаксытышым керек экен, балекет баскырдыкы! – деп даттанып кирди.

Апамдын көрүүсү начарлап, кулагы катуулап, буттары чалыштап калса да тили огобетер буудай кууруп, сөздөрү куйкум, өзү беймаза болуп баратты.

Баары аз келгенсип улуу агамдын баласы Хидэге апам минтип жатпайбы:

— Хидэ, уксаң! Институтка тапшыр! Эгер өтсөң, мен сага машине белек кылам! Акчаны болсо тиги кемпайдан сууруп алам. Менин кандай жакшы чоң апа экенимди түшүндүңбү?

“Тигил кемпай” болсо, албетте менмин!

Жыл өткөн сайын апам каардуу тарта баштаганы, жалгыздыктан улам болсо керек?! Карылар үйүнөн өзүнө тели-теңтуш табабы деген ниетте Каруидзавадагы бейтапканага атайын жибергенбиз. Анын жашына келгенде жаш кездеги досторуң биринен сала бири ооруп кайтыш болуп, сен жападан жалгыз калат окшойсуң? Эжемдин айтуусуна караганда, апамдын жакын ымалаш досу пайда болуптур. Ал, наганолук атактуу үй-бүлөдөн болсо керек эле. Эми аны көрүүгө келгендерге:

— Ал таптакыр башка үй-бүлөдөн. Абдан сыпаа аял. Өзүн татыктуу алып жүрөт.

Же болбосо:

– Ал абдан пакиза аял. Аны менен зерикпейсиң. Жергиликтүү кемпирлер ага түк караандабайт. Ал абдан белгилүү үй-бүлөдөн! – дегенден тажабайт.

Бул абдан күлкү келерлик, бирок, айла жок. Ал, дүйнөнү ушундайча кабылдайт. Экинчи жагынан анын дагы эле мүчүлүштүктөрү (комплекс) бар экендигинен кабар берет. Балким, анын узак жашоосунун сыры ушунда катылгандыр.

* * *

Мен автобекетте күтө берип, муз айкелге айланганы аз калдым. Акыры эжем келди. Кечиккенине таарына баштасам, ал: “Мен беш мүнөт да кечиккен жокмун”– деп жанын жеп киргенде:

— Сен өз кемчилигиңди моюнга албаганың аз келгенсип, анча-мынчага көңүл бурбаган жагың менен апама кандай гана окшошсуң! – дегениме экөөбүз тең маңдайыбыз жарыла каткырып күлүп алдык.

Эжем бейтапкана алыс эмес, жөө бассак беш мүнөттө жетебиз дегенинен апам жөнүндө кеп куруп бара жаттык.

– Апам: ” Мага аз калды” – деп эле какшап калды.

– Чын элеби? Бул кемпир оңой эмес!

– Бул ирет баары жүйөлүү. Ал сени көргүсү келип, муну болсо сен кетип баратканда берип кой деген. Ичинде эмне бар экенин билбейт экенмин…

Эжем мага сырдуу баштыкты сунуп жатып:

— Сага кетериңде берип кой деген, өзү бере албачудай. Таң калычтуу, туурабы?

– Өлөр алдында буюмдарын мураска таркатып жаткандыр?!

– Такеши, койсоңчу? Эмне деп жатасың? – деп ага апамдын жаны кирип кеткендей күч менен мени чекеге бир нукуду.

Бейтапканадагылар бизге кам көрүшүп, кездешүү үчүн өзүнчө бөлмө даярдап коюшуптур. Палатадагы кемпирлер силерге жайбаракат сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк беришпейт дешти.

Эжем, эгер апам палатадан чыккысы келсе мээрман айым аны коляскага сүйрөп чыгарын айткан. Бирок, бүгүн биз олтурган бөлмөнүн каалгасына келгенде апам өзү туруп басам деп калат. Мээрман айым канчалык көндүрбөсүн, “Жок, болбойт, сиз жаңы эле операциядан чыктыңыз” – дегенине карабастан ал болбой көшөрүп өзү туруп бөлмөгө шашыла кирип келди. Апам бизди көрөрү менен жылмая колун сунуп:

— Мен өтүнгөн белек сертификаттарын алып келдиңби? – деди. Айла жок, мен акчалай ал айткан өлчөмдөгү сумманы санап бердим. Кийин белгилүү болгондой анын акчалай белегин албай, оорукананын өз эрежеси бар деп сылык-сыпаа баш тартышыптыр. Апам болсо:

– Алып коюшса эмне болот эле? Мейли, эмикиде жемиш алып келип башкача ыкманы колдонобуз! – деп, жоопкерчиликтүү ишке мамиле жасагандай өкүм чыгарды.

Кийин палатадагы коңшулары менен учурашууну өтүнүп мени колумдан сүйрөп жөнөдү. Айла жок барып келгенимде, ал жамалы жаркып коңшулары туурасында саймедиреп кирди:

– Кандай экен? Менин каршымдагы чоң энени көрдүңбү? Ушундай алжыган неме!

– Ал байкушта не жазык?

– Болгонун айтам да! Бирдеме айтсаң, эч нерсе түшүнбөйт. Тигил эшикке жакын жаткан түзүк. Ал эми беркиси – накта аңкоо.

Сүйлөгөн сайын маанайы көтөрүлүп, чечекейи чеч болуп баратты. Кыскасы, оозго алгыс сөздөрдүн жамгыры.

* * *

Бейтапканада үчөөбүз чогулдук. Акыркы жолу биз атам кайтыш болгондо жолугуппуз. Ал узакка созулган оорудан кийин каза болгон эле. Соңку жылдары төшөктөн турбай калганда биз жандана түшкөнүбүз эсимде. Мен театрда иштеп, апам менен элдешкен маалда төшөк тартып жатып калган ооруканадагы атама каралаша баштадым. Агаларым фирмада иштегендиктен колдору бошобойт. Андыктан апам, эжем, жеңем болуп кезектешип нөөмөткө турмай болдук. Чынын айтсам, ал жакка бутум тарткан жок. Эмнегедир аялдар жамаатынын мүчөлөрү биринен сала бири тумоолоп, катардан чыга башташты. Арга жок, кантсе да өз атам эмеспи…

Анын үстүнө апам мага буйрук берди. Менин да баш ийбеске чарам жок эле.

– Такеши, сен барышың керек! Сен кичүүсүң да!

Мен театрда ишим чачтан көп деп шылтоолосом, «анда кечинде кел» – деди. Айла жок, кечки сегизден кийин келип атамдын керебетинин жанында түн узатам. Оорукана полунун муздактыгын айт! Канча одеял салба, уктоого эч мүмкүн эмес. Таң атканда театрга жөнөйм. Бул күнүгө кайталана берди. Мен айнып бараттым. Анан калса ооруканадагы уйкусуз түндөн кийин публиканы күлдүрүү оңойго турбады.

Нагояга кетүүгө туура келгенде, мойнумдан оор жүктү алып салгандай жеңилдеп, ооруканадагы нөөмөттөн кутулганыма сүйүндүм.

Мен апама:

— Нагояга кетишим керек! – деп айтсам, ал жактырбагандай күңк этти:

– Барсаң бар! Сенсиз деле эптээрбиз!

Алар атамды үйгө чыгарып кетишти. Кийин абалы оорлошуп кетип, кайра бейтапканага жеткиришет.

Атам бейтапканадан чыгып келет же кайра бир нече айлар бою дарыгерлердин көзөмөлү астында болуп жатты. Анын абалы оорлошкондо бейтапканага жатып, кичине жакшы болсо эле үйгө чыгып келет. Ошентип бул көрүнүш узакка кайталана берди.

Бир күнү кечинде апам көзү ачык кишиче:

— Билесиңби, атаң чындап жанына күч келсе баса алат, алжыган чал, жүүнү бош да, ошого жатат! – деди.

Мындай турмуш узакка созулду. Акыры атамды ээсине бердик. Анын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө жанында болдук. Ошондо апам чөгүп кетти.

“Бул эмне кылганың?” – деп шыбыраганда ал чындап аза күтүп жатканын түшүндүм.

Атам аракеч эле. Апама көп жолу кол көтөрдү, тепкиледи, далай көз жашын көлдөттү. Канткени менен бир топ жыл чогуу жашап, ортолорунда экөө гана түшүнө алган арзуу сезими болгон сыяктанат. Мен бул туурасында далай ирет ойго баттым.

Ар дайым ызы-чуудан соң апам ызасын ыйдан чыгарганда чоң апам кечирим сурап:

– Бул акмакты кечир! Менин балам ушундай кем акыл. Балким, мен анын көзүн тазаласамчы?! – деп, жалбара кызыктай сооротор эле. Ошондой болсо дагы апамдын бир да жолу кетип калуу капарына да келбеди. Жок, бир ирет сырдоочулардын башчысына качып кеткен. Көп өтпөй прораб келип атамды сөгө баштады:

– Кику, бул эмне кылганың?

Прораб абдан абройлуу киши болгондуктан көп адамдарды жараштырып, көпчүлүгүнүн көйгөйлөрүн чечип бергенин мындай кой, якудзаларды да тескеп койчу. Ошондон кийин атам кадыресе оңолуп калган…

— Такеши, эмне унчукпай калдың? Бейиши болгур атаңды эстеп жатсаң керек?! Чындыгында ал бир байкуш болчу…

Апамдын үнү мени турмуш чындыгына кайтарып келди. Мен мынча убакыт ооруканада кармалам деп ойлобогом. Январдын күндөрү кыска болгондуктан терезе артында күүгүм түшө баштады.

Апам менин кетеримди сезип, бардык мээрман айымдар менен тааныштырууну чечти окшойт, дароо өзүн караган аялды мээрман айымдарды чакырып келүүгө жөнөттү. Апам ар бирин атынан чакырганда, мен башымды ийкеп жаттым. Бул салтанат мени ыңгайсыз абалга кептеди. Бала чактан мындай оңтойсуз абалда калганды жактыра бербейм. Андан соң апам дарыгерге жолугушумду каалады, ошентип ага жөнөдүм. Бактыга жараша, бейтаптар жок экен, дарыгер апамдын оорусу тууралуу айтып берди. Анын сөзүнө караганда, апамдын оорусу анчалык деле катуу эмес. Негизинен анын жашына салыштырмалуу акылы тунуктугун баса белгиледи.

— Ананчы, анын тилинен чаң чыкканына караганда, акылы башында! – деп күбүрөндүм.

Дарыгер апамдын сөөгү морт болуп кеткенин баса белгилеп:

– Ар тараптан дарылап жатканыбыз менен карылык деген эбиңди алат экен, аны менен теңтайлаша албайбыз! – деди мени узатып жатып.

– Болуптур эмесе мен кетейин! – дегенимче болбой, апам мени колдон шап кармап көздөрүн жашылдантып:

– Такеши… – деп шыбырады.

– Мен жакында сөзсүз дагы келем, – деп жубатканым “куру кайрат баш жарат” болуп аным суу кечпеди, ал дароо “темир катынга” айланып:

– Жанына күч келтирип көп кыйналбай эле кой! – деп, сурдана түштү.

— Акыркы жолу бир келип кетсең, жетишет. Эчкинин жашындай өмүрүм калды. Эмики келгениңде башкача аталармын. Анда менин атым өткөн чакта айтылат. Зыйнатым Наганодо болсун, сен жыпар жыт таякчаларын жагууга келсең эле болгону!

Ар бир айткан сөзүндө анын кадимки күчтүү мүнөзү сезилип турду.

Эжем экөөбүз бекетке кайтып келатканда, ал апам тууралуу минтип калды:

— Билесиңби, сенин алдыңда эле кайраттанып жатат, болбосо кубангандан көз жашы да кылып алды. Ал эми кечээ өзүнчө эле алаамат болуп, толкундангандан уктай албай чыкпадыбы.

Мен башымды чайкадым, эжем сөзүн улады:

– Ал сени көргөндө ар качан каардуу боло түшкөнү менен чындап келгенде ал абдан сүйүндү.

Менин жолум шыдыр болуп, бекетке жетерибиз менен поезд келип калды:

– Дагы бир келип кетем, апама салам айт! – дедим, да эжеме кол булгаладым.

Күркөдөн сыра сатып алып, вагонго дароо секирип түштүм. Бул сапар жүргүнчүлөр жокко эсе экен. Тоннелден, кийин “камамэси” саткан бекеттен өткөндө алыстан Такасаки калаасынын оттору көрүндү. Ошондо:

“Токточу! Ооруканага баратканда эжем берген коштошуу белек-баштыкта эмне бар болду экен, бул эмне болгон таберик?” – деп, эстей койдум.

Дарыгер анын акылы тунук дегени менен кир баштыктагы мурас кандай болмок эле, апам алжыды!

Ой тобоо! Таң калганымдан оозуман келмем түшүп калды. Бул менин наамыма ачылган сактык китепчеси экен. Аны барактап жатканда, көзүмө жаш тегеренип цифралар бүлбүлдөп көрүнүп-көрүнбөй кетти…

…апрель, 1976-жыл – 300 000

… июль, 1976 — жыл – 200 000

Мен ага салган акчалардын чып-чыргасын коротпой, жеке эсебиме которо берген тура!

Үч жүз миң, эки жүз миң… Акыркысы – болгону бир ай мурунку. Анын жанында Каруидзаведеги банктын мөөрү коюлуптур. Менин эсебимде баш-аягы он миллион бар экен.

Поезддин терезесиндеги жаркыраган оттор эки ача көрүнүп баратты…. Он мүмкүнчүлүктүн тогузунда апам менен салгылашты утушум керек эле!!!

Бирок, акыркы окуя баарын оодарып салды.

Мен агаларымдын айткандарын эстедим:

– Такеши, апам ар качан сени ойлоп, сары санаага батат.

Күйөөсү ишсиз калган күндөрү кыйналганын эстеп: “Артистти качан атак-даңк таштап кетерин билбейсиң? Эгер топтогон акчаң болбосо, талаалап кетериң бышык. А, Такеши болсо кеңкелес, тапканын тапкандай жоготот!” – деп, кабатыр болот.

Менин атак-даңкым бүгүн болбосо эртең тумандай тарап кетеби деп корккон тура, жарыктык апам ай!

Мен дендароо болуп эмне кыларымды билбей калдым, анан жан дептеримди алып чыгып эмнегедир мурда таптакыр жазбаган хойку ыр саптарын жазгым келди. Анын биринчи сабы…

Эски көлмө – пластикке оролгон табыт…

Андан ары башыма арзыбаган начар тамашалардан башка эч нерсе келбеди. Ооба, апам туура айтат, колуман кокон тыйын келбеген бир байкушмун…

Охо-хо! Демек менде Кикудзиронун каны айланат экен да! Бул ой жагымдуу да, ошол эле маалда жагымсыз да болду. Мен аны сөз менен кантип жеткиришти да билбейм. Кыйпычыктап сыранын жаңы шишесин ачууга ашыктым.

КИКУДЗИРО

Повесть автордун ой толгоосунан чыгып, чыныгы турмуштагы адамдарга эч тиешеси жок.

Алгачкы жолу өзүмдүн атам Кикудзиронун жүзүн башталгыч класстын экинчи классына көчкөндө гана көрдүм. Балким, мага эч ким ишенбейт чыгар? Себеби, мен ошол күнгө чейин анын оозунан бир ооз сөз уккан эмесмин. Баарынан дагы мен анын жүзүн көрбөгөм. Анын пайда болушу менин эсимден түк чыкпай калды. Бир күнү кечинде ал иштен, а балким оюндан келдиби, билбейм айтор, кыйкырып калды:

– Эй, катын! Сакэ алып кел!

Апам аңкылдап кирди, экөө жаакташа кетишти. Акыры ал каарданып тамак ичкен кичинекей үстөлдү көңтөрүп жиберди. Кыскасы, атам өзүнүн турган турпатында “мангадагы”[13] аракеч атадай көрүндү. Атама байланышкан ошол элес мендеги алгачкы эсте калган көрүнүш болду. Ага чейин “Ал жакка барбагыла, ал үңкүрдө эч кимге көрүнбөгөн коркунучтуу желмогуз жашайт” – деп апалар коркутушкан табышмактуу ажыдаардай бар эле. Качан көңтөрүлгөн үстөлдү көргөндө, “Мына сага, желмогуз накта жүзүн көрсөттү”– дегеним эсимде.

Албетте, ага чейин мектепке баргычакты эле менин атамдын аты Кикудзиро, ал боёкчу болуп иштээрин билчүмүн. Бирок, эмнегедир аны менен бетме-бет кездешкен эмесмин. Азыр ойлосом, мени эркелетишкен апам менен чоң апам кудайдын куттуу күнү ылжып мас болуп келип чаң салган атамды көрсөтүшчү эмес тура!

Күнүгө кечинде апам менен чоң апам эртең менен эрте туруу муктаждыгы болбосо да, же кашайып менин уйкум келбесе деле ар кандай шылтоо таап эрте уктоого мажбурлаша турган. Талашып-тартышуудан пайда жок. Коңшу бөлмөгө барып төшөнчүмө жатканда атамдын келгенинен кабар берген кажы-кужудан соң кармаш башталып, карса-курс болуп, апам ыйлап, “Токтот, жин тийдиби?” – деп ажылдап, жаңжалды токтотууга болгон күч-аракетин жумшаган чоң апама атамдын ачуусу келип аягында каардана:

– Жогол, алжыган мастан! – деп кыйкырганын кулагым чалат.

Мындай сахна күн алыс ойнолуп турган.

Менин үй-бүлөм ата-энем, чоң апам жана эки агам, эжекемден турат. Биз чогуу-чаран үч бөлмөлүү тар үйдө күн кечиребиз. Атам канчалык опурулбасын улуу агам келери менен аркы бөлмөгө жашырынып калат. “Атанын жаман көргөн уулу түк күтүп” мага салыштырмалуу улуу агам жакшы окуп, иши ийгиликтүү болгондуктан – атам анын жанында ооз ачпай турган.

Ушундай тар үйгө мен ит ээрчитип келдим. Ошондо чаң-тополоң түшүп эле калдык. Ит короочу болгондуктан бизге жакын жердеги күркөдө “сэнбей” деп аталган туздуу печенье саткан кемпир багып ал деп берген. Алгач апам караманча каршы чыкты. Ал:

– Атаң сөзсүз кыямат кылат! Ашка жүк, башка жүк кылбай алып барып ташта! – деп итти калтырууга таптакыр көнбөй койду.

Ырас, атамдын жан-жаныбарларды жактыра бербегенинен улам апам каршы чыкты окшойт. Арга жок, мен итти жакын арадагы талаага алып барып таштадым. Бирок, көп өтпөй ал ит үйдү таап келгенде, бул итти жанымдан артык көрүп калдым. Ага кам көргүм келгени менен апам айтканынан кайтпай, аны “алыс алып барып ташта!” деген бир сөзүнөн кайтпай туруп алды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, “айла алтоо, акыл жетөө” демекчи акыры бир акыл таптым. Итимди алыс алып кетип көпкө жоголдум да, аны менен чогуу кайтып келдим.

– Апа, бул акылдуу ит экен! Мен адашып кетип, анын аркасы менен үйдү таап келбедимби! – дедим.

Апам каткырып ийди да:

– Чын эле жакшы ит турбайбы! Болуптур эмесе, калтырсаң калтыр! – деп итти үйдө багууга уруксат берди.

Ойлоп көрсөм, бул менин өмүрүмдөгү эң алгачкы утушум болуптур.

Ошентип дөбөт кире бериштеги бурчтан орун алды. Болжогондой атам аны көргөндө эле кыртышы сүйбөдү. Биринчи эле күнү кечинде кожоюндун келгенинен кабар берип үрүп кирди. Мас атам бутуна илешкен итти тээп киргенде апам:

— Эрте жаткыла! Тигил дагы ичип келатат! – деп, бардыгыбызды коңшу бөлмөгө алып кирип кетти. Анын жатакчынын итиндей чуулдаганы абадан коркунуч туулганда берилүүчү белгидей эле болду. Бул бир айга созулду. Бирок, бир жолу ит каңшылабай катуу үрүп, андан кийин атам жаны ачыгандан каңкылдап калды.

– Айбан, эмне кылганың?

Кыскасы, кыжырданган ит атамдын бутуна асылат. Атамдын куйкасы курушуп:

— Көрүнгөн айбанга кожоюнду тиштөөгө жол бербейм. Мен аны өлтүрөм! – деп өкүрөт.

Бирок, апам “Эгер тирүү жанды өлтүрсөң кудайдын каарына каласың” – дегенде сестенип жоошуй түштү. Ошол эле замат “ооруп жатат, ооруп жатат” деп онтой баштады. Ал үйгө бутун сүйрөп араң кирди. Анын түрү бир кеңкелестей көрүндү. Эжем экөөбүз жуурканды башыбызга чүмкөп, күлкүбүздү зорго тыйып жаттык. Ошондо мен мыскылдын бирден бир өзөгүн түшүндүм. Абдан абройлуу киши чалынып жыгылганда ага башкаларга караганда көпкө күлүшөт тура! Үйдөгүлөр алгач дымып калышты. Катуу каткырыкка чейин аалам мага чөгүп калгандай сезилди. Ошондогу сезим мени куудул кылды го дейм?! Ошол капсалаңдан кийин ит атамды көргөндө өзүнүн туура эмес жоругу үчүн кечирим сурагандай кирерге тешик таппай калчу болду.

* * *

Ит тууралуу айтып жатып апамдын атама “Туз” деп ат койгону эсиме түштү. Чачы анчейин өспөсө деле атам чач тарачка дембе-дем барып чачын тегиздеткенди сүйө турган. Балким, ал ат тезегин кургатпай каттап чач алдырганына караганда ошол кезде чач алдыруу кытайдын “ра-мен” кесмесиндей отуз йен болсо керек.

Атам чач тарачтан башын жалтыратып кайтат. Качан бул “жалтырак” үйгө жакындаганда апам адатынча “Биздин Туз жигит келди” – деп какшыктай баштайт. Коңшулар баккан иттин аты “Туз” эле. Анын капкара болгон жүнү күнгө чагылып жалтыраганын, атам чач тарачтан тагдырына ыраазы болуп кайтып келаткандагысына окшоштуруп ар дайым “Туз” деп чакырып:

— Эмне эле дердейип бой көтөрүп жатат? Башынын иттикине окшош болгону менен иши жок! – деп мазактап кирет.

Бир күнү атам чач тарачтан бети-башы канжалап келди. Ошол кездерде чач тарачтын кызмат акысы төмөн болгонунан эл топурап көп барышчу окшойт. Атам ар дайым барган чач тарачтын кожоюну өзү да керелден кечке иштеп, кечинде кирпиктен тартса жыгылчудай чарчаганынан улам ага чач алдыртуу кооптуу болгон. Балким, ошол күнү атам ага туш келгендир!? Ал үйгө келгенде:

– Оо-х-х! Жаным, ай, ооруп жатат! – деп кыйналып жатты, жаагынан ылдый тилкелеринен кан сызылып бетине кыйма-чийме сүрөт тарткандай эле. Апам эмне болду деп сураганында ал:

– Тигил чач тарач, көзү кашайып улам уктап кетип жатты, карачы, эмне кылды?

Атам ыйлап жиберейин деп араң турду.

— Сен эмне, ал жаагынды тилгиче унчукпай чыдап отура бердиңби? – деп ачууланды апам.

– Ал байкушту деле түшүнсө болот. Ооруп жатат десең, чоочуп кетип ойдогудай алып баштайт да анан кайра эле устарасы капталга жылмышып кетет. Абдан чарчаганы көрүнүп турат…

Ошентип атам дарбыздай тилим-тилим болгон жүзү менен “ой, жаным, ооруп жатат” деп бир топко дейре жүрдү.

* * *

Атам ичпесе абдан тартынчаак, момун киши. Мен анысын далай ирет байкадым.Кышында үйлөрдүн арасында жаткан жалбырак менен куураган чөптү кимдир бирөө тырмап чогултуп от жакканда, кошуналар топтошуп от тегеректей өткөн-кеткенден кеп козгоп олтурганды адат кылып алышкан. Атама да оттун дуулдап күйгөнү жага турган.Бир жолу атам кайсы бир жерде алоолоп от күйүп жатканын көрөт да үйгө чымын-куюн болуп энтиге чуркап келип апамдан таттуу батат[14] сурады да бир нечесин көтөрүп от жаккан тарапка ашыкты. Анан эч ким байкабай турганда картөшкөнү отко коюп, ал бышкыча үйгө келе берет. Ал кечке мурдунун учунан “Азырынча быша элек болсо керек” – деп күңкүлдөп улам-улам саатты карап, жаны жай албай жатты. Акыры, “Жетишет, кырк мүнөт өттү, бышкандай эле болду” – деп мени чакырды. Экөөбүз отко жөнөдүк. Оттун күлүн канчалык асманга сапырбайлы дегдеп келген картөшкөбүздү таба албадык. Чокту аңтарып-теңтерсек да баары бир жолубуз болбоду. Атам эки жакка абай салып карап, оозун толтура картөшкө жеп олтурган коңшу жашаган дыйканды көрөт. Ал картөшкөнүн даамдуу экенин билдире таңдайын такылдатып жаланып-жуктанып жеп жатты. Атам аны бир топко дейре телмирип карап турду да “лам” деп ооз ачпастан үйгө кайтып келе берди.

– Бул менин картөшкөм! – деп айта албады.

А, бирок, үйгө кайтып келгенде “Бышылуу тамактын күйүтү жаман” демекчи жаңжал салып:

— Тигил акмак менин картөшкөмдү жалмап салды! – деп, дыйканга ачууланып жер тепкилеп киргени. Чынын айтайын, мен бала болсом да анын “Үйдө баатыр – жоодо жок” жоругу үчүн уялып турдум.

Бир ирет мен башталгыч класста окуп жүргөндө атам ата-энелер үчүн ачык сабакка келди. Апам үчүн менин билим алышым өмүрүнүн эң маанилүү максаты болгондуктан мындай ачык сабактарды жаздым кетирбейт эле. Кара басып, дал ошол күнү апам кайсы бир тааныштардын тажыясына барууга туура келгендиктен, сабакка атам бармай болду.

— Сен кечирип кой! Менин ордума барып келчи! – деп атамдан суранганда ал селейип үн-сөзсүз катып калды.

— Баргым келген жок! Эмнеге мындай жерге барышым керек? – деп жаагын жанып каршы чыкты.

Атам башталгыч классты деле аяктабаса керек деп күмөн санай баштадым. Себеби, мектеп аны кайсы бир деңгээлде жүрөгүнүн үшүн алгандай. Акыры апам атамды көндүрдү. Ал бармай болду. Ошол күнү таң атпай мен үйдөн чыга электе эле атам сакэ куюлган чоң бөтөлкөнү алып, дембе-дем куя баштаган. Ошентип, катуу кызып алып класска кирип келди. Элестетиңиз, босогодо чамбылала сыр болгон “Китано” деген жазуусу бар күрмө кийген, галифесин желим такалуу, кончу материал “таби” чарыгына шымдаган кара жумушчу мас болуп чалыштап турду. Баары бир саамга демдерин ичине катып туруп калышты. Оңтойсуз абал жаралды. Бейсбол оюнунда акыркы жетинчи чечүүчү топту күткөндөй эле боло түшүштү. Атамдан айлана сакэ жыттанып кетти. Мугалим бизден сурап калды:

— Бул суроону ким билсе, колуңарды көтөргүлө!

Ошол маалда арттан атамдын каарданган үнү угулду:

– Кеңкелес, тезинен колуңду көтөр!

“Үйгө жогол, алжыган аракеч” деп ойлонгуча катарлаш отурган кимдир бирөөнүн апасына асылып киргени:

– Эмне, аңкайып карап калдың?

Аял ушунчалык таң калганынан оозун ача да албай калса керек?!

Атам болсо:

— Кийинип алганын көр дегеле, жасанып, көздөрүн кыбыңдатып. Уятсыз десе!

Анын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты.

Мугалим чыдабай кетип аны жайгаруу үчүн жанына басып барды.

– Уксаңыз, сиз кимсиз?

– Мен кимминби? Билип ал, мен Такешинин атасымын!

Атам аны көзүндө огу болсо атып ийчүдөй жаалдана карап турду.

Бирок, мугалим:

— Кичи пейилдикке, кетиңиз! – деп айтары менен оозунан кеби түшүп туруп калды. Анан кинодогудай “Сен мени дагы эстээрсиң, акмак” деген сөзүн айтып класстан чыгып кетти.

“Кирейин десем жер катуу”, өзүмдү ыңгайсыз сезип, батыраак коңгуроо кагылышын чыдамсыздык менен күтүп, жанымды коёрго жай таппай кыйпычыктап олтурдум. Баары ошону менен бүтүп калса кана? Атамдын жортуулу тууралуу чоо-жайды менден чыпчыргасын коротпой уккан соң апам эртеси күнү мектепке кечирим суроо үчүн таттуу токоч кутусун көтөрүп жөнөдү.

Ал кезде биздин класс жетекчибиз институтту жаңы эле аяктап келген Фудзисаки деген жаш мугалим эле. Мен үчүн башы жерге тийгиче жүгүнгөн апамды аядыбы ким билсин, ошондон кийин ал биздикине күн алыс каттай баштады. Ал келгенде апам берерге ашын таппай далбастап, а түгүл эки күндүн биринде башка аялдарга кошулуп анын үйүнө барып кийим-кечесин жууп, үй-жайын жыйыштырып жүрдү. Мугалим мага дурус баа коюшу үчүн ал баарына даяр эле. Ошентип жүрүп Фудзисаки-сенсей биздин үйдөгү кечки тамактан кийин аз-маздан сакэ иче баштады. Апам ачууланбастан, тескерисинче, бажырая күлүп жууркан алып келип ага жаап жүрдү. Мунун бардыгы атама жакпай тургандыгы бештен белгилүү. Бир күнү кечинде мугалим кетери менен атам чак түштөгү чагылгандай чартылдап кирсе болобу?!

– Бул эмне кылганың? Мен үйдө жокто аны жетелеп келип “кыңыр иш” кылып жүрөт окшойсуң, ээ, шерменде!

Таңыркагандан улам апама жаакташайын деген ой капарына да келбеди. Бул ого бетер атамдын чырагына май тамызып, бети чоктой кызаргыча:

— Өзүңө балапан таап алдыңбы? – деп, кыйкыра берди.

Мен ал кезде “кыңыр иш” деген эмне экенин жана жаш ойношту “сары ооз балапан” дешерин түшүнчү эмесмин. Атам эмнеге ачууланып жатканына акылым жетпесе да, сөз Фудзисаки-сенсей тууралуу жүрүп жатканын туйдум.

* * *

Ток этер жери, атамдын мүнөзү момун, тартынчаак, уялчаак десем болчудай. Оюндагысын ачык айта албаганы менен эгер чынжырдан бошончу болсо, анда эле аны ооздуктоо мүмкүн эмес болчу. Менимче, мен төрөлүп чоңойгон Токионун тынч көчөлөрүндө мындай эркектер көп кездешет. Апам, атам жөнүндө бул “жарыктыкты” биринчи көргөндө эле жактырбаганын, алтургай, ал дем алган аба менен дем алгысы келбегенин айтканы менен кантсе да ага төрт бала төрөөгө жолтоо болгон жок. Бул эмне деген “жек көрүү” экенин мен түк түшүнбөдүм. Апам мага карап туруп ар дайым:

— Эртеби-кечпи сенде атаңдын каны айланарын, болгондо да өтө күчтүү экенин түшүнөсүң! Убагында ал өзү тууралуу жар салат! – дечү сөздүн кыябы келгенде.

Чындыгында эле менин эки агам көп ичишпейт. Мүнөздөрү токтоо, алып учуп, алабарман эмес. А мен болсо чегем, башкаларга караганда көп ичем, анан жаңжалдашам… Мен атамдын терс жактарынын баарын алсам керек.

Атамдын өзгөчө кызыкканы эле ичимдик. Жумуштан кийин ал ичкиликке ашыгат. Анын сапары эч өзгөрбөй турган. Алгач, ал биринчи стаканын кылт эттирүү үчүн “Синония” сыраканасына жөнөйт. Муздак сакэни жутуп ийиш үчүн туздалган бадыраңы бар “морокю” мисосун[15] жана куурулган ставрида алат. Ал дайыма ушуларды гана ичет. Ичи ысый баштаганда “кинрю кайкан”, башкача айтканда, “Алтын ажыдаар” үйү деп аталган “патинко” оюн автоматтар залына баш багат. Кээде утуп алган шарчаларынын ордуна тамеки же сагыз алса, көбүнесе жөн эле кете берет. Андан соң дагы бастыруу үчүн Сино эженин мекемесине кирет, үйгө толук кызыганда гана кайтат. “Жаныбарлардын чыйыры” сымал күнүгө бир гана багытта сапар тарта турган.

Ошондуктан кээде атамды издеш керек болсо эч кыйынчылык жок “жаныбарлар чыйырынын” аягынан барсаң жаңылбайсың. Прораб акча берген күнү апам мени “Атаңды изде”– деп жөнөтөт. Алгач Сино эжеге, андан “Алтын ажыдаар” үйүнө, андан чыгып “Синонияга” барам. Ушулардын ичинен атамды сөзсүз табам.

Кээде атамды кайсы бир арыкта жаткан жеринен алып келем. Арыктар азыркыдай кууш эмес, кээ бир жерлеринде туурасы эки метрге жетип, айрым жерлерин жыгач капкак менен жаап коюшчу. Атам бутуна тура албай келе жатып көбүнчө арыкка түшүп кеткен жеринен аны канча ирет сактап калбадым дейсиң?! Кир, чамбылала болуп, андайда колу-буту да шилтөөгө келбей солдоюп алжыган чалга окшоп калаар эле.

Атам жөнүндө көптөгөн окуяларды айта берсең болот. Ал эч нерсеге кызыкпай турган. Бир учурда анын кесиптеш достору эмнегедир балык уулоого кызыгып калышты. Атам да аларды туурап балыкчы болууну чечти. Анын мүнөзү башкадан үйрөнүүгө жол бербегендиктен бардык курал-жарагын өз колу менен жасамай болду. Жөн турбай, “таруусун таштай актап, катынын кыздай мактагандай” меники алардыкынан да мыкты болот деп айта берди. Ошентип акыры күткөн күн да келип, атам кузгун заарынан туруп балык уулаганы жөнөдү. Ушул жерине чейин бардыгы ойдогудай жүрүп жаткан. Тилекке каршы, кечинде ал куру кол, чолоо жери калбай сыгыпалма суу болуп келди. Ошол күнү балык кармаганга ылайык, асман чайыттай ачык эле. Биз андан дайынын билели деп сурасак эч нерсе айтпай койду. Кийин кесиптеш досторунан билгендей балык качан кайырмакка илинет деп күтө берип, тажагандан иче берип, бутуна тура алгыстай мас болуп калат да дарыяда сүзүп жүргөн жыгачка турам деп жатып тайгаланып сууга кулап түшүптүр. Ошондо, биз, “жолоочуну ээрчип ит өлөт” болгон атабыздын жоругуна боорубуз эзилгиче каткырганбыз.

Алгачкы жолу үйгө ванна койдурганыбыз да ызы-чуу менен аяктады. Кипарис багынан ванна, бойлер жана түтүк сатып келип, беш чарчы метрден ашпаган кичинекей бөлмөгө орнотушту. Атам сүйүнүп:

– Жеке ваннаңдын болушу кандай гана керемет, мончого баргың да келбейт. Ал жактын кирдигин айт, жүрөгүң айланат – деп биринчилерден болуп жуунганы жөнөдү.

Ал мончону жакшы көрөрүн, ал жакка күн алыс барып турарын унутуп койгондой. Ал ваннага олтурганда суу анчалык ысык эмес экен. Ошондуктан ал мени чакырып, “көбүрөөк отун сал” – деп кыйкырды. Мен буга чейин ал эмне экенин, “көбүрөөк” канча экенин билбесем кантейин? Мешке отунду сала бердим, сала бердим. Байкасам, атамдын дайыны чыкпайт. Акырын карасам, ал ваннада моюнуна чейин сууда олтурат. Өңү кыпкызыл. Көздөрү жумулуу. Бөлмө түтүн. Мен агамды жардамга чакырдым. Экөөлөп атамды кайнак суудан алып чыгып бөлмөгө алпарып, полго жаткырдык. Ал шалдырап кыймылдабайт. Баары дүрбөп калышты:

– Атам өлдү!

– Муз сатып келгиле!

– Каяктагы муз? Доктур чакыргыла! Такеши, доктурга чурка!

Баары ары-бери чапкылап, дүрбөлөң болушуп, кым-куут түшүп жатышканда кудай жалгап атам:

– Эмне болду? – деп өзүнө келе түштү.

Андан кийин бир нече сааттар бою турбай жатты. Ал дагы бир саат ваннада олтурса, чындап өлүп деле калмак экен.

Ванна тууралуу дагы бир окуя. Ошондон көп өтпөй, мен суу жылытуу үчүн бойлерге жөнөдүм. Бойлер жанында менин көздүн карегиндей сактаган бейсбол таягым жөлөнүп турган. Атам бойлерге отун ыргытып жаткан. Мен андан:

– Ата, бул эмне? – деп сурап калдым.

– Бул эмне дегениң кандай? Отун экенин көрбөй турасыңбы?

Башыма кан тээп чыкты.

– Бул отун эмес! Менин битам!

Аны муштап жибере жаздадым…

“Мен аны кайдан билейин”? – деп коет.

Ал үчүн акча топтоп, акыры сатып алган бита экендиги капарына да келген жок. Анын сыры күбүлүп, кара болуп калганынан отун экен деп ойлосо керек!? А, мен “ургандан да тап берген жаман” экенин билсем да, атамды муштап жибергим келди.

Үйдөгүлөрдүн баары тең атамдын айынан ар түркүн окуяларга тушугушту. Эжемдин сүйүктүү балапанынан түшкү тамак жасап салганы да өзүнчө бир икая.

Аны эжем сатып алганбы же кимдир бирөө белекке бергенби айтор, эжем аны “Пии-тян” деп атап, дегеле бапестеп багып жүрдү. Балапан чоңоюп тоок болду. Бир күнү эжем мектептен келип, аны таппай калат. Аны издегенче казанда боркулдап кайнап жаткан “набэнин[16]” даамдуу жыты келет. Ал ашканага келип, казан башында турган атамды көрүп таң калат да:

– Менин “Пии-тянымды” көргөн жоксуңбу? – деп сураганда,

– Мен аны казанга салып койдум! – деген жоопту угат.

Ошондо эжем кайнар булактан оргуштап суу атылгандай буркурап ыйлап кирет. Мен “Атам да кызык, ойдо жок ишти кылып” – деп ойлоп койдум. Бирок, ачкачылык өзөктү куушуруп, анан калса тооктун даамдуу жыты шилекейди агызат десең! Мен атамдын жанына отурдум. Анан бышактаган эжем да үстөлгө олтурганда таң калдым.

— Байкуш Пии-тян! Сени эмне кылышты? – деп сүйлөнүп, эжем дароо эле табагындагы тоок этин терип кирди. “Тамактан аяган мончок курусун” дедиби, акыры дагы кошумча тамак сурап жеди.

Эгер ошол окуя бүгүн болгонунда мен эжемди:

– Кантип жеп жатасың? Бул сенин Пии-тяның эмеспи? – деп жарга такамакмын.

Бирок, ал кез каатчылык мезгили болгондуктан, сезимге орун кайда?! Тамакка келгенде, баардык “Пии-тян” унутта кала турган. Мезгил ошондой эле.

Чындыгында бардыгынан чоң запкыны улуу агам тартты. Ал куда түшүп, кызга сөйкө салуу аземинде атам аракка тоюп алат. Андан кийинкиси адам чыдагыс. Жеңем Тотигиден болуп, атасынын кийим тазалоочу жайы бар, абдан таасирдүү киши экен. Аны профсоюздун башкармалыгына да шайлашыптыр.

Алгач атам өзүнө көндүм болбогон кимоно кийип какыйып, анда-санда салтка жараша:

— Ушундай созулган кызыңарды биздин кемпайга берип жатканыңыздарга ырахмат! – деп каада күтүп олтурган. Анан мас болгон сайын жүрүш-турушу шойкомдуу боло баштады. Ал кезектеги стаканды оозуна жакындаткан сайын мен анын айнектей катып калган көздөрүнөн бир мандем болорун сезип турдум, бир маалда оюн башталды. Эми аны токтотууга эч мүмкүн эмес эле.

– Бул эмне болгон кыз? Мунун кебетеси кантет? Эч ким албагандан кийин менин үйүмө тыгып жиберели деп жатасыңарбы? Бети жоктор!

Баары эстери ооп, эмне деп жооп кайтарууну билбей дендароо боло түшүштү. Атам келиндин атасына тийише баштады:

– А сен кимсиң? Отурасың манчыркап! Сен болгону башкалардын кийимдерин тазалайсың да!? Эмне кекирейесиң?

Куда токтоо киши болгону менен акыры чыдабай чарт жарылды:

– Сенин мазактаганыңа чыдап отура берет деп турасынбы? Мен болгону кийим тазалагыч болсом, ал эми сен болгону үй актагычсың?! Эмне кыл дейсиң?

Мындай кайым айтышуудан кийин акыбал көзөмөлдөн чыгып кетти. Апам долуланып ыйлап кирди. Бир гана чоң апам арачага түшүп, эки тарапты элдештирүүгө болгон күч-аракетин жумшады. Тигилер болсо огобетер теңирден тескери кетишти. Мунун бардыгы театрда ойнолуп жаткан кандуу согуш талаасын эске салып турду.Негизи мындай окуядан кийин кызга сөйкө салышпайт болчу. Таң калычтуусу, андай болгон жок. “Байкем кимди алса, жеңем ошол” – демекчи, байкем акыры бул кызга үйлөндү. Албетте, жашап-жашабашты жаштар өзүлөрү чечишти деңизчи. Канткени менен куда абдан кең пейил киши экен. Башка ата болгонунда кайнатасы аракеч жана беймаза кишиге кызын кармата бермек эмес.

Үйлөнүү үлпөтү биздин үйдө өттү. Атам дагы мас болду. Башында бардыгы ойдогудай болуп жаткан. Коңшуларды чакырдык. Бөлмөлөрдү бөлүп турган “фусума[17]” жапкактарды алып таштап, тойду баштадык. Майрам аяктайын деп калганында атам:

— Бүгүн менин кубанычым койнума батпай турат! – деп кыйкырып, дырдай жылаңачтанып бийлеп киргени! Жан жери ары-бери булактайт. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Жеңем жаш келиндин кимоносунда, башына «цунокакуси»[18] ак шөкүлөсүн кийип, солуктап ыйлап олтурду…

Дагы бир окуяда атам менин экинчи агамдан запкы чегип калат. Агам машина айдап баратып атамды коюп кетет да, токтобостон кетип калат. Ал кезде агам институтта окуп, жаңы эле айдоочулук күбөлүгүн алып машина айдаганды дегдеп жүргөн кербези. Ал досунун машинасын сурап алып айдап жүргөн, бирок, көп өтпөй үйгө коркконунан өңү жуулган чүпүрөктөй болуп кирип келип:

– Мен бир адамды коюп кеттим! – деп, кайталай берди. Бакырып ыйлап жибергени аз калып, өң-алеттен кетип турду. Апам бир саамга кабатыр боло ойлоно түшүп, мага карап:

– Такеши, полициядан келгенде сен унчукпай тур, макулбу?! – деди да, агама:

– А сен жатып укта! Машинаны тээтигил жакка кой! Эгер эч кимге эч нерсе деп айтпасаң, жан адам билбейт! – деди.

Апам төшөк сала баштады. Дал ошол маалда атам кирип келди. Мурду канжалап, кийиминен тамтык жок. Велосипединин алдыңкы дөңгөлөгү майрыйып капталга кыйшайып калган. Атам: ”Үйдүн жанынан бир акмак мени коюп туруп кетип калды” – деп ачууланып алган. Ошондо барып байкем велосипедде бараткан атамды коюп кеткенин баарыбыз түшүндүк. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы сар-санаа болуп турганда атамдын мындай абалда кирип келиши адатынча акылдан айныгандай көрүндү. Ар ким күлкүсүн тыя албай, каткырыктан жарылганы калышты. Кыраан-каткынын ортосунда эмне болгонун түшүнүп-түшүнбөй атам мурдун канжалатып, оозун ачып турду.

* * *

Ичкиликке берилгенден тышкары, атамдын дагы бир терс сапаты акчасы болбосо да жаңы буюмдарды сатып алганды жакшы көрчү. Ал “жардынын чөнтөгүнө акча кирсе, турна болуп кыйкырат” болуп, азгырмалуу сунуш угуп калса ал үчүн башмалдак атып, кайда болсо да чуркап жөнөөгө даяр турган. Бирөө жарым бал тилге салып алдап койсо эле болду, кереги жок чопкуттарды сатып алып, анан апамдан тил угуп жатып калчу. Атамдан мага таманы тери сандал бут кийим эстеликке калды. Ошол бут кийим анын ийгиликтүү “соодалашуусу” болду. Атам аны сатып келген күн эсимде. Жайдын аптаптуу күнү ал кубанычы коюнуна батпай кудуңдап кирип келди:

– Мен кандай гана мыкты бут кийим сатып алдым дейсиңер?!

Ошол маалда атамдын бут жагынан коңгуроо шыңгырын эшиттим. Карасам чын эле, сандалдын такасынын үстүндө кичинекей коңгуроолор тагылыптыр.

Атам шадыраңдап:

— Сандал кандай экен? Тумшугу крокодилдин териси, үстү мыкты материал, ал эми коңгуроосу алтындан жасалган! – деди.

Апам аны көргөндө өңү бозоруп чыкты да, анан ага көргүлүктү көрсөттү бейм!?

— Сендей акмак болорбу? Ким эле согончогуна алтын коңгуроо тагынып жүрсүн? Эми муну канчага алдың?

Атам ошондо мындай буюм үчүн он эсе көптүк кылган сумманы айтты. Балким, ал коңгуроолор алтын экенине чындап ишенип алгандыр!? Апам ага барып кайтарып бер дегенине карабай:

– Жетишет сеники, аңкылдаган долу! – деп анын кебин кулагынын сыртынан кетирип, өзүнүкүн бербей туруп алды. Эмнегедир бул сандал атамдан мага эстеликке калган жападан жалгыз буюм болду.

Атам сатып алган буюм жакындан караганда эптегей болсо да, томуктай нерсени тоодой кылып, бапестеп колдоно берчү. Ошолордун арасынан мөөрү бар шакек эсимде. Сыртынан караганда жылтырак, алтындан жасалгандай. Борборунда өздүк мөөрү бар. Назар салып карасаң абдан арзан, одоно, эч нерсеге жарабаган жасалма экени көрүнүп турат. Бул шакекти сатып алгандан кийин атам почточуну чыдамсыздык менен күтүп жүрдү. Почтадан буйрутма кат келгенде ал кире беришке чуркап барып:

– Менин мөөрүм жок. Ошондуктан муну менен мөөр коем! – деп, каадаланып шакегин алып чыга турган. Эгер апам өзүнүн чыныгы мөөрүн алып чыгайын десе ал чындап ачууланып:

— Эгер сага мөөр керек болсо, ар дайым мени чакыр! – деп кыйкырып кирет.

“Синонияга” ичиш үчүн баратканда да, сөзсүз шакегин тагынып алат. Оң колуна сакэсин кармап, жанындагы адам шакегимди байкасын дегендей сол колун жасалма кайрып олтурат. Атама, ал жердин ар качанкы кардары:

– Эй, Кику! Сенин шакегиң мыкты экен. Кымбат болсо керек, ээ? – деп кайрылганда:

– Ооба, кайдан билдиң? – дегенди жактыра турган.

Бир сапар ал “Синониянын” кожоюнун квитанция бер, мен мөөр коеюн дегени менен оозун аңырдай ачырат. Атам өмүрүндө квитанция кармап көрбөгөн, анын кандай болору туурасында түшүнүгү болсо не? Кожоюн болсо саамга үн катпай турат да:

– Негизи квитанцияны мен берем. Бирок, ага мен өзүмдүн мөөрүмдү коём! – дейт. Аны уккан атам желкесин кашып кирет. Бул көрүнүш «мандзай»[19] начар комедиялык сахнасын элестетет.

Биздин үйгө телефон коюлганда, анда да күлкү аралаш бир окуя болот. Биз бардар турмушта жашабасак да эмнегедир кошуналарга караганда телевизорду да, телефонду да алардан мурда сатып алдык. Ошентип, телефон коюлду. Атам анын жанында бир нече саат бою күтүп олтурду. Анын жамбашы да уюп кетти окшойт. Бир маалда “Эмнеге эч ким чалбайт?” – деп, ачууланып кирди. Ал бирөө жарымга телефон номурун бербесе ким чалмак эле!? Бирок, атам чындап жиндене баштады. Айла жок, агам велосипед менен автобекетке барып, ал жактан үйгө телефон чалмак болду. Телефон шыңгыраганда апам:

– Тезинен телефонго баргын! – деди. Атам болсо кайра ачууланып:

– Эмне, мени мазактап жатасыңбы? Эмнеге мен телефондун туткасын алышым керек? – деди. Ал эмне кыларын билбей шашып калды окшойт. Акыры телефонду алып:

– Хеллоу[20]! – деп кыйкырса болобу. Ошондо телефондун тигил учунда турган агамдын оозу ачылып эле калса керек!?

– Бул мен, атакең! А бул ким? – деди атам эмнегедир дөөдүрөп. Агамдан башка ким болмок эле? Анан бир аздан кийин:

– Жакшы угулуп жатат! – деди да тутканы коюп салды. Андан кийин атам өзү кимдир бирөөгө телефон чалгысы келди. Бирок, ал кезде анын достору телефон койдура элек кез. Акыр аягында прорабга телефон чалууну чечти. Чалганы менен сүйлөшө турган сөзү жок.

– Мен, жөн эле чалгам! Кандай жатасыңар? – деген арзыбаган кептерди айтты да тутканы коюп койду. Көп узабай дагы телефон чалды. Үчүнчү жолкусунда прораб:

– Олуттуу ишиң болбосо жөндөн жөн башымды оорутпа! – деп, ачууланып кагып салды. Ошондон кийин атам беймаани чалганын токтотту. Азыркы жаштар атамдын ошол абалын көрүшсө, аны “накта караңгы чал” дешмек.

Баласы атасы туурасында ушинтип айтып жатышы одоно угулар!? Бирок, чындыгында ошондой эле. Эмнегедир ишке келгенде атам абдан токтоо боло түшчү. Мен анын жалкоолонуп ишине барбай койгон күнүн көргөн эмесмин. Кокус, дем алыш күнү да иш чыгып кала турган болсо, ал болжошкон саатка үлгүрүп калуу үчүн үйдөн эрте чыгып, ашыга жөнөчү. Экинчи агам Масару экөөбүз ага көп жолу жардамдаштык. Орто мектепте окуп жүргөндө дем алыш күндөрү каалагандай уктап, эс алып каалашымча бейсбол ойногум келгени менен байкем таң заардан жылуу төшөнчүмдөн :

– Такеши, тур! Атам менен барып иштешибиз керек! – деп тепкилеп ойготуп кирет.

Атам орто бойлуу, чымыр денелүү, абдан чапчаң киши эле. Курулуш аянтында ал чеберчилик менен төртүнчү кабаттагы бийиктиктен эч кандай коопсуздук шатысы жок эле дубал жана терезелерди өрт өчүрүүчүлөр тургузган устунга чыгып алып жанына сырды коюп, ”жанын оозуна тиштеп” ийилип алып сырдап киргенде, атам мага аскага чыккан альпинисттердей эле көрүнчү. Көбүнесе жакын арада жайгашкан заводду сырдаганда, анын бетон чатырында камгактай жепжеңил болуп чуркап жүрчү. Бир күнү атам жоголуп кетти. Көрсө, чатыр оюлуп кетип, андан ылдый кулап түшүптүр. Бир оокумда башына сыр чакасы кийилген боюнча чыкканын элестетип көрүңүздөрчү. Ушундай да күндөр өткөн экен, тобоо! Азыр ойлоп алып таң калам. Атам ушунча болуп бир да жаракат албаптыр. Боёкчу менен жарат экөө эриш-аркак бири бири менен тыгыз байланышта. Атамдын тубаса жапайы туюмга ээ болушу кырсыктан сактады көрүнөт! Ошондон улам аны эч кандай кырсык-балекеттер тоорубаган чыгар. Атамдан мага өткөн, бирден бир ыраазы боло турган жалгыз нерсе – ички туюмдун күчтүүлүгү гана болду окшойт. Атам жаш кезинде жеңил атлетиканын бардык түрү менен машыккам деп көп мактанар эле. Ким билет, мунусу балким, апыртма болсо керек. Атамдын сүйүктүү сөзү:

– Мен катардагы жөнөкөй сырдоочу эмесмин. Менин кесибим падышанын устасындай. Жыгачты агаргыча жонуу! – деп көп кайталай турган.

Алгач ал жыгачты сырдап үстүнөн атайын чүпүрөк менен жылтыратып чыгат. Атам кафе жана башка жайлардын дубалдарын өзгөчө жалтыратарын көргөн-билгендер айтып калышчу.

Мен атама синтоисттик чиркөөлөрдүн үстүн шакар менен жууганга көп эле жардамдаштым. Биринчиден, ак жыгачтан жасалган шыптагы чаң менен көөнү кетирүү үчүн каустикалык соданы сүртүп, андан кийин шакарын кетириш керек. Жыгач ак болгондо аны кургатып, үстүнөн олиф менен сырдайбыз. Сөз менен айтсаң оңой көрүнгөнү менен шыпка каустик содасын сүрткөндө ал башыңа түшүп денеңе тамчылайт. Бул абдан көкөйгө көк таштай тийген иш болсо да, биз үй-бүлөбүз менен атама жардамга барууга аргасыз элек.

Атам колун каустикке салып, анан манжаларын жалаганда таң калганым эсимде. Жалаган оң башын чайкап:

– Азырынча аралашма начар экен! – деп күбүрөндү. Менимче, бул өтө коркунучтуу болсо керек!? Арийне, атам кебелбей туруп:

– Бул иште ооз тиймейинче түшүнбөйсүң! Эгер лакты жалай берсең кийин көнүп деле кетесиң! – деди. Негизи эле лак менен иштеген чеберлерди алгачкы күндөн баштап аз-маз лак жалаганга мажбурлашкан. Эгерде денеңди акырындап көндүрбөсөң, анда кийин химикаттарга аллергия болуп, иштегенге мүмкүн болбой калат экен. Ошону уккандан кийин усталарды аябай сыйлап калдым.

Бир жолу атам 31-декабрга чейин иштеп калды. Жаңы жылдын алдында аны заводдун бир жерин сырдап бер деп өтүнүшөт. Ошондо биз бүт үй-бүлөбүз менен бардык. Жумушту бүтүргөнчө кеч кирип саат он бир болуп калган. Үйгө келгенде апам Жаңы жылда даярдалуучу шыпыргы данынан жасалган кесме “тосикоси соба” бышыра баштады.

– Мына, ошентип бул жыл да кетти! – деди апам биз кесме жеп жатканда. Анан чебелектене кошумчалап кирди:

– Атасы, кандай дейсиң? Азыр карызыбызды доолап келишпейби?

– Сен эмне, “башыңа таш тийип” айнып калдыңбы? Ким эле 31-декабрда, түнкү он бирде карызын сурап келсин? – деп каткырды.

Бирок, Жаңы жылга он беш мүнөт калганда сырткы эшик ачылып:

– Китано-сан! – деген доочунун үнү жаңырды. Баарыбыз демибизди ичибизге катып отуруп калдык. Айла жок, ортончу байкем велосипед менен прорабга барып кечирим сурап жатып алдыдагы иштин эсебинен карыз сурап келди. Ошондо гана Жаңы Жылды тостук. Азыр ошол окуяны эстей калсам жүрөгүм кысылып чыгат. Ошол кезде доочу келгенден өткөн кайгы жок эле. Ал эми биз үчүн бул адаттагы көрүнүшкө айланган. Биз үстөлгө олтуруп эч нерсе болбогондой кесме жеп кирдик.

* * *

Анан ушул атакебиз бир күнү эле ишке барбай калбаспы?! Чынында ал алтымыштан ашып, мен эскергенден бир топ жылдан кийин болду. Ошол күндөн баштап ал таптакыр иштеген жок. Андан мурдараак атам иштен келгенде кыйнала дем алып ийинин күйшөп калды. Жүрөгү катуу ооруса керек.

— Бүттү! Мен көпкө узабайм! – деди да, бир күнү эле иштебей калды.

Ошондон баштап атам ооруканага жатат же чыгып келет. Өзүн начар сезе баштаганда коркконунан ооруканага жөнөйт. Эки-үч күндөн кийин үйгө келгенде кайра эле ичип-чегип, соо киши жасабаган жорукка барат. Анан өзүн жаман сезе баштаганда кайра ооруканага жөнөйт. Атам бирде алы кетип шалдырап жатып калса, бирде куландан соо болуп чыга келчү.

Менин улуу агам эр жеткен кезде атама катуу кыйкырып салгандан кийин ал жаңжал чыгарбай калган. Ошондон кийин атам аны акмак деп урушса да, анысы жыландын ышкырганындай эле сезилип, байкем үйдө жок болсо да “баарыңар айбансыңар” деп шыбыраганында боорум ооруп кетер эле.

Анан атам таптакыр төшөккө жатып калганда, анын мүнөзүнүн борпоңдугу даана көрүнө баштады. Ал абдан жашык болуп кетти. Мурдагы кылык-жоруктары үчүн апамдан кечирим сурап ыйлай берчү болду. Башы жакшы иштебей, жашык чалга айланды да калды.

Ошондон кийин “эки кырчаңгы токойдон табышкандай”, апам менен атамдын мамилеси “мандзай” куудулдар дуетин эске салчу болду: бири амалкөй – акылдуу; экинчиси аңкоо – акмак.

Апам ал жөнүндө камырабай:

– Атаңар алжыды! Көп иче бергенден улам мээси иштебей калды. Карагыла оң колу да калчылдап турат. Балким, мышыкты алаксытып ойнотсун деп жип карматып койсок кантет?

Ал эми сөзүнүн аягында:

– Бирок, мышыкты коё берсек, бул байкушту кан таламайга алат го? Андан көрө бүгүн күн куйкалап турат, бул жатып ичерге кол желпигичти карматалы. Желдеткичтин да кереги жок болот! – деп чымчып өтөт.

– Келесоо! Дагы эмнени ойлоп таптың? – деп ачууланып кыйкырат атам. Бирок, анда баштагыдай дарман кайда?!

“Апа! Атам жөнүндө болбогон сандырак сөздөрдү айтпа!” – деп каяша сөз кайрыгым келет. Балким, апамдын анысы атамдын мас болгондо кызыл камчыга айланып сабаганын эстеп, жаштыгында көргөн кордуктарынын эсесин чыгаргандагысыдыр!? Атам акыр аягында төшөктөн турбай, оокаттан колун тартып калды. Бул биз үчүн оор сыноолордон болду.

Ал төрт кишилик палатада жатты. Анын жанында мээсинде дарты бар жана рактын төртүнчү стадиясындагылар да бар эле. Бир жолу мээси ооруган чал түнү бою боздоп чыкты. Атам бул озондоп улуган үндөн муун-жүүнү бошоп, ыйлай баштады. Кийин рак менен ооруган чал кайтыш болгондо бала-бакырасы келип “чоң атабыз өлдү” – деп өкүрүп киришкенде, мээси ооруган чал “өлдү-өлгөн жок” – деп күбүрөнө берди. “Карыганда жан таттуу” деп бекер айтылбаса керек, анын сыңары атам иче турган суусу аз калганын аңдай бышактап ыйлап кирди… Кыскасы, тирүүнүн тозогу!

Атам жаратылышынан өтө тартынчаак болгондуктан апамдан башка аялды деле билбесе керек!? Алар өмүр бою ит-мышыкча тытышып келди. Бирок, алар аялдар үчүн алым-сабак айтышканын эч качан укпаптырмын. Бир жолу ал кесиптеш достору менен арзан жолдомо алып “Атамиге” курортко барып келди. Кийин камерага тартылган кечки тамакты ичкен жерин көргөнүбүздө, ал жерде официант кыздар бар эле. Балким, бул аялдар менен болгон биринчи жана акыркы көңүл ачуусу болду окшойт. Гезит беттеринде атамдын чет жакада дагы бир баласы болгондугу туурасында ызы-чуулар жаралганда, мен абдан басынып жүрдүм. Мага түстүү чыккан гезиттин корреспонденти келип:

– Кикудзиро-сан башка аялдан баласы бар экендигин жашырып жүргөн турбайбы? – деп сураганда, мен ойлонбостон:

– Силер эмне, шылдыңдап жатасыңарбы? Атам мындай нерселерди жаап-жашырмак эмес? – деп кыйкырып жибердим. Кийин иликтешип, бул жаңылыштык экенине ишеништи. Менимче, атамды билгендер бир ооздон, ал, ала жипти аттабагандыгын тастыкташса керек!? Баланын чоңоюп эр жеткени анын ата-энесине жараша болот го дейм!? Жеке баамымда, ата-энесине карап туруп аларга боор тартат же алар кыйналганын көрүп туруп түшүнүп, турмушка алгачкы кадамын таштайт. Эгерде балалыктан эчак өтсө деле “атамды эч качан кечирбейм” десе, демек, ал дагеле өспүрүм. Мен өзүмдү ала турган болсом, жалган айтып жанымды жеген болбоюн. Атамды кечирдим деп ойлоно баштаганда мен канча жашта элем?

Бала чакта “эмнеге менин атам ушундай акмак” – деп сарсанаага батып, ошого арданып, ”Эх, атам өзгөчө болсо гана – керек учурда мушташып, ара-чородо кем-карчым үчүн акча берип, иш үчүн керек болсо урушуп да койсо кандай гана сонун болор эле?!” – деп кыялданчумун. Менин атама карата эч кандай ыраазычылык сезимим болгон жок. Үйдөн кетип, өз алдымча акча таба баштаганда деле атама карата мамилем эч өзгөрбөдү. Балким, мен өмүрүмдү баладай жашап, бүгүнкү күндөрдө деле чоңойгон эмес чыгармын!?

Эмнегедир акыркы кездерде атам мени көрөр замат каткырып күлгөнүн көп эстечү болдум. Ал мага эмне деп айтканы түк эсимде жок. Ошондой болсо да жылмайган жүзү көз алдыма улам тартыла берет. Мынакей, мен ага көмөктөшүп жатам. Менин сырдап жатканымды көрүп ал күлүп турат. Атамды издеп “Синония” сыраканасына келгенимде менин ички сезимиме анын жайдары жүзү тартылат. Эмнегедир мен анын жылмаюсун көп эстей берем. Балким, эми элүүдөн эңкейгенимде акыры атамды кечирермин!?

Арийне, атам тууралуу аңгемелеримди, сахнадагы күлкүлүү аскияларымды айтпай кетпесем болбос:

– Жинди, сен эмне билбейсиңби? Эгер эркек солго кетип, жолдон чыкса аны жети периште күтүп турат.

– Ой, жок! Жети душман десең! Эгер жети периште күтсө, “Диснейленд” болуп калбайбы?

Атам менен апамдын бул аңгеме-дүкөнүн да түздөн-түз сахнага алып чыктым. Атам сыраканадан уккан макал-лакаптар менен учкул сөздөрдү үйгө келип, чаташтырып туура эмес айтканында, баары күлкүлүү болуп калар эле.

— Адамдар чыдамкай болушу керек. Айтышат го: “ташта үч адам чыдап олтурушту… “

– Ой, жок, ай! “Чыдамкайлыгынан ташта үч жыл чыдап олтурду” – деш керек! А, сеники: “акыл таштан, асыл баштан” болуп калды! – деп апам каршы чыгат. “Ит жадаса үрөт, киши жадаса күлөт” дегендей, апамдын жүзүнөн “атаңар алжып калды” деген жазууну окууга болор эле. Бул аңгемелешүүнү да “мандзай” аския сахнасына түз жөнөтсөк болмок!?

Дагы бир окуя. Мен башталгыч класста окуп жүргөнүмдө, бир күнү коңшулардыкына ууру кирет. “Тоноп жатышат!” – деген жүрөк үшүн алган ачуу добушту эшитер менен коңшулар көчөгө чуркап чыгышканда ууру жан соогалап качып жөнөйт.

– Карма! Акмакты кармагыла! – деп ач айкырыкты салган жыгач уста менен дүкөн ээси ууруну кармаганы калышты. Атам да колуна балкасын алып:

– Кырам! Жоём! Көтөрүп чаап, көрпөсүн сыйрыйм! – деп ачкүсөндөй кыйкырып, куугунчуларга кошулду.

Ууруну туюк көчөгө чейин кубалап баргычакты жакшы эле болгонсуп жаткан. Качан гана тигил ууру артка кайрылып, колуна таякты алып чабуулга өткөндө, анын каардуу түрүнөн сүрдөгөн куугунчулар туш-тарапка чачырап жөнөшкөнү. Бардыгы тең бизге, алыстан көз салып тургандарга карай бет алышты. Биринчи катарда атам буту-бутуна тийбей чуркап келе жатты. Ошентип ууру оңой-олтоң кутулуп кетти. Тээ башта азуусун айга жанып бараткан атамдын өң-алеттен кетип дароо артка кайтышы абдан күлкүлүү көрүнүп, мен каткыра баштадым. Бул комедия фильмдеринин үзүндүсүн элестетип, күнү бүгүнкүдөй көз алдымда тартылып турат.

“Бала ишке жөнөп жаткан атасынын далысына карап үйрөнөт” – деп айтышат. Ал эми менин атам бир кемпай сыңары эсимде калды.

Атам о дүйнөгө аттанганына жыйырма жылга аяк басса да, ал кандай үй-бүлөдө чоңойгонун билбейм? Агаларымдан канчалык сурабайын алар деле жарытылуу эч нерсе айта алышкан жок. Ал өз аты-жөнүн эптеп жазганына караганда башталгыч классты аяктаганына деле күмөн санап кетем. А, апамдын айтуусуна караганда атам таштанды бала. Бирок, мунун да чын-төгүнү белгисиз. Мен анын тууган-туушкандары менен кездеше алган жокмун. Кийин теледе иштеп баштаганда анын жакын туугандары мени менен таанышууга келеби деп күтүп жүрдүм. Тилекке каршы, эч кимиси келген жок. Бүгүнкү күндөргө чейин атамдын урук-туугандары тууралуу эч кандай маалыматым жок.

Бала чакта кездешкен “желмогуз” өзүнүн нукура жүзүн көрсөтпөстөн кете берди…

САКИ КИТАНО АЙЫМДЫН ӨЛҮМҮ

“Теле алып баруучу жана кинорежиссёр Бит Такешинин (чыныгы аты-жөнү Такеши Китано) апасы Саки Китано айым 1999-жылдын 22-август күнү Нагано префектурасынын Каруидзава шаарында 95 жаш курагында о дүйнө салды. Маркумдун тажиясынын башында – тун улуу Сигэкадзу турат. Ортончу уулу Масару Китано Сюкутоку университетинин профессору. Телекомментатор катары белгилүү Такеши мырза үй-бүлөдө кичүү уул.”

Бул менин ачуумду келтирди.

Биз түнү бою маркумдун башында олтурдук. Эртең менен пресс-конференция өттү. Мен эчкирип ыйлап жибердим. Кийин бул кадрларды “Жаңылыктардан” улам кайталап көрсөтө беришти. Бул чындыгында эле көңүл айныткан көрүнүштөрдөн болду.

Бул окуядан мен жаңы тамаша чыгарайын деп жаткам. Мисалы, “Ар качан апаңдын абалы оор”- деген сайын мен ооруканага зуу койчумун, ал болсо куландан соо чыга келчү, акыры бул карыган мастан өлдү”. Апам кайтыш болгондо мен анын жүзүн сылап: “Мисирдин акыркы Рамзес II фараонуна окшошуп калды, эсиңердеби, мумияны Лондон Улуттук галереясынын көрсөтмөсүндө алып келишпеди беле?!” – дегеним тажияга келишкен досторума абдан жагып калды. Эгер маркум үзүлүп баратканда жанында болсом, баары ооздон түшүрбөй айтып жүргөндөй аския ойлоп тапмакмын. Биз жаназа бюросу менен кечке сүйлөшүп, тажияга даярдык көрүп жатып башым чыңалып ооруп чыкты. Денем чарчаганынан талыкшып, жоготуу азасы даана байкала берди. Жаназа окулгандан кийин жакын туугандар гана калганында Масарунун муун-жүүнү бошоп, шолоктоп ыйлап токтоно албай койду. Андан кийин дароо пресс-конференция башталды. Ошондуктан “Ооба, бул мыкты артист, чыныгы куудул” деп айтышы үчүн жаңы тамашаны чыгаруу ниетим желдей тарап кетти. Маектешүүнүн жүрүшүндө артисттердин жашоосу тууралуу программанын комментаторлору мени ыйлата албай араң турушту. Бир репортёр аял өзүнүн жасалма капалуу жүзү менен мага суроолорду жаадырып жатканы эсимде… Мен жан-жагымды карап, чын ыкластан ыйлап жаткан бир репортёр кызды көрө калдым. “Буга эмне жок” – деп ойлогучакты тамагым буула түштү.

Башталды… Анан көрүп ал, жашым мончоктой төгүлүп, бир эс алсамчы?! Бул репортёр аялдар мени “союшту”. Өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Өзүмдү көрсөтүп, апамдын өлүмү туурасында жаңы тамаша ойлоп табам деген тилегимди таш каап, нокаутка түшкөн боксчудай болдум.

Сөөктү койгондон кийин дагы бир пресс-конференция өткөрүү туурасында сунуш түштү. Бирок, дагы бир жолу нокаутка түшүп калбайын деп андан баш тарттым. Мен артист катары утулсам да, адам катары баягыл ыйлаган кадрлар көпчүлүккө жагыптыр. “Качан болбосун, ар түрдүү орой тамашаларды айткан адам ыйлап жатса, демек, ал анчалык жаман эмес тура?!” – дегендей кеп да. Көпчүлүк аялдар мени көрүп аяп, ыйлап жатышкандыгын айтышты.

Диктор Фукумицу Ханоэде телевизор көрүп жатып кайгырып ыйлайт да, анан тажияга барышым керек деп Токиого жөнөйт.

Алып баруучу Кокура программаны алып барып жатып ыйлап жиберип: “Келгиле, бардыгыбыз апаларыбызга телефон чалалы!” – деген демилге көтөрүп чыгат.

Менин көз жашым жакшы натыйжа алып келгени түшүнүктүү. Арийне, массалык маалымат каражаттарынын көрүүчүлөр менен окурмандардан ый сыгып алуусу менин көөнүмдү айнытты. Мен келечектеги тартыла турган фильмге салмак таштап жаткам, алар “Такеши-сан кайгыра берип арыктап кетти” – деген сөз чыгарышты. Апамдын сүрөтүн көтөрүп баратып колум талыганынан көкүрөк тушума коюп алмак-салмак алмаштырып жаткан жерим телеэкранга түшүп, ал эми комментатор болсо:

– Карагылачы, Такеши-сан апасын кучактап жатат! – деди.

* * *

Мен тажияларда көп деле болбойм. Бирок, анда болгон айрым көрүнүштөргө таң калам. Сөөк коюу олуттуу иш-чара болгондуктан ар кандай адаттан тыш окуялар өзгөчө одоно көрүнөт экен. Бул чыныгы жашоого коошпогон обу жоктук комедиянын өзөгүн түзүп, эгерде Итами режиссёрдун фильмдери болбогондо мен өзүм сөөк коюу тууралуу комедия тартмакмын.

Маркумду узатуу күнү Токиодо жамгыр төгүп, чагылган чартылдап жатты. Ошондо Масару байкем калтаарыган үнү менен:

– Бул апам! Ооба, апам ачууланып жатат! – деди.

Улуу агам жини келип:

– Ал каардангандай сёгун Тайрано Масакадо[21] беле? Эмне деп дөөдүрөп жатасың? Жылдын бул мезгилинде чагылган чартылдаганы көнүмүш эмеспи!? – деди жемелей.

Түнкүсүн чагылган ого бетер күч алды.

Масару адатынча “ой, апа-а, баракелде” – деп сүйлөнө берди. Анын жүрүм-турумун кантип түшүндүрүүгө болот? Ал деген окумуштуу, институттун илимий журналынын редактору эмеспи!? Сөөк коюлганча ал бурчтан бурчка ары-бери басып, ансыз деле чалды-куйду башаламандыкка кошумча болуп жатты:

– Эй, Такеши, жергиликтүү башкармалыкка барасыңбы?

– Жок, бара албайм!

– Эмне кылуу керек? Эмне деп сүйлөйм?

– Сен: “Такеши өзү келмек! Эгер ал келсе кым-куут башталат. Ошондуктан анын ордуна мен өзүм келдим деп айт!” Туура эле болобу?

– Албетте, болот! Андан тышкары полиция башкармалыгына “кагаздагы койду” алып баруу керек. Кандай дейсиң? Канча берели?

– Мен кайдан билейин?

А, бирок жаназа күнү Масару кычашып:

– Уксаң, мен беш саатка сабакка барып келишим керек! – дей баштады.

– Сен эмне? Кайдагы лекция? – деп, таң калдым.

– Мен теледеги төрт-беш көрсөтүүнү кийинкиге жылдырып келдим…

– Сен кечирип кой! Мен жылдыра албайм! – деп, анын сөз тыңшай тургандай түрү жок.

Масаруга студенттери бергенби, айтор, кийин ал гүл көтөрүп кирип келди.

Ал жокто бир кызыктай киши келди. Ал босогодо кыйпычыктап турганда, эжем сурап калды:

– Сизге ким керек?

Ал болсо:

– Мен башталгыч класстан жогорку класска чейин Футоси менен окугам! – деди.

– Футоси деген ким? – деп, сурады эжем.

– Менин оюмча, анын атынын иероглифинде дагы бир чийим бар болгондуктан аны Футоси дечүмүн! – деди тигил.

Эжем:

– Кандайча? – деп эч нерсеге түшүнө албай турду. Бир класста жети-сегиз жыл окуп классташынын туура ысымын билбеген адамдар да болобу? Эжем ушулардан кеп салып жатканда тигил киши жыпар жыт таякчаларын сыйынуучу жайга койду да:

– Футосиге салам айтыңыз! – деди да, чыгып кетти. Бул табышмактуу киши кайдан келгендигин эч ким түшүнө бербеди.

Зыйнатка ар түрдүү түшүнүксүз кишилер келип жатышкандыктан улам премьер-министр Обутиден гүлчамбар алып келишкенде бул кимдир бирөөнүн тамашасы деп ойлодук. Бирок, бул чын эле премьер-министрден келгендигин билишкенде, агаларым аябай кубанышты. Кийин белгилүү болгондой гүл жөнөтүү алдында Обути-сан бул кошумча ыңгайсыздык жаратпайбы деп көпкө бушайман болуптур. Мына ушундай кылдат премьер-министр экен.

Крематорийдеги маркум менен акыркы ирет коштошуу маалында күтүүсүз иш болду. Табыттын капкагы ортосунан ачылат экен. Биз капкакты ачып, келген элге маркумдун жүзүн соңку ирет көргүлө дедик. Гүлдөрдү ушунчалык көп алып келишкендиктен апамдын жүзү көрүнбөй калган эле.

– Такеши, жүзү көрүнбөйт го?

– Ал гүлгө чөгүп кетти!

Биз өз ара сүйлөшүп жатсак, жаназа агенти:

– Ээ-э, кечиресиздер! Табытты которуп коюш керек! Аяк-башы болуп турат…

Маркумду туура эмес жаткырышканбы же капкагын туура эмес ачышканбы, айтор, бул абал эң күлкүлүү тамашага окшоп кетти. Крематорийдеги абал оор болгондугун ушундан билиңиз, “Кичи пейилдикке, каны менен бышырыңыз” – деген тамаша айтуу оюма да келген жок. Күлдү чогултуп жатканда апамдын белинде темир бар экен. “Байкуш апамдын омурткасында ушундай темир бар турбайбы, дайыма өйкөп, оорутса керек” – деп кейип, жакшылап карасам, майда темирлер көп экен.

  • Ой, тобо-о, денесинде канча темир болгон? – дедим мен.
  • Жок, жо-ок! Булар табыттын бурамалары! – деп түшүндүрүштү.

* * *

Эгер кайсы бир шоумен көз жумса, анын зыйнатына көп киши келмек. Ал түшүнүктүү дечи. Бирок, ушунча эл менин апамдын зыйнатына келгени абдан таң калычтуу. Артисттер да көп келди. Сөөктү коёрго бир күн калганда Мори Масако[22] жыпар жыт таякчаларын жагуу үчүн келди. Азыр жетимишке чыгып калган улуу агам ошондо мындай деди:

— Масако айым канчага чыкты? Ал сексенге келсе да, дагы эле сулуу экен! – деп, сүйүү толкунунда сүзүп жүрдү. Жаназа учурунда эс алганы үстөлдө олтургам, бет алдымдан аппак бетти көрүп: “Апа-а, апакебай, көрүмчү!?” – деп кыйкырып жибере жаздап өзүмдү кармана калдым. Бул абдан боёнуп алган Сузуки Соноко[23] жыпар жыт таягын күйгүзүп жатыптыр. Мен абдан толкунданып жаттым. Асака Мицуё[24] келгенинде огобетер жандана түштүм. Ошондо азыр Номура Сатиё келсе эмне кылам? Алар он жылдан бери сүйлөшпөй калышпады беле ? – деп, ойлондум.

Телекөрсөтүүдө иштеген куудул ар кандай абалда күлкүлүү окуя издейт. Жаназа алдында бир поп сыйынуу үчүн келди. Бул ыйык Поль Маки экен. Бул эмнеге будисттик иш чарага келди, “Сенин диниң башка эмеспи?” – деп суроо салганга батына албадым.

Симада Йосити маркумдун үй-бүлөсүнө кошумчасы менен келди. Баары эле ойдогудай болуп жаткан. Бир гана жери ал кетип баратып башкалардын кошумчасын баштыгына катып салып жатканы гана болбосо. Биз аны байкап калганыбызды билип калып алжыган чалдын ролун аткарып кирди.

Дагы бир окуя. Осман Санкон Жапонияга келгенде биринчи жолу маркумду узатуу зыйнатына туш келет. Жыпар жыт таякчаларын күйгүзүп жаткан адамдарды артынан караганда алар тамак жеп жаткандай көрүнөт. Тасиро Масаси[25], “Жок, алар жеген жок” – деп түшүндүрөт. Бирок, Осман баары бир Тасиродон сурайт имиш:

– Бул даамдуубу? Канчаны оозго салуу керек?

– Сага ошондой көрүнүп жатат. Муну жешпейт!

– Бирок, алар «Готисо самадэсита»[26] деп жатышпайы?

– Жок, алар «Госюсэ сама»[27] деп жатышат!

Хаясия Пэ фотосүрөт менен алектенип жүргөндүктөн зыйнатка күлгүн көйнөкчөн келип, бир топ сүрөт тартты. Каада соңунда маркумдун сүрөтүнүн алдында туруп жамажайы жайыла күлүп эстеликке тартып коюусун өтүндү. Элдин баары аны кемакыл деп жаман көрүп жатышты.

Баары аз келгенсип, жаназа күн мен катышкан программанын продюсеринин туулган күнүнө дал келип калат. Элестетип көрүңүздөрчү, бүткүл съёмка тобу ага белек алып келишип, каттоо залында англисче “Туулган күнүң менен!” – деп ырдап киришсе болобу!? Бардыгын кечирсем болот деңизчи, бирок, акыркы “ту ю” деген жаназа күнүң менен жапончо “цуя” деп угулду. Дегеле “Жаназаң менен куттуктайм!” – дегендин кантип түшүнсө болот?

Теле алып баруучуларга же алардын туугандарынын зыйнатына, алар катышкан программалардан көптөгөн гүлчамбарларды жөнөтүшөт. Айрым көрсөтүүлөрдүн аталышы таптакыр коошпойт. Маселен, “Каалашыңча каткыр!” – деген караманча каршы келет, чынбы?

* * *

Маркумду акыркы сапарга узатуу каадасы Кадцусика районундагы эң белгилүү “Рэн-сёдзи” тоопканасында өттү. Бул тоопканага атам Кикудзиро да коюлган. Анын бейит башына барууну бирөөбүз да ойлоп койгон жокпуз. Эгер бирөө жарымы эстеген күндө да ага барууну эч ким айтпайт болчу. Атам ушул кылыгыбызга “Бул эмнеңер, баарыңар тоопканада жүрсөңөр да мага басып келбейсиңер” – деп таарынган чыгар!? Бирок, эч ким өзүн атама барууга милдеткермин деп эсептебейт. Ал мен үчүн эмне жакшылык жасаганы эсимде жок. Жаратылышынан момун болгону менен ичип алганда чатак эле. Ал ар дайым баарына жолтоо болуп жүрдү. Бир чети аяп да кетесиң. Андыктан аны апамдын мүрзөсү жөнүндө талкуу болгон күнү гана эстедик.

— Эгер апамды атам менен бир мүрзөгө жаткырсак, ал катуу таарынат!

— Ал чагылганды чартылдата алса, бул жердеги мүрзө төбөсү менен басып кетет го?!

Мен алардын чогуу жашаган өмүрүндө атам сабаганда апамдын ыйлаганы же чай ичкен үстөлдү көңтөрүп салганы эсиме түшөт…

Алар чогуу жашаган күндөрдөн бери апам:

— Аны сүйбөйм! Жек көрөм! – деп какшап келди. Эгер ага төрт бала төрөп берсе, бул эмне болгон жек көрүү? Атам кайтыш болгондо апам үйгө көз жашын көлдөтүп келгенин кантип түшүнсө болот?

Алардын өз ара мамилеси бул – Китано үй-бүлөсүнүн табышмагы, атамдын да ата-теги жандырылбаган сыр. Атаңар таштанды, аны Асакуса районунан таап алышкан деп апам көп айтчу. Атам болсо ак сөөктөрдүн үйүндө туулганын жана эгиздин түгөйү болгондугун, аны тоопкананын дарбазасына таштап кетишкендигин айтып мактанганды жакшы көрчү. Балким, ал “Ханзаада жана кайырчы” аттуу тарыхый фильмди көргөндөн кийин ойлоп тапса керек?! Анда актёр эки ролду бир эле учурда ойнойт.

Дагы эске түшкөнү, апамды акыркы сапарга узатууга мени башталгыч класста окуткан мугалимим Фудзисаки-сенсей келди. Ал жыпар жыттуу таякчаларды күйгүзүп жатышкан элдин арасында көпкө турду. Мен аны менен кырк жылдай убакыт көрүшпөсөм керек!? Аны көрөр замат өткөн күндөр тизмектешип көз алдымдан өтө баштады…

Мынакей, алардын бири, улуу агамда апамдын он сегиз жашта түшкөн сүрөтү сакталып калыптыр. Ал дайыма апам сулуу болчу деп айта берчү. Бир жолу ал менин өтүнүчүм боюнча ошол сүрөттү алып келди. Ошондо гана апамдын жаш кезин көргөндөй болдум. Апам мага аябай окшош экен. Анын сүйлөгөнү, көз карашы куюп койгондой окшоштугунан көөнүң айныйт. Мына, эми ал жок. Мен эсиме келе албай олтурам. Анын эмнеси бар экен? Токсон беш жашка чыккан кемпир, өлбөй каякка бармак эле? Бул табигый нерсе экенине акылым жетип эле турат. Ошондой болсо да анын өлүмү көкүрөгүмдү мыжып жатты.

Кандай гана болбосун, мага апамдын таасири зор. Менин жосунсуз жоругум үчүн урушканда, апам эле эмес бүткүл коом мага насаат айтып жаткандай кабыл алчумун. Бир ирет полицияга түшүп калганымда ачуулана:

– Өлүгүң талаада калсын! – деп кыйкырды. Мотоцикл менен кырсыкка учураганда апам:

– Сенин “Поршең” бар да, эмнеге велосипедге окшогон темирге отурдуң? – деген эле.

Апам мени коргой, меники туура экенин айтып киргенде баары аны энелик көр сүйүүдөн деп айыпташкандыр!? Апам:

– Бул кеңкелести эмне кыласыңар? Кечирип койгула! – деп айтканында баары бул келесоодон эмне алмак элек деп урушкусу келбей же ачууланбай калышчу.

Кай бирде менде “апасынын баласы” деген комплекс (өксүк сезими) бар го деп ойлой берем. Азыр деле туура эмес иш кылсам, апам келип болушчудай сезим боло берет. Жашыңа жаш кошулганы менен кайсыл бир деңгээлде бала бойдон кала берет экенсиң.

Фильмге тартылуу үчүн салмак таштап жатам деп айтпадымбы. Арыкташ үчүн телевизордон жеңил атлетика боюнча чемпионатты көрүп, бөлмөдө чуркап машыгып жатам. Өзүмө өзүм бир саат чуркайм деп сөз бергеним менен он беш мүнөттөн кийин эле бул ишти таштагым келет. Дароо эле көзүмө апамдын алкакка салынган сүрөтү тартылат.

— Жалкоолукка алдырба! Дагы отуз мүнөт калды. Моюн сунба, чурка! – дегенсийт.

Апам мени менен сүйлөшүп жаткандай болот. Абдан таң калычтуу. Менимче, апам дайыма мага көз салып тургандай. Ошондон уламбы, дос кызымды үйүмө ээрчитип келе албайм.

Апам жок! Эми, “апасынын баласы” – деген өксүктөн (комплекс) арылышым керек. Балким, ошол өзгөчө бөпөлөгөн камкордуктан арылуу үчүн бул чакан повестти “Саки Китано айымдын өлүмү” – деп бекеринен атап жатпаган чыгармын?!

Кыскасы ушул!

[1]  Дзё – аянт бирдиги, 1дзё – 1,65 чарчы метрге барабар.
[2]  Энгава – тапчан, сөрү.
[3]  Гингко (латын тилинен) – реликт дарагы.
[4]  Hello! Howare you (англис тилинен) – Кандай? Иштериң жакшыбы?
[5]  I am fine (англис тилинен) – Жакшы, өзүңдүкүчү!?
[6] Жапониядагы уюшкан кылмыштуу топ.
7 Сугимура Харуко – эң белгилүү жапан актрисасы, (1.01.1909– 4.04.1997).
[8]  Мэйдзи – агартуучулук башкаруу. Император Муцухито башкарган 1868-жылдын 3-октябрынан 1912-жылдын 30-июлуна чейинки мезгил аралыгы.
[9]  Бакумацу – Эдо доорундагы 1853-жылдан 1869-жылга чейинки өткөөл мезгил.
[10]  Гидаю – куурчак  театрынын артисти.
[11]  Сэмисэн – жапандардын үч кылдуу музыкалык аспабы.
[12] “Камамэси”, “бэнто” – Нагано префектурасындагы темир жол бекетинде карапага салынган тамак.
[13] Шакаба сүрөт (карикатура).
[14]Картөшкөнүн таттуу түрү.
[15]  Морокю мисо – арпа, күрүч, соя ж.б. ачытылып жасалган шорподогу жаш бадыраң.
[16]  Набэ – карападагы тамак.
[17]  Фусума – үй ичиндеги бөлмөлөрдү бөлүп турган алкагы бар кагаз каалгалар.
[18]  Цунокакуси – үлпөт тойдогу келин кийчү шөкүлө.
[19]  Мандзай – эки куудул аткарган комедиялык жанр.
[20]  Хеллоу – (англис тилинде) – Салам!
[21]  Тайра-но Масакадо – 940-жылдардагы коомдук ишмер жана аскер башчысы.
[22]  Мори Масако – белгилүү жапан ырчысы.
[23]  Сузуки Соноко – жапан актрисасы.
[24]  Асака Мицуё – жапан киноактрисасы.
[25]  Тасиро Масаси – куудул, эң белгилүү ырчы, телережиссер.
[26]  Готисо самадэсита – Тамагыңыздар таттуу болсун!
[27]  Госюсэ сама – Жаткан жери жайлуу болсун!