КУПРИН Александр: Бир тамчы аңгемелер (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

Кириш сөз

Көп учурларда жазуучулар жазганга тема таба алышпай кыйналышат. Ошол эле учурда байкаган адамга жандуу кызык аңгемелер: театрда, метродо, көчөлөрдө, базарларда, ресторандарда, чиркөөдө, кемелерде, кыскасы бардык жерлерде өздөрү астыңдан жүгүрүп чыгышат. Жүгүрүп чыгып: “Биздей жетимдерди өзүңөргө алып алгылачы, бай болгурлар!” деп суранышат. Алардын кээс — өлчөмү болгону он сап — бирок, окуясы ушунчалык жыш, бир романга татыйт. Байкасаңыз, анилиндин бир тамчысы ваннадагы чоң киши жуунганга жеткидей сууну сыя-жашылга боёгонго жетет эмеспи.

ТАШ БАКА

Монте-Карлодогу казино. Кеч. Оюн столдорунун бардыгын оюнчулар тегеректеп алышкан. Узун жаак, мурутчан, шадылуу колдуу италиялык алдыңкы катардагылардын арасынан эңкейип өзүнүн ставкасын жасап жатты. Ал каны кайнап кызууланып, токтоно албай турду. Ал өзгөчө, кыска бойлуу, эткээл, ак көңүл аялына жини кайноодо. Аялы токтоп калбай, эринин кулагына кеңеш берип шыбырайт. Эри аны чымын куугансып, узун колдору менен улам түртүп салганы менен аялы андан таптакыр калбай койду. Акырында тажап бүттү окшойт, ага акырая карап:

— Он экиге кой дейсиңби? Мына!!!

Ал ушул номурга болгон жетондорун ыргытты. Шарик айлана баштады. Бир мүнөт баары тыптынч боло түштү. Кыска бойлуу аял бирөөнүн “суук көзүнөн” сактанып, чыпалагы менен сөөмөйүн соройтуп алыптыр.

— Он үчүнчү номер деди, оюн алып баруучу, – так эмес сан, кара, биринчи жарымы…

Италиялык ошол замат аялына бурулду. Каары кайнап, жүзүнөн түгү чыгып, түйүлгөн муштумун башынан айлантып алды да бүт залды жаңыртып, болгон үнү менен ага кыйкырды:

— О! Тар-рта-руга!

— О менин кымбаттум! — дейт, анда аялы, бал тили менен эркелете. — О mio carissimo! — Жүзүн анын чыканагына назик сүртүп.

1928

БОРООН

Евпаториядан өткөндөн кийин шамал башталып, бир аздан кийин чоң бороонго айланды. Толкун  «Св. Николай» аттуу эски кепичтей болгон кемени, ары-бери чамындыдай ыргытат. Жүргүнчүлөрдү таптакыр чайкап салды. Бардыгы өлүм алдында жан далбастап жатышат; бирөөлөрү салондо, экинчилери каюталарда, үчүнчүлөрү коридорлордо тура албай сулашат. Деңиз менен жол жүрүүнүн эң эле жагымсыз жери ушу.

Бир гана бекене бойлуу шамдагай кыймылдаган адам өзүн жоготкон жок. Ал өзүнүн үй-бүлөсүн палубага жаздык, төшөнчүлөрү менен алып чыгып жаткызды.

Үй-бүлөсүндө — сегиз киши: карыларынан — кайын энеси менен апасы, эң жашы — эмчектеги ымыркай. Ымыркайдан башкалары онтолоп жатып алышып, ушул кемеге салган үй-бүлөнүн камкор атасын болгон жаман сөздөрү менен тилдеп жатышты.

Ага бооруң ооруйт! Анын өзүн да каргыш алган деңиз оорусу жыгууга аракет кылып жакалап жаткан.

Бирок ал өзүн баатырларча алып жүрдү. Мына, ага өлүм алдында жаткан кемпирдин бири, араң жан үнү менен буйрук берди эле, чымын-куюн болуп, ылдый көздөй буралган тепкич менен кеменин ичине кирип, киргенинен чыкканы тез, жүгүрүп чыгып, тигилерге жылуу шарф, жылуу жоолуктарды берди да, кайрадан куюндаган кыймыл менен бортко барып, ал жердеги суроо белгисине окшогон кеменин кырына бир-эки секундача эңкейе калып бир нерсе жасаганга үлгүрдү.

Артка, сүйүктүү үй-бүлөсүнө кайтканда аны бүлөсү, бизди кайра-кайра узакка таштап кетип каласың деген дооматтары менен тосуп алышты. Андан кийин аны лимонго жиберишти, валерьянкага барып келди. Андан соң цирктин жонглерунан кем калбаган кыймыл менен эки рюмка толтура коньякты бир тамчысын төгүп чачпай жеткирди.

Ах! мүнөт сайын аёсуз кыйнап, бирок анын эркин баш ийдире албай жаткан кубаттуу деңиз бийлиги болбосо, ал өзү жөнүндө таптакыр унутуп коюга даяр эле.

Бетин сепкил баскан бул жөнөкөй адам, сууга чөгүп бараткан адамды көрсө, аны сактап калуу үчүн ойлонбостон туруп деңизге боюн таштамак, өзүлөрүн жоготуп, ызы-чуу болгон көпчүлүктө жаш баланы сактап калганга жөндөмдүү болчу. Анын энергиясы менен айкөл мүнөзү ага жетиштүү, тынч жашоо менен бактылуу карылыкты камсыз кылмак.

Бирок чиркин дүйнө! Анын тагдырына өмүр бою төө сыяктуу, бардык муундары жооруп, тикенек менен азыктанып, сөгүш угуп жүрүү буйуруптур.

1928

ФИЛОСОФ

Мекендешим менен жер алдында жүргөн вагондо бара жаттык. Экөөбүздүн окуганыбыз тең газетанын бир эле саны. Тез эле сүйлөшө кеттик. Мекендешим бойлуу, толук, чачын саксайтып коё берген жана жан-дүйнөсүнөн тартып, улам колу менен өйдө тартып, шыпырылган шымынын топчуларынан бери чечилип калган сыяктуу, — кенен, кысылганды билбеген ачык адам экен.

Сөз байкоосуздан эле согуштан кийинки адамдардын жүрүм-турумдарынын бузула баштаганы жөнүндө кетти. Бул маселеге келгенде мекендешим ордунда тынч олтура албады. Ал тура калып, колдорун жел тегирмендин калагындай кылып эки жакка жайып жиберди. Ага вагонду жаңыртып, тамагы айрылганча, болгондо да орусча кыйкырганы өөн эместей. Башка бирөөлөрдүн ал жөнүндө эмне деп ойлоп жатканы — ага чын жүрөктөн баары бир сыяктуу.

— Иштин бардыгы күндөн күнгө дүйнөнү каптап бараткан  жамандыкта! — деп кызууланды ал.

— Жамандык — бул жөн эле ойдон чыгарылган жел түшүнүк эмес! Жамандык — бул адамдын мээси иштеп чыгарып, мейкиндикке таратып турган колго илине турган зат. Келечекте телехимия анын жаратылышын ачып, түшүндүрүп берет деп мен ишенем. Аны таразага тартып, салыштырма салмагы сымаптын салыштырма салмагынан оор экенин аныкташат. Жамандык кылуу, үмүттүн үзүлүшү жана кыйналуулардын оор салмагы жер шарын ушунчалык коркунучтуу жана бекем ороп алды, аны эч кандай катуу бороондуу шамал  айдап кетире албайт. Ошон үчүн майда уруштар, чоң согуштарды, ал эми чоң согуштар улуу кармаштарды жаратып жатат. Туңгуюкка такалдык, андан ары жол жок. Ушуну менен бүткүл дүйнөң капут болот. Ал маселенин чечилиши жок. Сиз билесиз да, бороондун астында  думуктурган, көңүлүңдү чөгөргөн, бир нерсени күткөндөй оор абал болот эмеспи. Анан эле жамгыр башталып, чагылган чартылдап, күн күркүрөйт. Жамгыр басылганда аба ушунчалык тазарып, көңүлүң жаркый түшөт дейсиң, өзгөчө бир ырахатка чөмүлөсүң!

А эмне болду? Эң эле жөнөкөй: жердин оң заряддалган электр  бөлүкчөлөрү, булуттун терс заряддалган бөлүкчөлөрү кагылышып, кудайдын барманы менен жаркылдап, тарсылдап жатышып, экөөнүн тең чыңалуусу жок болду. Түшүнсөңүз, жамандыктын чыңалуусун жеңилдете турган нерсе жок. Ал чогулгандан чогулуп, оорлоонун үстүндө болот.

Шопенгауэр деген неме айтат: жамандык позитивтүү нерсе, а жакшылык негативтүү, анткени — жамандыкты жасабай койгонуң эле, жакшылык кылганың ошо дейт ал. Былжырайт, ал колбасачы! Анын айтканы боюнча таш, дүмүрдүн эч жамандык жасай албагандыгы, алардын жакшылык кылгандары экен да, ээ? Кош көңүл, бул дүйнөдө жер оодарылып баратса да иши жок, бир да жолу жаман иштери үчүн жазаланбаган адамды жакшылык жасаган адам деп эсептейт турбайбызбы?

Терс белгидеги чоңдук, чоңдук эмес, ал болбогон жок нерсе!

Бирок кудай урсун — жамандыкты физикалык субстанция катары жоё ала турган кубаттуу, татынакай, улуу күч бар (Ушул убакта поезд ышкырып, ылдамдыгын азайта баштады). Бул — адамдарды бекем сүйүү, бул — бардык тараптардан жагымдуу агылып турган жандуу жакшылык, бул — алгач дарылык касиети бар жумшак нерседей, эрдигине мактанбаган эркек сыяктуу жөнөкөй сезилгени менен, керек учурда өзүнүн катуу мүнөзүн көрсөтө билген жакшылык (вагондун каалгасы ачыла баштады).

Бул силерге жөн гана айтылган куру сөз эмес , — ал кубанычтуу, ширин, өз жанын да аябаган жана оңой аткарылчу эрдик! Мына так ошол нерсе кылымдардан берки чогулуп калган жамандыктын катмарларын жок  кылат!

Ал вагондон секирип түшүп ары-бери чайпалган перрон менен кошо артка жылып кала берди…

Дагы бир убакытка чейин бир колу менен шыпырылып бараткан шымын өйдө көтөрүп, экинчи колун башынан өйдө айлантып, артымдан мага: “Эрдик! Сүйүүнүн эрдиги! Алга сүрөөчү күчтөр!” — деп кыйкырып жатканын көрүп турдум.

Вагондогу элдин баары мени карап калды, а мен мекендешим жөнүндө ойго батып бараттым:

«Айнып калган немеби? Пайгамбарбы? Же Философбу?»

1928

ТӨРТ ТАЯНЫЧ

«Aux quatre leviers»1 — Эгерде, мен кожоюн болсом «Успения» жана «Доктора Бланш» көчөсүнүн кесилишиндеги кичинекей ашкананы дал ушинтип атамакмын.

Ушул эки көчөнүн кесилишиндеги аянты жыйырма квадрат аршин жерде: чиркөө, төрөткана, ашкана жайгашып, аларда жашоонун түбөлүктүү кыймылдаткычтары — төрөлүү, сүйүү, жашоо даамын татуу жана өлүм — адамдын кыска жашоосунун айлампасы токтобой айланып турчу.

Бирок кантели! Тилекке каршы, кожоюн көр казгыч да эмес, чоңойтуп көрсөткөн айнекти жасаган адам да эмес — ал философиядан алыс болсо дагы, буржуазиянын татыктуу өкүлдөрүнүн бири эле.

Бүгүн эртең менен мени ашканадан талкаланбаган кофе сатып келүү үчүн жиберишкен. Аны таразага тартып бергиче, жөнөкөй жана кызык бир окуяга күбө болдум.

Төрөткананын шагыл төгүлгөн кичинекей короосунда өздөрүн ыңгайсыз абалда сезген эки адам турду. Алар бири-бири менен тааныш эмес экени даана көрүнөт.

Биринчиси — узун бойлуу, жылаңбаш, узун сары чачтары артка кайрылып, жылмакай таралыптыр; бир көргөн кишиге кашаң кыймылдаган, кишиге оңой менен ишене бербеген, сезимтал жана таарынчаак адамдай таасир берет.

Экинчиси — сангвиник; анда-мында ак аралашкан капкара чачтары жалтырап, эки бетинин оту кызарып, кара көздөрү жайнайт; кыска бою менен кең далысы анын тулку боюн  катуу шыкалган төрт бурч кубка окшоштуруп турат; мурдунун жарымына түшүрүп кийген жумшак калпагынын астынан эки жагына эки кичинекей чымчык конуп отурса болчудай катуу, түптүз муруттары тикчийет.

Сырттан караган кишиге ал экөөнү көзгө көрүнбөгөн жалпы, бир нерсеге тынчсыздануу байланыштырып тургансыйт, ошол эле убакта бири-биринен кысылып уялышканы байкалат.

Ошол кезде, алар жайдын шүүдүрүмдүү таңында, шарылдап көбүгүн чачып агып жаткан кичинекей дарыянын жээгинде, сууга кире алышпай, улам буттарын муздак сууга малып, секирип түшкөнгө батына албай жаткан жаш балдарды элестетип жиберди.

Алар абалды өзгөртүүгө алсыз жана жардамсыз экенинин сезишкендей; унчугушпай, бир топко чейин бирде бири-бирине жакындап, бирде алыстап, бир нерсени чыдамсыздык менен күтүп, шагылды шуудурата басып жүрүштү.

Акыры, кубга окшогон сангвинник бир чечимге келди.

Ал тез бурулуп, майда жана ылдам кадам таштап, көчөнү көздөй жөнөдү; оң жагын, сол жагын карап алып, көчөдөн желген боюнча кесип өттү (бардыгы жайында, көчө ээн болчу), басыгын акырындатпай, артына кылчактабай, чиркөөнүн жапжашыл короосунун таш дарбазасына кирди.

Сары чачтуу байланып жетекте жүргөнсүп, тигинин артынан калбай келатты. Анын шадылуу узун буттарын бийик көтөрүп, анда-мында бир кадам таштап келатканы, кудум эле узун шыйрактуу чымчыктардын басканын элестетет.

Алар чиркөөнүн үч таш тепкичин чогуу аттап өйдө көтөрүлүштү. Кара чач чиркөөнүн каптал жагындагы оор эшикке биринчи жетти да, аны ачып, сары чач кирип кеткиче каалганы ачык кармап, анын артынан өзү кирип эшикти жапты.

Он мүнөттөн кийин сыртка чыгышты, эми алар жытыгышып калган немелердей ынтымактуу, айлананы бир көз караш менен чалып карап, эч кимдин көзүнө чалдыкпай, ашкананы көздөй жөнөштү.

Алар мындан ары бири-бирин эч качан сатышпайт болуш керек, алардын эр көкүрөк атуул жана эскинин калдыктарына азгырылбаган эркин ой жүгүртүүчүлөр деген атагына эми эч бир жан зыян кыла албасы бышык.

Мен аны менен ишим деле жок. Бирок мен сангвиник менен флегматик чиркөөдө эмне кылышканын сонун билем. Алар ар бири өзүнчө кудайга кайрылып:

— Эгерде, сага ишенбей жана башка жасаган оор күнөөлөрүм үчүн, адилеттүү каарыңды жалгыз өзүмө багышта, жаңы төрөлүп жаткан ымыркайды жана аны төрөп жаткан энесин сактай көр! Мени өзүңдүн буйругуң менен каалагандай жазала, оор сыноолоруңду жибер, бирок баарынан кубаттуу, баарынан кечиримдүү кудайым, үй-бүлөмдү өзүң коргоп, өзүңдүн мээримиңе бөлө!

Кээ бирде адамдар күлкүңдү келтиришет.

1928

Которгон Абийрбек Абыкаев