МА Лао: Апенди чалыш (аңгеме, которгон Назгүл ОСМОНОВА)

АҢГЕМЕ

Лао Гуань бир ай ичинде эле эки ирет сөгүш алды.

Бир ай мурун мекемеде өпкөнүн инфекциялык сезгенип оорушунун алдын алуу чараларын сактоо боюнча партиялык кызматкерлердин жыйналышы болуп өттү. Жетекчиликтин көрсөтмөсүнө ылайык, жыйналыштын башкы төрагасы бардык кызматкерлерди оору тууралуу жалган маалыматтын таркашы боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырды. Ал ошондой эле азыркы учурда бул илдет менен ооругандардын саны белгилүү чектен аша электигин кошумчалап, биздин шаардык ооруканага мындай оорунун белгилери менен азырынча эч ким түшө электигин айтты.

«Этияттыктын бардык чараларын сактап, бул жалган маалыматтын таркашына жол бербешибиз керек. Жалпы тынчтыкты жана кыраакылыкты сактообуз зарыл. Өлүмгө жеткириши мүмкүн болгон ушактарга ишенүүнүн кереги жок», — жетекчи катаал үн менен сүйлөп жатты. Чогулгандардын баары аны кубаттап кол чабышты.

Лао Гуань эл арасында отуруп, жетекчисинин сөзүн кунт коюп угуп жатты. Анын жүзү күйүп жаткан сымал дуулдайт. Анткени, бөлмөдө андан башка эч кимдин беткабы жок эле. Беткапты тартынууга себепкер аялы болду. Лао Гуандын аялы жугуштуу оорулар ооруканасында иштейт. Ооруканага өпкө оорусу менен сезгенген оорулуулар келип жатканын ага дал ушул аялы билдирген. Жыйналыш өткөн күнү беткап тагынган жалгыз кызматкер бир гана өзү болду.

Мекеменин жетекчилиги Лао Гуанга катаал сөгүш берди: «Беткап тагынгандар жалган маалымат таратышып, адамдарды дүрбөлөңгө салышууда!». Мына ошентип, аны бардык сыйлыктардан куржалак калтырышты. Ал жетекчиликке таарынган жок жана баарысы үчүн аялын күнөөлөдү. Капысынан Лао Гуань бардыгын аялынын көрсөтмөсү боюнча жасап, жетекчиликтин эрежелерине карама-каршы иш жасап келгенин түшүндү.

Бир жумадан кийин шаарда чыныгы дүрбөлөң башталды. Журналисттер шаарда оору пайда болгону тууралуу маалымат тарата башташты. Шаардык мекемелердин жетекчилиги жалган маалыматты төгүндөө боюнча керектүү чараларды кабыл ала башташты. Бирок бардык тыюу салууларга карабастан, шаардын ар бир жашоочусу беткап тартына башташты.

Ошол эле күнү Лао Гуань иштеген мекемеде оорунун жайылышы тууралуу кезектеги жыйынды өткөрүштү. Бул жолу жетекчинин өзү беткап тагынып, катаал үн менен баарысын андан үлгү алууну буйруду. Лао Гуандын ачык жүзүн көргөн жетекчи катуу ачууланып, ага кайрадан сөгүш жарыялады. Анын сөздөрү Лао Гуанга ушунчалык жагымсыз болду дейсиң, уялганынан жети өмүрү жерге кирип кетейин деди.

Лао Гуань катуу сөгүш алды. Бул жолу аны кызматтан ыргытышты.

Ал жашоо өзүнө адилетсиздик кылды деп ойлоду. Эмне үчүн кайдагы бир беткаптын айынан аны жаш баладай жемелешип, кызматтан алышат?

Кесиптештери аны сооротуп киришти: «Лао Туань, беткап тартынуунун кереги жок болгондо, сен аны тагып жүрдүң, а качан тагуу керек болгондо, сен беткапты тартынган жоксуң.  Эгер мындай кылбаганыңда көптөгөн жагымсыздыктардан алыс болот элең».

Лао Туань ушунда гана өз катачылыгын түшүнүп, дароо эки беткап тагынууну чечти. Бир беткапты маңдайына, а экинчисин ээк алдына байланды. Мурду менен оозу ачык калды. Ал өзүнүн бул жолку беткап тагуудагы жаңы ыкмасы жетекчилик тарабынан сынга алынбайт деп ойлоду.

Мурдагы күнү өткөн жыйында жетекчилик кайрадан белгисиз бөлүмдүн кызматкеринин таң каларлык жүрүм-турумун сынга алып, мындай аракетти болтурбоо боюнча керектүү чараларды көрүүгө чакырды.

Арийне, бул белгисиз бөлүмдүн кызматкери ошол Лао Гуань болсо керек.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА