КРИВИН Феликс: Классикалык чакан аңгемелер-1 (которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

Каракчы

Огород кайтаруу үчүн коюлган каракчы сүйүнүп,  өзүнүн кызмат ордун жууп той өткөзмөк болду. Ал асманда чабыттап учкан куштарды төгүлүп бышып турган жемиштерден тоё жеп, тойлоп кетүүгө жан-алы калбай кол булгалап чакырып жатты. Бирок куштар аны карап да койбоду.

Каракчы болсо токтоп калбай чакыра берди, чакыра берди… Ал анын кубанычын эч кимиси бөлүшкүсү келбей жатканына аябай капа болду.

Түбөлүктүүлүк

Гранит аскага эки миллион жыл толгонуна байланыштуу куттуктоо үчүнбү же жөн элеби, айтор анын жанына жаңы эле жарык дүйнөгө келген Каакым келди.

— Айтыңызчы,— деди ага Каакым,— сиз эч качан түбөлүктүүлүк жөнүндө ойлонгон жок белеңиз? Гранит аска кыймылдап да койгон жок.

— Жок,— деди ал жайбаракат. – Жашоо ушунчалык кыска, ал жөнүндө ойлонгонго деле убакыт коротуп кереги жок.

— Ал анчалык деле кыска эмес, – деп каршы болду Каакым. – Кааласаң бардыгына жетишсе болот.

— Анын эмне кереги бар? – деп таң калды Аска. – Ойлоно бергенден пайда жок. Андай кыртышта мээң ооруга чалдыгышы мүмкүн.

— Кыртышка тийишпе! – деп таарына кетти Каакым. – Бизде кыртыш жакшы — кара топурактуу…

Ал ушунчалык толкунданып, өзүн кармай албай калды дейсиң, түктөрү бириндеп жулунуп, шамалга уча баштады.

Ичке сабагы шамалга ыргалгандан башка далилдүү сөз айта алган жок.

— Мына сага түбөлүктүүлүк. Жиндилер үчүн эрмек. Жок, эч ойлонбой эле тура бергенден өтөрү жок, — деди Аска ойго батып.

Кылымдар бою кыймылдабаган Асканын бетине биринчи жарака түштү…

Алма

Алма өз айланасындагы башка досторун үзүп алып жатышканда, жалбырактардын арасына жашынып калды. Ал адамдын колуна тийгизи келген жок: компот кайнатып салышы мүмкүн! Казанга түшүп кайнаганда жагымдуу эч нерсе жок.

Бирок даракта жалгыз калуу — бул да болбогон нерсе. Эмнеси болсо да көпчүлүк менен баарын бирге көргөн көңүлдүү эмеспи.

Көрүнсөмбү? Же көрүнбөй эле койсомбу? Чыксамбы? Чыкпай эле койсомбу?

Алманы олку-солкулуктун курту жей баштады. Курт жей берип, жей берип, акыры  алмадан эч нерсе калбады.

Жээк

— Сен чөгүп кеткенден коркпойсуңбу? – деп сурайт Чамынды Толкундан.

— Чөгүппү? – деп тынчсыздана түштү Толкун. – Сен чөгүп дедиңби?

Толкун биринчи жолу жээкке чыккысы келди.

Ал жээктеги ыңгайлуу аянтчага убагында жетти, жумшак кумга жайгашып, тынч, бейпил жашоону баштоону чечти. Капилеттен ал темселей түштү.

— Чөгүп баратам! –деп бир кыйкырды да, кумга сиңип жок болду.

Тыю салынган мөмө

Кой чач тарачтын алдына келип, чачын кырктырып жаткандарга суктана карап турду.

Ал өзүнүн фермасында кыркынды жек көрчү. Анткени ал жакта бардыгы башкача эле: аны курсагын тоюндурчу, сугарышчу, жүнүн кыркып беришчү жана анын баары бекер эле. А бул жерде…

Эгерде койдун акчасы болсо, сөзсүз кырктырганга келмек!

Кечки чай

Чайнек ашканадагы кайнаган ишмердүүлүгүн аяктап бөлмөгө киргенде, столдо бардыгы кыймылга келишет. Ага салам айтышып, чөйчөктөр менен кашыктар көңүлдүү шыңгырашат. Кант салгыч сый иретинде баш кийимин алат. Бир гана эски баркыт Дасторкон кабагын бүркөп, булганбагаган репутациясын сактап калгысы келип, столдон кеткиче шашат.

Раковина

Бузулган Кран өзүн мыкты чеченмин деп сезчү. Ал сутка бою тынбай тамчылатып чулдураганынан, сууга көнгөн чака, мискей, чаралар да бир ооздон: “Болду, жетишет. Тажап бүттүк!”— деп чыга беришти. Бирок Крандын чыныгы курбусу – Раковина бар болчу. Ал анын көмөкөйүнөн чыккан бардык сөздөрүн бир тамчысын калтырбай маашырлануу менен укканга даяр эле.

Чындыгында, уккандары  сакталбай, агып кете берчү, бирок бул анын бузулбай иштеп жатканынын белгиси эле.

Жарык чачкыч

Электр приборлорун саткан дүкөндө Люстра чоң сыйга ээ эле.

— Ал өзүнө ылайыктуу шыпты таап алса, – дешээр эле стол лампалары, — дүйнө жүзү жарык боло түшмөк.

Ар кайсы столдорго жайгашкан стол лампалары өздөрүнүн азыркы учурда чоң жарык чачуучулардын бирине айланган атактуу жердешин көпкө чейин эстеп жүрүштү.

Ал эми Люстра күндүр-түндүр чоң ресторанда жашоо өткөзүп жаткан. Ал жаман эмес жерге, шыптын так ортосунда орун алып, жаркырап, стол лампалары өмүр бою бере албаган жарыкты берип турду.

Бирок мындан дүйнө жүзү жарык болуп кеткен жок.

Токойдогу от

От өчмөй болуп калды.

Анын чогу эптеп эле жылтырайт, ал өзүнөн бир сааттай убакыттан кийин үйүлгөн күлдөн башка эч нерсе калбасын жакшы түшүнүп турду. Калың токойдогу бир ууч күл. Болду.

От акырын чыртылдап, жардамга чакырып жатты. Кызыл тили карайып өчүп бараткан көмүрдү жанталашып жалмалайт. Жанынан агып өтүп жаткан Булак сурай кетти:

— Сизге суу керекпи?

Алсыз от жини келип, айласыздан бышылдап түтөп кетти. Ага азыр суу эле жетпей жатты эле! Өзүнүн сунушу орунсуз болгонун сезе койгон Булак кечирим сурамыш болду да, андан ары шылдыраган боюнча шашылып агып, алыска сапарын улантты.

Өчүп бараткан отко жардамга, жакын турган бадалдар келишти. Алар унчукпай ага бутактарын сунушту. От сунулган бутактарга чап жармашты. Оо шумдук! Өчүп бараткан от кайрадан жалын чачып, жаңы күч менен күйө баштады.  Убагында берилген бутактын жардамы от үчүн кандай маанилүү!

От бадалдарга таяна өйдө турду, ал өтө деле кичинекей эмес экен. Анын кучагында калган бадалдар качыр-кучур болуп жалынга сиңип кетип жатышты. Аларды сактап калчу эч ким жок эле. От улам өйдө көздөй умтулуп жөнөдү. Ал эми бойлуу жана жаркыраган сулууга айлангандыктан ага бийик карагайлар да тартыла башташты: бирөөлөрү анын кооздугуна кызыгып, экинчилери жөн гана жылынгылары келди. Алыстагы дарактар Отко жакын тургандарга суктанышып, ага жакындасак деп кыялданышты.

— От! От! Биздин Отубуз! – деп шуулдап жатышты алыстагы дарактар. – Ал бизге жылуулук тартуулап, биздин жашообузга жарык берет!

Ал эми жанындагы дарактар андан да катуу үн чыгарып жатышты. Алар отко суктангандан эмес, От аларды жалыны менен жалмап, андан дагы бийик көтөрүлүш үчүн үстүлөрүнөн аёсуз тебелеп жаткандыктан онтолоп жатышкан. Ушундай кубаттуу Оттун күчүнө ким туруштук бере алат дейсиң?

Бирок Отту өчүрө турган күч да табылды. Чагылган чартылдап, нөшөр төгүп өттү. Дарактардан оор көз жаштар ылдый тоголонду — алар көнө түшкөн жана тигилерди жутуп бүтө электе өчүп калган  Отту жоктоп ыйлап жатышкан болчу.

Бир аз кечирээк, бир топ убакыт өткөндөн кийин гана көз жаштары кургаган дарактар, От жалындап өткөн жерде аңырайган чоң, күл баскан кара так калганын көрүштү.

Жок, От эмес — Өрт. Токойдогу өрт. Ал коркунучтуу табигий кырсык эле.

Которгон Абийрбек Абыкаев