КРИВИН Феликс: Алакандай аңгемелер (которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

БЕРИЛИП ИШТӨӨ

Тиштери тегиз эмес Тарак өзүнүн кызматын өтө берилгендик менен аткарып жүрдү. Бир күнү Тарак жумуш ордуна келип шашып калды:

— Мына сага: башта үч эле тал чач калыптыр! Эми ким менен иштешим керек?

Ага эч ким жооп кайтарган жок. Бир гана төбөдөгү Жалтырак кайгылуу жылмайды. Анын бул жылмаюсунда күзгүдө чагылгансып Тарактын көп жылдык эмгегинин натыйжасы чагылып турган эле.

СЕКУНДА

Ар бир секунданы үнөмдүү пайдалануу тууралуу катуу сөз болду.

Адегенде Жыл сөз алып, ал өз сөзүндө убакыт жөнүндө, аны пайдалануудагы көйгөйлөр тууралуу кеңири токтолду. Өткөн чак менен азыркы учурларды салыштырды. Сөзүнүн аягында ар бир секундду үнөмүү пайдалануу керектигин айтып өттү.

Анын артынан чыгып сүйлөгөн Күн кыскача Жылдын айткандарын кайталады, андан башка нерсени айтканга убактысы жетпегендиктен ал дагы сөзүн ар бир секундду үнөмдүү пайдаланууга чакыруу менен сөзүн аяктады.

Саат мурдагы чыгып сүйлөгөн чечендер менен макул экенин кыскача түшүндүргөнгө үлгүрдү..

Мүнөт ар бир секундду үнөмүү пайдалануу керек экенин эскерткенге эле жетишти.

Акырында Секундага сөз беришти.

— Сакташ керек… – деди Секунда – ошону менен бүттү.

Секундду сактай алышкан жок, ой, сактай алышпады. Баары бир ал жөнүндө  айтылган сөз жетишсиз болгон окшобойбу.

ИЛИМИЙ ТАЛАШ

Пол жууган Чүпүрөктөн кире бериштеги бөлмөдө баарынан ким акылдуу жана билимдүү деп сурап көрүңүзчү. Ал дароо эле: Кепич жана Арчындама тапичке  дейт. Кепич менен Арчындама башкалардан айырмасы бири-бирине жакындаса эле илимий талаштарын башташат.

— Бул дүйнө кандай нымдуу, — деп баштайт Кепич. – Кайда барба, чалчык менен балчык – кургак жер таппайсың.

— Коюңузчу! – деп каршы болду Арчындама.— Баскан сайын топурагы буркулдап, чаңы асманга сапырылып жатпайбы. Бул дүйнө купкургак.

— Жок ай, кайдагы кургак топурак. Ал дайыма нымдуу!

— Жок, мен кургак деп жатам!

Алардын талашын бөлмө тапичкеси чечти:

— Коллегалар, куру бекер талашыңарды койгула. Дүйнө нымдуу да,  кургак да болот: кожойке пол жууганда — ал нымдуу, калган учурларда — кургак.

КАР БҮРТҮКЧӨЛӨРҮ

Кар бүртүкчөсү Жерге баргысы келди — анткени ал, Жер жөнүндө көп жакшы нерселерди укккан эле. Ошентип, ал жолго чыкты. Ал жолду өзү каалагандай тез жүрө алган жок, анткени аны башка кар бүртүкчөлөрү улам бири токтотуп, ар бири ааламдагы эң жакшы планета жөнүндө өз билгендерин айтып бергилери келип жатышкан.

Бүртүкчөлөр Жерди тебелеп бир жерин оорутуп албайлык дегенсип аяп, каалгып жай түшүп жатышты, себеби Жер бирөө, бүртүкчөлөр бир топ көп чогулушкан болчу.

Кыялдарына, келечекке болгон күтүүлөрүнө эргиген Бүртүкчөлөр Жерге чоочуркабай илбериңки, жеңил умтулуп, аппак дасмалдай жайыла башташкан…

Капилеттен аларды териси калың, түрү суук чоң Өтүк тебелеп кетти, ал туура жолдо баратса да, турмуш жөнүндө түшүнүгү такыр жок болучу.

Жалгыз Өтүк— бул Жердин өзү эмес, Жерге салыштырганда ал түккө да татыбайт. Бирок аны кар бүртүкчөлөрү кайдан түшүнсүн? Өтүктүн таман астында калган соң, алар музга айланышты да, кыялдануу эмне экенин унутушту.

Анан ошол жек көрүндү, кичинекей бүртүкчөлөрдү тепселеген Өтүктүн изи менен ээрчиген далай бут кийим ал муздан тайгалынып жыгылышты.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ